Такси керек болгондо, биздин Душанбеде популярдуу «5 сомонилик таксилердин» кызматынан пайдаланам. Булар кыйла арзан жана автобуска караганда жайлуураак. Бир жолу ушундай таксиге түшүп, жагымсыз окуяга туш болгом...
Мен шаардын борборунда жашагандыктан, кѳп деле такси чакырбайм. Иштеген жерим да үйгѳ жакын, жѳѳ барып келем. Такси керек болгондо, биздин Душанбеде популярдуу «5 сомонилик таксилердин» кызматынан пайдаланам. Булар кыйла арзан жана автобуска караганда жайлуураак. Бир жолу ушундай таксиге түшүп, жагымсыз окуяга туш болгом. Айдоочу 25 жаштардагы жигит экен. Жалгыз кетип бара жатканыма деле кѳӊүл бурган эмесмин. «3» деген кѳрнѳгүн кѳрсѳтпѳй, катуу ылдамдык менен кетип бара жатканын байкап калып, кулакчындарымды чыгардым да, эмне үчүн башка жүргүнчү албаганын жана мындай катуу ылдамдыкта айдап бара жатканын сурадым. Токтоп, мага бурулуп, мени менен жалгыз калгысы келгенин, кимдир-бирѳѳнүн бизге тоскоол болушун каалабаганын билдирди. Унчукпай эле түшүп кетейин дегенде, эшиктерин бекитип койду. Телефонумда GPS күйүк экенин, жигитиме чалам же болбосо, бокс менен машыккандыктан ѳзүм эле ѳпкѳсүн үзүп коём деп калп айтып жиберсем, эшигин ачып кечирим сурады да, тамашалап койгонун айтты. Түшүп алып абдан ызаландым, ѳзүмдү жаман сездим. Ошол окуядан кийин айнектери күнүрттѳлгѳн жана/же ичинде жүргүнчү жок таксилерге отурбай калгам.
Окуя 3 жыл мурун болгон. Бордюрдун жанынан белгилүү компаниялардын бирине кирген таксиге отурдум. Айдоочу лимонад алып алуусу үчүн күтүп туруумду ѳтүндү...
Окуя 3 жыл мурун болгон. Курбум менен түшкү тамакты чогуу жеп алып, кеӊсеге келе жаткам. Бордюрдун жанынан белгилүү компаниялардын бирине кирген таксиге отурдум. Айдоочу лимонад алып алуусу үчүн күтүп туруумду ѳтүндү. Бир маалда таттуулар салынган пакет кѳрѳтүп алып мылжыйып жетип келди. Мен айткан жерге эмес, башка жерге алып келди. Жолдон навигаторун да ѳчүрүп койду. Токтоп, момпосуйларынан берип, колдору кийимимдин ичине чейин кирип кетти. Жайбаракат гана капчыгымды, телефонумду, тагынып жүргѳн алтындарымды берип, тынч кетип калайын деп сунуш кылдым. Болгон жок. Мойнуман тиштеп жиберди. Бир маалда ыӊгайсыз болду окшойт, арткы орунга отурайын деп машинадан түшкѳндѳ, пиджагым менен сумкамды таштап, телефонумду кармаган бойдон качып чыктым. Артыман кубалап айдады. Алдыман биринчи чыккан дарбазасы ачык короого чуркап кирип, дароо күйѳѳмѳ чалдым. Күйѳѳм ошол кафенин тегерегиндеги камераларды каратып, таксистти таап чыкты. Мен – эл алдында жүргѳн адаммын, ал учурда маанилүү кызматты ээлеп тургам, ошондуктан ашыкча ызы-чуу жаралышын каалаган эмесмин. Биздин коомду билесиӊер да, эл кайра ѳзүмдү күнѳѳлѳп, ѳзүм азгырганымды айтып чыгат. Күйѳѳм таксист менен эркекче сүйлѳшүп койду. Анын 10 баласы бар экен. Балдарына карап кечирип койдук. Менин ордумда абалдан кандай чыгууну биле албаган жаш кыз дагы болуп калышы мүмкүн эле.
Окуя 2010-жылы мен 11-класста окуп жүргѳндѳ болгон. Анда 17 жашта элем. Азыр 28 жаштамын...
Окуя 2010-жылы мен 11-класста окуп жүргѳндѳ болгон. Анда 17 жашта элем. Азыр 28 жаштамын. Тажикстандын Душанбе шаарында Караболодон диагностиканы карай кеткен жолдо болгон. Мектептен чыгып, транспорт күтүп тургам, жамгыр жаап, аялдамада мени менен кошо транспорт күткѳн 20дай киши бар болчу. 5 сомонилик такси келди. Рулдагы баланын жанында дагы бир бала отурган. Машинага отурууну каалагандар кѳп болчу, ошондуктан чуркап барып, биринчи түшүп кеттим. Мен кирерим менен айдап жѳнѳдү, эшиктери ѳзү эле жабылып калды. Жогорку ылдамдыкта үчүнчү тилке менен бара жатты. Айдоочу менен жанында отурган бала башкача болуп, бири-бири менен шыбырашып жатышты. Башка жакты кѳздѳй бурулуп кеттик. Мен жайбаракат эле апама чалып, транспортко отурганымды жана үйгѳ бара жатканымды англисче айтып койдум. Аны уккан экѳѳ каяктык экенимди, күйѳѳм барбы же жокпу сурай баштады. Аты жок бармагымда тагынып жүргѳн пилдин сѳлѳкѳтү бар шакегимди тескери буруп, орусча эӊ начар америкалык акцент менен сүйлѳп койдум.
Жергиликтүү эмесмин, жолдошум Американын элчилигинде иштейт деп калп айттым. Дароо ѳзгѳрүп, менин жолум менен багыт алышты. Жол бою күйѳѳм ким болуп иштегенин, эмне иш кыларымды жана эмне үчүн балдарыбыз жок экенин сурап келишти. Мен болсо жылмайып, тынч гана отуруп, калп айтууну уланта бердим. Тийиштүү жерге жеткирген соӊ, акча да алышкан жок. Номеримди сурашты. Жок күйѳѳмдү шылтоо кылып берген жокмун. Акырын түшүп, бурулушка жеткен соӊ, болгон күчүм менен үйдү кѳздѳй чуркадым. Жүрѳгүм чыгып кетчүдѳй болуп согуп жатты, ыйладым. Бул окуядан кийин эч бир жерде ѳзүмдү коопсуз сезе албай жүрдүм. Коомдук транспортто деле киши кѳп учурда тийишип, колдору менен кармалагандар кѳп болгон. Ал эми жеке транспорт менен ала качып кете жаздады. Ѳз шаарымда коркпой жүрүп калуум үчүн кѳп жыл талап кылынды. Эми таксиге түшкѳн сайын балким бүгүн жашоом үчүн күрѳшүүгѳ туура келип калышы ыктымал деген ой жана даярдык менен отурам.
Баса, 2017-жылы дагы ушуга окшош окуя болгон, бирок тоо транспортунда.
Мен походго барып, шаарга чейин келген транспортко отургам. Айдоочу жолдон бурулуп, мени кайра тоого алып келди. Достору менен тааныштырайын дептир. Унааны токтоптосо, азыр тоону сүзѳбүз же сууга түшүп кетебиз деп коркуттум. Мени «жалапсыӊ» деп, коё берди.
Мен Шахринавда туулуп-ѳскѳм. Аны менен Душанбенин ортосу бир нече мүнѳттүк жол...
Мен Шахринавда туулуп-ѳскѳм. Аны менен Душанбенин ортосу бир нече мүнѳттүк жол. Жакындарыма тез-тез эле барып турам. Ѳзүбүз болсо ата-энем менен кѳп жылдан бери Душанбеде жашайбыз. Шахринав шаарындагы чоӊ атамдыкын карай кезектеги сапарымда таксиден харассментке дуушар болдум. Муну асылуу экенин деле түшүнгѳн эмесмин. Таксист мага «аябай сулуу экенсиӊ, эриндериӊ сонун экен» сыяктуу сырткы кѳрүнүшүм боюнча комплименттерди айта баштады. Ѳзүмдү ыӊгайсыз сездим, жиним келди. Бирок айдоочу менден улуу жана күчтүү болгондуктан, коркуп тынч отурдум. Үн катпоо менен бул «кѳӊүл бурууларга» маани бербегенге аракет кылдым. Кулакчындарым сактап калды. Таксиден түшкѳндѳ демим кысылганы токтоп, жеӊилдей түштүм. Ошондон бери таксиге жалгыз отурбаганга аракет кылам жана ким менен кете турганыма ѳзгѳчѳ кѳӊүл бурам.
Бирок Вахдатта жашагандыктан, кѳп учурда жумуштан кеч чыгып, такси менен кетүүгѳ туура келет. Ѳткѳн жылы бир окуяга кабылгандан бери чоочун унаага түшкѳн сайын жеке коопсуздугум үчүн тынчсызданам...
Мен Душанбеде окуйм жана иштейм. Бирок Вахдатта жашагандыктан, кѳп учурда жумуштан кеч чыгып, такси менен кетүүгѳ туура келет. Ѳткѳн жылы бир окуяга кабылгандан бери чоочун унаага түшкѳн сайын жеке коопсуздугум үчүн тынчсызданам.
Бир жолу кечинде таксиге отуруп, айдоочунун жагымсыз аракеттерине туш болдум. Алгач мага тийишип жатты, мен кѳӊүл бурбаганга аракет кылып, үн катпай отура бердим. Үйгѳ жетип калган кезде таксист номеримди сурады, дагы эле унчуккан жокмун. Келгенде эшиктерин жаап алып, номеримди айтмайынча коё бербейм деп тура берди. Аргасыздан номеримди бердим, себеби ал чындап эле номеримди билүүнү кѳздѳп жаткан жана машинанын эшигин да ачпайт болчу. Ал мага караганда кыйла күчтүү экенин, менин алым жетпесин жана эч ким мага жардам бере албасын түшүнүп, алдай алган жокмун, учурда колдонуп жаткан номеримди бердим. Ал бир чалып, телефонумду кѳргѳзүүнү талап кылды. Номеримди билип алган соӊ, эшиктерди ачып берди. Болгон күчүм менен ыргып түшүп, үйдү кѳздѳй чуркап жѳнѳдүм. Үйгѳ жеткенимде ал мага чалды. Мен дароо анын номерин бѳгѳттѳп койдум. Бактыма жараша, андан кийин кѳргѳн жокмун. Азыр мен ѳзүмдү коргой алам, ошентсе да таксиге түшкѳндѳ толук коопсуздук ичинде сезе албайм.
Дээрлик бардык учурда, ар бир барып келгенимде таксиден харассментке кабылам...
Мен Рудакиде жашап, Душанбеде иштейм. Дээрлик бардык учурда, ар бир барып келгенимде таксиден харассментке кабылам. Үйгѳ кеч барам, айрым таксисттер мени бийчи, бар кызматкери же таптакыр эле жеӊил ойлуу деп ойлошот. Ошондуктан мындай окуяларга кѳп эле туш болуп жүрѳм. Менде эми иммунитет пайда болуп, айдоочулар менен кантип сүйлѳшүү керек экенин билип калдым. Ар кандай тийишүү аракеттерине кѳӊүл бурбайм, кимге кандай убакта кантип жооп беришти, ѳзүмдү кантип коргошту үйрѳнүп калдым. Ошентсе деле бир жолу азыркыга чейин унута албай келген бир окуяны башыман ѳткѳрдүм. Үйгѳ барайын деп таксиге отурдум. Унаада кыздардан жалгыз эле мен бар болчумун. Жолдон бир киши отурду. Андан арактын жыты буркурап келип жатты. Менин жаныма отуруп, тийише баштады, комплименттерди айтып жатты, колуман кармап, жакындоого аракет кылды. Үнүмдү катуу чыгарып, ачууланып жаттым. Бирок эч ким эч нерсе деп айткан жок. Андан бетер ызам келди. Мага отургандардан эч ким, ѳзгѳчѳ жол акысын алган айдоочу болушуп койбогону үчүн ардандым. Керек болсо дал ошол айдоочу жүргүнчүлѳрдүн коопсуздугун камсыздоого тийиш эле. Ал киши кумаркананын жанынан түшүп калды. Кѳз жашым менен ачуумду араӊ кармап турдум. Мындай абалга туш болгонум үчүн ызаландым, ардандым. Окуя мага психологиялык жактан абдан катуу таасир тийгизди, кайрадан таксиге коркпой түшүү үчүн кѳп убакыт талап кылынды.
Дагы бир жолу таксинин айдоочусу мени жеӊил ойлуу деп эсептеп, интимдик катнаш сунуш кылды. Бир үйдүн жанынан ѳтүп бара жатып, ошол жерде жашарын, үйдѳ аялы менен балдары жок экенин, биз үйүнѳ кирип, жылынып, чай ичип, ишибизди бүтүрүп алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты. Жиним келип, муну мага сунуш кыла тургандай ким экенин сураганымда, «андайлардан эмес болсоӊ, кечирип кой карындаш» деп жооп берди. Бул абалга түшүп калганым үчүн ѳзүмдү аябай жаман сездим…
Жакында эле окуйм деп Душанбеге кѳчүп келгем. Ушул жерден таксидеги харассментке дуушар болдум...
Жакында эле окуйм деп Душанбеге кѳчүп келгем. Ушул жерден таксидеги харассментке дуушар болдум. Пенджикент кичине шаар болуп, жашоочулар бири-бирин тааныгандыктан, мындай окуялар дээрлик жокко эсе. Душанбеден 5 сомонилик таксиге отуруп, бир нече жолу харассментке кабылдым. Мисалы, бир жолу менден "чи мехри ки ика хушруи дхтарак?" (Сен эмне жейсиӊ, эмнеге мынчалык сулуусуӊ?) деп сурашкан. Ѳзүмдү ыӊгайсыз сезип кеттим. Бирок кѳбүнчѳ эч нерсе деп жооп бербейм, анткени агрессиядан корком. Нааразы болуп, ачуусу келген кызга кыйкырып, сѳгүп-саккан учурларды кѳп эле кѳргѳм…
Таксидеги харассментке 2019-жылдын 1-декабрында туш болдум. Ак түстѳгү «3» деген таксиге отургам...
Таксидеги харассментке 2019-жылдын 1-декабрында туш болдум. Ак түстѳгү «3» деген таксиге отургам, айдоочусу жаш бала экен, студент болсо керек, жаш кѳрүндү. Кечигип жаткандыктан тез унаага отурдум, бир маалда менден башка киши отурбаганын кѳрүп, таӊ калдым. Кызыктай суроолорду бере баштады, ичинде жалгыз болгондуктан коркуу сезими пайда болду. Суроолорун укмаксан болуп кете бердим. Бирок жыйынтык чыккан жок, андан ары суроолорду жаадырып, ѳзү жѳнүндѳ айтып жатты. «Токтоп коюӊуз» дедим. Менден акча албай, номеримди сурады. Жиним келип, эшигин жаап түшүп кеттим. Түшүп бара жатканда «номериӊди берчи, мен сени алып кетейин» деген мааниде бир нерсе айтты. Чынын айтсам, абдан корктум. Бул окуя мага катуу таасир калтырды, андан бери 5 сомонилик таксилерге таптакыр отурбай калгам. Ошондо биринчи жана акыркы жолу отурдум. Колл-борборго чалып такси чакырам, а бирок мындай таксилерде деле ѳзүмдү толугу менен коопсуз сезе албайм.
Бирок, Душанбеден такси тосуп отурганда бир нече жолу мындай абалга туш болдум...
Памирде окуйм жана ошол жерде жашайм. Хорог кичинекей шаар, баары бири-бирин тааныйт, ата-энеӊ ким экенин билет. Буга чейин харассментке кабылбаганымдын бирден бир себеби да ушул болсо керек. Бирок, Душанбеден такси тосуп отурганда бир нече жолу мындай абалга туш болдум. Кѳбүнчѳ «оо, аябай сулуу экенсиӊ, кѳздѳрүӊ сонун экен, эриндериӊ сонун экен» ж.б. сыяктуу «арам ой жок айтылган» комплименттерди айтышат. Мындай учурларда ѳзүмдү ѳтѳ эле ыӊгайсыз сезем, мурда үн катчу эмесмин, орой сүйлѳчү эмесмин. Бирок кийинчерээк бир жерден экинчи жерге баруу үчүн акча тѳлѳп жатканымды жана жолдо жүрүү мен үчүн жайлуу болууга тийиш экенин түшүнгѳн соӊ, керек учурларда унчукпай, чыдап отура бербей, кагып коем. Мени бара турган жериме калжактабай жѳн жеткирсин деп, бийик тон менен, айрым учурларда орой формада да жооп берем. Ал эми түнкүсүн таксиге таптакыр отурбаганга аракет кылам, себеби мен үчүн жеке коопсуздугум баарынан жогору турат.
Такси келип, айдоочу алдыӊкы орунга отуруусун ѳтүнгѳн...
Окуя Корвонеде болгон. Түшкѳ маал үйгѳ баруу үчүн 33-33 таксисин чакырган. Такси келип, айдоочу алдыӊкы орунга отуруусун ѳтүнгѳн. Шашып жаткандыктан, анча деле маани бербей, айдоочунун жанына отурган. Рулда жаш жигит экен. Башында унчукпай бара жатып, бир аздан кийин кызды тигиле карай баштаптыр. Анан сырткы кѳрүнүшү боюнча комплименттерди айтып баштайт. Кыз болсо үн катпастан, жѳн гана жылмайып коёт. Андан кийин дароо эле беттерин, колдорун кармалап, ким экенин, эмне иш кыларын, кайда окуганын сурай баштаптыр. Машинаны токтотуусун талап кылганда, мындан башка тийишпегенге сѳз берет. Бирок, аз убакыттан кийин кайра баштайт. Бул жолкусунда колдору менен кармалаганга ѳтүптүр. Кыжыры кайнап чыккан кыз кѳтѳрүӊкү тон менен таксини токтотуусун талап кылат. Токтоткондо, дароо түшүп кетиптир.
Жалпысынан, таксиде харассмент кѳп эле болгон. Ошолордун ичинен бир окуя башкаларга караганда кѳбүрѳѳк эсимде калыптыр...
Жалпысынан, таксиде харассмент кѳп эле болгон. Ошолордун ичинен бир окуя башкаларга караганда кѳбүрѳѳк эсимде калыптыр. Кѳбүнчѳ институтка такси-3 менен барам. Бир жолу менден башка дагы тѳрт киши менен таксиге отурдук. Жолдон баары түшүп калышты. Мен жалгыз калдым. Айдоочу каякта окуганымды, канча жашта экенимди, эмне менен алектенгенимди, эмнеге кызыкканымды сураштыра баштады. Мага тийишкенге эч кандай себеп берген эмесмин, арткы орунда отургам. Бир маалда эле комплименттерди жаадырып, аябай сулуу экенимди айта баштады. Жигитимди сурап, ѳзүн да мактап жатты. Чоочун кишилер менен сүйлѳшкѳндү жактырбайм, алардын суроолоруна дагы жооп бергим келбейт, ошондуктан ага кѳӊүл бурбай кете бердим. Институтка жеткенче ѳзүмдү жаман сезип бара жаттым. Таксиден түшкѳндѳ гана жеӊилдей алдым...
Сыртта күн суук. ТВ Сафинанын жанында транспорт күтүп турам. Саат 8 болуп калган, мен болсо али үйгѳ жете элекмин. Кечиккеним үчүн апам урушат деп тынчсыздана баштадым...
Сыртта күн суук. ТВ Сафинанын жанында транспорт күтүп турам. Саат 8 болуп калган, мен болсо али үйгѳ жете элекмин. Кечиккеним үчүн апам урушат деп тынчсыздана баштадым. Мен жакка барган такси-25 келип токтоду. «Ушул 5 сомонилерди койчу» деп таксиге отурдум. Айдоочу мен жѳнүндѳ сураштыра баштады. Башында мамилечил неме го деп ойлоп койдум. Бирок ачык жооп берген жокмун. Атымды, канча жашта экенимди, каякта окуганымды, эмне менен алектенгенимди сурап жатты. Жашаган жеримди айткым келбей, «бул жакта» деп эле жооп бердим. Бир аз убакыт ѳткѳн соӊ, «Сен таксиге отуруп жатканда жаныӊда турган жигит ким эле?» деп сурады. «Досум» дедим. Ал экѳѳбүздүн ортобуздагы мамилеге кызыга баштады, жѳн гана досум экенин айттым. «Балким жигитиӊ болуп жүрбѳсүн?» дейт. Андан ары мен жѳнүндѳ кѳбүрѳѳк билгенге умтулуп жатты. Күзгүдѳн улам карай берди, сулуу экенимди айтып, байланыш маалыматтарымды сурады. Телефонум жок деп койдум. Тынчым кетип, машинаны токтотуп түшүп кеттим. Ордунан жылып бара жатып да, «Кѳрүшкѳнчѳ» деп кетти.
Ар жолу жолдон такси кармап отурганда, түрдүү комплименттер менен коштолгон тийишүүлѳр болот...
Душанбеде окуп, иштейм. Таксидеги харассментке ушул эле Душанбеден бир нече жолу туш болгом. Ар жолу жолдон такси кармап отурганда, түрдүү комплименттер менен коштолгон тийишүүлѳр болот. Ал тургай "мемрм барот ика хушруи чон"(сен үчүн ѳлгѳнгѳ даярмын, кымбаттуум) дегендер да болгон. Кѳп учурда номеримди сурашат, мен айтпайм, керектүү жерге жеткенде түшүп калам. Менимче, мындай учурларда кѳӊүл бурбай коюу – эӊ туура чечим. Ѳткѳн жылы башыман бир окуя ѳтүп, абдан эле жагымсыз таасир калтырды. Таксиде бара жатканымда жүргүнчүлѳрдүн бири тийише баштады. 25 жаштардагы бала экен. Унаанын ичинде кыздардан мен жалгыз элем. Мага отургандардан эч ким болушкан жок, тескерисинче, жѳн гана назданып жатат деп, тиги балага шыкак боло башташты. Абдан жаман абалда калдым, музыканын үнүн чоӊойтуп кете бердим. Ошондон кийин ичинде жалаӊ эркектер бар таксиге отурбай калгам.
Таксидеги харассментке 2020-жылдын 26-июлунда туш болдум. 5 сомонилик таксиге отургам. Маяковскийден Садбаргды кѳздѳй бара жаткам...
Таксидеги харассментке 2020-жылдын 26-июлунда туш болдум. 5 сомонилик таксиге отургам. Маяковскийден Садбаргды кѳздѳй бара жаткам. Айдоочу жаш жигит экен, «оруссуӊбу» деп сурады, мен «ооба» деп жооп бердим. Андан кийин улутум, тѳрѳлгѳн жерим жѳнүндѳ сураштыра баштады. Жакшы жетип алайын деп жооп берип жаттым. Бир маалда таксинин ичинде жалгыз кетип бара жатканым үчүн кооптонуу пайда болду. Коркконуман, жигитим чалып жаткандай түр кѳрсѳтүп, «ошол жакта күтүп жатасыӊбы, сүйүктүүм, азыр такси менен келе жатам, жетип калам» деп оюман чыгарып айтып жибердим. Айдоочуну бул дагы токтоткон жок, атымды сурап, Садбаргда жашайсыӊбы деп сурады. Таежемдикине келдим деп койдум. Чындап эле жүрѳгүм түшүп калды. Ошондон кийин таксиге жалгыз отурбай калгам.
Кѳп учурда харассменттин курмандыгы эмес, күбѳсү болуп калып жүрѳм...
Кѳп учурда харассменттин курмандыгы эмес, күбѳсү болуп калып жүрѳм. Себеби, улуу эле аялмын. Жаш кыздарга кѳп тийишишет. Ѳз кыздарым үчүн корком.
Ошого карабастан, таксиден харассментке туш болгом. Мындан эки жыл мурун Басма үйүнѳн 5 сомонилик таксиге отуруп ЦУМга чейин бардым. Жумушка бара жаткам, унаанын ичинде жалгыз отурганымды деле байкабаптырмын. Таӊ калган деле жокмун, себеби таӊ эрте чыккам. 40 жаштардагы айдоочу мени менен сүйлѳшүүгѳ аракет кылып, канча жашта экенимди, күйѳѳм жана балдарымды сурады. Ѳзүн мактай баштады, кѳӊүл бурган жокмун, бирок баары бир мен үчүн жагымсыз болду. Буттарыма суктанып комплимент айтканда, чыдабай кетип иш-аракети үчүн уяткарып койдум. Күйѳѳм бар экенин, прокуратурада иштээрин айтсам, коркуп кетип кечирим сурады да, керектүү жерге жеткирип койду. Ошондон кийин кыздарымдын коопсуздугунан тынчсыздана баштадым, кеч калбагыла, бош таксиге жалгыз отурбагыла, тааныбагандар менен эки-жакка барбагыла деп айтам.
Кѳп учурда коомдук транспорттун ичинде харассменттин күбѳсү же курмандыгы болуп калам...
Кѳп учурда коомдук транспорттун ичинде харассменттин күбѳсү же курмандыгы болуп калам. Ал эми таксиде мындай окуянын күбѳсү болом деп ойлогон эмесмин. Курбум менен жолдон такси тосуп, мектептен үйгѳ бара жатканбыз. Жол бою сүйлѳшүп бардык, жарым жолдон курбум түшүп кетти. Мен айдоочу менен жалгыз калдым. Ал мени менен сүйлѳшүүгѳ аракет кылып, 8-мектепте канчанчы класста окуганымды билгиси келди. Алгач арам оюм жок эле суроолоруна жооп берип жаттым. Бир маалда ар кандай кыйытма кептер менен тийишип, сулуу экенимди, чачымдын узундугун айтып, кийин сулуу келинчек болорумду айтып, комплименттерди жаадыра баштады. Менден номеримди сурап, үйлѳнѳ турганын, учурда ѳзүнѳ келинчек издеп жатканын, мен ага жагып калганымды айтты. Эч нерсе деп жооп бербей, кулакчындарымды тагып алдым. Анан машинаны токтотуп, сол кулагыман кулакчынды сууруп алды. Жаман кѳзүм менен карап, карындашы менен теӊ жашта болгонумду айтып, уяткарып койдум. Башын буруп, тамашалап койгонун, мунун баары оюн экенин айтып жиберди. Үйгѳ жакындаганда таксиден түшѳ калып, ѳзүмдү тынчтандыра баштадым. Бурулуп карасам, кете элек экен, артыман келе жатыптыр, коркуп кетип, багытымды ѳзгѳртүп, үйлѳрдү аралап чуркап кеттим. Ошондон кийин таксиге жалгыз түшпѳй калгам. Кѳбүрѳѳк жѳѳ басканга аракет кылам.
Такси кѳп чакырам жана кѳп учурда ѳз дарегиме комплимент, мактоо, суктанууларды угам. Буга кѳӊүл бурбай деле калгам...
Такси кѳп чакырам жана кѳп учурда ѳз дарегиме комплимент, мактоо, суктанууларды угам. Буга кѳӊүл бурбай деле калгам. Кайсы айдоочу менен кандай сүйлѳшүүнү, жабышкандарды ѳзүмѳн кантип алыстатууну билем. Номеримди, жигитим бар же жок экенин сурагандар кѳп болот. Бир жолу акыл-эси ордунда эмес таксистке туш болуп калдым. Аябай коркутуп салган. Мага айткандарына кѳӊүл бурбай, «номерота акы намети дхтараки хушру?» (сулуу кыз, мага номериӊди бербейсиӊби?) дегенине «бул жашоодо эмес» деп жооп берип койсом, ѳзүнчѳ сүйлѳнүп, катуу ылдамдык менен айдай баштады, токто дегенимди укпай койду. Коркконуман ыйлап жибердим. Кудай сактап, токтоду, эшигин тарс жаап түшүп кеттим. Ѳлүмдѳн араӊ кутулгандай эле болдум. Кѳп убакыт бою таксиге отура албай жүрдүм. Бирок акырындап отуруп бул коркууну жеӊип чыктым.
Курбуларым менен сейилдеп жүрүп, шаардын башка четинде жашаган эжемдикине бет алдым. Бизде шаарда бир нече жүргүнчү алган расмий эмес маршруттук таксилер бар...
Курбуларым менен сейилдеп жүрүп, шаардын башка четинде жашаган эжемдикине бет алдым. Бизде шаарда бир нече жүргүнчү алган расмий эмес маршруттук таксилер бар. Биз кетип бара жатканда унаага менден башка киши отурган жок. Жол бою комплименттерди айтып келди. Жеткенде эшиктерин бекитип салып, чыгарбай койду. Сүйүп калганын, үйлѳнгүсү келгенин айтып, кѳшѳрүп телефон номеримди сурай берди. Агама чала баштаганда гана эшикти ачты. Үч мүнѳттѳй бек турду, бирок ошол убакыт кийин маршруттук таксиге таптакыр отурбаш үчүн мага жетти.
Жайында курбум экѳѳбүз Айни паркына жетип алуу үчүн №3-таксиге отурдук. Айдоочу 24-26 жаштардагы, сакалчан жаш жигит экен...
Жайында курбум экѳѳбүз Айни паркына жетип алуу үчүн №3-таксиге отурдук. Айдоочу 24-26 жаштардагы, сакалчан жаш жигит экен. Жанындагы орунда ошол эле курактагы дагы бир бала отурган (кѳрсѳ досу экен). Катуу ылдамдык менен айдады, биз дароо эле тынчсызданып, бирок акырын айда же токто деп айткан жокпуз. Корккондон эмне кыларды билбей калсак керек. Тийиштүү жерге жеткенде токтотуп коюусун ѳтүнүп, акчасын тѳлѳдүк. Бирок, түшѳлү дегенде, эшиктери бек болуп чыкты. Эшикти ачып коюу ѳтүнүчү менен кайралганыбызда, менин телефон номеримди сурашты. Номеримди берсем, бизди коё берерин айтышты. Кѳпкѳ жалдырап отуруп, акыры номерди берүүгѳ аргасыз болдум. Машинадан түшүп, чуркап кеттик. Тигилер болсо андан ары айдап кетишти. Ошондон кийин чоочун номерлерден чалуулар келип жатты, бирок ким экенин билбейм. Себеби, тааныш эмес номерлерден чалууларга таптакыр жооп берген жокмун. Ошол таксист болуп калбасын деп корктум. Биз эч жерге кайрылган жокпуз, ал тургай унаасынын маркасы менен номери да эсибизде жок. Ал учурда тезирээк машинадан түшүп, кутулуп кетсек деген эле ой болчу.
Андан бери 2 жыл ѳттү, бирок азыркыга чейин жеке менчик таксилерге отургандан корком. Отурган учурда дагы жакындарыма чалып, маалымат берип коём жана дайыма айдоочунун артындагы орунга отурам. Ошол жерден ѳзүмдү кичине болсо да коопсуз сезем.
Ашанга жетип алуу үчүн такси чакырдым. Курбум экѳѳбүз киного бармакпыз. Таксист башында унчукпай эле келе жаткан...
Ашанга жетип алуу үчүн такси чакырдым. Курбум экѳѳбүз киного бармакпыз. Таксист башында унчукпай эле келе жаткан, бир аздан кийин ким менен, кайсы жерден жолугарымды ж.б. сурай баштады. Анан «Жигитиӊ барбы?» деп сураганда, жооп бергим келбегенин айттым. Телефон номеримди билгиси келди, сим-картам иштебей калгандыктан жакында аны алмаштыра турганымды шылтоолоп бербей койдум. Ѳзүмдү ыӊгайсыз сезе баштаганда токтоп коюусун ѳтүндүм. Балким, мындан жаман абалга түшкѳндѳр бардыр. Бирок бул окуя мага ѳтѳ эле жагымсыз таасир калтырды. 40 жаштагы чоочун кишинин суроолоруна жооп берем деп башымды оорутпай, Ашанга чейин жакшы, тынч жетип алгым келген.
Чынында эле абдан жагымсыз сезим болду. Ошондон бери азыркыга чейин такси чакыргандан чочулап турам. Мугалимим бир окуяны айтып берген: окуучу кыз сабакка кечигип келиптир. Себебин сураганда, таксинин айдоочусу телефон номерин сурап, машинасынын эшиктерин бекитип алыптыр. Кыз ыйлап жибергенде гана эшиктерин ачып, аны коё берген имиш. Мугалимим да дайыма сак болгула деп эскертип турчу.
Такси. Эшиктерин бекитип салып, номеримди сурай баштады. Айтмайынча чыгарбай турганын билдирди...
Такси. Эшиктерин бекитип салып, номеримди сурай баштады. Айтмайынча чыгарбай турганын билдирди. Агрессияга жол ачпайын деп, иштебеген номеримди берип койдум. Ошентип тынч түшүп кеттим.
Душанбеде 5 сомонилик таксилер бар. Ошондой таксилердин бири менен кечинде жумуштан үйгѳ бара жаткам...
Душанбеде 5 сомонилик таксилер бар. Ошондой таксилердин бири менен кечинде жумуштан үйгѳ бара жаткам. Жанымда 50-60 жаштардагы киши отурган. Жол бою башында кокустук менен, андан соӊ атайылап эле колу менен бутума тийип, кысып, сылап жатты. Ачуум келип айтканымда, түшүнбѳгѳн немедей таӊ калыштуу карап койду. Айдоочу болсо улуу кишиге шек келтирип жатасыӊ деп мени күнѳѳлѳдү.
Жакында эле «Садбарг» соода борборунан чыгып, жолдун боюнда такси күтүп тургам. Машина келип токтоп, «3» номерлүү кѳрнѳктү кѳрсѳттү...
Жакында эле «Садбарг» соода борборунан чыгып, жолдун боюнда такси күтүп тургам. Машина келип токтоп, «3» номерлүү кѳрнѳктү кѳрсѳттү. Албетте, токтоттум. Таксиге отурганымда, айдоочудан тышкары алдыӊкы орунда эле бир эле бала бар экен. Бир нече аялдамадан кийин ал жигит да түшүп кетти. Таксист менен жалгыз калдым. Башында баары жакшы эле болчу, бир-эки мүнѳттѳн кийин таксист (30-35 жаштардагы киши) мага бурулуп, жылмайып койду. Жеке жашоомо тийиштүү суроолорду берип, канча жашта экенимди, канчанчы класста окуганымды, каякта жашарымды билгиси келди. Жѳн гана мамилечил адам болсо керек деген ойдо жооп берип келе жаттым. Бир маалда менден телефон номеримди сурап, аны менен жолугуп турууну сунуш кылды. Коркуп кетип, номеримди бербей койдум. Эмне үчүн аны менен сүйлѳшкүм келбегенин, жигитим бар же жок экенин сураштырып жатты. Дагы 5 мүнѳттѳй менин каарманым боло турганын, бардык маселелеримди чечип берип, мени коргой турганын убада кылып жатты. Машинаны токтотуп коюусун ѳтүнгѳнүмдѳ, андан да катуу айдай баштады. Бактыма жараша, жолчыракта кызыл жарык күйүп калып, тыгын пайда болду. Дароо эшикти ачып, унаадан түшүп кеттим.
Айдоочу башында эле катуу айдап баштаган, бирок бир-эки мүнѳттѳн кийин ылдамдыгын андан да жогорулатып, чоочун жакка бурулуп кетти...
Таксидеги харассментке үстүбүздѳгү жылдын жай мезгилинде дуушар болдум.
Жумуш күндѳрүнүн биринде кошумча сабактан кийин үйгѳ жетип алуу үчүн такси тостум. Бара турган жеримди айтып, кулагыма кулакчын тагып, жаӊылыктарды карап отуруп алдым. Айдоочу башында эле катуу айдап баштаган, бирок бир-эки мүнѳттѳн кийин ылдамдыгын андан да жогорулатып, чоочун жакка бурулуп кетти. Акырын айда дегенди укпай, эл жок жерге барып токтоду да, эшиктерин бекитип салды. Токтогон соӊ арткы орунга ѳтѳ баштады. Аны түртүп, согууга аракет кылдым, бирок ѳзүнѳ тартып, колдорумду кармап, оозумду жабуу аракетин кѳрдү. Бир нече секунддан кийин артыбыздан келген унаа сигнал басканда ошого алаксып калды. Эшиктерди ачуучу баскычты таап, эшикти ачып, сыртка качып чыктым. Арттан келген унаа мени сактап калды, унаанын айдоочусу мени кѳрүп, артыман келе жаткан таксистти кѳздѳй басты. Жакынкы дүкѳнгѳ чейин чуркап жетип, каякта экенимди, бара турган жерге кантип жетеримди сураганымда, ѳзүм жашаган кѳчѳгѳ 10 мүнѳттүк жол экени белгилүү болду.
Кийинки жума таптакыр үйдѳн чыккан жокмун. Дагы бир жума досум (кичине кезибизден бери доспуз) ташыды, анан айдоочунун кызматынан пайдалана баштадым. Учурда да айдоочу ташыйт.
Эки жыл мурун биринчи жолу таксиде харассментке кабылдым. Үчүнчү таксиге отургам, айдоочу мага асыла баштады, ал эми жанындагы досу шыкакчы болуп турду...
Эки жыл мурун биринчи жолу таксиде харассментке кабылдым. Үчүнчү таксиге отургам, айдоочу мага асыла баштады, ал эми жанындагы досу шыкакчы болуп турду. Мени ыӊгайсыз абалга алып келген, мен үчүн жагымсыз комплименттерди айтып жатты. Бир нече жолу токтотуусун талап кылдым, тескерисинче ылдамдыгын жогорулатып, досу менен мени «укмуш» жерге алып барарын, ал жер мага жагарын айтып жатышты. Коркконуман калчылдай баштадым. Бир жакка алып барып, жаман нерсе кыла турган болсо, мага эч ким жардам бере албасын ойлоп ыйлагым келди. Кыйкырып, машинаны токтотуусун талап кылып жаттым, тигилер болсо күлүп кете беришти… Айдоочу катуу бара жаткандыктан, башка унаанын артынан келип сүзүп алды. Тиги айдоочу менен сүйлѳшкѳнү түшүп кеткенде, мен качып чыктым. Кѳп убакыт ѳтсѳ да, азыркыга чейин 5 сомонилик таксилерге отура албайм. Дайыма расмий такси кызматынан такси чакырам. Кѳбүрѳѳк тѳлѳсѳм да, мени ала качып кетишет деп коркпойм. Ошол окуя мага абдан жаман таасир калтырган, кайрадан ал стрессти башыман ѳткѳргүм келбейт. Бул окуя үчүн кѳп убакыт ѳзүмдү күнѳѳлѳп жүрдүм, себеби ал күнү кыска юбка кийип алгам жана балдардын мага асылганына ѳзүм себеп жаратып койдум деп ойлодум… Бирок азыр мында менин күнѳѳм жок экенин жана кийим-кеченин жаман жорукка себеп болбой турганын түшүндүм.
Мен тамеки чегем, такси чакырганда тамеки чегүүгѳ уруксат берилген унааларды жиберүүсүн ѳтүнѳм...
Мен тамеки чегем, такси чакырганда тамеки чегүүгѳ уруксат берилген унааларды жиберүүсүн ѳтүнѳм. Дээрлик бардык учурларда таксисттер мага «сен аялсыӊ, балдарды тѳрѳшүӊ керек, тамеки тартканыӊды токтот» сыяктуу акыл-насааттарды айтышат. Айрымдары мени менен сүйлѳшүп кетүүгѳ аракет кылышат, сырткы кѳрүнүшүм боюнча комплименттерди айтышат. Ал тургай бир жолу мен тамеки чегип бара жатканда таксист мага тийише баштады. Мен аны менен сүйлѳшкѳн жокмун. Мага марихуана чегип кѳрүүнү сунуштады. Чындап эле гаш (марихуаннанын чаӊчасы) алып чыгып, бир жерге токтоп, бирге чегүүнү сунуш кылды. Ал Рахш-такси компаниясынын айдоочусу эле. Шок абалына түшүп, андан ары айдоосун талап кылдым. Унчукпай ордунан жылып, башка мага сүйлѳгѳн жок.