Кыргызстан:
«Башыман аягыма чейин жугунду тѳккѳндѳй»
Виктория 24 жашта, Бишкектин дүкѳндѳрүнүн биринде консультант болуп иштейт. Бүгүн дагы жумушунда кармалып жатат. Ѳзүнүн унаасы жок болгондуктан, мындай учурларда үйүнѳ такси менен жетүүгѳ аргасыз.
«Иштен кеч чыкканда башаламан график менен иштеген коомдук транспортту көчөдө күтүп каласың. Ага караганда такси коопсузураак», - дейт ал.

Ушундай күндѳрдүн биринде такси кызматына чалып, машина жиберүүлѳрүн ѳтүнгѳн.

«Таксист жашап калган киши экен, мени менен сүйлѳшкүсү келип турганы ордубуздан жылганда эле дароо байкалды. Мен болсо, таксиде унчукпай кетүүнү жактырам. Натыйжада жашым канчада экенин, жаш кѳрүнгѳнүмдүн себебин сурай баштады. «Жашыраак болгондо «минтмекмин-тигинтмекмин» деп ыгы жок нерселерди айтып, орунсуз комплименттерди жаадыра баштады. Андан соӊ сынга ѳтүп, менин келбетиме тийишти. Мен болсо унчукпай үйгѳ жеттим. Таксиден түшкѳн соӊ, башыман аягыма чейин жугунду тѳккѳндѳй эле сезим болду», - деп баяндайт Виктория.

Анын айтымында, бул окуя таксиде бара жатканда айдоочу тарабынан анын жекече чектери бузулган жалгыз учур эмес.

«Ким эмне деп айтканы деле так эсимде жок, бирок сезимдер жагынан, эмоционалдык жактан ѳзүмдү абдан ыӊгайсыз сезгем», - деп эскерет Виктория.
Аягы эӊ жаман бүтчүдөй сезилди
«Бир жолу кечинде кесиптештерим менен отуруштан чыгып, такси чакырдым, - дейт Айдай. Убакыт кеч, бирок кѳчѳдѳ машиналар, жѳѳ баскан кишилер бар болчу. Кесиптеш кызым мени узатып чыкты. Такси келгенде унаанын номерин жаттап калганын айтып, үйгѳ жеткенде кабарлап кой деди. Аны менен коштошуп, ордубуздан жылдык. Жакынкы жолчыракка токтогон айдоочу мага бурулуп, «Тиги кыз эмнеге номерди жаттап калды?» деп сурады. «Коопсуздук үчүн болсо керек», - деп тың жооп кайтардым. «Мени сизди ѳлтүрүп коет деп коркуп жатабы?», - деп кескин түрдө сурады. Эмне дээримди билбей, ошол учурда чындап эле коркуп кеттим».
Бул окуядан кийин Айдай кеч калган учурларда дайыма жакындарына чалып, аны тосуп алууларын ѳтүнѳт.

«Ошондон кийин айдоочу такыр сүйлѳгѳн жок, мен да унчукпадым. Чынында эч нерсе деле кылбады – кемсинтип, коркутуп-үркүткѳн жок, бирок аягы эӊ жаман бүтчүдөй элес берген суроосу мени нес абалга түшүрүп койду», - дейт Айдай.
Уялуудан улам даттанышпайт
Таксидеги жеке коопсуздукка болгон ишенбөөчүлүк криминалдык жаӊылыктардын арасындагы аялдарга болгон кол салуулар менен дагы бекемделет.

2018-жылдын ноябрь айында социалдык тармактарда эки бала хиджаб кийген кызды таксинин шашкасы бар Honda Fit үлгүсүндѳгү унаадан алып чыккан видео тараган. Анда 49 жаштагы киши кызды зордоп чыгарбай жаткан болот. Инцидент түн ичинде Бишкекте болгон. Кыз үйүнѳ бара жатканда машина токтоп, айдоочу жеткирип коюуну сунуш кылган.

Кѳчѳдѳ суук жана караӊгы болгондуктан, жаш кыз бейкапар унаага отурган. Айдоочу аны баса калып кийимин чечип, зордуктаганга аракет кылганда жардам сурап кыйкыра баштаган. Кѳчѳдѳ бара жаткан балдар анын үнүн угуп, машинага барып, кызды алып чыгышкан. Бир-эки күндѳн кийин милиция таксистти кармаган соӊ гана жабыркаган кыз арыз жазган.

Милициядан башында кыз уялган үчүн арыз жазуудан баш тартканын билдиришкен. Таксистти эки айга камакка алып, окуя ММКларда чагылдырыла баштаган соӊ, милицияга дагы эки жабыркоочу кайрылган.

Ошол эле таксисттин зордуктоо аракетинен 2 күн ѳткѳндѳн кийин, шаардын четинде унаасында 29 жаштагы дагы бир кызды зордуктоого аракет кылганы белгилүү болду.Ал эми дагы бир жабыркоочу ушул эле айдоочу аны 2018-жылдын февраль айында зордуктоого аракеттенгенин айтып чыккан.

«Ал учурда аял тиги кишини таба алышпайт деген ой менен милицияга кайрылган эмес. Ноябрдын аяк ченинде жаӊылыктарды кѳрүп жатып таксистти таанып калып, ага карата арыз жазууну чечкен», - деп билдиришти милициядан.

Бул баяндар зордуктоо аракеттери мыйзам негизинде жазалана турганына карабастан, айрым аялдардын аларга кабылгандыгы тууралуу билдирбѳѳнү чечкендерин кѳрсѳтүп турат. Ал эми таксиде жыныстык асылуулар менен орунсуз флирт аракеттери ага кабылган кыздардан тышкары эч кимге билинбей кала берет.
2019-жылы Кыргызстандын аял-судьяларынын ассоциациясы университеттерде жана иштеген жерлердеги жыныстык асылуулар жѳнүндѳ изилдѳѳ жүргүзгѳн.

Изилдѳѳнүн натыйжаларына ылайык, аялдар жыныстык асылууга дуушар болсо, бул жѳнүндѳ курбуларына, досторуна, үй-бүлѳсүнѳ, жакындарына жардам жана кеӊеш сурап кайрылат. Ал эми изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча укук коргоо органдарына кайрылган бир да учур болгон эмес.

«Сурамжылоого тартылгандардын пикири боюнча, жыныстык асылуулар боюнча даттануу менен кайрылган учурда, кѳбүнчѳ асылууга жабыркоочунун ѳзүн себепкер кылып, жүрүш-турушу менен азгырганын айтып, ѳзүн айыптап чыгышат. Жабыркагандардын укук коргоо органдарына кайрылбагандыгынын негизги себеби ушунда», - деп айтылат изилдѳѳдѳ.

Жыныстык асылуулардын коом ичинде жайылып кетүүсүнѳн корккондук жана күнѳѳ аялдын ѳзүндѳ экендиги тууралуу калыптанып калган коомдук пикир - кылмышкерди жазалоого ашыкпагандыктын себеби болууда.
Бишкек шаарындагы «Намба Такси» кызматынын финансы директору бул пикирге кошулат. Анын айтымында, кѳп учурда кардарлар айрым айдоочулардын орой, одоно жүрүм-турумуна нааразы болуп даттанышат, ал эми жыныстык асылуу учурлары акыркы үч жылдын ичинде болгону 3 - 4 жолу катталган.

Алия Чалакеева
Фото: жеке архив
«Аялдар мындай фактылар тууралуу таптакыр унчукпайт, даттанбайт деп айтууга болбойт. Кээде кичине эле орой мамилеге туш болгон жүргүнчү дароо диспетчерге кайрылган учурлар да бар. Диспетчерлер аларды сапатты кѳзѳмѳлдѳѳ бѳлүмүнѳ жолдошот жана даттанууну ошол бѳлүм карап чыгат. Ал эми жыныстык асылууларга келе турган болсок, бул жерде менталитет роль ойнойт. Ошондуктан кѳбү мындай окуяларды айтпайт», - дейт Чалакеева.
Учурда «Би Такси» катары таанымал «Намба Такси» кызматы Кыргызстандын рыногунда сегиз жылдан бери иштеп келет. Бишкек шаары боюнча кызматтын 10 миӊден ашык айдоочусу бар.

«Автопарктагы бардык унааларыбызда GPS-трекерлер орнотулган. Бул болсо автоунаа кайсы жол менен бара жатканын кѳрүп туруу мүмкүнчүлүгүн берет. Айдоочулар транспорттук бѳлүм тарабынан тандалып алынат. Транспорттук бѳлүмдѳн ѳтсѳ, менеджерлер окутушат. Бизде тиркемени кандай колдонууну, жүргүнчүлѳр менен эмнени сүйлѳшүүгѳ боло турганын жана тыюу салынган иш-аракеттер тууралуу маалымат камтыган брошюралар бар. Ошондой эле биздин туруктуу кардарларыбыз даттануу менен кайрыла турган сапатты кѳзѳмѳлдѳѳ бѳлүмүбүз бар экенин дагы билишет», -деп билдирди Чалакеева.

Ал даттануулар эркектерге караганда аялдардан кѳбүрѳѳк келип түшѳрүн, ошондой эле чыр-чатактуу кырдаалдар эртеӊ мененки саат 8ден 10го чейин жана кечки саат 4тѳн 8ге чейин жол кыймылы кызыган учурларда болорун билдирди.

«Бул убактарда такси кызматтарынын баары иштешет, буйрутмалар кѳп болгондо айдоочулар кыжалат болсо, узакка күткѳн кардарлардын жини келет. Ушул себептен улам айтылган убактарда бизде бир аз чыр-чатактуу кырдаалдар болуп турат.

«Шанс» кризистик борборунун башчысы Елена Ткачева быйыл аларга таксидеги жыныстык асылуулар боюнча кайрылгандар болбогонун, бирок бир-эки жыл мурун эле мындай окуялар бир топ катталганын белгиледи.

Елена Ткачева
Интернеттен алынган сүрѳт
«Такси кызматтары персоналды «чекпейт, ичпейт, машинасы бар» деген тандоо боюнча эле ала бербей, аларга нускама берүүлөрү зарыл. Айдоочу кызматтык милдетин аткарат, жүргүнчүлѳр ар кандай болушу мүмкүн, бирок кандай окуя болбосун, айдоочу бир калыпта болуп чектен ашпоого тийиш», - дейт Ткачева.

Анын айтымында, айдоочуларга жүрүм-турум эрежелерин гана үйрѳтүп тим койбой, гендердик сезимталдык жѳнүндѳ да маалымат берилиши керек. Себеби, алар жыныстык асылууну гана эмес, сѳгүнүп-сагынып, орой мамиле да кѳрсѳтүшү мүмкүн.
«Эӊ башкысы, жыныстык асылууларга жол бербеш үчүн айдоочуларды кылдат тандоодон ѳткѳрүп, аларды окутууга кѳӊүл бурушубуз керек. Себеби, жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуу жол жүрүүсү үчүн биз жооп беребиз», - дейт такси кызматынын директору Чалакеева.

Ал социалдык тармактарда такси кызматынын баракчасы бар экенин, ал аркылуу ар бир жаран даттануусун билдире ала турганын белгиледи.

Алия Чалакеева
Фото: жеке архив
«Эгер силер айдоочунун адаттан тыш жүрүм-турумуна туш болуп, чыр-чатактуу абал жаратпайын десеӊер, жол жүрүү аяктагандан кийин диспетчердик бѳлүмгѳ чалып, бул тууралуу маалымат берсеӊер болот. Жеке ѳзүмдүн атыман чагымга алдырбоону, айдоочунун орунсуз суроолоруна жооп бербѳѳнү жана анын адаттан тыш мамилесин байкаар замат, биздин диспетчердик кызмат менен байланышууну сунуштайм», - дейт Алия Чалакеева.
Жыныстык асылуулардан кантип коргонсо болот?
Сексуалдык асылуу таксиде сизден башка күбѳ жок учурда болуп, асылуудан эч кандай физикалык издер калбаса, аудио же видеолор жок болсо, анда далилдѳѳ ѳтѳ кыйын.

Юрист Эльвира Тилек кызы кыргыз укугунда «асылуу» деген түшүнүк толук маанисинде ачылып берилбегенин белгилейт.

Бирок «Эркектер менен аялдардын теӊ укуктары жана мүмкүнчүлүктѳрү жѳнүндѳ» мыйзамда «жыныстык асылуулар» деген сѳз айтылып кеткен.
Сексуалдык асылуу — жумуш боюнча, кызматтык, материалдык, үй-бүлөлүк же дагы башка жактан көз каранды болгон адамды оозеки жана күч колдонуу менен кемсинтип, мазактоочу сексуалдык мүнөздөгү аракеттер.
«Эгер таксидеги асылууларды ала турган болсок, андай фактылар бул аныктамага туура келбейт. Ошондой эле аныктама көчөлөрдүн бардыгында болгон асылууларды да камтыбайт», - дейт Тилек кызы.

Мындан тышкары, Кыргызстандын Жазык кодексинин «Сексуалдык мүнѳздѳгү аракеттерге мажбурлоо» деп аталган 163-беренесинде мындай деп жазылган:

«Кылмыштардын белгилери болбогондо, шантаж кылуу жолу менен, же болбосо жабырлануучунун материалдык же башкадан көз каранды болгонун пайдалануу менен жыныстык катнашка, бачабаздыкка, лесбияндыкка же сексуалдук мүнөздөгү башка аракеттерди кылууга адамды мажбурлоо».

Бул кылмыш 4 жылдан 5 жылга чейин белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу, же болбосо 280 сааттан 360 саатка чейин түзѳтүү жумуштарында иштөө, физикалык жактарга болжол менен 125 АКШ доллары, юридикалык жактарга – 350 АКШ доллары ѳлчѳмүндѳ айып пул тѳлѳтүү же 2,5 жылга эркинен ажыратуу менен жазаланат.

«Таксидеги кейсти ала турган болсок, андай аракеттерге мажбурлоо болуп, таксисттин жыныстык катнаш жасоону сунуш кылуусу, кийимдерди чечүүсү, эшиктерди бекитип салуусу эсептелет. Сексуалдык мүнѳздѳгү аракеттерге мажбурлоо гана мыйзам бузуу катары бааланып, ал үчүн I категориядагы эркинен ажыратуу жазасы колдонулат [ред.: 2,6 жылга чейин]. Бул да ѳтѳ эле аз. Мажбурлоо фактысын далилдѳѳ абдан кыйын, ал эми күбѳлѳр жок болсо, иш аягына чейин териштирилбей, жабылып калат», - деп белгилейт юрист.
Эльвира Тилек кызы мыйзамдардын эффективдүү эместигинин факторлорунун бири катары, анда «асылуу» түшүнүгүнүн жоктугун жана асылуунун жыныстык асылуудан айырмасы боюнча түшүндүрмѳ берилбегенин айтат.

Эльвира
Тилек кызы
Фото: жеке архив
«Биздин мыйзамда асылуу катары жетекчи, же болбосо өзүнө экономикалык жактан кѳз каранды болгон адамга башка кишинин сексуалдык мүнѳздѳгү ыдык көрсөтүүсү эсептелет, бирок мындай асылуулар башка кесиптештерден, кѳчѳдѳ чоочун кишилерден, таксиде да боло турганы эске алынган эмес. Азыр биз бул маселени чече албай жатабыз, ошондуктан мыйзамдарды кайра карап чыгуу зарыл», - дейт Эльвира Тилек кызы.
Анын айтуусу боюнча, ар кандай мүнөздөгү дискриминация менен күрөшүүнүн механизмдери, анын ичинде жыныстык белгилер боюнча да жазылган мыйзам кабыл алуу керек.

Ошону менен бирге мындай иштерди карап чыгуу практикасын дагы ѳзгѳртүү зарыл деп эсептейт.

Жыныстык асылуудан жабыркагандар ар кандай себептерден улам укук коргоо органдарына кайрылышпайт. Бирок юристтин айтуусунда, укук коргоо органдары ѳздѳрү да мындай иштерди териштирүүгѳ кызыктар эмес.

«Укук коргоо органдары сексисттик көнүмүш адаттары болгон үчүн арыздарды кабыл алышпайт. Ошондуктан бул кѳйгѳй байкалуусу үчүн, аны кѳбүрѳѳк чагылдырышыбыз керек», - дейт Эльвира Тилек кызы.
«Шанс» кризистик борборунун директору Елена Ткачева таксидеги коопсуздук үчүн расмий такси кызматтарынын унааларын гана чакырууну сунуштайт.

Елена Ткачева
Интернеттен алынган сүрѳт
«Алар жол жүрүүнү кѳзѳмѳлдѳп, тийиштүү жерге жеткенин каттап турушат. Эгер бир нерсе болсо, операторлорго чалып, даттана аласыӊар», - дейт Ткачева.

Ошондой эле коопсуздук үчүн айдоочунун артындагы орунга отуруу сунушталат.

«Эгер айдоочу силер менен ыгы жок сүйлѳшѳ баштаса, ага эскертүү берип, «Токтотуӊуз» деп айткыла. Бул сѳз менен биз ишеним абалынан чыгып, андан ары аткара турган иш-аракетке даярдануу абалына кирип жатканыбызды билдиребиз. Ал эми айдоочу орунсуз сүйлѳѳнү токтотпосо, анын иш-аракеттери жекече чектерибизди бузуп жатканын айтабыз», - дейт Ткачева.

Ал адамдын жекече чектерин бузган аракеттерди зомбулук катары баалоого боло турганын белгилейт.

«Кардар таксиге таксист менен таанышуу максатында эмес, керектүү жерге жетип алыш үчүн отурат. Эгер айдоочу орунсуз аракеттерин токтотпосо, милицияга чала турганыӊарды билдиргиле. 102 номерине чалып, каякта экениӊерди жана айдоочу зомбулук кѳрсѳтүп жатканын айткыла», - деп кеӊеш берет Елена Ткачева.
Лонгридди даярдагандар:
Авторлор:
Зульфия Раисова,
Назигуль Жусупова,
Мазхаб Джумъа,
Ирина Матвиенко
Лонгриддин редактору:
Наталья Ли

Идеянын авторлору:
Зульфия Раисова
Дастан Аккожа
Баяндарды чогулткандар:
Исмаил Карыпов,
Фарангис Давронова,
Вера Сухина,
Анастасия Черепанова,
Дастан Аккожа,
Кирилл Флаймен,
Молдир Албан
Иллюстрациялар:
Насиба Каримова

Верстка:
Карина Толмачева
Лонгрид «Борбор Азияда таксидеги коопсуздук» маалыматтык кампаниясынын алкагында даярдалды.