Айдоочу акысыз жеткирүүнү сунуш кылды. Жеткен соӊ – мастурбация жасай баштады...
Айдоочу акысыз жеткирүүнү сунуш кылды. Жеткен соӊ – мастурбация жасай баштады. Коркуу, жийиркенүү. Такси менен жүрүүдѳ ѳтѳ сак болуп калдым.
Эки жыл мурун болгон. Апрель айы, кечки саат 7, кѳчѳ караӊгы...
Эки жыл мурун болгон. Апрель айы, кечки саат 7, кѳчѳ караӊгы. Курстан чыгып такси менен кетип бара жаткам, түшѳ турган аялдамага жетип калганда айдоочудан токтотуп коюусун ѳтүндүм. Бирок токтоткон жок, 4 жолу катуу кайталадым. Таксиден секирип түшүүгѳ да даяр болуп калдым, эшикти ачып жибергенимде, таксист токтоп калды. Дароо 10к берип, калганын албай түшүп кеттим. Үйгѳ чейин ит куугандай чуркап бардым. Ооруканага барып маалым кат алдым да, колледжге барбай үйдѳ жаттым. Кечке чейин калбай, үйгѳ эрте жана коомдук транспорт менен жетейин деп, курстарымдын баарын эртеӊ мененкиге котордум.
Балким, сырткы кѳрүнүшүм ылайыксыз болчу деп ѳзүмдү дагы күнѳѳлѳп жүрдүм. Бир жарым жыл бою таксиге түшкѳн жокмун.
Мен түшкѳн абалды асылуу деп айтса болобу же жокпу, билбейм. Бирок мындай нерсе биринчи эле жолу болгон жок...
Мен түшкѳн абалды асылуу деп айтса болобу же жокпу, билбейм. Бирок мындай нерсе биринчи эле жолу болгон жок. Таксиге отуруп кетип бара жатканда таксист жигитим бар-жок экенин сурады. «Жок» деп жооп берсем, эшиктерин бекитип салып, мага бурулду да, «Кечки убакытты бирге ѳткѳрүү үчүн бирѳѳ керекпи?» деп сурады. Кайра эле «жок» дедим. Колун буттарыма узатып, сылай баштады. Дароо ордуман жылып, милицияга чала турганымды айттым. Эшиктерин ачты да, мени «келесоо» деди. Машинасынан түшкѳндѳн кийин аталган такси кызматынын колдоо борборуна билдирүү жибердим. Мындай окуялар кѳп эле болот, ошондуктан башка эч жерге кайрылган жокмун.
Бул сыяктуу кѳрүнүштѳргѳ кѳнүп калдым деп айтсам да болот. Таксиде, кѳчѳдѳ балдар тийише беришет, мен болсо жѳн гана сокку бергенди же кѳӊүл бурбай койгонду үйрѳндүм. Мындай абалда башка эмне кыла алабыз? Эл баары бир эркектердин таламын талашып, кийимибиз ачык, жүрүш-турушубуз туура эмес деп кайра ѳзүбүздү күнѳѳлүү кылып коюшат.
Курбум экѳѳбүз үйгѳ шашып жатканбыз, андыктан биринчи токтогон машинага отура калдык...
Курбум экѳѳбүз үйгѳ шашып жатканбыз, андыктан биринчи токтогон машинага отура калдык. Жол бою айдоочу мени суктанган кѳздѳрү менен карап барыптыр. Атама чалымыш болуп, бизди тосуп ал деп айтып койдум. Айдоочунун артындагы орунда отургам, аны кѳргѳн жокмун, кѳз караштары жѳнүндѳ курбум айтып берди. Унаадан түшкѳндѳн кийин ал айдоочу дүүлүгүп калганын айтты. Кудай сактап, башыбызга жамандык келген жок.
Абалдын кооптуулугун курбум таксинин айдоочусунун кѳз карашы менен физикалык абалын айтып бергенде гана түшүндүм. Ошол бузукунун курмандыгы болуп кала жаздаганымды ойлоп, катуу корктум. Бир жума бою ушундай окуяларды изилдедим, кесепетин ойлосом жүрѳгүм оозума тыгылат. Ал тургай мурчтуу баллон сатып алайын деп да ойлодум.
Чоӊ эле киши номерин жазып алуумду сунуштап, «агаӊ» болуп берем...
Чоӊ эле киши номерин жазып алуумду сунуштап, «агаӊ» болуп берем, финансы жагынан жардам берем деп убада кылып, мени ынандырууга аракет кылды. Менин «жашы жете элек кызмын» деп айтканым деле ага таасир эткен жок. Үч күн нес болуп жүрдүм, мага тийбесе, кармабаса деле, бул окуя моралдык жактан терс таасирин тийгизди. Аялы, балдары бар, атаӊ менен теӊ кишинин сага жабышканы ѳтѳ эле жагымсыз…
Унаанын ичинде жалгыз эмес болчумун. Жанымда эжем бар эле. Үйгѳ баратканбыз, жолго чыккандан 10 мүнѳт ѳткѳн соӊ, айдоочу менден сураштыра баштады...
Унаанын ичинде жалгыз эмес болчумун. Жанымда эжем бар эле. Үйгѳ баратканбыз, жолго чыккандан 10 мүнѳт ѳткѳн соӊ, айдоочу менден ким менен, кайсы жерде жашарымды, үйдѳ канча киши бар экенин сураштыра баштады. Эжем телефон менен сүйлѳшүп бара жаткан. Телефонумдун номерин сурады. Корко баштадым. Суроолоруна жооп берген жокмун. Үйгѳ жетип, машинадан түшүп жатканда телефонум калып калганын кѳрүп, аны алайын дегенимде, айдоочу эшиктерин беките салды. Машинада жалгыз калдым. Туталанып ыйлагым келе баштады, номеримди бермейинче машинадан түшүрбѳсүн айтып туруп алды. Эжем эшикти какканда гана аны ачты, мен аттап-буттап түшүп кеттим. Чачымды кое берип, тизеден ылдый кѳйнѳк кийип алгам. Мындай кѳрүнүштѳн мен коркпошум керек, негизи эле таксиге түшүүдѳн чочулабашым керек. Азыр мен таксини абайлап тосом, жайлуулугуна карабастан кѳбүнчѳ автобус же метро менен жүрүүнү жактырам. Ооба, мен таксисттерден корком.
Мындай окуя бир эле жолу болгон жок. Бирок акыркысы ѳтѳ эле жаман таасир калтырды. Азыр го анча-мынча унутуп калдым, бирок ошол учурда кѳчѳгѳ чыккандан коркуп калгам. Кыз болсом эле баарына макул болушум керекпи? Муну кѳзѳмѳлгѳ албаган мамлекеттик органдарды жек кѳрѳм. Бул чындап эле олуттуу кѳйгѳй эмеспи!
Күндѳгүдѳй эле окууга барыш үчүн такси тосуп, алдыӊкы орунга отурдум...
Күндѳгүдѳй эле окууга барыш үчүн такси тосуп, алдыӊкы орунга отурдум. Рулда спорттук костюм кийген орто жаштагы москоол киши экен. Жолдо эч кандай деле ѳзгѳчѳлүк байкалган эмес, бирок жарымдап калганда жолчыракка токтогонубузда колу менен тиземе чаап, буттарым чымыр экенин белгилеп, спорт менен машыгасыӊбы деп сурады. Ачуум келип, дароо колун түртүп жибердим. Жеткиче анын жанында ыӊгайсыз сезип бардым. Башка такси тосуп отуруп кетейин десем, окууга кечигип жаткам. Ошондуктан анын кыймыл-аракетине олуттуу кѳӊүл бурбоону чечтим.
Мектепке кечигип жаткам. Кыш болчу, эртеӊ мененкиси абдан эле караӊгы. 9-класста 1-сменада окучумун...
Мектепке кечигип жаткам. Кыш болчу, эртеӊ мененкиси абдан эле караӊгы. 9-класста 1-сменада окучумун. Такси тостум (ал убакта атайы такси кызматтары жок болчу). 30 жаштардагы киши экен. Жашымды, кайда окуганымды ж.б. сураштырып жатты. Атайын эле курагымды кичирейтип, 14 жаштамын деп койдум. Негизи эле ѳз курагыман жаш кѳрүнчүмүн. Мектепке жеткенде эшиктерин бекитип салып, кечинде бир жакка алып барам деп, номеримди сурай баштады. Кайдагы бир ресторандарды айтып жатты. Акчаны ыргытып салып, эшикти ѳзүм ачып түшүп кеттим. Эртеси күнү дагы кечиге турган болуп, жолго чыксам, мени күтүп туруптур. Машинасын эстеп калыптырмын. Унаасынан түшүп мени кѳздѳй басты. Ошол маалда башка машина токтоп калып, ага отуруп кеттим. Даректи айтып, ылдамыраак айдоосун ѳтүндүм. Акыл-эси жайында эмес айдоочу белгилүү бир убакыт бою артыбыздан келди, сигнал басып, мени жалапсыӊ деп кыйкырып, уят-сыйытсыз жесттерди кѳрсѳтүп жатты. Кийинки жумасында автобус менен кетүү максатында эртерээк чыгууга туура келди. Окуядан кийин бир нече жолу машинасын кѳрдүм. Мага жакындаган жок.
Азыр такси чакыруу кызматтарынан гана пайдаланам. Айдоочу менен сүйлѳшүүнү каалабаганымды кѳрсѳтүш үчүн музыка укпасам деле кулакчын тагып алам. Дайыма жолду карап кетем. Кээде Яндекс такси кызматынын айдоочулары мага: «Зарядым аз калды, тиркемеден сапарды аяктатып, андан ары картасы жок кетсек болобу?» деп сурашат. Эч качан макул болбойм. Карта ѳчсѳ, жолду да кѳрбѳй каласыӊ. Баарыӊарга буга уруксат бербегиле деп айтат элем. Эгер тиркеме силердин макулдугуӊар жок жабыла турган болсо, анда таксиден түшүп кеткениӊер оӊ.
Ѳлчѳмүн билип алып, лифчик белек кылыш үчүн тѳшүмдү кармап кѳргүсү келгенин айтты...
Ѳлчѳмүн билип алып, лифчик белек кылыш үчүн тѳшүмдү кармап кѳргүсү келгенин айтты. Колун тѳшүмѳ карай созду.
Алдыӊкы орунга отуруп кетүүдѳн коркуп калдым. Ѳзүмдү булганыч сезип, мындай адилетсиздиктен улам аябай ачуум келди.
Жигитим узатып чыккан, түнкү саат 11 болчу. Даректи айтып койгон, 8 мүнѳттүк жол болчу...
Жигитим узатып чыккан, түнкү саат 11 болчу. Даректи айтып койгон, 8 мүнѳттүк жол болчу. Арты-артынан жаадырган суроолоруна каалоосуз, эптеп эле жооп берип жатканым байкалып турду. Бир нече мүнѳттѳн кийин бир жерге барып кофе ичүүнү сунуш кылды. Түн жарымында мындай жайлар кѳп иштебейт. Демек, башка жак жѳнүндѳ айтып жатат. Макул болгон жокмун, кѳндүрүүгѳ аракет кылды, кеч болгонун, үйгѳ кетүүм керек экенин түшүндүрдүм. Үйүм жакка жетип калганда, токтой турчу жерден ары ѳтүп кетип, номеримди сурай баштады. «Номериӊди бербесеӊ, машинадан түшүрбѳйм» дегендей айтып жатты. Коркуп кетип, жүрүп бара жаткан машинадан түшүп кеттим.
Чынын айтсам, биздин менталитет менен мындай мамилеге кѳнүп деле каласыӊ, кырдаал деле анчалык олуттуу деп эсептелбейт. Кээ бир кыздар меникинен кыйла жаман окуяларга дуушар болушат. Мындан ары ѳзүм да, жигитим да такси тандоодо ѳтѳ сак болууну чечтик.
Күндүзгү саат 11-12лерде болгон. Апам экѳѳбүз элчиликтен чыктык, ал жумушка барышы керек болуп, мен жалгыз үйгѳ кеттим...
Күндүзгү саат 11-12лерде болгон. Апам экѳѳбүз элчиликтен чыктык, ал жумушка барышы керек болуп, мен жалгыз үйгѳ кеттим. Жолдон машина тостум, ак түстѳгү Лассети токтоду, каякка барарыбызды жана баасын макулдаштык. Арткы орунга отурдум. Таксист 35-40 жаштардагы киши экен. Жолдо бара жатып, «канчадасыӊ, кайда окуйсуӊ, жалгыз жүрѳт экенсиӊ, айдоочу керек эмеспи?» деген суроолорду берди. Ыӊгайсыз боло баштадым, жакын калганда акчамды даярдап, бир нерсе болсо, карматпай дароо түшүп кетейин деп потрфелимди эшикке жакын коюп койдум. Андан ары кирбесин деп, чоӊ жолдун боюнан дүкѳндүн жанына токтоп коюусун ѳтүндүм. Токтогондо дароо бурулуп, тиземди кармай калды, ал тургай бутумду сыйпалап да үлгүрдү. Бактыма жараша, эшиктерин бекитпептир, аттап-буттап түшүп кеткенге үлгүрдүм. Кѳчѳдѳ киши кѳп болгондуктан, артыман келбейт болчу. Албетте, коркуп кеттим, бирок оӊой кутулганыма сүйүндүм.
Ошондо мында жѳн гана жолум болбогонун, жашоодо ар кандай нерсе болот деп ойлоп койгом. Кыздардын дээрлик бардыгы ушундай абалга туш болушат. Кесепети ар кандай болот, мен болсо кутулуп кеттим. Чоочун бир эркектин буттарымды кармалаганы ѳтѳ жийиркеничтүү. Бирок мында коркунучтуу эч нерсе жок деп ѳзүмдү тынчытып койдум. Ата-энеме айткан жокмун. Азыр эми машинанын номерин жаттап калып, милицияга арыз жазсам деле болмок деп ойлонуп отурам.
Мен хиджаб кийип жүрѳм. Окуу жайына барыш керек болуп, жолдун боюнан такси тостум...
Мен хиджаб кийип жүрѳм. Окуу жайына барыш керек болуп, жолдун боюнан такси тостум. Кайсы бир такси компаниясынын (эсимде жок) чаптамалары бар саргыч боз кобальт токтоду. Артында отургам, жолдон эки эркек кишиге токтоп, алдыӊкы орунга ѳтүп алуумду суранды. Эки киши барда эч кандай шек жаралган жок. Айдоочу атамдан улуу, 50-55 жаштардагы киши экен. Ар кайсы темаларда сүйлѳп, эмнегедир мени мактап, комплименттерди айта баштады. Кѳӊүл бурган жокмун. Унчукпай эле угуп отурдум. Бир маалда рычагды кармап турган колу менин тиземе тийип кетти. Бутумду жылдырып койдум. Анан ачык эле колун бутума койду да, маанисиз ар кайсы нерселерди сүйлѳп кете берди. Корко баштадым, узун бойлуу, москоол киши, анысы аз келгенсип тердин жыты мурунду жара баштады. Жийиркенип кеттим. Мен ачууланып, кыйкыра баштаганда гана колун тартты. Колун тарткан менен, тилин тартпай, андан ары тоодо үйүм бар, ошол жакка баралы деп сунуш кылды. Абдан эле корктум. Колуман эмне келет? Ал иштеген такси компаниясына гана чалып, арыздана алам. Машинадан түшкѳндѳ анын номерин жаттап калып, телефонго жазып алдым. Бул унаа катталышы мүмкүн болгон агенттиктерге чалып сураштыра баштадым. Бирок эч жерде катталбаптыр. Бул тууралуу ата-энеме айткан жокмун, алар буга ѳзүм себеп жаратып, алдыга отуруп алганымды айтып, кайра мени күнѳѳлүү кылып коюшмак. Эгер милицияга кайрылсам, үй-бүлѳмдү да териштирүүгѳ катыштырмак. Ал эми ѳзбек кыздары үчүн мындай окуя кадыр-баркыбызга шек келтирет.
Ар кандай учурда эркектер тарабынан асылууга кабылышым мүмкүн экенин ойлоп, алсыздыгымды сездим. Күндүз дагы жалгыз жүрүү кооптуу экенин билдим. Катуу стресске кабылдым. Сабакка да бара албай калдым. Ошондон кийин таксинин алдыӊкы орундугуна отурбай калгам жана жаныма бир байлам ачкыч алып жүрѳм. Дайыма арткы орунга отурам. Яндекс кызматынан такси чакырам. Бирок бул системада деле катталбаган, башка унаа менен, башка ат менен иштеп жүргѳндѳр бар экен. Ѳтѳ сак болуп, жаныма эркектерди жолотпойм.
Таксиде жигитимдин үйүнѳ бара жаткам. Таксист канча жашта экенимди, улутумду, ислам динин тутканымды сурай баштады...
Таксиде жигитимдин үйүнѳ бара жаткам. Таксист канча жашта экенимди, улутумду, ислам динин тутканымды сурай баштады. Тырмагым узун жана маникюрум ачык түстѳ болчу. «Тырмагыӊ ѳзүӊүдүкүбү? Үйдѳн жумуш жасайсыӊбы? Тамак бышырасыӊбы?» деп сурады. Бардык суроолоруна туура жооп бердим, жашым 17де экенин, үйдѳ тамак жасабаганымды, мусулман экенимди айттым. Күйѳѳӊ барбы деген суроосу таӊ калтырды. 17 жаштагы кызда кайдагы күйѳѳ? Кыскасы, суроолору мен үчүн ѳтѳ эле кызыктай сезилди.
Ал учурда жаӊы эле күйѳѳгѳ тийгем. 1 ай болуп калса керек эле. Поликлиникага барып келүү зарылчылыгы чыкты...
Ал учурда жаӊы эле күйѳѳгѳ тийгем. 1 ай болуп калса керек эле. Поликлиникага барып келүү зарылчылыгы чыкты. Биздеги салт боюнча, жакшынакай болуп, кооз кийимдеримди кийип, жасалгаларды тагып жүргѳм. Машина токтоттум. Негизи артына эле отурчумун. Бул жолу арткы орундарында жүк болгондуктан, алдыӊкы орунга отурууга туура келди. Токтогондон кийин уялып, алдына отурдум. Мени карап бара жатканын сездим, оӊтойсуздана баштадым. Ар кандай суроолорду берип, тийише баштаганда дароо эле күйѳѳм бар экенин айттым. Ишенген жок. Комплименттерди айтып, номеримди сурады. Тийишкенин токтотуусун ѳтүнүп, турмушка чыкканымды дагы бир жолу кайталадым. Мени менен жѳн гана дос болгусу келгенин, аялы бар экенин, мени карындашы катары кѳрүп жатканын айтты. Унаадан түшүп кетейин дедим. Мындай учурда эмне кылышты билбей каласыӊ да. Күндѳн калкалоочу кѳз айнек тагынып жүргѳм. Кѳздѳрүмдү кѳргүсү келгенин айтып, колун узатып, ал тургай кѳз айнегимди чечип жиберүүгѳ үлгүрдү. Чочуп кеттим. Тим калбай жийиркеничтүү колун бутума койду! Кыйкырып жибердим. Буттарым, фигурам жакшы экенин айтып жатты. Болгон үнүм менен бакырып, токтотуусун талап кылдым. Коркуп кетип, жолдун кесилишинен токтоткондо, акчаны ыргытып жиберип, түшүп кеттим. Бир күн бою ачууланып, жийиркенип жүрдүм. Күйѳѳмѳ айтсам, арыз жазып, ал таксистти табалы деди. Тилекке каршы, номерин да эстеп калбаптырмын. Мени тынчытып, моралдык жактан колдоп койду. Ошондон кийин таксини буйрутма аркылуу гана чакырып, чоочун машиналарга отурбай калгам.
Негизи, мындай окуялар абдан эле кѳп. Чынын айтсам, мунун туура эмес экендиги тууралуу ойлонуп деле кѳрбѳптүрмүн. Балким, эмне үчүн артка отурган жокмун, арты бош эмес экенин кѳрүп туруп, кайра кетирип жиберүүдѳн эмне үчүн уялдым, эмнеге кооздонуп кийинип алдым эле ж.б. шылтоолор менен ѳзүмдү күнѳѳлѳмѳкмүн. Азыр болсо, түрдүү долбоорлордун жардамы менен кѳйгѳй менде эмес экенин, муну жасаган кишилердин ѳздѳрүндѳ экенин жакшы түшүнүп калдым.
Апам менен Ташкенттен Навоиге кайтып келе жатканбыз. Апам алдыӊкы орунда отурган. Мен жана дагы эки адам артында болчубуз...
Апам менен Ташкенттен Навоиге кайтып келе жатканбыз. Апам алдыӊкы орунда отурган. Мен жана дагы эки адам (ага-карындаш) артында болчубуз. Жай жана күн абдан ысык болгондуктан, кыска шорты кийип жүргѳм. Уйку-соонун арасында бутумду бирѳѳ сылап жатканын сездим. Кѳзүмдү ача калып карасам, жанымда отурган 20-23 жаштардагы бала колу тийген боюнча уктамыш түр кѳрсѳтүп койду. Колун жылдырып, кайра уктайын дедим. Дагы эле бутумду сылап жатканын сездим. Корко баштадым. 6 жашымдагы окуя эсиме түштү. Кыйкырып жиберсем, машинанын ичиндегилерди сабап койсочу? Улам эле уктамыш болуп коёт, мен болсо колун алып ыргытам. Уйкум да келбей калды. Мындай бетпаксыздыкты күткѳн эмесмин: артымды салып отуруп алган учурда да бутумду кармалап жатты. Эӊ коркунучтуусу – мунун баарын ѳзүндѳй эле 20 жаштардагы карындашы байкап келе жатты. Эмне үчүн ал муну токтоткон жок? Эмнеге үн каткан жок? Карындашы мунун баарын байкап келе жатканын кантип түшүндүм деп ойлойсуӊар? Биз май куюучу станцияга токтогондо, экѳѳбүздүн ортобузда карындашы отургандай кылып ордумду алмаштырып алдым. Эми тийишпейт деп ойлодум. Кайдан? Жыргап, эми уктап бара жатканда, кайрадан тигинин колун сезип кеттим. Кѳзүмдү ачып, колун карындашынан ѳтүп мага созуп жатканын кѳрдүм. Ал эми карындашы баарын кѳрүп, үн катпай отура берди. Бул жолкусунда «эй!» деп эле айта алдым, кайра уктамыш болуп койду. Ошентип Навоиге чейин жеттик.
Курбум менен метрого түштүк. Окуунун алгачкы күндѳрү. Эл толтура. Мынчалык кѳп кишини мурда кѳрбѳсѳм керек...
Курбум менен метрого түштүк. Окуунун алгачкы күндѳрү. Эл толтура. Мынчалык кѳп кишини мурда кѳрбѳсѳм керек. Курбум менен тыгылыштын ичинде турабыз. Бир маалда кимдир-бирѳѳнүн менин жамбашымды кармаганын сезип кеттим. Курбумду караганда, ал мага жылмайып койду. Ошол тамашалап жатат го деп койдум. Эки-үч жолу ошентти. Улам караган сайын, курбум мага жылмая берди. Ойноп жатат деп, эч нерсе айткан жокмун. Вагондон чыгып бара жатканда гана жамбашымды кармалаган курбум эмес экенин түшүндүм. Ал менин сол жагымда келе жаткан. Ал эми жамбашымды артыман кармалады. Ачуум келип кетти, бирок артты карай алган жокмун, тыгылыш болгондуктан, эки жакка бурулуу мүмкүн эмес эле. Бир аз киши азайгандан кийин эки жагымды карадым. Бирок, артымда кѳзүм жок болгондуктан, баары бир ким кылганын биле албайт болчумун.
Күз мезгили. Эртеӊ мененки убак. Колледжге кечигип жаткандыктан, такси тосууга туура келди. Ал кезде Яндекс азыркыдай популярдуу эмес болчу...
Күз мезгили. Эртеӊ мененки убак. Колледжге кечигип жаткандыктан, такси тосууга туура келди. Ал кезде Яндекс азыркыдай популярдуу эмес болчу. Жолдон такси тосконду жактырбайм, кооптуу, бирок аргасыз болдум. 50-55 жаштардагы салабаттуу кѳрүнгѳн киши токтоду. Негизинен ѳзбекче сүйлѳп жатты, орусча акцент менен сүйлѳйт экен. Эки тилди теӊ билем, аны сонун эле түшүнүп жаттым. Соодалаштык, алдыга отуруумду кѳшѳрүп суранып алды. Тѳмѳнүрѳѳк бааны айтканым үчүн жолдон дагы бир киши алуусуна макулдук бергем. Бул кадимки кѳрүнүш. Бара жатып сүйлѳшѳ кеттик. Каяка бара жатасыӊ? Кайда жашайсыӊ? Үйгѳ кайра кайсы убакта кайтасыӊ? Сыяктуу суроолорду бере баштады. Калп айтып жаттым, чочулоо жаралды. Кезектеги суроосу коркунучтуу баарлашуунун башталгычы болду: - Жигитиӊ барбы? - Ооба. – Аны менен жакын болдуӊар беле? (Мен сыпаа айтып жатам, жаман жаргон менен айтылганын ѳзүӊѳр деле түшүнүп турсаӊар керек). Андай болгон эмес деп жооп бердим. Ал сѳзүн улантты: - Кечээ кыз-жигитти жеткиргем. Арткы орунга отуруп, ѳтѳ берилип ѳбүшүп келе жатышты. Жигит кызынын тѳшүн кармаласа, кызы анын «сыймыгын» кармалап жатты… Чыӊалып кеттим, сѳзүн бѳлѳйүн деп корктум. Жини келип кетип бир нерсе кылып жиберсечи? Унчукпай кете бердим. Айдоочу сѳзүн улантты: - Ѳтѳ эле берилип, катуу ѳбүшүп жатышты, мен кызыгып карап, ѳзүмдү сылап жаттым, аябай жагымдуу абалга түштүм. Кѳрсѳ, жигити кызын үйүнѳ жеткирип бара жатыптыр, кызы түшүп кеткенден кийин тиги бала менен сүйлѳшѳ кеттик. Алар деле бири-бири менен катнашта боло элегин, азырынча баарын үйрѳнүп жаткандарын айтты… Коркуудан жана жийиркеничтен кускум келип кетти. Кыз-жигиттин стандарттуу эмес жыныстык мамилесин «арткы тешиктен кошулуу» жана оралдык сылап-сыйпоо жѳнүндѳ майда-чүйдѳсүнѳ чейин сүрѳттѳп берди. Буларды максималдуу түрдѳ кантип сыпаа айтып берүүнү да билбей турам. Түшүндүӊѳр го деп ойлойм. Акырын гана: «Мага булардын баары кызык эмес. Улантуунун кереги жок» дедим. Укмаксан болуп, ѳзүн мактоого ѳтүп кетти. «Сыймыгын» мактап, кармап кѳрүүмдү сунуштады. Эртеби-кечпи муну башташым керек экенин, бул ѳтѳ жагымдуу нерсе экенин айтып жатты. – Сага жагат, келсеӊ… же мен кылайынбы? Бактыга жараша, дагы бир кыз тосуп калып, ага токтоду. Макулдашып, андан ары жолду уланттык. Ошол учурда, ырас, курбум чалып калды (мурунураак мага чал деп смс жибергем). Аны менен атам менен сүйлѳшүп жаткандай сүйлѳштүм. Жетип-жете элегимди атам сурап жатканын белгилүү кылып, ак матиз менен бара жатканымды жана колледжге чейин эки аялдама калганын айтып койдум. Жеткиче сүйлѳшүп барууга аракет кылдым. Жеткенде жолчырактан эле акчасын таштап түшүп кеттим. Берки кыз жакшы эле жетсе керек. Тилекке каршы, бул биринчи жолку окуя эмес. Коомдук транспорттордун ичинен да асылгандар болгон. Мисалы, автобуста абдан кѳп адам болгондо, жамбашыӊа атайылап же кокусунан тийгенин билбей каласыӊ. Бирок, мындай абалда бир эле жолу болбойсуӊ, кимдир-бирѳѳнүн колу шымыӊдын ичине кирип бара жатканын сезесиӊ… артка бурулуп карап, ким экенин түшүнѳ албайсыӊ. Башка жерге барып туруп алайын дейсиӊ, тыгылыш болгондуктан, ордуӊан жыла албайсыӊ. Ким экенин билип калып, ачууланып, уруша баштаганда, шашып автобустан түшүп кетет. Ичи бош автобустан бир бала тѳшүмдү кармалап кеткен учур болгон. Ачык кийимчен эмес болчумун. Булардын баары Ташкентте жүргѳндѳ туш болгон окуялардын бир эле бѳлүгү.
5-март саат 18:10, ак түстѳгү спарк, 50 жаштардагы киши. Жанында бир жигит (кардар) отурган. Бир жерден жигитти түшүрүп коюп, андан ары мени жеткирерин айтты. Макул болдум...
5-март саат 18:10, ак түстѳгү спарк, 50 жаштардагы киши. Жанында бир жигит (кардар) отурган. Бир жерден жигитти түшүрүп коюп, андан ары мени жеткирерин айтты. Макул болдум. Мустакиллик кесилишине жакын «Манго» дүкѳнүнүн жанынан отурдум. Беруниге чейин бардык. Акфа Медлайндын жанынан тиги баланы түшүрүп, кайра келе жатканда дагы эки балага токтоду. Алдына ѳтүп алуумду суранды. Тиги эки баланын жанында артында эле кете берсем болмок. Балдар Новомосковский кѳчѳсүнѳн түшүп калышты. Андан ары мага комплимент айтып, тиземди сылап, бетимди, чачымды кармалап, «баарлашууга» аракет кыла баштады. Күчтүүрѳѳк болгондо, дароо ордуна коюп коймокмун. Менде болсо коркуу, азап тартуу, сыздоо, оозумда ачуу даам, жан дүйнѳмдѳ жийиркенүү… Үйгѳ саат 8де араӊ жеттим. Душка кирип колунун издерин жууп кетирүү максатында бир сааттан ашык отурдум. Кѳп убакыт ѳттү, бирок кечээ эле болгондой. Мени «Балким сен туура эмес ойлоп жатасыӊ? Чоӊ атасы небересин эркелеткендей эле мамиле кылса керек? Бирѳѳгѳ айтсаӊ шылдыӊ болосуӊ!» сыяктуу биздин ѳзбекче тарбиябыз башкарып турду. Эл эмне деп айтарынан коркпой, биринчи кезекте ѳзүбүздү ойлой турган.
Жумушка кечигип жаткам, автобусту күтпѳй, такси тостум (Яндекске акчам жетпейт болчу). Жолдо таксист менен сүйлѳшүп бара жатканбыз. Бир маалда «Жигитиӊ барбы?», «Качан бош болосуӊ?» деп сурады. Мен үчүн анын мындай суроолору ѳѳн учурап, аны менен болгон сүйлѳшүүнү телеграмга, досторум менен чатка жаздыра баштадым. Чаттагы бир кыз жакшы жетип алуумду камсыздоо максатында мага чалууну сунуштады. Чалды. Бирок, мен сүйлѳшүп жаткан учурда таксист машинасын токтотуп, сүйлѳшүп бүткѳндѳн кийин кайра жылды. (Эмнегедир ошондо унаадан түшүп кетүү оюма келбептир. Кечигип жаткандыктан, жумушка убагында жетүү аракетинде болчумун. Анын үстүнѳ коркуп, эмне кылышты билбей калдым.). Тийиштүү жерге жетип калганда мага асылып, жол акысын денем менен тѳлѳп берүү мүмкүнчүлүгү бар экенин айтып, колун тиземе койду да (алдыӊкы орунда отургам, арткы орунда айдоочунун буюмдары бар болчу), колумду кысып, ѳбүүгѳ аракет кылды. Колун катуу тиштеп алдым. Ошондон кийин гана тынчып, керектүү жерге жеткирип койду.
Мен театрдан таксиге отуруп үйгѳ кетип бара жаткам. Жеткенде, таксист токтоп акчаны алайын деп мага бурулганда, бетимди кѳрдү...
Мен театрдан таксиге отуруп үйгѳ кетип бара жаткам (негизи курбум жана анын апасы менен автобуска түшүп кетчүбүз, бул жолу алар башка жакка кете турган болуп, мага жолдон такси тосуп беришкен). Жакшы эле кетип бара жатканбыз. Менин театрым (мынчалык кеч каяктан келе жатканымды сураганда айткам), анын үй-бүлѳсү жѳнүндѳ сүйлѳшүп жаттык. Жеткенде, таксист токтоп акчаны алайын деп мага бурулганда, бетимди кѳрдү (меники безеткилер чыгып кеткен кѳйгѳйлүү тери). Анан башталды: - Безетки кѳп чыгат экен. – Ооба, билем. –Кантип дарылоону билесиӊби? Бир ыкмасын айтайынбы? - Айтыӊыз. – Аял менен эркек жыныстык катнашка кирип, эркек аялдын ичине урук чачканда, гормондордун алмашуусу жүрүп, териге жакшы таасирин тийгизет.
Мен унаасынан түшүп кетүү максатында эшикти ачайын дегенде, эшик ачылбай койду. Бекитип салыптыр. – Кааласаӊ, мен сага бул иште жардам берейин. – Жок, кереги жок. – Назданбай эле койчу, дароо жакшы таасирин берет. Анын телефонунун номерин жазып алган соӊ гана мени чыгарды (Дароо эле ѳчүрүп салдым. Ошондо ата-энеме айтканда, номерин сактап койгондо, милицияга кайрылууга боло тургандыгын эми түшүндүм).
Таксидеги асылууга байланыштуу окуялар менде кѳп эле болгон. Акыркысы жѳнүндѳ айтып берейин...
Саламатсыздарбы. Таксидеги асылууга байланыштуу окуялар менде кѳп эле болгон. Акыркысы жѳнүндѳ айтып берейин. 2019-жылдын декабрь айы, 7-8 айлык боюмда бар. Наманган шаары, азык-түлүк алганы «Макро» дүкѳнүнѳ бара жаткам. Ѳзүм кичинекей, арык болгондуктан, кош бойлуу экеним деле кѳп байкалчу эмес. Айдоочу кайсы жерге бара турганымды уккан соӊ (эреже катары бара турган жерди, шаарды же кичи районду сурашат да), сатып алууларды ѳзү тѳлѳп берүүнү сунуштады. Мен сунушун четке кактым, биринчиден, ѳзүмдү ѳзүм багып, кам кѳрѳ алам (чакан бизнесим бар), экинчиден, мындай шылтоолордун себебин жакшы билем (биринчи жолу угуп жаткан жокмун). «Мен тѳлѳйм, анан чогуу эс алабыз» сыяктуу сѳздѳр айтыла турганы айдан ачык. Курсагымды кѳрсѳтүп, боюмда бар экенин айттым. «Эч нерсе болбойт» деп, үйлѳрдүн арасына айдап жѳнѳдү. Мындай жагдайга мурда кабылгандыктан, кыйкырып, ызы-чуу чыгарган жокмун. Тѳрѳтүм да жакындап калды. Эшикти бѳгѳттѳѳчү баскычты кармап, тынч кетип бара жаттым. Үйлѳрдүн алдынан тормозду басканда, дароо түшѳ калып, болгон күчүм менен эшигин тарс жаптым. Коркуп кетип, дароо айдап жѳнѳдү. Унаанын номерин сүрѳткѳ тартып алуу оюма деле келбептир...
Кечинде таксиге отурдум. Айдоочусу жашап калган киши экен...
Кечинде таксиге отурдум. Айдоочусу жашап калган киши экен. Бара жатып эле тыгын деген шылтоо менен башка жакты кѳздѳй бурулду. Жѳн кетпей, жашымды, ата-энем кайда иштээрин, кайсы шаардан экенимди (диалектим борбордукунан айырмаланып турат) сурай кетти. 16 жаштагы секелек кызмын да, болгонун болгондой айтып берип жаттым. Ата-энем калп сүйлѳбѳ деп тарбия беришкен да. Бирок, ѳзүмдү ыӊгайсыз сезип бараттым. Бирге тамактанууну сунуш кылды. «Аа тигине аялдамада атам турат» деп айта калып, түшүп кеттим. Аялдамага артымды карабай чуркадым. Ошондон кийин таксисттер менен ынтызарлардын баарына атам күч органында иштейт деп айтып жүрдүм. Окуядан кийин ата-энем кѳлѳмдүү «Нокиа» телефонун сатып берип, байланышта болуум үчүн ошол мезгил боюнча укмуштуудай кѳп каражат коротуп жүрүштү.
Таксиде таанышуу сунуштары, ачык кѳз караштар, номеримди берүүмдү/айдоочунун номерин жазып алуумду талап кылуу сыяктуу асылуу аракетине кѳп эле жолу кабылдым...
Таксиде таанышуу сунуштары, ачык кѳз караштар, номеримди берүүмдү/айдоочунун номерин жазып алуумду талап кылуу сыяктуу асылуу аракетине кѳп эле жолу кабылдым. Кѳӊүл бурбай коюу мүмкүн болбогон жана эсимен кетпеген окуяга сабактан кийин (15,00 чамасында) жаӊы ТашМинин имаратынын жанынан такси тоскондо кабылдым. 01y625ta номерлүү ак түстѳгү кобальт токтоду. Бара турган жеримди макулдашып жатып, айдоочу кызыктай сүйлѳп жатканын, кѳз карашы элегей экенин байкадым. Бирок, темпераменттин ѳзгѳчѳлүктѳрүнѳ байланыштырып, маани деле берген жокмун. Арткы орунга отурдум. Болжол менен 5 мүнѳт ѳткѳн соӊ, перифериялык кѳрүү аркылуу айдоочунун улам сайын мага карап бурулуп жатканын байкадым. Жакшылап карасам, мастурбация жасап жатыптыр. Коркконумду жана агрессиямды билгизбегенге аракет кылып, унааны токтотууну талап кылып, түшүп кеттим. Курсташтарыма айтып берсем, алар да бул айдоочуну кѳрүшкѳн экен. Жолдун боюна токтоп, жаш кыздарды карап алып мастурбация жасайт экен. Кийинчерээк группалаштарым менен ЖОЖдун башка корпусуна бара жатып, аны дагы бир жолу кѳрдүм. Биздин артыбыздан жай айдап келе жатыптыр. Телефонумду алып чыгып, камерасына тарта баштаганымды кѳрѳ калып, дароо башка жакка бурулуп кетти. Ошондон кийин мен да, тааныштарым да аны кѳргѳн жокпуз.
Алгач коркуу жана жийиркенүү сезими пайда болду. Андан кийин коркуу кыжыр кайноого ѳтүп кетти. Мурункудан да сак болуп калдым. Такси менен жүрүү эрежелерине алдыӊкы орунга отурбоо жана мамлекеттик номердик белгини эске тутуп калуудан тышкары айдоочуну кылдат карап чыгуу жана анын кебетеси/жүрүм-туруму башкача кѳрүнгѳн учурда унаага отурбоо принциптери да кошулду. Негизинен такси чакыруу кызматтарын гана пайдаланууга аракет кылам. Жолдон дээрлик такси тоспойм. Эгер мындай абалга дагы бир жолу түшүп калсам, ѳзүмдү коргоп калуунун жолун билем.
Таӊга маал досторум таксиге салып жиберишти. Үйүмѳн 10 мүнѳттүк жолдогу ресторанда отурганбыз. Кечке күлүп, кѳп сүйлѳшүп отурганбыз, уйкум келип жаткан. Азыр ойлосом, уйкулуу абалымды мас абалдай кабыл алган окшойт. Мени таксиге отургузуп, кучактап жатышкан, мен жалгыз эмес экеним жана досторум узатып чыкканы белгилүү. Кетип бара жатабыз, үйүмѳн ѳтүп кеттик, «апей ѳтүп кетиптирмин», «ой, азыр бурулайын», «эми паркты айланып келүүгѳ туура келет» деген шылтоолорду айтып жатты. Кээде жолдон тосуп калгандар болсо, артына отурушсун деп, таксинин алдыӊкы орундугуна отурчумун (ал учурда Яндекс жок болчу). Кѳзүм жабыша баштады, тиги бир нерселерди айтып жатты, күлүп жатты. Паркка келип калдык, сумкамды артка ыргытып жиберип, басып жатып калды. Бир нерсе деп, жүз доллар берди. Ыйлай баштадым – мени зордуктаганы аз калды, бул мен үчүн триггер эле. Ыйлап жиберсем, тиги акмактын каалоосу жоголуп кетти окшойт: «Болду эми, эмне болуп атасыӊ» деди. Башка кѳптѳгѳн кыздар сыяктуу эле ѳзүм күнѳѳлүүмүн деп ойлогом. Анан үйгѳ чыгып бара жатып, ар бир кабат сайын коркунучтун ѳзѳгүн түшүнүп жаттым. Милициядан жардам болгон жок. Бир-эки жолу мени жалапсыӊ деп айыпташты. 50 жаштардагы неме болчу, дин жолундагылардыкындай баш кийим кийип жүргѳн. Жол акысын да алган.
Саат 5, жай мезгили. Салондон чыгып, такси тостум. Артында бир кыз бар экен...
Саат 5, жай мезгили. Салондон чыгып, такси тостум. Артында бир кыз бар экен. Бир аздан кийин рулдагы бала жайбаракат эле жыныстык мүчѳсүн алып чыгып, мастурбация жасай баштаганын байкадым. Дүрбѳлѳӊгѳ түштүм, тиги кыздан эмне болуп жатканын кѳрдүӊбү, мунун акыл-эси ордундабы деп сурай баштадым. Коркуудан кыйкырып жатып, түшүп кеттим. Отурган кыз орусча түшүнгѳн жок окшойт. Кийин алапайымды таппай ѳзүм түшүп кетип, тиги кызды жалгыз таштап салганым үчүн ѳзүмдү күнѳѳлѳп жүрдүм.
Батирде жашачубуз, терезебиздин алдында сейилдеп жүргѳм. Узун бойлуу, 20 жаштардагы келбеттүү жигит мени аӊдып жүрдү...
Батирде жашачубуз, терезебиздин алдында сейилдеп жүргѳм. Узун бойлуу, 20 жаштардагы келбеттүү жигит мени аӊдып жүрдү. Ал тургай жаныма келип, бир нерсе сураганга да аракет кылды. Эмнени сураганы эсимде жок. Бир күнү мектептен келе жатып, ошол баланы үйүмдүн жанынан кѳрүп калдым. Мен жакты кѳздѳй басып келе жатыптыр. Мени кѳрѳр замат, бурулуп, артыман басты. Тезден баса баштадым, бирок ал менден биринчи коӊшу подъездге кирип, экинчи кабатка кѳтѳрүлүп үлгүрүптүр. Терезеден жагымсыз кѳз караш менен карап турганын кѳрдүм. Үйгѳ чуркап кирип, апама айттым. Апам да чуркап чыгып, 2 мүнѳттүн эле ичинде аны таппай калды. Дагы бир күнү курбум экѳѳбүз мектептен келе жатсак, биздин подъездибизде күтүп туруптур. Тѳмѳн түшүп баратып, экѳѳбүздүн ортобуздан ѳттү да, жамбашка чаап кетти. Жай болгондуктан юбка кийип жүргѳнбүз. Ошентип чыгып кетти, биз нес болуп туруп калдык. Ошентип аӊдып жүрүп, бир күнү жок болуп кетти. 2019-жылы башка жакка кѳчүп кеттик, окуя болгон жерден кыйла эле алыс жер болчу. Кездешип калдык. Мен аябай эле ѳзгѳрүп кеткендиктен, мени тааныган жок окшойт. Мен болсо тааныдым жана чочуп кеттим. Үй жакты карай чуркап жѳнѳдүм, ал болсо менин артыман карап туруп калды. Дүрбѳлѳӊгѳ түштүм.
Кадимки эле күн. Курбу кыздарым менен балдар аянтчасында ойноп жатабыз...
Кадимки эле күн. Курбу кыздарым менен балдар аянтчасында ойноп жатабыз. Коӊшу балдар «атышмай» ойноо менен алек… Эч кандай жамандыктын жышааны жок болчу. Суусап кеттим. Анда экинчи кабатта жашачубуз. Үйгѳ чыгып бара жатып, подъездден кошуна баланын чоӊ атасын кѳрүп калдым. «Кандайсыӊ, менин неберемди тааныйсыӊбы?» деп сурады. «Саламатсызбы, ооба билем. Сиз анын чоӊ атасысыз. Кечээ келбедиӊизби» дедим. «Туура айтасыӊ. Аны таппай жатам. Тапканга жардам бересиӊби?» дегенде, «Макул» деген жооп айттым. Колуман кармап, сонун кыз экенимди белгилѳѳ менен, колумду сылай баштады. Андан кийин атаны ѳѳп коюумду суранды. Дене-боюм дүркүрѳп кетти. Корккондон калчылдай баштадым. Бейтааныш киши туура эмес иш кылып жатканын жакшы түшүнүп турсам да, бетинен ѳбүүгѳ туура келди. «Жок, мындай эмес!» деп катуу айтты. «Кел ѳзүм кѳрсѳтѳйүн» деп бетимди, колумду жалады… Ѳтѳ жийиркеничтүү жана коркунучтуу аракет болду. Андан ары эмне болгонун так элестете албайм. Жүрѳгүмдүн соккону бүтүндѳй подъездге угулуп жаткандай сезилди. Эмнеге эч ким жардамга келбей жатат? 6 жашта болсом да, ѳзүмдү колго алууга аракет кылдым. Абалды тез баалап чыктым, эгер кыйкырсам, мени бир уруп эле ѳлтүрүп коюшу мүмкүн. Ал мага тийишти, жийиркеничтүү колдору назик денемди кармалады. Ошентип жатып каяка жашарымды сурады. Үйдѳ чоӊ апам эле бар болчу. Эшигимди кѳрсѳтсѳм, барып чоӊ апамды ѳлтүрүп салчудай сезилди. Башка райондо жашайм, бул жерге курбумдукуна келдим деп калп айтып койдум. Оюма бир амал келип кетти: «Мен аны чакырып келейинби? Биз бул оюнду бирге ойнойлу. Ал бул подъездде жашайт» дедим. «Жарайт, бирок тезирээк чыккыла» деп, мени коё берди. Болгон күчүм менен чуркап кеттим. Эшик ачык экен, чоӊ апам үй жыйнап жатыптыр. Чуркап кирип эле, эшикти тарс жаптым да, чоӊ апама эшик ачпоосун, подъездде маньяк жүргѳнүн, ал бизди ѳлтүрүп коёрун айттым. Чоӊ апам эмне болуп жатканын түшүнбѳй, териштирүү үчүн сыртка чыгууга камынды. Мен болсо чыкпа деп жалдырап жаттым. Ыйлап, эмне болгонун айтып бердим. Эр жүрѳк чоӊ апам подъездди байкаштырганы чыгып кетти. Албетте, тиги неме эчак кетип калды да. Эки саат бою туталанып ыйлап жаттым. «Ал ким эле?» деген суроого «Коӊшу баланын (атын атабай эле коёлу) атасынын атасы» деп жооп бердим. Чоӊ апам ошол баланын чоӊ атасы экенин деле түшүнбѳптүр. Ал баланын атасы деп ойлоптур. Атам келгенде аны сабап койду. Ооба, күнѳѳсүз адамды. Атам үчүн корккондуктан, чоӊ атасы жѳнүндѳ айтпоону чечтим. Ал педофилге бир нерсе болсо, атамды түрмѳгѳ камап коюшат деп корктум. Ошондон кийин ал бала менен таптакыр ойногон жокмун. Ал эми атасы үчүн азыркыга чейин ичим ачышат. Чоӊ атасын кѳрѳр замат качып кетчүмүн. Мындай окуялар тууралуу унчукпай коюу таптакыр туура эмес экенин эми түшүнүп жатам. Муну мурда эле билсем, аны түрмѳгѳ камап коюшмак. Оюндагысын башка кичинекей кыз менен ишке ашырган болсо эмне болот? Билбейм жана эч качан биле албайм. Ѳзүмдүн дагы кызым бар. Бул окуяны эстегенде, кызым үчүн коркуп кетем. Жазгандарымды аягына чейин окугандарды зомбулук, асылуу жѳнүндѳ эч качан унчукпай калбагыла деп чакырат элем. Күнѳѳсүздѳр жабыркап калбашы үчүн баарын майда-чүйдѳсүнѳ чейин териштирип чыгууну сунуштайм. Балдарыӊар менен сүйлѳшүп, аӊкоо жана мажүрѳѳ болбоого азыртадан үйрѳткүлѳ. Коӊшунун чоӊ атасы болсо да, эч ким менен эч качан жалгыз калбоосун эскерткиле.
Ал убакта айылга кѳчүп келгенибизге эки жыл болуп калган. Эки үй арыраак кошунаныкына сүткѳ жиберишти.
Ал убакта айылга кѳчүп келгенибизге эки жыл болуп калган. Эки үй арыраак кошунаныкына сүткѳ жиберишти. Үйүнѳ барсам, 40 жаштардагы күйѳѳсү чыгып, аялы бир аздан кийин келе турганын айтты. Анын ортосунда суйкайган сулуу кыз болгонумду да белгилей кетти. Мени артыман кучактап, катуу жабышты. Ошондо жамбаш жагымда катуу бир нерсени сездим. Мени кучактап алып, сѳйкѳнѳ баштады. Бала чагыман бери мындай асылуу биринчи эле жолу болбогондуктан, абалды дароо түшүнүп, кыймылдабай туруп бердим. Аялы чыгып калып, мени дароо коё берип жиберди. Андан кийин алардыкына такыр барган жокмун, ата-энеме күйѳѳсү мени кучактады деп, андан коркуп жатканымды айтып койдум.
Мен 6-класс кезимде апам жумуш боюнча чет ѳлкѳгѳ кетти. Тай эжем менен калдым. Мен эмчекте кезимде атам менен апам ажырашып кетишиптир...
Мен 6-класс кезимде апам жумуш боюнча чет ѳлкѳгѳ кетти. Тай эжем менен калдым. Мен эмчекте кезимде атам менен апам ажырашып кетишиптир. Ошондон бери эч кандай байланыш жок болчу. Бирок, апам кеткенден кийин атам пайда болуп, мени менен катыша баштады. Дайыма толук үй-бүлѳгѳ жана ата сыяктуу таянар адамга муктаж болуп жүргѳндүктѳн, бул окуя мени абдан кубандырып жатты. Башында баары эӊ сонун болчу. Бир күнү ѳзүмдү жаман сезип, атаман тынчытуучу дары ала келүүсүн ѳтүндүм. Менде бар деп, бир таблетка берди. Мен аны ичтим. Кийин ал таблетканы мага тез-тезден берчү болду, акыры кѳнүп калдым. Зыяны жок, чѳп-чардан жасалган дары деп берчү. Кѳрсѳ, наркотик экен. Кантип кѳз каранды болуп калганымды сезбей, баары жакшы деп жүрѳ бердим. Бир жолу тоодон келе жатканда колун саныма коюп, кызы суйкайып бой жеткенин айтты. Колун алып, ары жылайын деп аракет кылдым. Бирок, кѳшѳрүп, уялбай эле шортымдын ичине салып жиберди. Коркуп кетип, машинанын эшигин ачып, качып түштүм. Чуркап бара жаттым, дүрбѳлѳӊгѳ түшүп, колу-бутум эч нерсени сезбей калды. Жолго акчам жок болчу. Буюмдарымдын баары анын машинасында калган. Артыман келди, натыйжада аны менен үйгѳ жетүүгѳ аргасыз болдум. Окуядан улам сүйлѳй албай калдым. Бир жылга байланышыбыз үзүлдү, бир жылдан кийин тай эжем менен апамдан мени менен катышууга уруксат берүүлѳрүн сурана баштады. Аларга эч нерсе айткан эмесмин. Дагы бир мүмкүнчүлүк берүүмдү, «жаман эч нерсе деле кылбаганын» айтып жатышты. Үй-бүлѳмдүн зордоосу менен макул болуп, кайрадан катыша баштадык. Башында эч нерсе болбогондой мамиле кылып жатты, бирок бир аз убакыттан кийин кайра эле түрдүү таблеткаларды берип, абалыман пайдаланып жатты. Акчага достору менен жыныстык катнашка барууну сунуштап, сунушун четке каккан учурда баӊгизат колдонуп жүргѳнүмдү апама айтам деп коркутуп жүрдү. Туӊгуюкка түшүп калдым. Жашоом коркуу ичинде ѳтүп жатты. Кѳйгѳйдү эч ким менен бѳлүшѳ алган жокмун, сын-пикирлерден, басынтуулардан корктум. Убакыт ѳткѳн сайын абалым оорлой баштады. Ал болсо мурункудан да кѳп асыла баштады, бир нече жолу эс-учум жок жаткан жерден курбум менен эжем сактап калышты. Эжем менен курбума да асылган. Эгер кимдир-бирѳѳгѳ айта турган болсом, мени каматып же зордуктап коёрун айтып коркутуп жүрдү. Бул акмактын менден башка дагы эки кызы бар, ошол эки кыздын ѳмүрү үчүн корком. Бул коом үчүн абдан коркунучтуу адам. Былтыр күзүндѳ апам келип, аны менен жазышкандарымды окуп, баарын билип калды. Кѳп убакыт бою бул адамга карата далилдерди чогултуп жүргѳм. Ачуусу келген апам телефонумду талкалап салып, эми ал далилдер да жок болду. Апам мени ѳзүӊ күнѳѳлүсүӊ деп айыптап чыкты. Психологго алып бар деген ѳтүнүчүмѳ, «психологго жан дүйнѳсү ооругандар барышат, сен жакшы элесиӊ» деп алып барбай койду. Бир нече жолу ѳзүмѳ кол салуу, селфхарм аракеттерин жасадым. Ѳзүмдү, ѳз денемди, ѳз жашоомду жек кѳрүп жүрдүм. Наркотиктерден ѳзүм баш тарттым, бир жылдан ашык убакыттан бери эч нерсе колдонбой элемин. Эгер менин баянымды окуп жатсаӊар, сиздерден жардам сурайм.
Жашоого болгон кызыгуум жоголду, ѳзүмдү жакшы кѳрбѳй калдым. Ичимде боштук. Арманымды кимге айтып-бѳлүшѳѳрдү билбейм, кимден жардам сураарымды билбейм. Күн ѳткѳн сайын ѳчүп бара жаттым. Кишилерге болгон ишеничим дагы жоголду. Баары эле мени менен жатып чыгуудан башка эч нерсени кѳздѳбѳгѳндѳй сезилип жүрдү. Эл мени жаман кѳрүп, айыптоо менен карап жаткандай сезилди. Апам эч кандай колдоо кѳрсѳткѳн жок, ал тургай полицияга да кайрылган жокпуз. Апам чет ѳлкѳгѳ кетебиз, ал эми соттук териштирүүдѳн улам бул жакта кармалып калабыз деген ой менен арыз жазуудан баш тартты. Бирок, кѳп ѳтпѳй вируска байланыштуу чек араларды жаап салышты. Ичимдеги күйүт менен андан ары жашоону уланттым.