Тажикстан:
Жардам беришпейт, басмырлап биротоло жок кылышат

«Мен аны ичке катуу уруп жибердим»
«Ал жолдо туруптур. «Таксиби?» деп сурады. «Такси» деп жооп бердим. «Кайда барасыӊ?» десем, «Алхитойго» деп жооп берди. Аны отургузуп, ордуман жылдым.

Мен аны ичке катуу уруп жибердим. Бир жолу, экинчи жолу… Кекиртегинен кыса кармаганда, «ичим» деген бойдон машинанын арткы отургучуна кулап түштү. Онтогону угулуп калбасын деп, машинага отуруп айдап жѳнѳдүм».

Тажикстандын Варзоб районунун Харангон капчыгайында эки кызды ѳлтүрүүгѳ шектелген Садулло Рауповдун кѳрсѳтмѳсүнѳн үзүндү ушундай.
Бул тууралуу репортаж 2020-жылдын 23-сентябрында «ИИМ жаӊылыктары» программасында кѳрсѳтүлүп, тажик коомунда чоӊ чуу жаратты.
Полициянын билдирүүсүндө «2018-жылдын январь айында Сафаров Дониёр жана Раупов Садулло Замирамох Хайдарованы катуу сабаган соӊ, унаасынын багажнигине салып, кылмыш изин жашыруу максатында Варзоб районунун Харангон айылындагы адырларга алып барышкан. Караӊгы убактан, тегеректе киши жоктугунан ошондой эле Хайдарованын эс-учун жоготкон абалынан пайдаланып, шектүүлѳр аны кыйноо менен зордукташкан. Зордуктагандан кийин мыкаачылык менен муунтуп ѳлтүрүшкѳн. Кылмыштын изин жашыруу максатында өлгөн адамдын жансыз денесин 50 метр тереӊдиктеги аңга жашырышкан», - деп жазылган.
Душанбе шаарынын Сино райондук прокуратурасы Раупов менен Сафаровго каршы Тажикстан Республикасынын Жазык кодексинин «Адам ѳлтүрүү» деп аталган 104-беренесинин 2-бѳлүгү боюнча кылмыш ишин козгогон.
Тажикстанда коомдук жайлардагы жыныстык асылуулар үчүн кандай жаза колдонулат?
2018-жылдан тарта Тажикстанда эркектер тарабынан кыздар менен аялдарга кѳрсѳтүлгѳн сексуалдык асылуулар жѳнүндѳ ачык айта башташты.

Маселен, 2018-жылдын июль айында Тажик медициналык университетинин бүтүрүүчүсү 23 жаштагы Сабина Сафоева Facebook социалдык тармагына мындан ары эркектер тарабынан кѳрсѳтүлгѳн жыныстык жана физикалык асылууларга чыдабай турганын билдирүү менен протест жарыялаган. Анын бул посту Facebook тармагынын тажик колдонуучуларынын арасында катуу талкуу жаратып, кыска убакыттын ичинде 800 лайк, 200 репост жана жүздѳгѳн комментарийлерге ээ болгон. Сабинанын постуна жазылган комментарийлерде башка кѳптѳгѳн аялдар менен кыздар жыныстык жана физикалык асылууга кабылган ѳз окуяларын баяндап беришкен.

Бир топ убакыттан кийин активист кыздар Душанбе шаарынын жетекчилигине аларды жыныстык асылуулардан коргоо ѳтүнүчү менен кайрылышкан. 2018-жылдын сентябрында шаардык администрациянын башчысы Рустам Эмомали шаардык ИИБ алдында аялдарга карата эркектердин адепсиз жүрүм-туруму жана мамилеси жѳнүндѳ келип түшкѳн ар бир арызды же кайрылууну карап чыгууга милдеттүү жумушчу топ түзүүгѳ тапшырма берген.

2019-жылы аялдарга кѳрсѳтүлгѳн зомбулукка арналган конференция учурунда борбор калаанын кѳчѳлѳрүндѳ эркектердин жүрүм-турумуна байкоо жүргүзүү максатында, 2700 жаздыруучу жабдык орнотулганы айтылган. Ошол эле жылы Тажикстандын Жазык кодексине мындай аракеттерди жазалоо боюнча толуктоолорду киргизүү сунушталган. Учурда ал сунуш каралып жатканын айтышууда.

Дээрлик күн сайын Душанбе шаарынын ИИБдин расмий сайтында, борбор калаанын кѳчѳлѳрүндѳ аялдарга жана кыздарга сексуалдык жана физикалык асылуу аракеттерин кѳрсѳткѳн эркектердин түзѳтүүчү жумуштарда жүргѳнүн чагылдырган фотосүрѳттѳр менен видеороликтер кѳрсѳтүлүп турат.
Жыныстык асылууларга карата кылмыш иштери Тажикстан Республикасынын Жазык кодексинин «Зордуктоо», «Жыныстык катнашка мажбурлоо» жана «Майда бейбаштык» деп аталган беренелери боюнча козголот.

2018-жылы Жазык кодексине жыныстык жана физикалык асылуулар жѳнүндѳ ѳзүнчѳ берене киргизүү сунушталган. Сунушту Башкы прокуратура менен Жогорку соттун ѳкүлдѳрү колдоого алышкан. Бирок, азыркыга чейин план иштелип чыга элек жана аларга кандай жаза карала турганы дагы белгисиз.

Башкы прокуратуранын ѳкүлү Фаррух Рауфов акыркы жылдарда ѳлкѳ ичинде зордуктоо учурлары азайганын, бирок «сексуалдык мүнѳздѳгү аракеттер» тынчсыздануу жаратып жатканын билдирген.

Жыныстык асылуулардын курмандыктары кѳп учурда корккондон улам жана коом алдында уят болом деп унчукпай кала беришет. Мындай окуялар боюнча арыз менен кайрылгандар болсо, укук коргоо органдарынын кайдыгер мамилесин белгилешүүдѳ.
Унаанын ылдамдыгы саатына 120 чакырым:
андан секирип кетким келген
"Душанбе шаарынын тургуну 25 жаштагы Мадина (аты ѳзгѳртүлдү) таксисттер тарабынан жыныстык жана физикалык асылууга бир нече жолу кабылган.

«2017-жылдын күз айларында саат 19:00 чамасында ЦУМга жакын жашаган тайэжемдин кызы мага чалып, тезирээк келүүмдү суранды. Мен «Ватан» кинотеатрынын жанында жашайм. Көчөгө шашып чыктым. Бул жерде 3 жана 8 номерлүү маршруттук таксилер кѳп жүрѳт. Алар «Ватан» кинотеатрынан жүргүнчүлѳрдү кѳп алып кетишет.

Айдоочу колу менен «3» деген белгини кѳрсѳткѳндѳ мен аны токтоттум. Башкы жолдо рейддер кѳп болорун, ушул себептүү айдоочулар номер жазылган кѳрнѳктѳрдү такпай, каттамдын номерин колу менен кѳрсѳтөөрүн билчүмүн.

Унаанын ичинде үч жаш жигит отурушуптур, бири бирин тааныганы көрүнүп турат. Машинага отуруп айдоочуга жол кирени сунганда акчаны албай, «Бизге сенин акчаӊдын кереги жок. Азыр бир жакка алып барып, чогуу эс алабыз» деди.

Абдан коркуп кеттим. Унаанын эшиктери автоматтык түрдѳ бекилип калды. Коркуудан улам калтыраган үн менен: «Байке, таксист болбосоӊуз, анда эмнеге «3» номерин кѳрсѳттүӊүз?» деп сурадым.

Анда айдоочу: «Анткорлонбо, кимдин машинасына отуруп жатканыӊды билгенсиӊ, биз такси эмес экенибизди да билгенсиӊ. Жѳн эле наздана бербечи…».

Ушинтип айтып, саатына 100-120 чакырым ылдамдык менен айдап жѳнѳдү. Токтот дегениме кѳӊүл бурган жок. МАИ кызматкерин да тоготпой ѳтүп кетти. Бирок шаардын борборунда бизди башка МАИ кызматкери күтүп турган экен. Жолдун ортосуна чыгып, машинаны тосту. Мен машинадан атып чыгып, МАИ кызматкеринин жанына чуркап бардым, жол акысын албай, башка жакка алып бара жаткандарын билдирдим. Унаанын айдоочусу анын жанына келип, «Байкеси, бул сойку. Силер кайда барсаӊар мен да ошол жакка деп машинабызга отуруп алган» деп айта калды.

Ошентип, МАИ кызматкеринин алдында менин намысыма жана абийириме шек келтирди. Бирок ал учурда бул сѳздѳрдүн мен үчүн эч кандай мааниси жок эле. Машинадан аман-эсен кутулуп чыкканыма ыраазы болуп, сүйүнүп жаттым. Алар ѳз ара бир нерсени тартышып жатканын кѳрүп, качып кеттим. Ал тургай унаанын мамлекеттик номерин да эстеп калуу оюма келбептир. Тезирээк ал жерден кетип, болгон окуяны унутуп койгум келди. Окуя тууралуу курбуларыман башка эч кимге айткан жокмун. Баары бир мага эч ким ишенбейт, ал тургай ѳзүмдү дагы күнѳѳлѳп чыгуулары мүмкүн эле.

2018-жылы күзүндѳ экинчи жолу ушундай окуяга туш болдум. Кечинде курбум менен бир кечеден чыгып, үйдү кѳздѳй бара жатканбыз. Инцидент кайра эле борбордук кѳчѳдѳ болду. Кѳчѳдѳ машина аз болчу, үйдѳ апам жалгыз болгондуктан эртерээк барышым керек эле. Такси келип токтоп, айдоочу «8» деген номери бар кѳрнѳктү кѳтѳрдү, мен ага отурдум. Машинанын айнектери күӊүрттѳлгѳн экен. Бирок караӊгыда аны деле байкаган эмесмин. Унаага отургандан кийин кайра жаӊылганымды сезип калдым. Ичинде дагы эле үч эркек отуруптур, айдоочу менден жол акысын алган жок. Кудум эле биринчи жолкудай. Бирок мында арткы орунда отурган киши мени кармоого аракет кылды. Коркуп кетип, «Эмне болду? Эмне кармайсыӊар?» деп кыйкырып жибердим. Отургучта бир нерсеси калганын, мен болсо ага отуруп алганымды шылтоолоп жооп берди.

Мен: «Машинаны токтоткула, мен түшѳм» дедим. Айдоочу мыйыгынан күлүп, «Токтойбуз, бир аздан кийин….» деп жооп берди.

Машина саатына 100-120 чакырым ылдамдык менен бара жатты. Кайра ката кетиргеним үчүн ѳзүмдү жемелеп жаттым. Үйгѳ жетпесем, апамды, ѳзүмдү, жакындарымды шерменде кылып коём деп корктум. Оюма ар кандай жаман нерселер келип жатты. Бир маалда эс-учумду жыйып, машина шаардын борборунан саатына 120 чакырым ылдамдык менен кетип бара жатканда эшикти ачып секирип кетейин деп камынганда, айдоочу унааны токтотту. Дароо атып түштүм да, артымды карабай качып жѳнѳдүм. Коопсуз жерге чейин чуркап барып, атайын буйрутма такси чакырып үйгѳ жеттим. Бул жолу да окуя тууралуу эч кимге айткан жокмун… Ошондон кийин «3 сомонилик» таксиге эч качан отурбоону чечтим.

Биринчи жолу кабылган окуядан кийин ѳзүмѳ карата жек кѳрүү сезими болгон эмес, себеби, күнѳѳм жок экенин жана билбестиктен унаага отурганымды түшүнгѳм. Мындан ары отура турган машинага жакшылап кѳӊүл буруш керек экенин билип калдым. Экинчи окуядан кийин баарын билип туруп, кайра жаман абалда калганым үчүн ѳзүмдү жек кѳрүп, жемелеп жаттым.

Эки жылдан ашык убакыт ѳтсѳ да, кабылган окуялар боюнча укук коргоо органдарына кайрылган эмесмин. Ѳзүмдүн пайдама эч кандай далил жок экенин билем, ал тургай унаанын номерин да эске тутуп калган эмесмин. Анын үстүнѳ, далилдерди таап берген учурда деле бийлик органдары кылмышкерлерди кармап, жазалай турганына ишенбейм», - дейт жабырлануучу кыз.
Мадинанын пикири боюнча, мындай аракеттерди болтурбаш үчүн тийиштүү кодекске керектүү беренелерди киргизүү керек. Айдоочулардын кыздарга карата мыйзамсыз аракеттери, тажик кыздарынын ар-намысын тебелеп жаткандыгын түшүнө тургандай, окууларды өткөрүш зарыл.

Ал кыздарга караӊгыда машиналарга жалгыз отурбоону, таксиге отурардан мурун унаанын номерин жаттап же жазып калууну жана отурганда жакын адамына билдирип коюну сунуштайт.

«Эгер таксиге отурсаӊар, жакындарыӊардын бирине чалып, такси тууралуу маалымат берип койгула. Айдоочулар мындай аракеттен коркушат. Айдоочу силерди башка жакка алып бара жатса, машинадан түшүп калууга аракет кылгыла (машина жүрүп бара жаткан учурда дагы). Мындай абалда айдоочу жолдо байкоо жүргүзүү камералары иштеп жатканын билет жана андан корккондуктан машинаны токтотот», - деп кошумчалады маектешибиз.

Бүгүнкү күндѳ ондогон жабырлануучулар социалдык тармактарда жыныстык жана физикалык асылуулар жѳнүндѳ билдирүүлѳрдү жарыялашат. Быйыл Instagram тармагында жыныстык жана физикалык асылуулардын курмандыктарын бириктирген «tellme_sister» деген аталыш менен топ ачылып, алардын башынан ѳткѳргѳн окуяларын жарыялаган.
Таксидеги асылуулар кѳйгѳйүн кантип чече алабыз?
Социолог Зулайхо Усмонова эркектер тарабынан аялдарга кѳрсѳтүлгѳн жыныстык жана физикалык асылуулардын башкы себептери катары коомдун бул кѳйгѳйдү жетиштүү деӊгээлде түшүнбѳстүгүн, тарбиянын, айрыкча жыныстык, гендердик тарбиянын, ошондой эле маданияттын жетишсиздигин белгилейт.

Анын айтымында, бүгүнкү күндѳ сексуалдык зомбулук боюнча расмий статистика жок болгондуктан, жалпы абалды билүү ѳтѳ эле кыйын. Кѳйгѳйдү чечиш үчүн мыйзамга жыныстык жана физикалык асылуулар жѳнүндѳ тийиштүү беренелерди, ал эми орто мектептер менен ЖОЖдордун окуу программаларына «Жыныстык тарбия» сабагын киргизүү зарыл деп эсептейт.

Зулайхо Усмонова
Фото: жеке архив
«Зомбулук – бул азап экенин элдин аӊ-сезимине киргизиш керек. Адамдар сексуалдык жана физикалык зомбулук үчүн жоопкерчиликке тартылып, тийиштүү жаза тарта турганын түшүнүүсү зарыл», - деп кошумчалады социолог.
Анын пикири боюнча, айдоочуларды окутуу жана айдоочу менен жүргүнчүнүн ортосунда физикалык байланышка тыюу салуу дагы сексуалдык жана физикалык асылууларды болтурбоого жардам бере алат.

Бир нече жылдан бери кѳйгѳйгѳ байкоо салып келген жана бул багытта изилдѳѳ жүргүзгѳн журналист Ниссо Расулова мындай дейт:

Ниссо Расулова
Фото: жеке архив
«Такси – бул лифт, унаа токтотуучу жайлар, кир жуучу жайлар, парктар жана подъезддерден тышкары, аялдар жалгыз калуудан корккон жайлардын бири. Азыркы учурда баары заманга ылайык ѳнүгүп жатканы кубандырат. Мисалы, чоӊ шаарлардын таксилеринде айдоочунун каттамын кѳзѳмѳлдѳп турууга мүмкүнчүлүк берген тиркеме жана GPS бар. Бирок, айрым уяты жок айдоочулар булардан да сестенбейт. Жыныстык жана физикалык асылууларды реалдуу жазалоо жана жоопко тартуу аркылуу гана токтотсо болот. Эгерде кыз таксиден зомбулукка дуушар болуп бул тууралуу тийиштүү жактарга билдирсе, ал айыптоолорго туш болбой тескерисинче, жардам ала тургандыгын билүүгѳ тийиш. Тилекке каршы, биз азырынча мындай мамиледен ѳтѳ эле алыспыз. Биздин ѳлкѳдѳ жабырлануучуга да бирдей даражада жоопкерчилик жүктѳлгѳн виктимблейминг абдан эле ѳнүккѳн: туура эмес жүргѳн, ылайыксыз кийинген, катуу күлгѳн ж.б. Мунун баары жѳн эле эркектерди актоо. Бир дагы эркек аялдын жекече чектерин бузбашы керек. Ал тургай андан ичимдик жыттанып, кийими ар кандай болуп турган учурда да муну жасоого акысы жок, бул анын иши эмес», - дейт журналист.
Аскердик журналист Хуршед Назаров жыныстык жана физикалык асылууларга кабылып калбаш үчүн кыздар менен аялдар сѳзсүз түрдѳ буйрутма такси кызматтарын колдонууга тийиш деп эсептейт. Анын айтымында, такси чакырган учурда сервистик компаниянын кызматкерлери кайсы унааны кайсы жерге жибергенин билишет, кандайдыр бир кѳйгѳй келип чыккан учурда алардын буйрутмасы далил катары колдонулат.

Ошондой эле ал таксилерге орнотулган видео каттоочу, отуруп жатканда таксини байкаштырып коюу, анын номерин жаттап калуу жана зарыл болгон учурда мобилдик телефондорду колдонуу таксиде жеке коопсуздукту камсыздоо чараларына кирет.

Хуршед
Назаров
Фото: жеке архив
«Мисалы, Россия Федерациясында айдоочулардын коопсуздугун камсыздоо максатында таксилерге видеобайкоо жүргүзүү камералары орнотулган. Алар айдоочуга карата жасалган жана ал ѳзү аткарган кыймыл-аракеттердин, айтылган сѳздѳрдүн баарын каттап турушат. Зарыл болгон учурда айдоочу видеону далил катары берет», - дейт Назаров.

Ал буйрутма таксинин кызматын пайдаланган жүргүнчүлѳр айдоочулар менен түшүнбѳстүктѳр пайда болгондо оператор менен байланышып, даттана ала турганын белгилейт. Ошондуктан окуяны тартып алуу үчүн мобилдик телефон колдонушу керек, же үнүн катуу чыгарып, тегеректегилердин назарын бурууга аракет кылуусу зарыл.

«Такси кызматын сунуш кылган компаниялар айдоочуларды туура тандоого, тактап айтканда анын айдоочулук стажына гана карабай, биографиясын да билүүгѳ тийиш. Эгер айдоочу мурда соттолгон болсо (зордуктоо же башка кылмыш боюнча), ал мындай жумушка алынбашы керек», - дейт Назаров.
Такси кызматтары ѳз жүргүнчүлѳрүнүн коопсуздугун кантип камсыздашат?
CABAR.asia суроосуна Тажикстандагы Olucha Taxi кызматынын түзүүчүсү «Олуча Авто» ЖЧК кардарларынын коопсуздугун камсыздоо максатында, ар бир унаага GPS жабдыктарын орнотконун билдирди. Анын жардамы менен операторлор ар бир айдоочунун кайда жүргѳнүн реалдуу мезгил режиминде кѳзѳмѳлдѳй алышат. Ошондой эле бул такси кызматында иштеген ар бир айдоочуга дайыма байланышта болуп турсун деп кызматтык SIM-карта берилген.

Кардарлар каалаган учурда «Айым-таксист», «Сүйлѳбѳгѳн айдоочу-таксист» жана «Балдар үчүн отургучу бар такси» опциялары менен таксиге буйрутма бере аларын компаниядан билдиришти.

Суроого берилген жоопто жол коопсуздугун бузган же жүргүнчүлѳргѳ карата орой мамиле кылган ар бир айдоочу айып пул түрүндѳ жазага тартыла турганы, ал тургай жазалоо келишимди бузууга чейин жете турганын билдиришет.

Катта Facebook социалдык тармагында компаниянын расмий баракчасы бар экени, ал аркылуу кардарлар айдоочулардын тейлѳѳсү боюнча нааразылыктарын билдире ала турганы жана алардын арызы компанияга расмий кайрылуу катары кабыл алынары жазылган. Кардарлардын мындай жол менен кайрылуусу териштирүүлѳр, биринчи кезекте ишкананын ичиндеги териштирүүлѳр үчүн негиз боло алат. Укук бузуу фактылары далилденген учурда айдоочуга карата жогоруда белгиленген жазалооо чаралары колдонулат.

«Олуча Авто» тарабынан берилген маалыматка ылайык, акыркы 2, 3 жылдын ичинде кардарлардан айдоочулар тарабынан аялдар менен кыздарга карата сексуалдык жана физикалык асылууларга байланыштуу даттануу компанияга түшкѳн эмес. Болгону айдоочунун туура эмес жүрүм-туруму боюнча бир-эки нааразылык билдирилген. Туура эмес жорук жасаган айдоочуларга карата ички процедуралар менен эрежелерге ылайык тийиштүү чаралар кѳрүлгѳн.

Ошол эле учурда, дээрлик күн сайын кардарлар менен айдоочулардын ортосунда ар кандай түшүнбѳстүктѳр болуп турат. Бирок булар унаанын убагында келбегенине, анын ичинде унутуп калган буюмдарын жеткирип берүү талабына байланышкан кѳрүнүштѳр.

Таксиге буйрутмалар эртеӊ менен жана кечкисин абдан көп берилет, ал эми айдоочунун туура эмес аракеттери боюнча даттануулар кѳбүнчѳ аялдардан келип түшѳт.
Ѳлкѳнүн жүргүнчү ташуучу транспорттук компанияларынын бири болгон «Рахш Таксинин» түзүүчүсү жана «Сайёхон» ЖЧК башкы директору Тахмина Саминова жүргүнчүлѳрдүн коопсуздугун камсыздоого байланыштуу CABAR.asia'нын суроосуна жооп берди. Ал коопсуздук видеобайкоо жүргүзүү камералары менен жабдылган атайы транспорттук каражаттар аркылуу камсыздаларын белгиледи. Мындан тышкары ал күн сайын компанияга тиешелүү таксилердин маршруттагы ишмердүүлүгүн кѳзѳмѳлдѳйт жана маалымат борбору аркылуу жүргүнчүлѳрдѳн тейлѳѳ сапаты боюнча нааразылыктар менен сунуштардын кабыл алынышын камсыздайт.

Ошондой эле ал компаниянын статистикасына ылайык, акыркы 2, 3 жылдын ичинде компанияга кардарлардан «Рахш Такси» кызматынын айдоочулары тарабынан аялдар менен кыздарга карата сексуалдык жана физикалык асылууларга байланыштуу даттануу келип түшпѳгѳнүн белгиледи.

Компаниянын расмий ѳкүлдѳрү «коммерциялык сыр» деп айрым суроолорубузга жооп беришкен жок. Айрыкча, келечекте жүргүнчүлѳрдүн коопсуздугун камсыздоого багытталган кандай варианттарды киргизүү караштырылып жаткандыгына байланыштуу сурообузга, «эӊ мыкты вариант учурда иштеп жатат, ал – маалымат борбору аркылуу даттанууларды кабыл алуу» деп жооп беришти.
Бул жерде милиция иштеши керек.
Тажикстандын ИИМинин маалыматы боюнча, 2019-жылдын жана 2020-жылдын 9 айынын ичинде коомдук жайларда аялдарга жана кыздарга физикалык зомбулук кѳрсѳтүү учурлары үчүн эркектерге карата «Бейбаштык» деп аталган 237-берене боюнча жалпы 174 кылмыш иши козголгон.

«2019-жылы «Зордуктоо» деп аталган 138-берене боюнча - 46, «Сексуалдык мүнѳздѳгү аракеттер» аттуу 139-берене боюнча – 43, «Жыныстык катнашка мажбурлоо» деп аталган 140-берене боюнча – 9, «Зордуктоо» деп аталган 141-берененин 2-пунктунун «а» подпункту боюнча – 9, 142-берененин 2-пунктунун «а» подпункту боюнча – 3 кылмыш иши козголгон. 2020-жылдын 9 айында жогорудагы беренелер боюнча жалпысынан 74 кылмыш иши козголгон», - деп айтылат ИИМдин биздин катка берген жообунда.

Юрист жана «Химоя» юридикалык компаниясынын жетекчиси Навруз Одинаев мыйзамда жыныстык асылуулар кирген пункттар бар экенин белгилейт.

Навруз Одинаев
Фото: жеке архив
«Ушул себептен улам, алгач ар бир учурдун канчалык оор экендигин аныктап чыгыш керек. Эми аларды ѳзүнчѳ карап чыгалы», - дейт юрист.

Биринчи учур – коомдук жайларда агрессивдүү качыруулар жана коркутуп-үркүтүүлѳр жок, бирок уят сѳздѳр айтылган асылуулар. Мисалы, кѳчѳдѳн бир бала бейтааныш кызга - «Чоӊ кыз, мен сени …..келип жатат», «Чоӊ кыз, мен сени …..», «Ох, кандай сулуу кыз, жүрү экѳѳбүз …..» сыяктуу сѳздѳрдү айтса, бул аракеттерде Административдик укук бузуулар жѳнүндѳ кодекстин «Майда бейбаштык» аттуу 460-беренесине кирген укук бузуулардын белгилери бар.

Навруз Одинаевдин айтуусунда, аталган берене боюнча укук бузууга айыпталгандар жетиден онго чейинки эсеп кѳрсѳткүчүндѳ – 30дан 40 АКШ долларына чейинки (1 кѳрсѳткүч – 55 сомони, - ред.) айыппул тѳлѳѳ менен, же болбосо бештен он беш суткага чейин административдик камакка алуу түрүндѳ жазаланат.

«Дагы бир учурду карап кѳрѳлү», - деп сѳзүн улантты юрист, - «зомбулук кѳрсѳтүүгѳ байланыштуу коркутуп-үркүтүүлѳр менен коомдук тартипти одоно бузган асылуулар. Мисалы, бир жигит элдин кѳзүнчѳ кызды кемсинтип ага акарат кылып, кызды ала качып жана/же зордуктап коё турганын айтса, же болбосо бузуку мүнѳздѳ жыныстык жактан асылса, бул аракеттер Тажикстан Республикасынын Жазык кодексинин «Бейбаштык, башкача айтканда коомчулукту сыйлабагандыгын көрсөтүп жарандарга күч колдоно тургандыгын же күч колдонуу менен коркутуу коштолгон коомдук тартипти орой бузуу" деп аталган 237-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ туура келген кылмыш белгилерин камтыйт. Мындай мыйзам бузуу үчүн беш жүздѳн миӊге чейинки эсеп кѳрсѳткүчүндѳ (2207,49 АКШ долларынан 4414,98 АКШ долларына чейин) айып пул тѳлѳѳ, же болбосо эки жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндѳ жаза каралган», - деп белгилейт Навруз Одинаев.


Ошондой эле анын айтуусу боюнча, 16 жашка чейинкилерге карата бузуку жыныстык мүнѳздѳгү асылуулар (жыныстык мүчѳлѳрүн кѳрсѳтүү, аларга тийүү ж.б.) ТР ЖКнин «Он алты жашка чыга элек жаранга карата бузуку жыныстык мүнѳздѳгү аракеттерди жана зомбулук кѳрсѳтүү» деп аталган 142-беренесинин 1-бѳлүгүндѳ аныкталган кылмыш белгилерин камтыйт.

Мындай укук бузуулар эки жылга чейин эркиндигин чектѳѳ же болбосо ушул эле мѳѳнѳткѳ эркинен ажыратуу менен жазаланат. Ал эми ошол эле аракеттер 14 жашка чыга элек ѳспүрүмдѳргѳ кѳрсѳтүлсѳ – 2 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

«Биз кѳрүп тургандай, юридикалык кѳз караш менен караганда, Тажикстан Республикасынын мыйзамдарында аялдар менен кыздарга «бейбаштык» менен мамиле жасаган кишилерге карата колдонууга мүмкүн болгон ченемдер бар. Башка маселе – бул ченемдерди колдонуу механизмдери толук иштелип чыккан эмес, - дейт юрист. – Мындай укук бузуучуларды жоопко тартыш үчүн биринчиден, жабырлануучулардын же алардын расмий ѳкүлдѳрүнүн арыздары болууга тийиш. Андан кийин – «Асылуу» фактысын далилдѳѳ милдети турат. Ал эми кыз окуяга кабылган учурда жалгыз болсо жана эч кандай күбѳ жок болсо, же окуя видеокамерага түшпѳй калса, анда далилдѳѳ ѳтѳ эле кыйын болот".
Юристтин пикири боюнча, аталган ченемдердин колдонулушу, ошондой эле аялдар менен кыздардын корголушу милиция органдарына кѳз каранды.

Эгер милиционерлер мындай абалга туш болгон кыздардын же аялдардын биринчи эле, ал тургай оозеки кайрылуусу боюнча тийиштүү аракеттерди кѳрүп, укук бузгандарды жагдай толук иликтегенге чейин милиция бѳлүмүнѳ алып барышса, бул аракеттер, санкцияларды колдонуу зарылчылыгы келип чыкпаган учурда дагы - жүрүм-туруму туура эмес жаштардын мындай аракеттерди кайталоодон кооптонуп калуусуна жардам бермек.

Лонгридди даярдагандар:
Авторлор:
Зульфия Раисова,
Назигуль Жусупова,
Мазхаб Джумъа,
Ирина Матвиенко
Лонгриддин редактору:
Наталья Ли

Идеянын авторлору:
Зульфия Раисова
Дастан Аккожа
Баяндарды чогулткандар:
Исмаил Карыпов,
Фарангис Давронова,
Вера Сухина,
Анастасия Черепанова,
Дастан Аккожа,
Кирилл Флаймен,
Молдир Албан
Иллюстрациялар:
Насиба Каримова

Верстка:
Карина Толмачева
Лонгрид «Борбор Азияда таксидеги коопсуздук» маалыматтык кампаниясынын алкагында даярдалды.