Казакстан:
Жазасыз зомбулук
«Эшиктерин бекитип салды»
Мен театрдан таксиге отуруп үйгѳ бара жаткам. Негизи курбум жана анын апасы менен автобуска түшүп кетчүбүз, бул жолу алар башка жакка кете турган болуп, мага жолдон такси тосуп беришкен. Жакшы эле бара жатканбыз. Менин театрым, анын үй-бүлѳсү жѳнүндѳ сүйлѳшүп жаттык. Жеткенде таксист токтоп акчаны алганы мага бурулганда, бетимди кѳрдү (менин бетим безетки чыгып кеткен кѳйгѳйлүү тери). Анан башталды:

– Безетки кѳп чыгат экен, - деди айдоочу.

– Ооба, билем, -деп жооп бердим.

–Кантип дарылоону билесиӊби? Бир ыкмасын айтайынбы? - деп сурады.

– Айтыӊыз, - дедим мен.

– Аял менен эркек жыныстык катнашка кирип, эркек аялдын ичине урук чачканда, гормондордун алмашуусу жүрүп, териге жакшы таасирин тийгизет, -деп айта калды.

Мен унаасынан түшүп кетүү максатында эшикти ачайын десем, эшик ачылбай койду. Бекитип салыптыр.

– Кааласаӊ, мен сага бул иште жардам берейин.

– Жок, кереги жок, - деп сунушунан баш тарттым.

– Назданбай эле койчу, дароо жакшы таасирин берет.

Анын телефонунун номерин жазып алган соӊ гана мени машинадан чыгарды. Дароо эле ѳчүрүп салдым. Ошондо ата-энеме айтканда же номерин сактап койгондо, милицияга кайрылууга боло тургандыгын эми түшүндүм.
Бул Борбор Азияда таксидеги жыныстык асылуу жѳнүндѳ маалыматтык кампаниянын жүрүшүндѳ анкетада анонимдүү негизде баяндалган жүздѳгѳн окуялардын бири гана.
Казакстанда коомдук жайлардагы жыныстык асылуулар үчүн кандай жаза каралган?
Таксидеги асылууларга кыздар күн сайын кабылышат. Бирок муну далилдеп берүү кыйынга тургандыктан, кыздар полицияга кайрылбай эле коюну туура кѳрүшѳт. Кайрылган учурда деле далилдердин жетишсиздигинен улам айыпкерди жоопко тарта алышпайт.

Аяжан Ойратова
Фото: жеке архив
«Жүргүнчүлѳр полицияга кайрылган күндѳ деле, таксидеги асылуулар «Майда бейбаштык» беренесине кирип калат. Себеби Есенжулова Клавдиянын пикири боюнча, маршруттук таксилер коомдук жай катары эсептелет. Мыйзамдарда коомдук жайлардын так аныктамасы азырынча жок болгондуктан, мындай арыздарга чара кѳрүшпѳйт. Анын үстүнѳ кѳп учурда жабыркагандардын колунда аларга жыныстык ыдык кѳрсѳтүлгѳнү боюнча жетиштүү далил болбойт. Таксиге кишилер керектүү жерге жетип алуу максатында отурушат, айдоочулар аларга асыла турганына, аны видеого тартууга даярданбайт да», - деп белгилейт «Укуктук саясатты изилдѳѳ борбору» КФ программалык координатору Аяжан Ойратова.
Административдик укук бузуулар жѳнүндѳ кодекске ылайык, кордоочу жыныстык асылуу 434-берене боюнча «Майда бейбаштык» катары бааланып, мындай жорук үчүн 5 АЭК чейин айыппул (32,26 АКШ доллары) же 10 суткага камакка алуу каралган. Бирок турак-жайларды булгоо, коомдук жайларда сѳгүнүү дагы ушул эле беренеге кирет. Адам укуктары боюнча юрист Халида Ажигулованын пикиринде кесепеттери ар түрдүү болгон мындай эки башка укук бузууну – маселен, подъезддин ичине заара ушатуу жана адамга кѳрсѳтүлгѳн жыныстык асылууну - бир эле категорияга киргизүү таптакыр туура эмес.

Халида Ажигулова
Фото: express-k.kz/news
«Сексуалдык асылуу – бул жѳн гана майда бейбаштык эмес, жабыркаган адамдын жыныстык эркиндигине атайылап кол салуу. Бул жабыркаган адамды психологиялык травмага чейин жеткирген психологиялык зомбулук болуп эсептелет», - дейт Ажигулова.
Кѳйгѳй иштеп жаткан мыйзамдын айрым учурларда жыныстык асылууга кабылган жашы жеткен жарандарыбызды коргобогонунда болуп жатат. Мындай учурларга тѳмѳнкүлѳр кирет:
  • 1
    алар зордукталган жок;
  • 2
    алар ниети бузукка кѳз каранды же багынычтуу эмес;
  • 3
    шантаж жасалган жок;
  • 4
    коркутуп-үркүтүүлѳр болгон жок.
Башкача айтканда, эгер бир кызга кимдир-бирѳѳ дайыма жылмаюу менен жыныстык катнашка кирүүнү сунуш кыла берсе, анын артынан калбай, аӊдып жүрсѳ, интимдик жакындык жѳнүндѳ сунуштары менен тажатма, бирок сыпаа телефон чалуулар же билдирүүлѳрдү ишке ашырса, дененин интимдүү мүчѳлѳрүн кармоого аракет кылса, дайыма уят-сыйытсыз мазмунда аӊгемелешүү аракетин кѳрсѳ, коомдук транспорттун ичинде сѳйкѳнсѳ, анда мындай агрессорго карата колдонула турган натыйжалуу мыйзамдуу таасир этүү ыкмалары дээрлик жокко эсе.

Адам укуктары боюнча юрист Халида Ажигулованын айтымында, бир жагынан жыныстык асылуу – сексуалдык зомбулуктун бир формасы, адамдын жеке намысынын кол тийбестигине болгон укугунун бузулушу жана дискриминациянын бир түрү. Экинчи жагынан, Казакстандын мамлекеттик органдары бул кѳйгѳйгѳ кѳптѳн бери эле маани бербей келишет жана коомдук жайларда же жумуш ордунда кѳрсѳтүлгѳн жыныстык ыдыкка карата адекваттуу жаза да каралган эмес. Жашоодо бардык эле адамдар: эркектер жана аялдар, чоӊдор жана жаш балдар жумушта, мектепте, университетте, ооруканада, мамлекеттик кызматта жана жеке менчик ишканаларда, кѳчѳдѳ, таксиде, поездде, коомдук транспортто жыныстык асылууга кабылышы мүмкүн.

Жангельды Сулейманов
Фото: otyrar.kz
«Бүгүнкү күндѳ жыныстык асылуулар үчүн эч кандай жоопкерчилик каралган эмес, а бирок секунд сайын иштеген жерде же коомдук жайда мындай кѳрүнүштѳр болуп турат».
Адвокат Жангельды Сулейманов 2006-жылы эркектер менен аялдардын теӊ укуктары жана мүмкүнчүлүктѳрү жѳнүндѳ мыйзам долбоору иштелип чыкканын, анын 14-беренесинде «жыныстык асылуулар – башка адамды кордоочу сексуалдык мүнѳздѳгү иш-аракеттер, жүрүм-турумдар» деп жазылганын белгилѳѳ менен, берилген аныктамада мыйзам чыгаруучу башка адамга кѳрсѳтүлгѳн сексуалдык мүнѳздѳгү жаңсоолор, сѳздѳр, денеге тийүүлѳр жѳнүндѳ кеп кылып жатканын айтат. Ошондой эле анын пикиринде, мыйзам долбоорунда мындай ченем бар болгону менен, «Эркектер менен аялдардын теӊ укуктары жана мүмкүнчүлүктѳрүнүн мамлекеттик кепилдиктери жѳнүндѳгү» мыйзамдын ѳзүндѳ жок.

«Мыйзам кабыл алынган, учурда иштеп жатат, бирок анда жыныстык асылуулар жѳнүндѳ эч нерсе айтылбайт. Мыйзамдардын себеби белгисиз. Парламент биздин Казакстандын жашоосуна мындай ченемди киргизүүгѳ али даяр эмес болсо керек. Батыш мыйзамдарында таптакыр башка түшүнүк берилет жана ал түшүнүк– ыӊгайсыздык жарата турган ар кандай жүрүм-турум деп кыйла кеӊири берилген. Эгер адамга денеге тийүүлѳрдү айтпай эле коёлу, башка бирѳѳнүн караганы, сүйлѳгѳнү жакпай калса, анда мындай кѳрүнүш олуттуу куугунтукка алынат. Биз жакшы багытта бара жатканбыз, бирок берене жок. Бүгүнкү күндѳ жыныстык асылуулар үчүн эч кандай жоопкерчилик каралган эмес, а бирок секунд сайын иштеген жерде же коомдук жайда мындай кѳрүнүштѳр болуп турат», - дейт Сулейманов.
Казакстанда жыныстык асылуулар үчүн Административдик укук бузуулар кодексинде да, Жазык кодексинде да конкреттүү бир берене орун алган эмес, ал эми полицияда сексуалдык асылууларды териштирүү жана алар үчүн жоопко тартуу боюнча натыйжалуу методика жок. Демек, агрессорду жазага тартуу дээрлик мүмкүн эмес. Натыйжада агрессорлор жазасыз калуудан пайдаланууда, ал эми жарандар жыныстык асылуунун бул түрүндѳ алсыз бойдон кала берүүдѳ.
2020-жылдын февраль айында парламенттин Мажилисинин депутаттары Казакстанда жыныстык асылуулар үчүн кылмыш жазасын киргизүү жѳнүндѳ мыйзам долбоорун демилгелеп чыгышкан. Буга чейин укук коргоочулар жыныстык асылуулар кѳп учурда зордуктоо алдындагы аракетке жатарына депутаттар менен ИИМдин кѳӊүлүн бурууга аракет кылышкан.

Халида Ажигулованын айтымында, жумушчу топ 2020-жылдын жаз айларында мыйзам долбоорун талкуулоого киришүүсү керек болчу. Бирок пандемияга байланыштуу жумушчу топтун иши кийинкиге жылдырылган. Ал эми «НеМолчи.Kz» фондунун лидери Дина Тансари мыйзам чыгаруучулар эмнеден коркконун жана жыныстык асылуулар жѳнүндѳ мыйзам эмне себептен азыркыга чейин күчүнѳ кирбегенин түшүнбѳй жатканын айтат. Анын пикиринде, бул сотто далилдениши ѳтѳ оор боло турганына байланыштуу. Себеби, бир катар кылмыш ишин козгоо талап кылынат. Бүгүн мыйзам ушундай түзүлгѳн: арыз берген учурда түшкѳн арыздардын баарын карап чыгып, сотко чейинки териштирүүнү баштоо талап кылынат. Ал эми мындай арыздар абдан кѳп түшѳт. Буларды далилдѳѳ дагы ѳзүнчѳ бир маселе. Эгер аял тѳгүндѳлбѳс далилдерди – видео/аудио жаздырууну – алып келсе, далилдеп чыгууга болот. Бирок мындай учурда деле далилдеп чыгуу ѳтѳ кыйын болуп калышы мүмкүн.

Дина Тансари
Фото: lubimec.kz
«Мен үчүн талашсыз эреже бар - жазасыз жыныстык асылуулар зордуктоо менен аяктайт. Зордуктоонун жазасыздыгы ѳлүм менен аяктайт, анткени кылмыш жасаган бардык эле кылмышкерлер жазасыз калган учурда экинчи, анан үчүнчү, анан тѳртүнчү жолу ушундай жоруктарга бара беришет. Эгер биринчи жолу бул ишти анчалык жакшы жасабай калса, экинчи жолкусунда жакшыраак ойлонуштурат, үчүнчүсүндѳ болсо жазага тартылбагандай кылып жасаганды билип калат. Ал эми кезектеги кылмыш мурункулардан да оор болот. Ѳзүн кылмыш жоопкерчилигине тарта алышпагандай кылып, баарын ойлонуштуруп жасайт. Бул жерде укук коргоо органдарынын күнѳѳсү чоӊ. Анткени алар кѳп сандагы кылмыштарды жазасыз калтырышууда», - дейт «НеМолчи.Kz» фондунун лидери Дина Тансари.
«Укуктук саясатты изилдѳѳ борбору» КФ программаларынын координатору Аяжан Ойратова таксидеги жыныстык асылуулар үчүн жоопкерчиликти киргизүү боюнча маселени карап чыгууда биринчи кезекте жалпысынан кандай иш-аракеттер жыныстык асылууга кирерин аныктап, аларды «оордугу» боюнча шарттуу түрдѳ бѳлүп чыгуу зарыл экенин белгилейт. Эгер бул иш Жазык кодексине оӊдоолорду киргизүү учурунда аткарылбаса, кийин мындай иштер боюнча укук коргоо органы үчүн далил топтоо, сот үчүн болсо туура чечим чыгаруу кыйын болуп калат. Ал эми булар коррупциялык тобокелдерге кирет. Мындан тышкары, ден соолукка зыян келтирүү, коркутуп-үркүтүү, мыйзамсыз эркинен ажыратуу, коомдук жайларда асылуу ("Майда бейбаштык") жана зордуктоо боюнча жоопкерчиликти аныктаган кылмыш беренелери, ошондой эле башка укук бузуулар боюнча административдик укук бузуулар жѳнүндѳгү кодекстер бар экенин да эске алыш керек.

«Бул болсо, олуттуу кесепетке алып келбеген асылуулар үчүн жоопкерчилик ѳтѳ катаал болбошу керек дегенди түшүндүрѳт. Ошондуктан, асылуулардын кесепеттерин салыштырып отуруп, алар маанилүү бир коомдук коркунуч болуп эсептелбейт жана кылмыш жоругу катары сыпатталат деген ойдомун. Буга байланыштуу айыппул, түзѳтүү иштери, коомдук иштерге тартуу жана камакка алуу сыяктуу жазалар колдонулушу мүмкүн. Ошондой эле сѳзсүз түрдѳ «белгилүү бир кызматты ээлѳѳ же белгилүү бир ишмердүүлүк түрүн жүргүзүү укугунан ажыратуу» сыяктуу кошумча жазалоо дагы колдонулуп, укук бузгандар атайы реестрге катталууга тийиш деп эсептейм. Себеби, кылмыш жоруктары соттолбогондугу тууралуу маалымкаттарда кѳрсѳтүлбѳйт», - деп билдирет Аяжан Ойратова.

Асылуу боюнча түшүнүктѳрдү бѳлүштүрүп чыгуу зарылчылыгын белгилѳѳ менен ушундай эле пикирди адвокат Жангельды Сулейманов да колдойт.

«Асылуу дегенде эмне жѳнүндѳ кеп болуп жатканын түшүнүш керек. Эгер таксист аял жүргүнчүгѳ каалоосуна каршы колдору менен тийген болсо, анда бул юридикалык маанисинде асылууга жатпайт, бул зомбулук же зордуктоого аракет кылуу, же болбосо сексуалдык мүнѳздѳгү иш-аракет катары бааланат. Ал эми таксист сексуалдык мазмунда жѳн гана тамашалап же анекдот айтып жатса, анда мындай жорук үчүн жазага тартууга болбойт. Мындай арыздарды эч ким карап чыкпайт. Ошону менен бирге, эгер таксист жүргүнчү аялды колу менен кармаласа, анда бул аракеттери жыныстык кол тийбестикке кол салуу катары бааланып, бул боюнча кылмыш жоопкерчилиги каралган», - дейт адвокат.
Такси кызматтары жүргүнчүлѳрүнүн коопсуздугун кантип камсыздашат?
«НеМолчи.Kz» фондунун башчысы Дина Тансари таксиде ѳтѳ кѳп зордуктоолор болорун белгилейт.

«Биз таксиде зомбулук кѳрсѳтүлгѳн учурларды кѳп эле угуп-кѳрүп жүрѳбүз. Айрыкча InDriver таксилеринде кѳп болот. Бизде InDriver таксисттери кыздарды зордуктаган учурлар катталган. Дагы бир учурда үйгѳ бир нерсе жеткирип берүүсү үчүн такси чакырганда, аялдын жалгыз экенин кѳргѳн таксист аны зордуктап койгон», — деп билдирди Тансари.

Ѳз кезегинде Indriver басма сѳз кызматы «4 регион» такси кызматы сыяктуу эле, CABAR.asia журналисттеринин суроосун этибар албай, такси кызматында коопсуздук жѳнүндѳ маалымат берилиши боюнча суроолорго жооп берген жок.
«Яндекс.Таксинин» басма сѳз кызматы таксиде коопсуздук жѳнүндѳ маалымат берилиши боюнча CABAR.asia журналисттеринин суроосуна Yandex Go тиркемесинде күнү-түнү иштеген онлайн-колдоо кызматы бар экенин, тиркеме аркылуу кызмат менен ыкчам байланышып, тез убакыттын ичинде жардам алуу мүмкүн экенин айтып, мындан тышкары такси менен бара жатканда жакындарга маршрутун жѳнѳтүп койсо, алар реалдуу мезгил режиминде унааны кѳзѳмѳлдѳп тура аларын билдиришти.

«Ал эми «Коопсуздук» бѳлүмүндѳ жеке дарек китепчесинен ишенимдүү адамдардын номерин кошуп коюуга болот. Эгер «Мени менен байланышууну ѳтүнѳм» деген баскычты басып койсо, бул кишилер геолокация менен жол жүрүү тууралуу маалымат камтылган смс-билдирүүнү ала алышат. Ушул эле бѳлүмдѳн күтүлбѳгѳн кырдаал пайда болгондо да ыкчам кызматтар менен байланышууга болот», — деп жооп беришти CABAR.asia суроосуна «Яндекс.Таксинин» басма сѳз кызматы.

Мындан тышкары, таксинин басма сѳз кызматынан кызматтардын сапатын кѳзѳмѳлдѳѳгѳ рейтингдердин системасы менен колдонуучулардын кайтарым байланыштары дагы таасир этерин белгилешти. Жол жүрүү аяктагандан кийин тиркеме колдонуучуга сапатты бирден бешке чейинки шкала боюнча баалап коюусун сунуш кылат. Ошентип рейтинг жаралат жана система ѳзүн ѳзү жѳнгѳ салат: айдоочунун рейтинги канчалык жогору болсо, ага ошончолук кѳп буйрутма беришет, же тескерисинче. Жол берилгенден тѳмѳнкү рейтингге ээ айдоочуларда автоматтык түрдѳ буйрутмалар ѳчүрүлѳт. Колдонуучулардан айдоочунун начар жүрүм-туруму боюнча олуттуу даттануулар келип түшкѳндѳ, андай айдоочулар сервистин буйрутмаларына кире албай калышат.

Анткен менен изилдѳѳнүн жүрүшүндѳ алынган анкеталардын жыйынтыгында, жүргүнчүлѳргѳ карата жыныстык асылуулар лицензиялуу такси кызматтарынын, алардын ичинде «Яндекс Таксинин» дагы айдоочулары тарабынан кѳрсѳтүлгѳндүгү белгилүү болду.
16-ноябрда Алматыда «Яндекс Go» тиркемеси менен иштеген таксинин айдоочусу тарабынан аял кишиге кол салуу жѳнүндѳ Казакстандын ЖМКларында жаӊылык чыккан .

Алматынын тургуну Куралай Галиева Facebook социалдык тармагындагы топтордун биринде ѳзүнѳ карата кол салуу жѳнүндѳ жазып чыккан. Окуя үч жума мурда болгонун, кол салган айдоочу күнѳѳсүн мойнуна албай жатканын жана териштирүү үчүн полиция бѳлүмүнѳ келбей жатканын билдирген:

«Бул адам социалдык жактан коркунучтуу экенин айткым келет. Мени керектүү жерге жеткирген жок. Мен баеолугумдан жана билбестиктен, акчасын дароо эле төлөп койгом. Ал болсо мени жеткирген жок, ага нааразылык билдиргенимде мага кол кѳтѳрүп, кол саларын көрсөттү. Тилекке каршы учурда ишке жарамсыз абалдамын, деги эмне кылышты да билбей турам», — деп жазган жабыркоочу.
Алматы полициясынын департаментинин басма сѳз кызматы аталган фактынын КР ЖК 107-беренеси боюнча (Атайылап ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү) сотко чейинки тергѳѳлѳрдүн бирдиктүү реестрине катталганын билдирди. Тийиштүү бардык экспертизалар дайындалып, алардын натыйжасында процессуалдык чечим чыгарылат.

«Яндекс Go» колдоо кызматынан билдиришкендей, аталган айдоочуга тиркемеден бѳгѳт коюлган:

«Колдоо кызматы колдонуучу менен байланышта. Айдоочу сервистен бѳгѳттѳлдү. Бирок, системанын маалыматтары боюнча, ал кызды тиркемеде кѳрсѳтүлгѳн жерге чейин жеткирген. Жүргүнчүнүн айтуусу боюнча, унаанын ичинде эч кимисинде курал болгон эмес. Окуянын күнѳѳкѳрү менен жагдайды укук коргоо органдары аныктап чыгышат» , – деп Zakon.kz компаниянын билдирүүсүнѳн цитата келтирди.

Жогорку категориядагы психолог Зарина Штеердин пикири боюнча, таксисттер эки-үч орунсуз сѳз же кыйытма кеп үчүн жазасыз кала тургандарын билип, жекече чектерди бузууга барышат.
Таксидеги жыныстык асылууларга байланышкан кѳйгѳйдү канткенде чече алабыз?

Зарина Штеер
Фото: жеке архив
«Биздин коомдо аӊ-сезимдүү кишилерге эч кандай мыйзамдын деле кереги жок. Себеби алардын ички мыйзамдары, адеп-ахлактык баалуулуктары бар, алар эмнелер жаман экенин билет жана мындай жоруктарга барбайт. Бирок, социалдык жоопкерчилиги ѳтѳ эле тѳмѳн адамдар да кѳп, алардын жүрүм-туруму мыйзам аркылуу гана жѳнгѳ салынышы керек. Мунун деле натыйжалуу болору анык эмес. Кѳйгѳй мына ушунда», – дейт Зарина Штеер.
Аяжан Ойратова ар бир расмий таксиде жүргүнчүлөргө карата жыныстык асылууга, сексуалдык колдонууга жана зомбулукка каршы аракет жѳнүндѳ кодекстер болууга тийиш деп эсептейт. Мындай ички саясат бардык жүргүнчүлѳр үчүн жеткиликтүү болуп, ал боюнча айдоочулар толук нускамадан ѳтүүсү зарыл. Эгер бир нерсе болсо, жүргүнчүлѳр тез байланышка чыга алышы керек, такси операторлору болсо айдоочуларды, ал эми жүргүнчү тарабынан жалган маалымат берилген учурда анын ѳзүн жоопко тартуу үчүн керектүү чараларды кѳрүүгѳ тийиш.

Аяжан Ойратова
Фото: жеке архив
«Экинчиден, таксилерге видео камераларды орнотууну колдош керек. Аларсыз бул саясат ишке ашпайт, себеби жүргүнчү айдоочуга каршы пикир айтып жатпайбы. Себеби муну далилдөө кыйынга турат. Чыгымдар расмий таксинин мойнуна илине тургандыктан, мындай сунуш популярдуу болбошу ыктымал. Бул видеокамералуу таксилердин баасынын кымбатташына алып келиши мүмкүн. Мындай болбош үчүн мамлекет аларга салык тѳлѳѳдѳ тыныгуу бере алат. Ал учурда такси кызматтары унаалардын салондоруна камераларды орнотуп, бул саясатты жайылта алышат. «Яндекс.Такси» менен абал кыйыныраак. Аларга тез байланыш чындап эле керек, учурда колдоо кызматы ыкчам жооп бере албай жатат», - дейт Аяжан Ойратова.
Элдин баары эле расмий такси кызматтарын колдонгонун белгилей кетүү керек. Ошондуктан, эксперттин айтуусунда расмий таксини колдонуунун маанисине багытталган масштабдуу медиа кампания жүргүзүү зарыл. Ал эми мамлекет жеке таксилердин иштешине тыкыр көз салып, тарифтерин кѳзѳмѳлгѳ алууга тийиш. Трансулуттук чоң компаниялардын бааларга демпинг жасоосунун эч кимге кереги жок. Себеби улуттук компаниялар банкрот болушса, мамлекет менен жарандык коом биз талкуулап жаткан саясатты жайылта албай калышат.

Эгер жыныстык асылууга кабылган адамдардын кѳпчүлүгү расмий такси кызматтарын пайдаланып, асылуу фактылары жѳнүндѳ үн катпай келишсе, анда бул жагдай билбестик менен же операторлордун ѳздѳрүнүн тоотпогондугу менен байланыштуу. Ушул себептен элге маалымат берүү ѳтѳ маанилүү, муну чет ѳлкѳдѳгүдөй унаанын ичине чаптамаларды жабыштыруу аркылуу сынап кѳрсѳ болот. Ал эми мамлекет, биринчи кезекте расмий таксилерге мурун зордуктоо же ушуга окшош кылмыштар үчүн жоопко тартылган айдоочуларды ишке албасын деп талап коюшу керек. Казакстанда элдин кѳбү эле жумуштан «ѳз каалоосу менен кетишет». Мунун себеби олуттуу чыр-чатак болгону жана иш берүүчүнүн кызматкерди Эмгек кодексинин негизинде жумуштан кетирүүсү үчүн толук негиз болгондугу билинбей эле кала берет. Бирок эгер адамдын күнѳѳсү жок болсо, укуктарын сот аркылуу калыбына келтире алат. Күнѳѳлүү деп табылган учурда, иш берүүчүнү такси операторлорунун реестрине жүргүнчүлөрүнө жыныстык ыдык кѳрсѳткѳн укук бузуучу жѳнүндѳ маалымат киргизүүсүнѳ милдеттендирип койсо болот. Албетте, аны биротоло ушул абалда кармаш зарыл эмес. Адамга оӊолуу үчүн да мүмкүндүк берилиши керек.

«НеМолчи.Kz» фондунун башчысы Дина Тансаринин айтымында, аялдар менен балдарга кѳрсѳтүлгѳн зомбулукка каршы күрѳшүүнү улуттук идея кылып чыгарыш керек. Бардык структураларда зомбулукка жол берилбей турганы пропагандаланбаса, ар бир аким ѳз айылында, районунда, облусунда эл алдында зордукчуларды, агрессорлорду уяткарып турбаса, мындай аракеттер эч качан токтобойт.
Ушул эле пикирди писхолог Зарина Штеер да билдирди. Анын ою боюнча, мындай жагдайлар укуктук мыйзамдар менен жѳнгѳ салынбаса жана эл бул жѳнүндѳ айтуудан уялып жүрѳ берсе, анда абал ѳзгѳрбѳйт.

«Постсоветтик мейкиндиктин аймагында башкы эмоциялардын ичинен коркуу менен уялуу бирдей деңгээлде турат. Кишилер ѳздѳрүнүн алсыз жактарын башкаларга айтуудан уялышат, себеби коом «кийинип жүргѳнү башкача болчу», «туура эмес сүйлѳгѳн», «ѳзү күнѳѳлүү» деп жабыркагандын ѳзүн айыптай баштайт», – деп жыйынтыктайт Штеер.
Лонгридди даярдагандар:
Авторлор:
Зульфия Раисова,
Назигуль Жусупова,
Мазхаб Джумъа,
Ирина Матвиенко
Лонгриддин редактору:
Наталья Ли

Идеянын авторлору:
Зульфия Раисова
Дастан Аккожа
Баяндарды чогулткандар:
Исмаил Карыпов,
Фарангис Давронова,
Вера Сухина,
Анастасия Черепанова,
Дастан Аккожа,
Кирилл Флаймен,
Молдир Албан
Иллюстрациялар:
Насиба Каримова

Верстка:
Карина Толмачева
Лонгрид «Борбор Азияда таксидеги коопсуздук» маалыматтык кампаниясынын алкагында даярдалды.