Таксист туура эмес жерге кирип кетип, менин басып келишимди талап кылды. «Жок» дегениме жинденгени менен баары бир ѳзү келди...
Кечки саат 10до такси чакырдым. Жакындап келүү кыйыныраак болгон жайдан чыгып жаткам. Таксист туура эмес жерге кирип кетип, менин басып келишимди талап кылды. «Жок» дегениме жинденгени менен баары бир ѳзү келди. Андан ары диалог: -Кыргызсызбы?
–Ооба.
–Салтты билесизби?
–Жарым-жартылай.
–Багажникте ак жоолук бар. Салынып алыӊыз. Мен сизди ала качып баратам.
–ЭМНЕ?
Үн-сѳз жок. Дүрбѳлѳӊгѳ түштүм. Машинадан секирип кетейин деп ойлодум. Карасам, кичинекей кѳчѳ менен бара жатыптырбыз, тегерек жымжырт.
– Тамашалап койдум.
Жеткиче унчукпай, бирок чыӊалып бара жаттым. Айтылган сумманы тѳлѳдүм. Анда дагы «Эмне мынча аз, канча жерден бери келдим» деген нааразылык уктум. Жеткенде тамашасы боюнча катуу эскертүү берип, эшигин тарс жаап түшүп кеттим. Менин артыман коркутуп-үркүтүүлѳр менен кыйкыра баштады. Бир четинен кыжырым келсе, экинчи жагынан коркуп бараттым. Такси кызматына арызданып, алар менден кечирим сурашты. Бирок коркуу сезими калып калды. Ал окуядан бери бир жыл ѳттү. Мен болсо эми эле, болгондо да ѳтѳ зарыл учурларда гана таксиге отура баштадым.
Анда ѳтѳ эле кичинекей элем – биринчи же экинчи курста окусам керек...
Анда ѳтѳ эле кичинекей элем – биринчи же экинчи курста окусам керек. Ѳзүм алыскы туулуп-ѳскѳн шаарыман Бишкеке келе жаткам. Унаанын арткы орундарында жеӊем жана 40 жаштардагы эркек киши болуп отурганбыз. Мен экѳѳнүн ортосунда болчумун. Түндѳ жолдо кетип бара жатканда ал киши менин буттарымды, сандарымды кармалап кетти. Мен үчүн ѳтѳ эле жагымсыз болгону менен, эч нерсе деп айта албадым, корктум. Жѳн гана жеӊем менен орун алмашууну ѳтүндүм. Ал бир нерсе болуп жатканын сезип, ордун алмаштырды. Ал учурда кѳп деле маани берген эмесмин, азыр ойлосом денем дүркүрѳп кетет. Ошондон бери бейтааныш эркектер менен таксиге түшкүм келбейт.
Ал учурда коркуу сезими менен бул туура эмес иш экенин түшүнбѳѳчүлүк болсо керек. Азыр болсо эмоционалдык абалыма кесепети тийди. Эркектердин, ал тургай тааныган кишилердин дагы мага тийгени жакпайт. Эми баарын түшүнѳм, мындай жоруктарга жол бербейм жана дароо тийиштүү жоопту берем.
Жооп берүүнү каалабайм дегениме карабай суроолорду жаадыра баштады: кайда окуйм, канча жаштамын...
Жооп берүүнү каалабайм дегениме карабай суроолорду жаадыра баштады: кайда окуйм, канча жаштамын, кайсы жерде жашайм, жигитим барбы, күйѳѳгѳ чыккым келеби… Айдоочу бетимди кѳрүш үчүн тез-тез башын буруп карап жатты. Уялдым.
Мени таптакыр укпагандай. Жооп бергим келбегенин ачык жана так билдирсем да, ага кѳӊүл бурган жок. Ѳзүмдү чарчаӊкы сезип, жиним келди. Мүнѳзүм интроверт. Мындай абал мени абдан эле оӊтойсуздандырды, эми таксиге жайбаракат түшѳ албайт окшойм. Такси кызматына муктаждык жаралбасын деп, түнгѳ чейин кѳчѳдѳ жүрбѳгѳнгѳ аракет кылам.
15-июлда эжем менен сейилдеп бүтүп, такси чакырдым. Ичимдик ичип алгам. Айдоочу да мас же бир нерсе чегип алгандай...
15-июлда эжем менен сейилдеп бүтүп, такси чакырдым. Ичимдик ичип алгам. Айдоочу да мас же бир нерсе чегип алгандай. Тобокелге салбайлы жана кармалып калбайлы деп, үйүмѳ жакын барып, ичимдик ичүүнү сунуш кылдым. Башка жакка алып барды, мен болсо үйүмдүн жанындабыз деп ойлоптурмун. Жолдон токтоп, экѳѳбүзгѳ ичимдик алып чыктым. Сүйлѳшүп отурганбыз, бир маалда мага асыла баштады. Каршылык кѳрсѳттүм, эсине келтирип, токтотконго аракет кылдым. Бирок жыйынтык чыккан жок. Сексуалдык зордуктоого дуушар болдум.
Азыр дагы эле клиникалык депрессияны күчѳткѳн катуу посттравмалык бузулуунун азабын тартып жатам. Эки жолу ѳзүмѳ кол салдым. Экинчи жолкусу сентябрда болду. Милиция кызматкерлери үйүмѳ келип, зордоп эле беттештирүүгѳ алып барууга аракет кылышты. Ал жерден мен зордукчунун бет маӊдайында отуруп, тергѳѳчү айткандай, күнѳѳсүн далилдеп беришим керек болчу.
Түн кирген, мен кино кѳрүп бара жаткам, бир убакта эле бутумда анын колдорун сезип кеттим...
Бишкектен таксиге отурдум, айдоочунун артындагы орунду беришти. Жайбаракат кетип бара жаттык, баарыбыз таанышып, сүйлѳшѳ баштадык. Айдоочунун үй-бүлѳсү, 3 баласы бар экен. Үй-бүлѳлүү болгону жакшы деп ойлойсуӊ да. Унаанын ичинде менден башка дагы балдары менен үч аял бар болчу. Жол алыс, жай мезгили, кроссовкачан болгондуктан, чечип койгом. Байпагым кыска болчу. Таанышып жатканда эки балам бар, үчүнчүсү боюмда экенин айткам. Түн кирген, мен кино кѳрүп бара жаткам, бир убакта эле бутумда анын колдорун сезип кеттим. Чочуп, секире калдым. Аны караганымда жайбаракат эле «Кечке эле кино кѳрѳ бересиӊби?» деп сурады. Үн катпастан, бутумду жылдырып койдум. «Мейли эми, кокусунан тийип кетсе керек» деп ойлодум, бирок мен үчүн ѳтѳ жагымсыз болду. Буттар дененин интимдүү бѳлүгүнѳ кирет эмеспи, аларды күйѳѳӊѳн башка эч ким кармаганга акысы жок. Андан ары кетип бара жатабыз, жетип деле калдык. Баарын үйлѳрүнѳ жеткирип жүрѳбүз, мен болсо Ош шаарын билбейм, ага бара турган даректи гана айтып, ѳзүм качан менин кезегим келет деп отура бердим. Мага мейманканадан орун алып коюшкан, аны айтып алып, оюна жаман нерсе келбесин деп кайра коркуп кеттим. Эжелердин үчүнчүсүн жеткирип бара жатып, кайра бутумду кармалады. Бутумду тарта калып, «Эмне кылып атасыӊар?» деген суроомо "Ой жѳн эле тийишип жатам да сулуу кыз" деп жооп берди. Мен болсо тийиштүү дарекке жетсем экен деп корко баштадым. Машинада жалгыз калдым, даректи таппай жүрѳт. 10 мүнѳттѳй убакыт ѳттү, бирок ошол 10 мүнѳт мага ѳтѳ эле кѳп убаккыттай сезилди. Бир нерсе болсо эмне кыла алам. Кѳчѳдѳ эч ким жок. Ар кандай ойлор келип, ѳзүмдү тынчтандырууга аракет кылдым. Мен барышым керек болгон мейманкананы издеп жүрѳбүз, администратору менен байланыштык, кѳрсѳ таксист туура эмес түшүнүп алып, башка жакка кетип калыптырбыз. Кайра артты кѳздѳй бурулуп, туура эмес жерге кеткендиги үчүн жинденип, катуу айдады. Аны тынчытууга аракет кылып, акысын тѳлѳп берем деп да айттым. Болгон жок, ошентип катуу айдаган бойдон тийиштүү жерге жеткирди. Балким менин айтып бергендерим башкалар үчүн андай деле маанилүү эместир. Бирок мен керектүү дарекке жете албай каламбы деп аябай эле коркком. Анонимдүүлүктүн сакталышына ишенем.
Жолдо бара жатканда жеке жашоомо кызыгып, күйѳѳм бар же жок экенин, каякта жашарымды сурады...
Яндекс кызматынан такси чакырдым. Айдоочу сакалчан, башында топусу бар экен. Бактыма жараша, айдоочу мага тийишкен жок, жана физикалык харрасмент болгон жок. Алгач ал менин сулуу жана жагымдуу экенимди айтып, «медициналык кызматкер болуп иштебейсизби?» деп сурады. Сылык эле «жок» деп жооп бердим. Жолдо бара жатканда жеке жашоомо кызыгып, күйѳѳм бар же жок экенин, каякта жашарымды сурады. Күйѳѳгѳ тие элек болсом да, коопсуздук максатында эчак эле тийгем деп койдум. Анда ал: "ѳкүнүчтүү, аябай сулуу экенсиз, экинчи аялым болууну сунуш кылайын дегем» деди. Каякта, ким болуп иштегенимди сурадым. Жооп бербей калдым. Андан ары ѳзүнүн диний кѳз караштарын айтып, кѳп аял алуу кадимки кѳрүнүш экени, кыздар кандай болууга тийиш экени жана башка ушул сыяктуу темаларда сүйлѳп жатты. Уруша кетпейин, бара турган жериме жакшы жетип алайын деп, унчукпай кете бердим. Анын суроолоруна жооп бергим келбей жатканын да түшүндүрүүгѳ аракет кылдым. Тийиштүү дарекке 200 м жетпей токтотуусун сурандым. Бул окуядан кийин ѳз коопсуздугум үчүн коркуп калдым. Ал адам мени үйдѳн жумушка жеткирген эле. Такси кызматына кайрылып, арыздандым. Алар айдоочу менен сүйлѳшѳ турганын айтышты. Таксиге түшкѳндѳ алдын ала ѳзүӊүдү туура эмес суроолорго жооп берүүгѳ даярдап, бир нерсе айтуудан коркуп, тийиштүү жерге аман-эсен жетип алууну тилеп кеткен ѳтѳ эле жаман :(.
Жол жарымдап калганда, курбума анын жеке жашоосу жѳнүндѳ, турмушка чыгып-чыкпаганын, эмне себептен экенин сурай баштаптыр...
Бул окуяга менин курбум туш болгон. Жолугушууга кечигип, такси чакырыптыр. Таксинин айдоочусу азиат улутундагы 50-55 жаштардагы киши экен. Жол жарымдап калганда, курбума анын жеке жашоосу жѳнүндѳ, турмушка чыгып-чыкпаганын, эмне себептен экенин сурай баштаптыр. Мындайга даяр турбаган курбум жѳн гана ата катары сурап жатат деген ой менен эч ким менен жүрбѳгѳнүн айтат. Бул жооптон кийин анын кѳӊүлүн буруш үчүн ар кандай аракеттерди жасап, ал тургай панорамага барып келүүнү сунуш кылат. Жолугушуу жерине жеткиче айдоочунун жагымсыз аракеттерине чыдап келиптир. Унаадан түшүп кеткенден кийин деле таанышуу максатында бир күн бою телефон чалыптыр.
Унаанын ичинде 5 эркек менен кетип бара жаткам. Бир баланын жанында отургам...
Унаанын ичинде 5 эркек менен кетип бара жаткам. Бир баланын жанында отургам. Түндѳ уктап жатканда, тиземди бирѳѳ кармалап, сылап жаткандай сезилди. Жѳн эле ошондой сезилип кетти го деп койдум. Бирок чынында эле жанымдагы бала колу менен сылап жатыптыр. Караӊгы жана кысылып отуруп келе жатканбыз. Акырын гана токтотуусун талап кылдым. Бирок ал токтотпой эле кайталай берди. Ошондо катуу жана одоно түрдѳ айттым. Калган эркектер деле укса керек, бирок эч ким эч нерсе деген жок. Таза аба жуталы деп таксиден түшкѳндѳ "Кечирип кой, ѳзүм тынчы жок уктайм" деп койду.
Мен ѳзүмдү алсыз жана мени пайдаланып кетишкендей, ал тургай булганып калгандай сездим. Башында эле кыйкырып салбаганым жана таксистке айтпаганым үчүн ѳкүндүм. Жинденсем да, акырын эле «токтот» дегем . Чынын айтсам, азыр деле мындай жагдайда эмне кылуу керек экенин жакшы билбейм. Бирок, унчукпай калбаш керек.
Окуя жайында болгон. Ошол жайда официант болуп иштеп, жумуштан кеч чыкчумун. Түнкү саат 12де телефон аркылуу такси чакырайын десем, бирдигим түгѳнүп калыптыр...
Окуя жайында болгон. Ошол жайда официант болуп иштеп, жумуштан кеч чыкчумун. Түнкү саат 12де телефон аркылуу такси чакырайын десем, бирдигим түгѳнүп калыптыр. Кесиптешимдин телефону менен чакырдым. SMS такси кызматы болчу. Сырттан машинага жалгыз барып отурдум, эч ким узатып чыккан эмес. Мурун-кийин башыман мындай ѳтпѳгѳн үчүн эч нерседен коркпой эле барып, айдоочунун жанындагы алдыӊкы орунга отурдум. Албетте ар кандай окуяларды угуп жүргѳм, бирок ѳзүм туш болом деп ойлобоптурмун. Унаага отуруп, ордубуздан жылдык. Айдоочу орто жашап калган киши экен. Машина жылганда эле атым ким, жашым канчада, ким менен жашай турганымды сурай баштады. Чарчап тургандыктан, сүйлѳшкүм деле келген жок. Ошондуктан кѳбүнчѳ ѳзү жѳнүндѳ айтып берип жатты. Атын айтты, аялы бар экенин, абийирдүү киши экенин айтты. Маегибиз интимдик багытка бурулду. Менден «романтиксиӊби?», «башкалар менен мамиледе болдуӊ беле?», «жаӊы нерсе татып кѳрүүнү каалайсыӊбы?» сыяктуу суроолорду сурап жатты. Ошону менен катар эле, ѳзүн абийирдүүмүн деп да мактаганын койбоду. Абдан чарчаганын, бир күн эч нерсени ойлобой эс алгысы келип жатканын, мен сыяктуу кыз менен эс алгысы келгенин билдирди. Мунун баарын жолдо кетип бара жатып сүйлѳп берди. Ѳзү айткан идеясы жагып кетти окшойт, чоӊ жолдон бурулуп, багытын ѳзгѳртүп айдады. Мен коркуп кеттим. Бирок жай гана мени үйдѳ күтүп жаткандарын, келе жатканымды билишерин айттым. Корко терган эч нерсе жок, тез эле бошойбуз деп жооп берди. Дал ошол учурда телефонумда бирдигим да жок болчу. Эч кимге чала албайт болчумун. Бир нече мүнѳттѳн кийин бактардын арасына кирип кеттик. Машина, үй деген эч нерсе жок, ээн жер экен. Унаасын токтотуп, башын мага буруп жѳн гана романтика кыларыбызды айтты. Машинадан чыгып, капотуна отуруп алып, эки жакты карай баштады. Анан мени чакырды. Мен калчылдап калдым. Сыртта бир-эки мүнѳт күтүп, чыкпаганыма жинденди. Мага жылдыздарды кѳрсѳтѳйүн дептир. Машинага келип, мен жактагы эшикти ачып, колун узатты. Кыймылдаган жокмун. Үнүм каргылданып, ыйлабайын десем да кѳзүмѳн жаш куюла баштады. Эӊкейип, коопсуздук курун чечти. Күч колдонуп унаадан түшүрүүгѳ аракет кылды. Ошол учурду жакшы элестете албайм, бирок кыска мѳѳнѳттүк күрѳш жүрдү. Түртүп жибердим. Кѳздѳрү жаалданып чыкты. Эмнегедир ошол мүнѳттѳ ѳтѳ ачууланып, кайра ойлонуп машинага отурду. Андан ары туманда жүргѳндѳй. Кайра чоӊ жолго чыктык. Машинаны токтотуусун сурандым. Токтогондо түшүп калдым, ал болсо дароо айдап кетип калды. Үйгѳ жѳѳ жѳнѳдүм. Кантип жеткенимди билбейм. Кийимимдин кээ бир жери тытылган, чачтарым саксайган. Анда курбум менен жашачумун. Үйгѳ келгенден кийин туталанып ыйладым. Эртеси күнү барып, арызымды жазып жумуштан кеттим. Ошондон бери официант болуп иштеген жокмун. Таксиге да эч качан жалгыз отурбайм. Депрессияга түшүп, андай абал бир нече айга созулду. Ата-энеме да эч нерсе айткан жокмун. Чогуу жашаган курбум эле билет. Милицияга кайрылайын дедим, бирок дагы бир ушундай абалга дуушар болгон курбум милицияга арыз жазса, зордуктоо болгон эмес деген шылтоо менен эч кандай чара кѳрбѳй коюшуптур. Азыр, эки жыл ѳткѳн соӊ гана бул окуяны айтып берүүгѳ даяр болдум. Ал эми чындап эле зордуктоого кабылган кыздардын кандай абалга түшѳрүн элестете албайм.
Такси менен түн ичинде отуруштан келе жаткам, маанайым бузук болчу. Айдоочу алкоголдун жытын сезип, калжактай берсе болот экен деп ойлоду окшойт...
Такси менен түн ичинде отуруштан келе жаткам, маанайым бузук болчу. Айдоочу алкоголдун жытын сезип, калжактай берсе болот экен деп ойлоду окшойт. Үйгѳ жеткенде, счётчигин ѳчүрүп, башка тарапты кѳздѳй айдап жѳнѳдү. Үйүмѳн эки кѳчѳ арыраак токтоп, эшиктерин бекитти да, ѳзү отурган отургучту артка жаткырып, мени менен «таанышууга» ѳттү. Унаасында бир нече саат кармады, кандай кыздар жагарын, кандайлар жакпай турганын айтып берип жатты. Кѳпкѳ созулган ѳтүнүчтѳн кийин үйгѳ жеткирди. Номерим сакталып калыптыр. Себеби такси кызматынын программасында кѳрүнүп турат да. Мессенджерлерге жаза баштады, сагынганын, жолуккусу келгенин билдирип жатты. Мен болсо таксинин жетекчилигине жазып, скриншотторду жѳнѳттүм да, жагдайды баяндап бердим. Алар мындай абалда эмне кылуу керек экендигин билбегендиктен, милицияга кайрылууну сунуш кылышты. Милицияга кайрылып, эмне деп айтам? Биздин мыйзамдарда «харассмент» деген түшүнүк жок, ошондуктан ал баланы романтик деп коюшу ыктымал. Анын үстүнѳ, аны чакырып, жѳн гана түшүндүрүү иштерин жүргүзүшѳт да, жорукту ЖКБРне каттап коюшат. Ал эми ал менин жашаган дарегимди, телефонумдун номерин билет, артыман түшүү үчүн дагы шылтоо пайда болду.
Таксист сылык сүйлѳп, үйгѳ жеткирди. Бирок, жетип калганда жакшынакай экенимди айтып, андан ары бир жакка барууну сунуш кылды...
Түнкү клубдан чыгып, үйгѳ кетүү үчүн такси чакырдым. Ичимдик ичип алгам. Таксист сылык сүйлѳп, үйгѳ жеткирди. Бирок, жетип калганда жакшынакай экенимди айтып, андан ары бир жакка барууну сунуш кылды. Атам тосуп алат деп шылтоо айтып, калп эле чалымыш болуп койдум. Үйгѳ жеткенде токтоп, эшиктерин бекитип алып, жогото турган эч нерсеӊ жок, баары бир кыз эмес болсоӊ керек, мен деле жакшы жигитмин деп, арткы орунда отурганыма карабастан, колун сунуп, буттарымды кармалай баштады. Башында тамашалап жатат деген ой менен сылык түрдѳ үйгѳ кетүүм керек экенин айттым. Уккан жок. Ошентип эшиктери бѳгѳттѳлгѳн унаанын ичинде бир нече мүнѳт отурган соӊ, кайра бурулуп, андан ары кете турган болду. Коркуп кетип, машинадан чыгууга активдүү аракет кыла баштадым. Азыр атам чыгарын, машинада отурганымды кѳрсѳ ачуусу келерин айтып жаттым. Кайра бурулуп токтоду. Атама чалып, кѳйгѳй жаратууну каалабаганымды, үйгѳ ѳзүм эле кирип, акча алып чыгарымды айттым. Макул болуп, эшиктерин ачты, мен түшүп, үйгѳ кирдим. Ал учурда жер үйдѳ жалгыз жашачумун. Айдоочу кайсы дарбазадан киргенимди кѳргѳн, андыктан акча алып чыгып тѳлѳбѳй койсом, ал үйгѳ артыман кирип, жалгыз экенимди билип калат деген ой кетти. Кайраттанып, акчасын алып чыктым. Дарбаза жакка жакындап келди, эшикти чоӊ ачпай туруп, терезесине колумду сунуп акчасын бердим да, эшикти жаап, үйдү кѳздѳй чуркадым. Ал кетти. Эки күндѳн кийин мени социалдык тармактардан таап, мага катталып алып, "салам, кандайсыӊ? Качан жолугабыз?" деп жаза баштады. Кѳӊүл бурган жокмун, эки жума ошентип жүрүп, жазбай калды...
Укмуштуудай катуу коркуу, оору, алсыздык, жалгыздык. Үйдѳн чыккым келбейт, таксиге жалгыз отурганды айтпай эле коёюн. Эмне кыларымды билбей турдум, эч кимге эч нерсе айткан жокмун, анткени ѳзүм сѳзгѳ калам деп корктум. Азыр деле билем, ѳзүмдү күнѳѳлѳшѳт, бирок мага баары бир. Ооба, таасир этти... Азыркыга чейин таксиде айдоочунун артындагы орунга гана отуруп, айрым машиналарда мен жактагы эшикти бѳгѳттѳй турган баскычтарды колум менен кармап кетүүгѳ аракет кылам (бул анча натыйжалуу эмес экенин билем, бирок баары бир ошентем). Ошондой эле таксини тандоодогу милдеттүү нерсе – айдоочу менен унаа тууралуу маалыматтарды жазган такси кызматтары болууга тийиш. Мейли, башкаларга караганда кымбатыраак болсун, бирок мен ѳзүмдү коопсуз сезе алам. Досума, курбума айдоочу менен унаанын маалыматтарын жана бардык багыттарды жѳнѳтѳм. Мындай окуяга бир эле жолу туш болгон жокмун, ошондуктан караӊгыда жана ичимдик ичип алган учурда үйгѳ жалгыз кетпегенге аракет кылам. Анын аты азыркыга чейин эсимде. Учурда деле социалдык тармактардагы профилдерин кѳрүп калам.
Басып барып, «Бишкек-Парктын» жанынан таксиге отурууну чечтим...
«Бишкек-Парк» соода борборунун артындагы үйдѳ убактылуу батирде турчубуз. Эл жумушка бара жаткан же жумуштан тараган мезгилдерде такси келбейт. Басып барып, «Бишкек-Парктын» жанынан таксиге отурууну чечтим. Ал жерде кардар күткѳн таксилер кѳп. Кечки саат 8дер чамасы болчу. ЦУМга барышым керек эле, курбум ошол жерде күтүп жаткан. Алгач жайбаракат бара жаттык, жеткенде акчасын тѳлѳгѳндѳн кийин айдоочу дароо эшиктерин бекитип салды. Коркуп кеттим. Бактыма жараша арткы орунга отургам. Курбум чалып калды, жеткенимди, такси кызыл түстѳгү унаа экенин билдирдим. Айдоочу телефон номеримди сурап, жолугушууга чакыра баштаганда, күйѳѳм бар деп айттым. Үнү дароо ѳзгѳрүп, «күйѳѳӊ бар туруп, түн ичинде кѳчѳдѳ жүрѳсүӊбү, мен сага ишенбейм» деди. Коркуп кеттим. Ырас, курбум мен келген машинаны таап келип, эшикти ача (кага) баштады. Жанталашып качып чыктым. Кийин кѳчѳдѳгү таксиге отурганым үчүн ѳкүнүп калдым.
Курбумдукунан чыгып, таксиге отурдум. Сүйлѳшүп келдик, жеткенде акча алып чыга калайын дедим...
Курбумдукунан чыгып, таксиге отурдум. Сүйлѳшүп келдик, жеткенде акча алып чыга калайын дедим. Жанымда акчам жок болчу. Мага бурулуп, колун тиземе коюп мындай деди: «Шириним, макулдашып, бир аз убакытка бир жакка барып келбейлиби?». Абдан коркуп кеттим, бирок сыр берген жокмун. Акча алып чыгам дедим. Машинадан аттап-буттап түштүм, ал менин артыман чуркады. Подъездге кирип кетүүгѳ жетиштим. Кайра чыккандан корктум.
Анда 27 жашта болчумун, азыр 28демин. Жумушка кечигип жаткам, «ишенимдүү» Яндекс таксисин чакырдым. Айдоочу тыкан жана интеллигенттүү адам кѳрүндү. «Ала-Тоо» университетин бүтүрүптүр. Билимге ээ болуунун, тил билүүнүн мааниси жѳнүндѳ сүйлѳшүп бара жаттык. Нейтралдуу темадагы баарлашуу эле болчу. Бара турган жерим ѳтѳ алыс болбогондуктан, сүйлѳшүү деле кѳпкѳ созулган жок. Кечинде таксист смс-билдирүүлѳрдү жаза баштады. Жигитим бар экенин айтканыма карабай, кѳшѳрүп жазып жатты, ал тургай порнографиялык мүнѳздѳгү сүрѳттѳрдү да жиберип жетишти. Артыман таап алабы деген коркуу сезими да пайда болду. Себеби, болжолдуу жашаган жеримди билет да. Ошондон кийин таксиге отурганда айдоочу менен сүйлѳшпѳйм, кулакчын тагып алып, музыка угуп бара жаткандай түр кѳрсѳтѳм.
Мас болуп калсам керек. Тааныштарым «Убер» такси чакырып, мени жалгыз отургузуп жиберишиптир...
Курбумдун туулган күнүнѳ карата барга барып, ичимдик кѳп ичип коюптурмун. Менде мындай абал сейрек болот, бирок ошол күнү катары менен кѳп шот ичип алыптырмын. Мас болуп калсам керек. Тааныштарым «Убер» такси чакырып, мени жалгыз отургузуп жиберишиптир. Айдоочу абалымды байкаса керек, мен каякка баратканыбызды түшүнѳ албай жаттым. Болбосо, үйүмѳ чейин 10 мүнѳттүк эле жол. Бир маалда унаанын терезесин карап, шаардын чет жагында, жер үйлѳр жайгашкан жерге келип калганыбызды кѳрдүм. Кѳчѳдѳ эч ким жок. Ал токтоп, салонду булгап койбосун дегендей, бир аз аба жутуп алуумду суранды. Ошол маалда артыман кучактап, жамбашымды кармалай баштады. Анан кайра машинанын арткы отургучуна отургузуп, ѳзү жаныма отуруп буттарымды сылай баштады. Жүрѳгүм түштү, жаман нерсеге даяр болуп калдым. Эс-учумду жыйып, «мени үйгѳ алып бар» дегенди айта алдым. Ооба, чындап эле жолдуу болдум, коркуп кетти окшойт, кайра рулга отуруп, ѳзүӊ тийиштиӊ, ѳзүӊ кааладыӊ деген мааниде бир нерселерди айтып, актанып жатты. Анан акча сурады, канча экени эсимде жок. Бирок стандарттуу жол акысынан кыйла кѳп сумма болчу. Жанымда накталай акча жок, картам бар болчу, жѳн гана түшүп, качып кетсем деле болмок. Корктум, банкоматка барып акча алып, анан тѳлѳгѳнүмдү билем.
Үйгѳ кирип, тез эле уктап калдым. Эртеӊ менен ойгонуп, зордуктоого кабылып калбаганымды ойлоп сүйүнүп кеттим. Ошол эле учурда ѳзүмдү ѳтѳ жаман сезип турдум. Бир жагынан кѳп ичип алганым үчүн уялсам (мындай коркунучтун себеби дал ушул ичкилик болду да), экинчи жагынан мени мас абалда такси менен жалгыз жиберген досторума ачуум келди. Уятымды эч кандай абал же кийим зордукчуну актабай турганын аӊдап-түшүнүүм жеӊип чыгууга жардам берди. Кыздардын абалы менен кебетеси жеӊилдетүүчү фактор катары каралбашы керек.
Эртеӊ менен эрте мурунку жигитимдин үйүнѳ барып, кийим-кечемди алып келиш үчүн такси тостум. Телефонумдун заряды бүтүп калган. Унаанын сыртында Яндекстин чаптамасы бар болчу...
Эртеӊ менен эрте (саат 7 де) мурунку жигитимдин үйүнѳ барып, кийим-кечемди алып келиш үчүн такси тостум. Телефонумдун заряды бүтүп калган. Унаанын сыртында Яндекстин чаптамасы бар болчу.
Шаардын бир четинен экинчи четине бардык, жогору чыгып, эшигин кактым, эч ким жок окшойт, кетип калдым. Кайра келе жатканда уктап калыптырмын. Машина токтогондо ойгонуп кеттим. Айдоочу чоӊ семиз киши экен, мен жактагы эшикти ачып, мени ойготту. Үйүмѳ эмес, шаардын чет жагында бир жерге келиптирбиз. Ойготуп, түз эле мени каалап жатканын, ошондой эле аӊ-сезимдүү болушум маанилүү экенин айтты. Абдан коркуп кеттим, машинанын номерин жаттап калганымды, аны менен милицияга кайрыла турганымды айтып, эгер камалып кетпейин десе, дароо шаарга жеткирүүсүн талап кылдым.
Чочуп кетсе керек, мени кайра жеткирип койду. Жол бою кечирим сурап баратты, мен болсо ыйлап жаттым. Номерин деле так билбейм, шаарга келгенде жанталашып түшүп алып качып жѳнѳдүм. Ошондон бери жолдон такси тоспойм. Кайра ѳзүмѳ келиш үчүн белгилүү бир убакыт, ошондой эле психологдун жардамы талап кылынды.