Ѳзбекстан:
Жыныстык асылуудан кутулуу...
анан тирүүлүк менен коштошуу
2019-жылдын 20-ноябрында Ѳзбекстанда жол кырсыгынан актриса Гавхар Шарипова каза тапты. Ал жүк ташуучу унаанын жүргүнчү отургучунда отуруп, Самарканддан Гузарга бара жаткан. Ээн жолдон айдоочу унааны саатына 140 чакырым менен айдаган. Айдоочу бир колу менен рулду кармап, экинчи колу менен анын ийинин, колдорун кармалап, асыла баштаган. Актриса унаанын эшигин ачканына карабастан, айдоочу ылдамдыгын азайтпай, ага асылганын уланткан. Жыныстык асылуудан кутулуу максатында келин жолго секирип кетип, ошол жерден кѳз жумган. Ал 39 жашта эле.
Айдоочуга Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бѳлүгү («Адам ѳмүрүн алган жол кыймылынын эрежелерин бузуу же транспорттук каражат колдонуу») боюнча кылмыш иши козголгон.
Ѳзбекстандын коомдук жайларында жыныстык асылуу үчүн кантип жазалашат?
Ѳзбекстанда жыныстык асылуулар үчүн административдик жаза да, кылмыш жазасы да жок. Былтыр кабыл алынган «Аялдарды кысым менен зомбулуктан коргоо жѳнүндѳ мыйзам» жыныстык асылууну кысым кѳрсѳтүүнүн бир бѳлүгү катары аныктайт: «кысым кѳрсѳтүү — аялдардын ар-намысын жана абийирин басмырлоочу аракет (аракетсиздик), административдик же кылмыш жоопкерчилиги каралбаган асылуу».
Ошол эле учурда асылуулардын сыпаттамасы берилген эмес. Анын үстүнѳ бул мыйзам жогоркудай аталганы менен, асылуулардан коргоого байланышкан маселелерде пайдасыз болуп чыга келди. Анда кысым кѳрсѳтүүнүн алдын алуу боюнча мындай чаралар белгиленген:
  • 1
    алдын алуучу сүйлѳшүүлѳрдү жүргүзүү;
  • 2
    коргоо катын берүү;
  • 3
    кысым жана зомбулуктан жабыр тарткандарга жардам берүүчү атайын борборлорго жайгаштыруу;
  • 4
    зордукчул жүрүм-турумду ѳзгѳртүү боюнча коррекциялык программалардан ѳтүү.
Бир адам кыздарга жыныстык асылуу кѳрсѳткѳн сайын аны менен профилактикалык сүйлѳшүүлѳр жүргүзүлѳ берет. Кайталанып кѳрсѳтүлгѳн жыныстык асылуу үчүн катаалыраак чаралар каралган эмес. Эгер жабырлануучу агрессор менен тааныш жана байланышы бар болсо, анда коргоо кат таасирдүү болот. Бирок, жыныстык асылууга кабылгандар кѳп учурда алардын намысына жана абийирине шек келтирген укук бузуучу менен тааныш эмес болуп чыгат. Үчүнчү чара үйдѳгү зомбулукка кабылган аялдар үчүн таасирдүү. Ал эми зордукчул жүрүм-турумду ѳзгѳртүүгѳ багытталган коррекциялык программалар Ѳзбекстанда азырынча иштелип чыга элек.

Дилфуза Куролова
Фото: жеке архив
Адам укуктары боюнча юрист, Global Shapers Tashkent Hub негиздѳѳчүсү жана куратору Дилфуза Куролова, жыныстык асылууга барган кишини кыйыр түрдѳ жоопко тартуу мүмкүн деп эсептейт:
Майда бейбаштык үчүн (Ѳзбекстандын Административдик жоопкерчилик жѳнүндѳ кодексинин 183-беренеси): «Майда бейбаштык, башкача айтканда коомдук жайларда сѳгүнүү, жарандарга мазактоочу мүнѳздѳ тийишүү жана коомдук тартип менен жарандардын тынчтыгын бузуучу башка аракеттерди аткаруу менен коомдогу жүрүм-турум эрежелерин атайылап тоотпоо - үчтѳн бешке чейинки базалык эсеп чоӊдугунда айып пул тѳлѳѳ же он беш суткага чейин административдик камакка алуу менен жазаланат»;
Мазактоо үчүн (Ѳзбекстандын Административдик жоопкерчилик жѳнүндѳ кодексинин 41-беренеси): «Мазактоо, башкача айтканда адамдын ар-намысын жана аброюн атайылап кемсинтүү — жыйырмадан кыркка чейинки базалык эсеп чоӊдугунда айып пул тѳлѳѳ менен жазаланат»;
Эгер аракет уруп-согуу же денеге жеӊил жаракат келтирүү менен коштолсо, Ѳзбекстандын Жазык кодексинин 277-беренеси боюнча бейбаштык үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга болот.
Таксидеги жыныстык асылуулар боюнча даттануулар каттоого алынып турган АКШда 2017-2018-жылдары мындай укук бузуулардан 6000ден ашык даттануу катталган. Ѳзбекстанда коомдук жайларда жыныстык асылуулар боюнча расмий статистика жок. Ѳзбекстандын ИИМине караштуу Аялдардын иштери боюнча башкармалыктын жетекчиси Умида Абдуллаева, азыркы учурда жыныстык асылуулар Административдик укук бузуулар жѳнүндѳ кодекс менен Жазык кодексинде ѳзүнчѳ укук бузуулар катары бѳлүп кѳрсѳтүлбѳгѳндүктѳн, ѳзүнчѳ категория менен катталбаганын билдирди. Жыныстык асылууларга байланыштуу кайрылуулардын кѳбү Административдик жоопкерчилик жѳнүндѳ кодекстин «Майда бейбаштык» деп аталган 183-беренеси боюнча каралат. Бирок, жасалган жоруктун оордугуна жараша башка беренелер боюнча да каралышы мүмкүн. Ѳзбекстандын ИИМинин маалыматына ылайык, 2019-жылы аялдарга карата жасалган укук бузуулар үчүн Административдик жоопкерчилик жѳнүндѳ кодекстин 183-беренесинин негизинде 13 895 протокол, ал эми 2020-жылдын 9 айында – 7 693 протокол түзүлгѳн.

2020-жылдын 25-июнунда Ѳзбекстандын жамааттык петициялар порталына коомдук жайларда, жумушта, интернетте аялдарды жыныстык асылуудан коргоо жѳнүндѳ петиция жайгаштырылган.

Петиция жарыяланышы үчүн экспертизадан ѳтүүсү зарыл. Карап чыгуу мѳѳнѳттѳрү бузулуп, болжол менен бир жарым айга созулган. 2020-жылдын 6-августунда 8 эркек адамдан түзүлгѳн эксперттик комиссия, аялдардын укуктары аракеттеги мыйзамдар менен корголгон деген түшүндүрмө менен аны кабыл алуудан баш тарткан.
2020-жылдын 12-сентябрында петициянын автору кеӊешменин протоколун сурап, Ѳзбекстандын президентинин кабылдамасы аркылуу мындай кайрылуу жиберген: «Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жѳнүндѳ мыйзамдын 7-беренесине ылайык, аталган жумушчу комиссиянын менин петициямды карап чыгууга арналган кеӊешмесинин протоколун берүүӊүздѳрдү ѳтүнѳм. Мен комиссиянын курамындагылардын толук аты-жѳнүн, алардын бул петицияны колдогон жана каршы аргументтерин, ошондой эле Ѳзбекстандын аялдарын жыныстык асылуулардан коргоо жѳнүндѳгү петициямды талкуулоого байланышкан башка бардык маалыматтарды билгим келет». Кайрылууну президенттин администрациясы кабыл алган. 27-октябрдагы маалымат боюнча кайрылууга алиге жооп жок.
Таксиде жыныстык асылууга кабылган учурда эмне кылышыӊар керек?
Адам укуктары боюнча юрист Дилфуза Куролова жыныстык асылуу фактыларын жаздырып алууну (диктофонго жаздырууну же видеого тартууну), машинаны токтотуусун талап кылууну, автоунаанын номерин эстеп калууну (эӊ жакшысы сүрѳткѳ тартып алууну) жана 102 номерине чалып укук коргоо органдарына же участкалык милицияга арыз менен кайрылууну сунуштайт. Арызда таксиге качан отурганыӊар, ал буйрутма такси же жолдон тоскон такси экенин, автоунаанын номерин, ошондой эле айдоочу силерге жыныстык асылууну кандайча кѳрсѳткѳнүн сыпаттап берип, аны мыйзам негизинде жоопко тартууну ѳтүнүүӊѳр талап кылынат. Мындай учурда айдоочу жок дегенде «Майда бейбаштык» деп аталган 183-берене боюнча жоопко тартылыш керек.

Дилфуза жыныстык асылуулардан жабыр тарткан жарандарды коргоо боюнча документтер ар кайсы ѳлкѳдѳ укук системасына жараша ар түрдүү экенин белгилейт. Мисалы, жыныстык асылуу Франция менен Индияда кылмыш жазасына тартыла турган жоруктардын катарына кирип, ал үчүн 7 жылга чейин абакка отургузуу же ѳтѳ чоӊ ѳлчѳмдѳгү айып пул тѳлѳтүү каралган. Таксидеги харассмент учурлары дүйнѳ жүзүнүн бардык эле жерлеринде белгилүү. Маселен, эӊ чоӊ чуу жараткан иш Улуу Британияда 2006-2008-жылдарда 12 аялга сексуалдык асылуу менен аларды зордуктоого айыпталган Джон Ворбойстун иши болгон. 2009-жылы сот аны 10 жылга эркинен ажыратуу боюнча ѳкүм чыгарган. 2018-жылы Жогорку сот жабырлануучулардын экинчи ирет берген арыздарын карап чыгып, эркинен ажыратуу мѳѳнѳтүн кѳбѳйткѳн.

Лиана Натрошвили
Фото: жеке архив
Психолог Лиана Натрошвили таксист тарабынан жыныстык асылуу кѳрсѳтүлгѳн учурда ар кандай шылтоо менен тезирээк унаадан түшүп кетүүнү сунуштайт: «Машинанын номерин жана локацияны кѳзѳмѳлдѳѳнү досторуӊарга (атаӊарга, жолдошуӊарга) жѳнѳткѳнүӊѳрдү, ѳз убагында тийиштүү жерге жетпеген учурда айдоочуда кѳйгѳй жарала турганын айтып койсо болот.

Чынында эле эгер мүмкүнчүлүк бар болсо, айтылгандарды аткарып коюу абзел. Эгер «Яндекс.Такси» сыяктуу такси кызматын колдонсоӊор, тиркемедеги коркунучту билдирүү баскычын пайдаланса болот».Ошондой эле ал жѳнѳкѳй коопсуздук техникаларын сактоого: алдыӊкы орунга отурбоого, жолдон такси тоспоого кеӊеш берет. Эгер аял киши алдыӊкы орунга отурса, ага сексуалдык жактан тийишип, аны колдонууга боло берет дегенди түшүндүрбѳйт. Тек гана ниети бузук адамдын алдында анын алсыздыгын күчѳтүп коюшу ыктымал дегенди билдирет.
Таксидеги жыныстык асылууларга байланыштуу даттануулар менен психологго ѳтѳ эле сейрек кайрылышат. Мунун себебин Лиана жыныстык асылуулар ѳтѳ кѳп учураган кѳрүнүш болгондуктан, эл буга кѳӊүл бурбай калганы менен байланыштырат. Адамдар кышында кар жаагандыгына байланыштуу арыз менен кайрылышпайт да. Бул жерде деле ошондой: кыздардын кѳпчүлүгү (такси кызматын дайыма колдонгондор) мындай асылууларга жана сексуалдык максатта колдонуу аракеттерине кабылышат. Негизинен, мындай темалар иштин жүрүшүндѳ, зомбулуктун жана харассменттин башка эпизоддорунан улам белгилүү болот.
Ѳзбекстанда такси чакыруу кызматтарынын ири агрегаторлорунун бири болгон «MyTaxi» компаниясынан жүргүнчү каалаган мессенджер аркылуу реалдуу мезгил режиминде маршрут менен бѳлүшѳ ала турганын билдиришти. Ушундай жол менен таксиге отурардан мурун жакындарына маршруту тууралуу маалымат берип коюу мүмкүнчүлүгү бар – алар ошол учурдагы маршрут чагылдырылган шилтемени алышат.

Эгерде MyTaxi кардары айдоочунун туура келбеген жүрүм-турумуна туш болсо, ал жол жүрүү боюнча комментарий калтыра алат, же болбосо Телеграм @call_centre аркылуу MyTaxi колдоо кызматына кайрыла алат. Бардык жагдайлар тууралуу билдирүү жасоого болот, андан аркы териштирүүлѳр үчүн айдоочу автоматтык түрдѳ системадан бѳгѳттѳлѳт.

Системада жол жүрүүлѳр боюнча маалымат бир жылдан ашык убакыт сакталат. Эгер бир кыз MyTaxi тиркемеси аркылуу чакырган таксиде жыныстык асылууга кабылган болсо, ал укук коргоо органдарына арыз менен кайрыла алат. Компаниянын кызматкерлери тийиштүү органдардын суроо-талабынын негизинде айдоочунун ким экендигин, буйрутма берилген номерди, ал таксинин маршруттук кыймылын толук кѳрсѳткѳн маалыматты беришет.

Ѳзбекстандын аймагында такси агрегаторунун кызматын кѳрсѳткѳн «Яндекс.такси» компаниясынан журналисттин суроолоруна жооп беришкен жок.
Лонгридди даярдагандар:
Авторлор:
Зульфия Раисова,
Назигуль Жусупова,
Мазхаб Джумъа,
Ирина Матвиенко
Лонгриддин редактору:
Наталья Ли

Идеянын авторлору:
Зульфия Раисова
Дастан Аккожа
Баяндарды чогулткандар:
Исмаил Карыпов,
Фарангис Давронова,
Вера Сухина,
Анастасия Черепанова,
Дастан Аккожа,
Кирилл Флаймен,
Молдир Албан
Иллюстрациялар:
Насиба Каримова

Верстка:
Карина Толмачева
Лонгрид «Борбор Азияда таксидеги коопсуздук» маалыматтык кампаниясынын алкагында даярдалды.