Борбор Азияда таксидеги харассмент:
коргоого укугу жок жазасыздык
Бул аймактагы таксидеги коопсуздук жѳнүндѳ маалыматтык кампаниянын алкагында жүргүзүлгѳн онлайн-сурамжылоонун жыйынтыктары.

Кѳп учурда А пунктунан Б пунктуна жетүүдѳ кыздар айдоочулардын ыгы жок тамашаларына, кыйытма кептерине, таанышуу сунуштарына, ошондой эле кѳӊүл каалабаган физикалык байланышына кабылышат.

Борбор Азияда таксидеги жыныстык асылуулар кандай болору жана таксиде асылууга кабылган учурда эмне кылуу керек экендиги жѳнүндѳ Cabar.asia платформасынын материалынан окуӊуз.
Харассмент – бул жекече чектерди жана субординацияны бузуу, жабышуу, кемсинтүү жана жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу. Ал физикалык (кѳӊүл каалабаган тийүү, ѳбүү, кучактоо, чымчуу), ошондой эле вербалдык мүнѳздѳ (уятсыз же кордоочу комплименттер, сексуалдык байланыш жѳнүндѳ турдүү маанидеги каӊкуулар ж.б.) болушу мүмкүн.
4 ѳлкѳдѳн 113 баян
Борбор Азияда таксидеги жыныстык асылуулар жѳнүндѳ онлайн-сурамжылоонун жыйынтыктары
Сурамжылоону кантип жүргүздүк?
Сурамжылоонун максаты:

Борбор Азияда аялдар таксиде бара жатып жыныстык ыдыкка канчалык кѳп кабылышат?

Милдеттер:

1. Борбор Азиядагы аялдардын канча пайызы жыныстык асылууларга дуушар болгонун аныктап чыгуу.
2. Борбор Азиядагы аялдардын канча пайызы таксидеги жыныстык асылууга дуушар болгонун аныктап чыгуу.
3. Таксиде аялдарга карата харассмент кѳбүнчѳ кандай формада кѳрсѳтүлгѳнүн аныктоо.
4. Аялдар таксиде бара жатканда жыныстык ыдыкка канчалык кѳп кабылганын аныктоо.
5. Таксидеги жыныстык ыдыкка аялдар кѳбүнчѳ кандай мамиле кылганын аныктап чыгуу.
6. Таксидеги жыныстык асылуу фактысынан кийин аялдар кандай чараларды кѳргѳнүн аныктап чыгуу.
Сурамжылоонун географиясы

Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Ѳзбекстан
Изилдѳѳнүн маалыматтарды топтоо этабы же узактыгы
Сурамжылоо 2020-жылдын 7-октябрынан 7-ноябрына чейин жүргүзүлдү. Анкета айкалыштырылган 17 суроодон түзүлдү.
Анкеталар
Беш тилде даярдалды (орус, казак, тажик, кыргыз жана ѳзбек тилдеринде)
Жайылтуу каналдары
Анкеталар социалдык тармактарда (Facebook, Instagram, Telegram) CABAR.asia расмий каналдары, ошондой эле БА блогерлери аркылуу жайылтылды.
Онлайн-сурамжылоонун үлгү тобу
Сурамжылообуздун максаттуу аудиториясын такси кызматын пайдаланган түрдүү курактагы Борбор Азияда жашаган аялдар түздү.

Чектѳѳ

Сурамжылоо такси кызматын пайдаланган, бирок интернетке кирүү мүмкүндүгү жок жарандардын пикирин чагылдырбайт.

Сурамжылоого негизинен Борбор Азиянын шаар тургундары катышты.

Сурамжылоого катышкандардын жалпы саны — Борбор Азиядан 400 киши.Сурамжылоого кѳбүнчѳ 18-28 жаштагы жарандар катышты.
Жыныстык белгиси боюнча үлгү топ
Сурамжылоого 22 эркек катышты.

Сурамжылоого катышкан 5% эркектин ичинен 1%ы - айдоочунун алардын жеке жашоосуна ашыкча кызыгуусу менен мүнѳздѳлгѳн вербалдык асылууга туш болгонун белгилей кетүү керек. Ошондой эле анкеталардын анализи эркектер жакындарын такси менен жалгыз жиберүүдѳн корккондуктан, кѳп учурда ѳздѳрү узатып барарын кѳрсѳттү.

Сурамжылоого катышкандардын 62%ы – 18-28 жашта
Борбор Азияда
аялдарга карата
кѳрсѳтүлгѳн жыныстык асылуулар
Респонденттердин 71%ы жашоосунда жыныстык асылууларга дуушар болгонун билдиришкен. Сурамжылоого тартылган аялдардын 81%ы таксиде бара жатып жыныстык асылууга кабылганын айтышкан. Кѳп учурда харассмент вербалдык формада (жекече суроолор, жадатма таанышуу аракеттери, ошондой эле жагымсыз комментарийлер жана сунуштар аркылуу) байкалган.
Жалпысынан сурамжылоого тартылгандар үчүн такси менен ар бир 20-жол жүрүү таксидеги жыныстык асылуу менен бүтѳт. Кѳп учурда аялдар кандай мамиле кылышты билбегендиктен, жол жүрүүнүн аягына чейин унчукпай кете беришет. Ал эми жол жүрүү аяктаган соӊ, окуяны унутууга аракет кылышат. Кыздар таксисттердин кѳбүнчѳ алардын жеке жашоосу тууралуу сураштырганын, таанышууга аракет кылгандарын, ал эми сунушту четке каккан учурларда эшиктерин бекитип салгандарын билдиришкен.
Таксиде бара жатып жыныстык асылууга кабылган учурда эмне кылуу керек?
Борбор Азияда аялдар таксиде асылууга кабылган учур боюнча полицияга кайрылууну негедир каалашпайт. Болгону 4,3%ы ушундай окуядан кийин полицияга кайрылышкан, калгандары жѳн гана унутууга аракет кылышкан. Бул Борбор Азияда таксидеги асылуулар жѳнүндѳ маалыматтык кампаниянын алкагында жүргүзүлгѳн сурамжылоонун натыйжалары.

Эксперттердин айтуусу боюнча, мындай окуяга кабылган кыздар укук коргоо органдарына кайрылган учурда деле алар бул ишти териштирүүнү каалашпайт. Ошентсе да, сексуалдык харассментке дуушар болгон ар бир киши укук коргоо органына, тагыраагы полиция же милиция органына арыз менен кайрылууга укуктуу.
«Адам сексуалдык мүнѳздѳгү аракеттерге кабылганын далилдеш үчүн ошол учурда таксиде болгон окуянын далилдерин мүмкүн болушунча кѳбүрѳѳк каттап алуусу зарыл – кандай окуялар, аракеттер болду, айдоочу кандай иш-аракеттерди жасады. Эгер сизде такси чакыруу кызматынын тиркемеси бар болсо, анда айдоочу тарабынан сексуалдык мүнѳздѳгү, жыныстык асылуу формасында одоно жана этикага сыйбаган жоруктар аткарылганын билдирүү менен аталган ишкананын жетекчилигине кайрылсаӊыз болот. Балким мындай жоруктар айдоочунун жүргүнчүгѳ кандайдыр бир физикалык тийип кетүүсү, же жолдо бара жатканда айдоочунун уят-сыйытсыз сүрѳттѳрдү, видеолорду кѳрүүсү менен байкалгандыр. Мындай учурда сѳзсүз түрдѳ полицияга арыз менен кайрылыш керек», — деп белгилейт юрист Динара Жубатова.
Жүргүнчү мүмкүн болсо, таксиде бара жаткан учурдагы далилдерди болушунча кѳбүрѳѳк каттап алууга тийиш – видеого тартсын, аудиого жаздырсын, же болбосо жанында күбѳлѳр отурган болсо, алардан кѳрсѳтмѳ берүүсүн ѳтүнсүн. Бул жерде белгилей кетчү нерсе, Жазык кодексинин ченемдеринде айдоочу жыныстык катнашка барууну ачык сунуш кылган учурда гана жоопкерчиликке тартыла тургандыгы жазылган.

«Ал эми мындай аракеттерди кѳрсѳтпѳсѳ, жүргүнчүгѳ жыныстык катнашка барууну ачык сунуш кылбаса, анда бул аракеттер майда бейбаштык катары гана бааланат», — дейт эксперт.
Рекомендациялар:
таксиде жеке коопсуздугуӊузду кантип коргой аласыз

1
Кѳчѳдѳн машина тосуу сунуш кылынбайт. Расмий такси чакырыӊыз, бирок такси кызматынан сиз үчүн күмѳндүү айдоочу келсе, аны менен кетүүдѳн баш тартканыӊыз оӊ.
2
Салонго отурардан мурда унаанын номерин сүрѳткѳ тартып алыӊыз жана жакындарыӊыздын бирѳѳнѳ чалып, айдоочу уккандай кылып номерди айтып коюӊуз.
3
Эгер айдоочу сиз менен баарлашууну баштоого же тамашалашууга аракет кыла турган болсо, аны менен сүйлѳшпѳй эле койгонуӊуз туура – баарлашууну колдогуӊуз келбегенин кѳрсѳтүӊүз.
4
Арткы орунга гана отуруӊуз.
5
Эгер айдоочу жолдон бирѳѳнү сала кетүүнү, таанышына жолуга кетүү же гаражга кире кетүү ниетин билдире турган болсо, эч качан макул болбоӊуз.
6
Телефонуӊузга GPS-навигатор орнотуп алыӊыз, жолду кѳзѳмѳлдѳп, жакын адамыӊызга актуалдуу геолокацияны жиберип коюӊуз. Эгер айдоочу маршрут боюнча кетпегенин байкап калсаӊыз, андан дароо мындай аракетин түшүндүрүүсүн жана машинаны токтотуусун талап кылыӊыз.
7
Коргонуу максатында газ баллонун, электрошокер сатып алыӊыз. Бирок мыйзам боюнча, кол салуудан ѳзүн-ѳзү коргоо учурунда адам тийиштүү коргонуу чегинен ашпоосу керек экени эсиӊизде болсун.

Психологиялык жардам абдан маанилүү.

Сурамжылоонун жыйынтыктары боюнча, Борбор Азиядагы респонденттердин болгону 2%ы гана таксиде жыныстык асылууга кабылгандан кийин психологиялык жардам сурап кайрылышкан.

Ошентсе да адистердин жардамын тоготпой коюуга болбойт. Себеби жыныстык ыдык кѳрсѳтүлгѳндѳн кийинки травма посттравмалык стресске (ПТС) алып келиши мүмкүн. Ошондуктан ѳзүн ѳзү күнѳѳлѳѳ, коркуу, ардануу, уялуу, жалгыздык сезимдери жана башка жагымсыз эмоциялар менен эскерүүлѳр пайда болгондо, психологиялык жардам керек болот.
Лонгридди даярдагандар:
Авторлор:
Зульфия Раисова,
Назигуль Жусупова,
Мазхаб Джумъа,
Ирина Матвиенко
Лонгриддин редактору:
Наталья Ли

Идеянын авторлору:
Зульфия Раисова
Дастан Аккожа
Баяндарды чогулткандар:
Исмаил Карыпов,
Фарангис Давронова,
Вера Сухина,
Анастасия Черепанова,
Дастан Аккожа,
Кирилл Флаймен,
Молдир Албан
Иллюстрациялар:
Насиба Каримова

Верстка:
Карина Толмачева
Лонгрид «Борбор Азияда таксидеги коопсуздук» маалыматтык кампаниясынын алкагында даярдалды.