Такси күтүп отурганга убакыт жоктугунан жолдон эле машина токтотууга туура келди. Кычыраган джип токтоду...
Такси күтүп отурганга убакыт жоктугунан жолдон эле машина токтотууга туура келди. Кычыраган джип токтоду. Артында баштыктар болгондуктан айдоочунун жанына отурууга аргасыз болдум. 27 жашта экен. Тиземди жаппаган кѳйнѳк кийип алгам. «Кайда барасыӊ?», «Жумуштан кийин сени алып кетейин, экѳѳбүз тоого барып келбейлиби?», «Эмне кызматта иштейсиӊ?» сыяктуу кызыктай суроолорду бере баштады. Мен жѳнүндѳ кѳбүрѳѳк билүүгѳ аракет кылып жатты, болгондо да орой, арсыз тон менен. Жинине тийип албайын деп, жооп берип жаттым. Коркуу сезими пайда болду. Эмне үчүн кыздар уялып, ѳздѳрүн коргоосуз сезиши керек деген суроолор арты-артынан жарала баштады.
Туулуп-ѳскѳн шаарыма иш сапарынан учуп келдим. Саат эртеӊ мененки 4.00 чамасы...
Туулуп-ѳскѳн шаарыма иш сапарынан учуп келдим. Саат эртеӊ мененки 4.00 чамасы. Эки суткадан бери уктай элек болчумун. Аэропорттон шаардын борборундагы үйгѳ чейин Яндекс чакырдым. «Жаратылыш, аба-ырайы жѳнүндѳгү» сүйлѳшүү күтүлбѳгѳн жерден Яндекстин аэропортко барып келүү үчүн ѳтѳ тѳмѳн бааларды кѳрсѳткѳнүнѳ байланыштуу даттанууларга ѳтүп кетти. Буга чейинки сыяктуу эле акырын жана сылык түрдѳ тарифтин жогору экенин айтып койдум. Негизи мындай барып келүү 40 пайызга арзаныраак чыгат – акыркы убактарда жумасына эки барып келип жатам. Айдоочу үнүн катуу чыгарып, жиндене баштады. Бир маалда колун тиземе койду (алдыӊкы орунга отурууга аргасызмын – узак жолго чыкканда арткы орунга отурсам жүрѳгүм айланат). Тѳлѳмдѳгү айырманы башкача тѳлѳп бересиӊ деп ишара кылгандай. Селейе түштүм, карасам, үйгѳ жакындап калыптырбыз. Рюкзагымды ала калып (бактыга жараша иш сапары эки күндүк эле болуп, жүгүм да аз болчу), жүрүп бара жаткан унаадан ыргып түшүп эле короолорду кѳздѳй чуркадым (ал жерде жашабаган киши таба албай тургандай лабиринттер бар). Албетте, кийин Яндекске арыздандым. Жооп катары, «Сизге биздин кызмат жакпай калганы ѳкүнүчтүү, айдоочу мындан кийин сизге барбайт» деген билдирүү келди.
Калчылдап калдым. Эч качан мынчалык катуу чуркап кѳргѳн эмесмин. Полицияга телефон чалайын деп ойлодум, бирок алар келгенче канча убакыт ѳтѳѳрүн, жана ѳзүм кандай абалда боло турганымды элестетип, оюман кайттым. Анын үстүнѳ, мындан бир азыраак мурун эле курбум кѳчѳдѳн бир эркек жамбашын кармалаганы үчүн полицияга кайрылган болчу. Тилекке каршы, ага окуянын ѳзү эмес, полиция бѳлүмүндѳ болгон нерселер – уят-сыйытсыз шылдыӊдоолор, кемсинтүүлѳр, «ѳзүӊ күнѳѳлүүсүӊ» деген сѳздүн түрдүү формалары эӊ жаман таасир калтырган. Мунун баарын ойлоп кѳрүп, мен да анын абалына кабылсам, эртеӊки маанилүү конференцияга катыша албай каларымды түшүндүм. Жѳн гана душка кирип, жакшылап жуунуп чыктым. Дал ушул жагдай катуу таасир этти деп айта албайм. Аз жерден качып кутулган зордуктоого караганда бул арзыбаган нерсе. Бирок мурункудан да сак, тайманбаган эркек мүнѳз кызга айландым. Мындай болгондо керексиз кѳӊүлдү да бурбайсыӊ. Жеке мен үчүн ушундай.
Окуя 2003-жылы жайында болгон. Мектепти аяктап, университетке ѳттүм...
Окуя 2003-жылы жайында болгон. Мектепти аяктап, университетке ѳттүм. Күн ѳтѳ ысык болгондуктан, кыска шорты менен бретелькалуу топик кийип алгам. Шаардын борборундагы Арбатта сейилдеп жүрүп, ѳз районума (ал учурда шаардын чети эле) жетиш үчүн Абылайхан - Жибек жолы кѳчѳлѳрүнүн кесилишинен такси тостум. Эсимде, кѳгүш «Волга» келип токтоду, ичинде атам курактуу чоӊ киши отуруптур. Алдыӊкы орунга отурдум. Ордубуздан жылдык, ар кандай тамашаларды айтып, мени баштан-аяк карай баштады. Бир маалда мен бара турган жакка эмес, жер үйлѳр жайгашкан тарапты кѳздѳй кетип бара жатканын байкадым. Мен ага тызылдап айта баштадым, ал болсо күлүп кете берди. Анан бутумду кармалай баштады. Эгер токтотпосо, катуу ѳкүнѳ турганын эскерттим. Жиним кайнап, ага агрессивдүү кыйкырып жатканымды билем. Аябай коркуп кеткен элем. Акыры үйүмѳ жеткирди. Унаадан түшүп бара жатканда, «Дагы бир жолу шортычан жолдо турганыӊды кѳрсѳм, эч жакка качып кутула албайсыӊ…» деп катуу эскертти.
Катуу корккондуктан, шок абалына түшүп калдым. Таксиде мынчалык кооптуу болушу мүмкүн экенин ойлогон эмесмин. Окуядан кийин таксиге түшкѳндѳ эч качан алдыӊкы орунга отурбай, арткы орунга, айдоочуга диагональ багытта отурганды адатка айланттым. Кандайдыр бир коркунуч пайда болгон учурда дароо качып чыгуу оӊой болот. Башыман ѳткѳн бул окуядан кийин кийимиме да кѳӊүл буруп, башкача кийине баштадым. Тагыраак айтканда, жанымда бирѳѳлѳр болгондо кыска кие берчүмүн, ал эми жалгыз болгон учурда таксисттердин кѳӊүлүн бурбайын деп жабыгыраак кийимдерди кийчүмүн.
Сентябрь айы эле. Курбу кызымдын үлпѳт тоюна жигитим менен баргам...
Сентябрь айы эле. Курбу кызымдын үлпѳт тоюна жигитим менен баргам. Той түн жарымында аяктады. Сыртка такси кармаганы чыктык. Ѳзүбүздүн унааларыбыз жок болчу, жигитим экѳѳбүз шаардын эки башка жагында жашачубуз. Ошондуктан такси кармап, аны убара кылбай, үйгѳ ѳзүм эле жетип алайын деп сунуш киргиздим. Жигитим макул болуп, мени узатып койду. Мен болсо шаардын чет жагындагы кичи райондо жашачумун. «Түн жарымында жалгыз жүргѳндѳн коркпойсузбу?» деп сурай баштады. Чынын айтсам, коркчу эмесмин жана суроонун маанисин түшүнгѳн деле жокмун. Үйүм жолдон 50 м ары жакта болгондуктан, кичине эле басмакмын. Таксист мени жолдон түшүрүп койду, акчасын тѳлѳп, үйдү карай бастым. Мен жашаган подъездге 10 м калганда аркаман ошол эле таксист кууп жетти! Кѳрсѳ, унаасын токтотуп, артыман чуркаптыр. Колуман катуу тартып, «Токто!» деди. Кѳзү жаалданып, агрессивдүү кебетесин кѳрүп коркуп кеттим. Башымды кѳтѳрүп, ѳзүм жашаган батирдин терезесин караганым эсимде. Апам мени күтүп, телевизор кѳрүп отурганын билгем. Атам үйдѳ жок экенин да билгем. Батиримдин терезесин карап жатып, бүтүндѳй кыска ѳмүрүм кѳз алдыман учуп ѳттү. Бул акмак мени зордуктаганы жатканын, ал тургай ѳлтүрүп коюшу мүмкүн экенин түшүнүп жаттым. Ѳчѳшкѳндѳй, кѳчѳдѳ да эч ким жок. Бактыма жараша, ошол учурда сезгендей эле апам чалып калды! Телефон колумда болчу, дароо эле жооп бердим. Оюма чагылгандай тездик менен куткаруучу идея келе калды. Терезени карап, «Апа, атама айтчы тез сыртка чыга калсын. Мага бир акмак асылып жатат!» деп кыйкырып жибердим. Зордукчу далбастап калды. Дароо мени коё бергенде, подъездди кѳздѳй чуркап, эшикти кодго беките калдым. Чуркап үчүнчү кабатка чыктым, апам батирдин эшигин ачып туруптур. Атып кирип эле, эшикти бекитип алдым!
Катуу корктум! Дал ошол кооптуу маалда телефон чалып калган апама, кудайга, тагдырыма миӊ ыраазычылык билдирип жаттым. Бул чындап эле керемет болду. Себеби, мен үйгѳ бул учурда келгенде, апам мага чалчу эмес. Бул жолу болсо качан келесиӊ деп сураганы чалыптыр. Апамдын телефон чалуусу мени зордукчу таксисттен куткарып калды. Окуядан кийин жолдон такси кармабай калгам. Расмий такси кызматына чалып, чакыра баштадым. Ал учурда болсо расмий таксилер жолдо тургандарга караганда кымбатыраак эле. Ал эми мен ошондон кийин ѳз коопсуздугумду тобокелге салбайын деп чечтим.
Айтсам туура болобу же жокпу, билбейм. Ошентсе да…
Айтсам туура болобу же жокпу, билбейм. Ошентсе да… Досторубуз менен жолукмакпыз. Такси кармадык. Индрайвер, Яндекс эмес, жолдон эле тосуп, эки кыз отурдук. Кийимибизде деле кызыктыра турган эч нерсе жок. Март майрамы болчу, айдоочу бизди дароо куттуктады. Жолугушууга шашып бара жаткандыктан, айткандарына деле кѳӊүл бурган жокпуз. Анан накталай акча жок болгондугунан улам, жол акыны «Каспи» аркылуу дароо тѳлѳп коюуну чечтик. Мен тѳлѳмдү которуш үчүн анын телефон номерин сурап, акча которуп койдум. Бул маалда менин атымды сурады. Жооп берүүдѳн качып, телефонума тигиле отуруп калдым. Акча түшкѳн соӊ, баары бир атымды билип алды. Болжол менен 25-28 жаштарда экен. Кебетеси да кер какшык адамдай. Анан жигитим барбы, кайсы шаардан экенимди сурап жатты. Мен жооп берген жокмун. Досторум менен телефондон сүйлѳшүп, бизди күтүп жаткандар бар экенин түшүндүрүүгѳ аракет кылдым. Күтүүсүз жерден "Каршы болбосоӊ, жигитиӊ болбоюнбу? Белектер менен гүлгѳ бѳлѳп турам" деди. Ѳзүм эле коркуп отургам. 5-6 жаш улуу эркек кишини 2 кыз кантип жеӊе алат? Чочулап, эки жакты карап отура бердим. Акедей асылып алганынан улам, ѳзүмдү лесбиянкамын деп, жанымда отурган курбумдун колун кармай калдым. Таксист ишенбей, «Калп айтпа, бизде андайлар жок» деди. Ошол учурда тийиштүү жерге да жетип калдык. Унаасынан түшүп бара жатканда, эсиӊерге келгиле, бактылуу болосуӊар деген мааниде бир нерсе деди. Тез түшүп кеттик.
Бул окуядан кийин кыска убакыт ѳзүмдү кызыктай сезип жүрдүм. «Мен ошондой кыздарга окшоп кѳрүнѳмбү?» деп ойлонуп калдым. Кыска кийим кийбейм, ѳтѳ боёнуп жүрбѳйм. Ѳзүмѳн уялдым. Досторум менен кезиккенде баары унутулуп калды. Ошондон кийин досторумдун узатып коюу жѳнүндѳ сунушун четке какпай калдым. Анонимдүү болот деп баарын ачык баяндап бердим.
Бул окуяны мага курбу кызым айтып берген. Эч ким жардам бере албай турган абалга туш болуптур...
Бул окуяны мага курбу кызым айтып берген. Эч ким жардам бере албай турган абалга туш болуптур. Такси чакырып, унаада бара жатканда таксист анын жашоосу тууралуу сурай баштайт. Кандайдыр бир агрессия байкалат. Бирок, курбум жумуштан чарчап чыккандыктан, кѳӊүл деле бурбаптыр. Айдоочу караӊгы, киши баспаган жерге алып барып, эшиктерди бекитип, чечинүүгѳ мажбурлайт. Ал кыйкырып, каршылык кѳрсѳткѳнүнѳ карабастан, токтотпойт. Ѳзүнѳ кол салам деп коркутканда гана, таксист кооптонуп, коё бериптир. Курбумдун айтымында бул окуя кыска мѳѳнѳткѳ эле созулган, бирок унаанын ичинде ѳтѳ кѳп убакыт отургандай болуптур. Абдан коркуп калыптыр. Кѳрсѳ, кѳптѳн бери таанып, жумушунун жанында кайтарып жүргѳн экен (курбум ичимдик ичүүчү жайда администратор болуп иштейт).
Эми курбум да, мен дагы таксини ѳтѳ этияттык менен тандайбыз, сѳзсүз айдоочу тууралуу пикирлерди окуп чыгабыз. Мындан ары бул мен үчүн милдеттүү нерсе.
Таксиге отурдум, айдоочунун курагы 26-27 чамасында. Алгач башка тарапты кѳздѳй кетип, башка жүргүнчүлѳрдү жеткирди. Баары түшүп калгандан кийин менин атымды, телефон номеримди сурай баштады. Башында такси керек болгон учурда чалса боло турганын айтты. Коркконуман суроолоруна жооп берип жаттым. Андан кийин тааныш эмес номерлер чалганда телефонун албай турганын айтып, менин ага чалып коюшумду ѳтүндү. Номеримди сактап коюп, тийиштүү дарекке жеткирип койду. Кийин билдирүү жазыптыр, мен анын номерин бѳгѳттѳп койгом. Бирок бир нече жыл бою бул коркуу сезиминен арыла албай жүрдүм…
Таксисттерге ишенбѳѳчүлүк, бул курактагы эркек кишилерден коркуу, такси менен жүрүүдѳн кооптонуу.
Таксист жолдо бара жатып асылып...
Таксист жолдо бара жатып асылып, жеткенде шымынан дүүлүккѳн мүчѳсүн алып чыгып, тѳлѳмдүн ордуна аны менен жатууну сунуш кылган.
Курбу кызым менен Арбатта сейилдеп жүрүп, кафеге кирип тамактандык. Курбум жигитин күтүп жаткан. Жигити келгенде аны менен калып, мен болсо үйгѳ кетүүнү чечтим...
Курбу кызым менен Арбатта сейилдеп жүрүп, кафеге кирип тамактандык. Курбум жигитин күтүп жаткан. Жигити келгенде аны менен калып, мен болсо үйгѳ кетүүнү чечтим. Түнкү саат 11 же 12 эле. Арбаттын бет маӊдайында Абылайхан кѳчѳсүнүн боюнда таксилер турат. Дайыма эле ошолор менен кетчүбүз. Жекече иштеген таксилер, бирок дайыма иштешет. Менде эч качан булар жѳнүндѳ жаман ой болгон эмес. Таксиге отурганда курбума чалып, кандай унаа экенин айтып, үйгѳ барарымды билдирдим. Экѳѳбүз дайыма ошентчүбүз. Дарегимди айттым, ал убакта Абай/Мате Залка районунда жашачумун. Жайбаракат арткы орунга отурдум. Абай кѳчѳсүнѳ чыкканда жолчырактын тушунан алдыӊкы орунга чоочун жигит отурду. Айдоочу жѳн гана жолдон таштай кетерибизди айтып, мени жоошкотуп койду. Абай менен ары кеттик. Жүргүнчү мени менен таанышууга аракет кылды, кайсы жакка бара жатканымды, мындай сулуу кыз эмне үчүн жалгыз жүргѳнүн жана башка маанисиз суроолорду берип жатты. Күйѳѳм бар жана мени үйдѳн тосуп алат деп жооп бердим. Кыскасы, айдоочу тѳмѳн жакты кѳздѳй бурулуп, ал жол менен тезирээк жетерибизди айтты. Мен болсо шаарды жакшы билем жана Толе Биге чейин түшпѳсѳ, андан башка жол жок экенин да билем. Унааны токтотуп, сүйлѳшкѳндѳй эле 600 теӊгени узаттым. Айдоочу акчаны алды, бирок мен эшикти ачып чыгайын дегенде, жүргүнчү бала ордунан түшүп, мени кайра арткы орунга түртүп киргизди. Күч менен басып алып, сыйпалай баштады. Джинсы шымымды чечкенге аракет кылып жатты. Бул маалда айдоочу унааны айдап жѳнѳдү. Зордукчудан кутулууга аракет жумшап, кыйкырып жаттым, тиги болсо ѳпкүлѳп, алаканы менен оозумду жаап, шымымды чече баштады. Такасы бийик замша ѳтүк кийип жүргѳм – бутум менен айнекти талкалаганга аракет кылдым. Болжол менен ноябрдын ортолору болчу. Кыскасы тиги бала үстүмѳ чыгып алган, денемди кармалап жатканда болгон үнүм менен кыйкырып жибердим. Дароо муштум менен бетке бир урганда, эс-учумду жоготуп коюптурмун. Эсиме келсем, жолдон алыс эмес жерде бактардын арасында жатыптырмын. Жерге жарык кирип калган экен. Канча убакыт жатканымды билбейм. Дене-башым кѳгала, канаган жерлер кургап калыптыр, кофтам айрылган, 2 телефонум, зер буюмдарым, ичинде болжол менен накталай жана картада 40 миӊ теӊгеси бар капчыгым жок. Ѳтѳ алыс эмес жерден сумкамды таптым – жок дегенде үйдүн ачкычын албаптыр. Үстү-башымды оӊдомуш этип, каякта жүргѳнүмдү билүүгѳ аракет кылдым. Шаардын четинде экеним түшүнүктүү. Кыскасы, эптеп бир унааны токтотуп, айдоочу мени полиция бѳлүмүнѳ чейин жеткирип койду. Чынында эле шаардын четине, ГРЭС тарапка барып калыптырмын. Арыз жаздым. Полиция кызматкерлери дагы мага асылуу аракетин кѳрсѳтүп, арызды кабыл албай жатышты. Мен болсо тезирээк жуунуп, үстүмдѳгүлѳрдү чечип ыргытып, түндѳ болгон окуянын эстебеш үчүн кийимимди да, эсимдегилерди да ѳрттѳп салгым келип жатты. Андан бери 8 жыл ѳттү. Ал эми сынган мурдум менен эркектерден коркуу жана аларга болгон жек кѳрүү сезими дагы эле кетпей, ошол түнкү таксидеги коркунучтуу окуяны эске салып турат. Ѳзүӊѳргѳ сак болгула.
Таӊ эртеӊ менен мектепке жетейин деп такси токтоттум (ал учурда яндекс популярдуу болбогондуктан, кол булгап эле токтоттум), таксист 40 жаштардагы арык киши экен...
Таӊ эртеӊ менен мектепке жетейин деп такси токтоттум (ал учурда яндекс популярдуу болбогондуктан, кол булгап эле токтоттум), таксист 40 жаштардагы арык киши экен. Кетип бара жатып секске байланыштуу окуяларды айтып берип жатты (айткандарынан эсимде калганы - кайсы бир жерден жыныстык катнашка барган эки жупту карап отурган таксист кыздын онтогонун угуп, ѳзүн кыз деп элестетип, кошо онтой баштаптыр). Абал кызыктай боло баштады. Ал учурда ѳзүмдү коргоого күчүм жете элек болгондуктан, башымды ийкеп, аны угуп кете бердим. Жетейин деп калганда мектептин дарбазасынан бир кѳчѳ мурун токтоп (азыр жаман нерсени дароо сезмекмин, ал учурда болсо, кооптонуу болгон эмес жана мектепке жетип алам деп ойлогом), таксист арткы орунда отурган мени карап, бир нерселерди айтып жатты. Эсимде деле жок, бирок секстен кантип ырахат алууга боло тургандыгын түшүндүрүп жатса керек эле. Бир маалда эле алакандары менен тѳшүмдү кармап жиберди. Колуна согуп жиберип, катуу кыйкырып, урушуп жибердим (ал тургай уят сѳздѳр менен да сѳксѳм керек). Унаадан атып чыгып, чуркаган бойдон ыйлап мектепке жеттим. Ошол учурда туш болгон окуя тууралуу классташтарыма эч нерсе айткан эмесмин. Эмне үчүн экенин билбейм. Ошол күнү эртеӊ менен катуу коркуп калгандыктан, кечке ыйлап жүрдүм.
Башында эле таксист жакпай калганда, унаасынан түшүп калбаганым үчүн ѳзүмдү күнѳѳлѳп, талпактай сезип жүрдүм. Мындай абалга түшүрүүгѳ мүмкүнчүлүк бергеним үчүн ѳзүмдү күнѳѳлѳйм. Албетте, уруксаты жок дене мүчѳмѳ бирѳѳнүн колу тийген үчүн ѳзүмѳн жийиркенип жүрдүм. Ооба, бул зордуктоого жатпаганын билем, бирок мындан жеӊилдеген жокмун. Башыман ѳткѳргѳн соӊ, азыр бул класска кирген адамдардан сактанып турам. Эгер таксисттен кандайдыр бир шектенүү жаралса, анын арт жагындагы орунга отурам да, кокустан бир нерсе болсо, кур менен муунтканга мүмкүн болуп-болбой турганын байкаштырам.:D
Карыган таксист арткы эшик ачылбайт деген шылтоо менен алдыӊкы орунга отургузган...
Карыган таксист арткы эшик ачылбайт деген шылтоо менен алдыӊкы орунга отургузган. Ооруган адамдарды колу менен дарылап айыктырам деген сыяктуу нерселерди казакча айтты. Жолдо бара жатканда киндигимди кѳрсѳт деп, бир колу менен джинсы шымымды ачып, колун сала баштады. Ал учурда да дарылоо жѳнүндѳгү калптары менен алаксытып келе жатты. Кыскасы, башымды айлантууга аракет кылды. Мага асылып жатканын дароо түшүнгѳн жокмун. Унаасын араӊдан зорго токтоттуруп, аттап-буттап качып чыктым. Курбу кыздарым менен жолугуу үчүн кафеге бара жаткам. Окуя тууралуу айтып бергенимде эч кимиси таӊ калбаганы жана мага боору ачыбаганы кызык болду. Эч нерсе болбогондой мамиле кылышты. Бирок ѳзүмдү шок абалына түшүрдү.
Жолдон дагы жүргүнчүлѳрдү алам деген шылтоо менен алдыӊкы орунга отуруумду суранды...
Жолдон дагы жүргүнчүлѳрдү алам деген шылтоо менен алдыӊкы орунга отуруумду суранды. Жолдо кетип бара жатканда үйүнѳ барып, жыныстык катнашка барууну сунуш кылды. Ѳзүн нормалдуу, жароокер, бүлѳчүл деп мактап, аялы, балдары бар экенин айтып жатты. Албетте, дароо эле «жок» дедим. Анан буттарымды кармалап, «таттуу сан эт экен» дей баштады. Унаасын токтотууну талап кылдым. «Кой эми, жумушка чейин жеткирип коём» деп, айдап бара жатып кайра эле сандарымды кармалай берди.
Бул мен эмес, курбум туш болгон окуя. Чынын айтсам, баяндап берүүгѳ акым барбы же жокпу, билбей турам...
Бул мен эмес, курбум туш болгон окуя. Чынын айтсам, баяндап берүүгѳ акым барбы же жокпу, билбей турам. Жашырындуулук шарты менен айтып берейин. Окуя мындай болуптур: курбум таксиге отурат. Жарым жолго жеткенде айдоочу колун анын санына коюп, ага тийишип, интимдүү жерлерин кармалай баштайт. Курбум шок абалына түшүп, эмне кыларын билбей, селейип отуруп калат. Бир жакка алып барып зордуктап коет деген коркуу менен, тилин тишине катып отуруп берет. Айдоочу жолду карап бара жатканда ал досуна геолокация жана такси чакырганда тиркемеге келген унаа жѳнүндѳ маалыматтарды жибергенге үлгүрѳт. Бир убакыт соӊ, айдоочу жолдон токтоп, кызды түшүрүп кетип калыптыр. Курбум полицияга кайрылган жок жана азыркыга чейин таксиге отургандан коркот.
Эртеӊ менен 8 чамасында офистик кийим кийим кийип жумушка бара жаткам. Жарым жолдон таксист чоӊ жолдон кайрылып кетти...
Эртеӊ менен 8 чамасында офистик кийим кийим кийип жумушка бара жаткам. Жарым жолдон таксист чоӊ жолдон кайрылып кетти. Тыгындан качып ушундай кетти го деп ойлоп койдум. Күтүлбѳгѳн жерден жер тамдардын арасына токтоду да, бул жакта сүйлѳшкѳн кызы жашарын, ага жолугуп кете турганын айтты. Бир-эки мүнѳттѳн кийин «Мени менен катнашка киресиӊби?» деп сурады. «Жок» деп, унаанын эшигин ачканга аракет кылдым. Эшиктерди бекитип коюптур. Артка бурулуп, мени карап (мен арткы орунда отургам), коркута баштады. Колунда бычак бар экенин айтып, кыӊк этпей угууну талап кылды. Колун алаама салды. Сыртта бир кишинин ити менен сейилдеп жүргѳнүн кѳрүп, кыйкыра баштадым. Тилекке каршы, айнектери күӊүрттѳлгѳндүктѳн ал киши мени уккан да, кѳргѳн да жок. Таксист унаасын от алдырып, арыраак жакты кѳздѳй жылды. Мен кыйкырып жаттым. Бир короодон машина чыгып жатыптыр. Тиги таксист коркуп кетип эшикти ачканда, буюмдарым менен кошо кулап түштүм.
Б чекитине жеткирген соӊ, айдоочу жол акысына оозуман ѳптүрүүнү талап кылды. Машинанын эшиктери да бек экен...
Б чекитине жеткирген соӊ, айдоочу жол акысына оозуман ѳптүрүүнү талап кылды. Машинанын эшиктери да бек экен. Акчаны бетине ыргытып, баарын телефонго тарта баштадым. Муну кѳргѳн таксист унчукпай мени коё берди. Бул окуядан кийин такси кызматын пайдаланууну токтоттум. Эркектерге да ирээнжип калдым. Аялдарды эрекектер сыяктуу эле жашоо жана тандоо укугуна ээ инсан катары кабыл албагандары да мен үчүн коркуу сезимин жаратат.
2015-жылы 3-курста окуп, юридикалык фирмалардын биринде стажировкадан ѳтүп жаткам...
2015-жылы 3-курста окуп, юридикалык фирмалардын биринде стажировкадан ѳтүп жаткам. Жумушка күнүгѳ эле такси менен жетчүмүн. Бир жолу жолдон эле кетип бара жаткан таксини токтоттум. Тыгында кыбырап бара жатып, 30 жаштардагы айдоочу менен бир аз сүйлѳшѳ кеттик. Кийин ошол эле таксист бир нече жолу алып кетип жүрдү. Мен болсо кокустук деп эле жаман ой жок жүрѳ бердим. Акыркы жолу жеткиргенде ал жол акысынын ордуна арткы орунга ѳтүп, «чогуу эс алууну» сунуш кылды. Унчукпай унаадан түшүп, качып кеттим. Белгилей кетчү нерсе – таксисттерден акысынын ордуна артка ѳтүп, «эс алуу» сунушу кийин деле бир нече жолу болду. Дагы бир окуяны айтып берейин. 2016-жылы жаӊы жылдык корпоративдик кечеден кийин Uber такси чакырдым. Бир аз ичимдик ичкем, арткы орунда кѳзүмдү жумуп келе жаткам. Бир маалда айдоочу мени шаардын четине алып чыгып бара жатканын түшүндүм. Дароо досторума чалып, атайы угуза айдоочу, унаасы жѳнүндѳ маалымат берип, жүргѳн жеримди жѳнѳттүм. Таксист унчукпай артка бурулуп, тийиштүү жерге жеткирди. Кийин Uber кызматына окуя боюнча арыз жаздым, бирок азыркыга чейин эч кандай чара кѳрүлгѳн жок.
Мындай абалдарга түшкѳнүмѳ менин жүрүш-турушум же кебетем себеп болду дейин десем, ѳзүм антип жүрбѳйм.
Бирок туш болгон окуялар менде коркуу сезимин пайда кылды. Азыр мен жолдон такси кармабайм, айдоочулар менен сүйлѳшпѳйм, күрѳшкѳ катышам жана алкоголдук ичимдик ичкен учурда эч качан таксиге жалгыз отурбайм.
Жолдон такси кармадым. Колготынын үстүнѳн шорты кийип, кофтачан болчумун. Айдоочу сѳз баштады. Алгач, ал мага тийишип сүйлѳп жатканын түшүнгѳн эмесмин. Тарбиям боюнча эле суроолоруна жооп берип жаттым. Каякта иштеримди сурады. Мен болсо официант экенимди айттым. Кыскасы, мени жеӊил ойлуу деп эсептеп, ачык эле акарат кылды. Эмне дегени так эсимде жок, бирок болжолдуу «Бар, жакшылап иштеп, сапаттуу тейле» сыяктуу сѳздѳр болчу. Албетте, сүйлѳп жатканда мыйыгынан күлүп, куу кѳздѳр менен карады. Эмне үчүн антип айтканын кѳпкѳ түшүнбѳй, ойлонуп жүрѳ бердим. Кийин, бир-эки жыл ѳткѳн соӊ, ошондо мени жеткирген кѳчѳлѳрдүн кесилишинде сойкулардын кѳмүскѳ жайы бар экенин досум айтты. Таксист мени жумушка дал ошол жайга бара жатат деп түшүнгѳн экен.
Кыска шорты кийгеним үчүн кѳпкѳ чейин ѳзүмдү күнѳѳлѳп жүрдүм. Кийимим үчүн мени сойку деп ойлоду. Жаш болуп, түшүнбѳптүрмүн. Кѳрсѳ, балээнин баары айдоочунун ѳзүндѳ экен. Баса, азыр эч качан автомобилде алдыӊкы орунга отурбайм.
Мен дайыма Яндекс такси чакырам. Себеби, жолдон такси тосконду жактырбайм (коопсуздукка байланыштуу), бирок бул жолу адашыптырмын...
Мен дайыма Яндекс такси чакырам. Себеби, жолдон такси тосконду жактырбайм (коопсуздукка байланыштуу), бирок бул жолу адашыптырмын. Кадимки эле сапар, айдоочу мага комплимент айтып, жеке жашоом жѳнүндѳ сурап келе жатты. Бул биздин менталитетке туура келген, кадимки эле кѳрүнүш да. Ал эми чындыгында бул туура эмес, айдоочу ар кандай суроо берип, ѳзүн талапкер кѳрсѳтпѳстѳн (жеке мейкиндикти бузбай), унчукпай тийиштүү жерге жеткириш керек. Бир аз убакыт ѳткѳндѳн кийин WhatsApp номериме чоочун номерден бирѳѳ жаза баштады. Кѳрсѳ, баягы таксинин айдоочусу экен. Жазып да, чалып да жатты, мен аны бѳгѳттѳп койдум. Кийинчерээк Инстаграм баракчама чоочун аккаунттан сурам келет. Телефон китепчеси акрылуу инстаграмдагы аккаунтту табуу кызматы бар. Мени жайыма коюусун, экинчи жазбоосун сурандым, башка аккаунттан жазып, башка номерлерден чалып жатты. Акырында «чалууларды басып салуу» кызматын кошуп койдум. Андан бери бир жыл ѳттү, бирок азыркыга чейин бул кызматты ѳчүрѳ элекмин. Башка номерлерден WhatsApp аркылуу жазат, мен болсо «Менден сизге эмне керек? Мындай мамиле үчүн эч кандай себеп берген эмесмин» деп жооп берем. Кыскасы, ал мени менен жыныстык катнашка барууну каалап жатыптыр. Таксиде бара жатканда аябай жагып калыптырмын (ал тургай кийген кийимимди да эстеп калыптыр) жана ошондон бери унута албай жатыптыр. Айтымында, мени менен сексуалдык байланышта болуп жатканы түшүнѳ кирет имиш, аялы менен катнашка кирген учурда кѳз алдында мени элестетет имиш (аялы, 4 баласы бар экен). Буларды угуп шок болдум, психикалык жактан оорукчан адам экенин түшүнүп турам. Аялына айтам же арыз жазам деп да коркуттум. Ортодон жоголуп кетип, белгилүү бир убакыттан кийин кайра пайда болуп, аялы болуп үчѳѳбүз жыныстык катнашка кирүүнү сунуш кылды. Менин сүрѳтүмдү аялына кѳрсѳтсѳ, жактырган имиш. Эмне кылыштын айласын таппай калдым. Мурункудай эле кара тизмеге киргизип койсом, «Индрайверде эмне үчүн менин сурамымды кабыл албай жатасыӊ?» деп жазып жибериптир. «Кандайча?» деп сурадым. Кѳрсѳ, бир жолу түнкү саат 2де индрайверге бардан үйгѳ чейин деп буйрутма жѳнѳтүптүрмүн. Ал биздин буйрутманы алса, биз кабыл албай коюптурбуз. Ошондо эстедим: ал күнү курбум менин телефонуман такси чакырган болчу. Эми мен чындап кыжырдана баштадым. Толтура жаман сѳздѳрдү жазып, полицияда иштеген досуман жардам берүүсүн ѳтүндүм. Досум аны менен сүйлѳшүп, мени жайыма коюусун айтып, коркутуп коюптур. Ошондон бери менин тынчымды албайт. Окуя 3 айга чейин уланган. Азыр болсо, айдоочулар менен сүйлѳшпѳй жетүүгѳ аракет кылам. Таксиге отурганда мени зордуктап кетет деп коркпой, тескерисинче ѳзүмдү коопсуздук ичинде сезүүнү каалайм. Туурасы ушул!
Менин башыман ѳткѳн окуя анчалык деле маанилүү болбосо керек. Ошентсе да бѳлүшѳ кетейин...
Менин башыман ѳткѳн окуя анчалык деле маанилүү болбосо керек. Ошентсе да бѳлүшѳ кетейин. Ѳзүм 26-28 жаштагыдай кѳрүнѳм, ошондуктан жаш жигиттер мага кѳп тийишишет. Таксиде кетип бара жатканда айдоочу (20 жаштардагы бала) менен сүйлѳшүп жаттык, сѳз менен «тузакка» түшүрѳйүн дейт, мен буга жол бербегенге аракет кылам. Баары бир акырында «Жылаӊач болгондо кандайсыз?» деген суроону берди. Мен болсо баарын фитнеске байланыштырып, мурда спорт менен машыкканымды, келбетиме эч качан нааразы болбогонумду айттым. Оор басырыктуу болуу менен, провокацияга алдырбаганга аракет кылып отурдум. Ошентсе да, жаш баланын уятсыздыгы, абийирсиздиги жана негизги баалуулуктарынын жоктугу таӊ калтырды.
Мен арткы орунда отургам. Кыска юбкачан болчумун. Айдоочу жол бою менин телефон номеримди алууга аракет кылып жатты...
Мен арткы орунда отургам. Кыска юбкачан болчумун. Айдоочу жол бою менин телефон номеримди алууга аракет кылып жатты. Мен артта отурганыма карабай, бир нече жолу колун тиземе коюп дагы үлгүрдү. Номеримди бербей койсом, ар кандай шылтоолорду айта баштады. Ал тургай, наздангандай 16дагы жаш кыз эмес экенимди да эскертти (кыз эмессиӊ деген мааниде). Кандай жооп кайтарууну билбей, сылык жол менен кутулууга аракет кылдым. Тиземе колун дагы бир жолу койгондо, кагып жибердим. Кечирим сурады, бирок мен ѳзүмдү ѳтѳ жаман сезип жаттым. Бара турган жерге жеттик. Жолдон түшүп калып, башка таксиге отуруп кеткенден да корктум. Мындан жаман адамга кабылсам эмне болот?
Албетте, буга чейин деле такси айдоочуларынын кѳшѳргѳн жана жагымсыз таанышуу аракеттери кѳп эле болгон. Бирок, эч ким кол тийгизген эмес. Бул жолу ѳтѳ эле жагымсыз болду. Дароо катуу айтып, токтотуп койбогонум үчүн ѳзүмдү күнѳѳлѳп жаттым. Ошондон бери жалгыз жүргѳндѳ, жакын жерге бара жатсам да жолдон такси тоспойм. Яндекс же башка такси кызматтарына жок дегенде даттануу менен кайрылса болот.
Күз айы, 7 же 9-ноябрь болчу, жылы эсимде жок. Саат 20:00дѳ жумуштан чыгып, үйгѳ автобус менен кете албай калдым...
Күз айы, 7 же 9-ноябрь болчу, жылы эсимде жок. Саат 20:00дѳ жумуштан чыгып, үйгѳ автобус менен кете албай калдым. Аялдамадан таксиге отурдум. Жолдо бара жатып, мындай суукта эмне кылып жүргѳнүмдү сурады. Жумушумду айтып отурбай эле, коноктон чыктым деп койдум. Тийиштүү жерге жетпей, Аксай-1 кичи районунун үйлѳрүнүн арасына кирип, бактардын астына токтоду. Мени машинадан чыгаргысы келбей, эшиктерин бекитип салып, дирилдеген үн менен бир нерсе деп сүйлѳп жатты… Бир жакка чакырып, эс алууну, кѳӊүл ачууну сунуштап жатты окшойт. Ѳзүм нес болуп тургандыктан, айткандары так эсимде жок. Эшикти ачуусун ѳтүнүп, туталанып жаттым… Ал болсо оӊ колун катып, же бир нерсени жашырып жаткандай сезилди. Эмне экенин түшүнѳ алган жокмун. Жаныбыздан 3 кыз ѳтүп бара жатканын кѳрүп, айнекти түшүрѳ калып, эшикти сыртынан ачып, жардам берүүсүн ѳтүндүм. Дароо эле эшикти тарткылай башташты, таксист эшиктерди ачып жиберди, коркуп кетсе керек. Үрѳйүм учкан бойдон кыздарга ырахмат айтып, үйдү кѳздѳй чуркадым. Үйүм алыс болчу. Жеткиче бардык нерсени ойлонуп чыгып, мындан ары таксиге түшпѳйм деген чечимге келдим.
Айдоочу мага асылып, колун бутума коюп, алаама чейин киргизип жиберди...
Айдоочу мага асылып, колун бутума коюп, алаама чейин киргизип жиберди. Кой деп, колун алганыма, катуу айтканыма карабай тийишкенин уланта берди. Колуна ачкыч менен чаап жиберүүгѳ туура келди.
Кыш. Ресторанда жаӊы жылдык корпоративдик кече болгон. Кийим илчү жайга чыкканымда, холлдо кызыктай бир адам турганын байкагам...
Кыш. Ресторанда жаӊы жылдык корпоративдик кече болгон. Кийим илчү жайга чыкканымда, холлдо кызыктай бир адам турганын байкагам. Ал мага дароо эле жаккан жок. Ал күнү эч кандай ичимдик ичпей, сопсоо болчумун. Банкет бүткѳндѳн кийин баарын машиналарга отургузуп жѳнѳтүп жаттым. Бир маалда карасам, жалгыз калыптырмын. Таӊкы саат 4:00. Сырт абдан суук. Кѳчѳдѳн машина тостум. Таӊ калыштуусу – токтогон унаада холлдон кѳргѳн киши экен. Жеткире турган баасын макулдашып, машинага отурдум. Бурулгандан кийин май куюп алайын деди. Унаадан чыгып, бирѳѳгѳ чалып жатканын байкап калдым. Майды деле куйган жок. Акырын терезени ачып, бир кызды тапканын жана азыр алып келем дегенин уктум. Коркконуман эмне кыларды билбей калдым. Мен жѳнүндѳ кеп болуп жатканын дароо түшүндүм. Таксиден түшѳ калып чуркадым. Мени токтотууга аракет кылып, азыр кетебиз деп жатты. Аны укпай эле трассаны кѳздѳй чуркадым, башка таксини тосуп, түшүп кеттим. Кылчайып карасам, машинасына май куйбай эле кетти. Мени каякка алып бармак, эмне кылмак, билейм. Ѳзүӊѳргѳ сак болгула, кыздар!
Телефон чалуу аркылуу келген расмий таксиге отурдум. Караӊгы болчу, бирок түн кире элек (кышында 19:00дѳн кийин)...
Телефон чалуу аркылуу келген расмий таксиге отурдум. Караӊгы болчу, бирок түн кире элек (кышында 19:00дѳн кийин). Жолдун бир бѳлүгү эл жашабаган жерден ѳтѳт. Таксист күйѳѳӊ барбы же жокпу, сексте эмнени жактырасыӊ деген сыяктуу жеке суроолорду бере баштады. Акыры «аркаӊан бересиӊби?» деп ачык эле сурады. Одонолук үчүн кечирип коюӊуздар. Нес болуп калдым, эмне деп жооп бергенимди да билбейм. Ээн жерден ѳтүп баратканда, «азыр талаага алып чыгып, каалагандай зордуктайм, эч ким эч нерсе кыла албайт, бирѳѳ бирдеме десе, ѳзү каалады деп айтам» деп коркута баштады. Ошол маалда телефонум чалып калды. Балким ошол чалуу мени куткаруучум болду. Үйгѳ бара жатканымды, таксист адекваттуу эмес экенин, кайсы фирма, кайсы даректен чыкканымды айттым. Таксист коркуп кетти окшойт, жѳн гана тийишип жатканын, баары тамаша экенин айтып, актана баштады. Жакынкы аялдамадан мени түшүрүп коюусун талап кылдым. Кыскасы бул окуя катуу коркуу менен гана чектелди.
Кѳрүнүшүм боюнча ыӊгайсыз жана жагымсыз пикирлерди айтып, ѳзүм жана жеке жашоом тууралуу жадатма суроолорду кѳп берди...
Кѳрүнүшүм боюнча ыӊгайсыз жана жагымсыз пикирлерди айтып, ѳзүм жана жеке жашоом тууралуу жадатма суроолорду кѳп берди. Үйгѳ жеткенде «Эми сенин кайда жашаганыӊды билип албадымбы…» сыяктуу сѳздѳр менен ала качуу жана үйлѳнүү той жѳнүндѳ тамашалай баштады. Балким, кимдир-бирѳѳ үчүн бул асылууга жатпайт, ошентсе да асылуунун ар кандай формалары менен кѳрүнүштѳрү бар экенин билишибиз керек. Бул абалда мен ѳзүмдү коопсузмун деп сезе алган жокмун.
Шаардык акимиатта башкы адис болуп иштечүмүн...
Шаардык акимиатта башкы адис болуп иштечүмүн. Жылдык салык декларациясын толтуруп жатып, ката кетирип алыптырмын. Ал эми прокуратуранын кызматкери кетирген катам үчүн кечки тамактанууга барууну сунуш кылды. Сунушун четке кагып, жѳн гана таттууларды сатып келип бердим.
Жолдо турсам, чоӊ джип келип токтоду. Арткы орунга отурайын дегенимде, 70 жаштардагы эркек айдоочу алдына отуруумду суранды...
Жолдо турсам, чоӊ джип келип токтоду. Арткы орунга отурайын дегенимде, 70 жаштардагы эркек айдоочу алдына отуруумду суранды. Токтобой сүйлѳп бара жатты. Бир маалда алаканы менен саныма «чап» эттире бир койду (жай болчу, кыска шорты кийип жүргѳм). Бул аракеттен кийин кыймылдай албай отуруп калдым. Себеби, «ур, катып кал же чурка» деген кыймыл-аракеттердин ичинен мээм катып калууну тандады. Анан машинадан түшүп, унчукпай, андан ары ѳз жолум менен кеттим.
Жакшы ата катары кабыл алган ѳз атамдан улуу киши мага тийишти.
Талгар трассасынан такси кармадым...
Талгар трассасынан такси кармадым. Орто жаштардагы айдоочу токтоп, алдыӊкы орунга отуруумду суранды, арткы орундарда буюмдар кѳп экенин айтты. Токтобой сүйлѳп жатты. Бара турган жерге – Саяхатка жетип калганда, менин түшѳ турганымды билип, сыйкырдуу ыкма менен аялдардын ооруларын таба аларын, менде «аялдардын оорусу» бар экенин айтты. Анан дароо эле алаамды кармай калды, ошол учурда Саяхатка жетип, селейген бойдон таксиден түшүп кеттим.
Кызыктай суроолорду бере баштады: жашыӊыз канчада? Иштеп акча табасызбы? 4-курста окуйсузбу? Күйѳѳӊүз барбы? Жалгыз жашайсызбы?
Кызыктай суроолорду бере баштады: жашыӊыз канчада? Иштеп акча табасызбы? 4-курста окуйсузбу? Күйѳѳӊүз барбы? Жалгыз жашайсызбы? (бул суроолорду жѳн гана баарлашып кетүү максатында берген жок, мында бир арам ою бар экени сезилип жатты). Университеттен Ханшатырга чейин деп такси чакырдым. Болжол менен кечки саат 19:30 болчу. Ханшатырга эки жол менен барат: бири алдынан, экинчиси артынан ѳтѳт. Арт жагынан ѳткѳн жолдун боюнда үйлѳр салынып жатат, азырынча свет жок. Тыгын жок деген шылтоо менен ошол жол менен кетели деди. Чынын калпын аралаштырып, эптеп бир нерселерди айтып жатып алдыӊкы жол менен кетүүгѳ кѳндүрдүм. Ханшатырдын жанынан түшүш үчүн кайра эле киши жок, караӊгы унаа токтоочу жайга кирүү талап кылынат. Ал жакка барбаш үчүн кызыл чырак күйүп турганда токтоого тыюу салынган аялдамадан түшүп калдым. Бактыма жараша, ал аялдамада да кол булгап такси тоскондор бар экен.
Индрайвер тиркемеси аркылуу такси чакырдым. Айдоочу жалгыз эмес экен...
Индрайвер тиркемеси аркылуу такси чакырдым. Айдоочу жалгыз эмес экен. Бул мага жаккан жок. Бирок башка таксини күтүп турууга убакыт жок болчу. Арткы орунга отуруп, телефонду тиктеп кете бердим. Жолдо айдоочу менен жанындагы жолдошу мен жѳнүндѳ кеп кылып жатышты, мени түшүнбѳйт деп ойлошту окшойт. Орус болгонум менен казакча жакшы билем. Кийимим, макияжымды талкуулашты. Бир маалда бири экинчисине башымдан тышкары башка жерлеримде дагы чачтарым кызгылт түстѳ экенин текшерип кѳрүүнү сунуш кылды. Чыдабай кетип, алар жѳнүндѳ оюмду ачык айтып салдым. Таӊ калыштуусу – чоӊ эле кишилер экен. Бирѳѳнүн телефонунун бетинде кичинекей кыздын сүрѳтүн кѳрдүм. Кызы болсо керек… Мен деле бирѳѳнүн кызы, бирѳѳнүн жубайы, балдардын апасымын да.
55-60 жаштардагы казак улутундагы эркек киши, такси айдайт экен. Жамгыр тѳгүп жаткан, айдоочу аба-ырайы жѳнүндѳ кеп козгоду...
55-60 жаштардагы казак улутундагы эркек киши, такси айдайт экен. Жамгыр тѳгүп жаткан, айдоочу аба-ырайы жѳнүндѳ кеп козгоду. Баарлашууну мен баштаган жокмун, анан биринчи сүйүүсү, жаштыгы, сүйүктүүсү менен жыныстык байланышы жѳнүндѳ айта баштады. Мен унчуккан жокмун. Андан соӊ, 19 жаштагы студент кыз менен жолугуп жүргѳнүн айтып, шашылбасам шаарды кыдырып келүүнү сунуш кылды. Тийиштүү жерге жеткенде түшүп калдым жана ушуну менен бүттү. Чынын айтсам, менин окуям асылууга жатабы же жокпу, билбейм. Себеби ал киши менин денеме тийген жок.
Емцов-Рыскулов кѳчѳлѳрүнүн кесилишинен Водник кичи районуна чейин таксиге отурдум. Айдоочу жигит дароо эле «Күйѳѳӊ барбы?»...
Емцов-Рыскулов кѳчѳлѳрүнүн кесилишинен Водник кичи районуна чейин таксиге отурдум. Айдоочу жигит дароо эле «Күйѳѳӊ барбы?», «Балдарыӊ барбы?», «Эмне үчүн тѳрѳй элексиӊ?» ж.б. ушул сыяктуу жеке жашоомо тийиштүү суроолорду бере баштады. Бир маалда менин жеке жашоом менен кандай жумушу бар экенин, бейтааныштар менен муну талкуулабай турганымды айттым. Кыжыры келип, катуу айдады. Мага акарат кылып жатты. «Эркек болгонуӊда башыӊды жерге тыкмакмын» деди. Коркуп кетип, айткандарымды жымсалдоого ѳттүм: одоно жооп бергенимдин себебин бир тууган агам дагы эмне үчүн тѳрѳбѳй жүргѳнүмдү сурабайт деп түшүндүрдүм. Токтогондо түшүп кеттим.
Таксист уялбай туруп эле шымынын сыдырмасын чечип, колу менен ойной баштады. Анда-санда жолду караганы болбосо, мага тигиле карап, кѳзүн албай келе жатты...
Таксист уялбай туруп эле шымынын сыдырмасын чечип, колу менен ойной баштады. Анда-санда жолду караганы болбосо, мага тигиле карап, кѳзүн албай келе жатты. Жанындагы алдыӊкы орунда отургам. Алгач талмасы бар го деп ойлодум, анан гана түшүндүм. Тез аранын ичинде машинадан түшүп кетишим керек деген ой жаралды. Токтоп коюусун суранганымда, унчукпай андан ары кете берди. Ишин бүтүргѳн соӊ, мени түшүрүп койду. Бузула берген телефонум да дал ошол маалда – жакындарыма чалып, кайсы жерде экенимди билдириш керек болгон учурда ѳчүп калыптыр. Жаман нерсе болбогону кубандырат, бирок анын мындай жоругуна башка кыздар туш болуп калсачы? Эмне кыларымды билбей калдым да. Азыр болсо баарын ойлонуп чыгып, башкача иш-аракет кылыш керек болчу экенин түшүнүп турам. Кыймыл аз трасса менен кетип бара жатканым абалды татаалдаштырды. Ал менин кадимки күнүгѳ барып келген жолум болчу. Шаардын четинде жашап, шаарда иштечүмүн. Кѳп учурда таӊкы саат 5-6ларда үйдѳн чыгууга туура келчү. Бул маалда унаалар да, кишилер да аз жүрѳт эмеспи. Азыр ошондой абалга туш келип калсам эмне кылмакмын? а) эч качан чоочун унаага жалгыз отурмак эмесмин, ишеничтүү жолдошторду тапмакмын, ѳзүмѳ окшоп таӊ эрте шаарга жумушка кете турган адамдар менен биригип алмакмын; б) жакшы иштеген түзүлүш колдонуп, жаныма пауэрбэнк алып жүрмѳкмүн; в) андан эртерээк туруп, коомдук транспортко түшмѳкмүн; г) сѳзсүз такси менен кетиш керек болсо, расмий таксилердин гана кызматынан пайдаланмакмын.
Кийин таксисттин ѳзүнүн сексуалдык муктаждыгын ушундай жол менен канааттандырып алганы мен үчүн жакшы болгонун түшүндүм. Бул окуядан кийин үч эрежени сактап калдым: 1. Расмий таксилерди гана чакырам. 2. Жакындарым да ача алган электрондук почтама барган жерлеримдин очёттуулугун кошуп койдум. 3. Шектенүү жараткан унааларга эч качан отурбайм (унаанын ичинде айдоочудан тышкары дагы бирѳѳ болсо, арткы орунга отургузбай, алдыга отур десе, тамеки эмес, түтүн жыттанса, чакырууга тиркемеде кѳрсѳтүлбѳгѳн башка унаа келсе ж.б. учурларда)
Биринчи жолу жагымсыз окуяга 2018-жылы туш болгом. Бирок анда айдоочу жаман оюн ишке ашырганга жетишпей калган...
Биринчи жолу жагымсыз окуяга 2018-жылы туш болгом. Бирок анда айдоочу жаман оюн ишке ашырганга жетишпей калган. Жумуштан кеч чыгып, Яндекс такси чакырдым. Айдоочу атайы эле үйүмѳн ѳтүп, ары кѳздѳй кеткен. Эмне үчүн токтобогонун сураганымда, унчукпай кете берген. Дароо жетекчиме телефон чалып, жагдайды айта баштаганда гана, арка бурулуп, үйгѳ жеткирди. Ал эми быйыл, тагыраагы 2020-жылы бир ай мурун дагы бир жагымсыз окуяны баштан ѳткѳрдүм. Курбуларым менен жолукмакпыз, дагы эле Яндекс такси чакырдым. Тийиштүү дарекке жеткенде, таксист менин булганып калганымды айтты. Кайсы жерим экенин сураганда, артымды кѳрсѳттү. Ѳзүм кѳрѳ албаган соӊ, «макул, азыр курбуларым тазалап беришет» деп унаадан түшүп бараткам. Ал да түшѳ калып, мени колдон алып, чаӊ күбүмүш болуп, жамбашымды кармалай баштады. Мага жардам кереги жок экенин айтып, колунан бошонуп чыгууга аракет кылдым. Ар убактын ичинде денемди кармалап жетишти. Баары 1-2 мүнѳттүн ичинде болуп кетти. Бирок ѳзүмѳ таптакыр бүтпѳгѳндѳй сезилди.
Билбейм, бул окуя харасментке жатабы же жокпу...
Билбейм, бул окуя харасментке жатабы же жокпу. Бирок ошол учурда унаанын эшиктери бек болгондо, кандай абалга калмакмын, такыр элестете албайм. Чындыгында, ѳзүм туура эмес кылдым деп эсептейм. Карантин маалы болчу, тагыраагы бардыгы иштебеген, кѳчѳгѳ эл чыкпаган, түнкүсүн жымжырттык ѳкүм сүргѳн мезгил. Түнкү ссат 12де тай эжем менен тѳрѳт үйүнѳ бардык. Шаарда жакындардан экѳѳбүз элебиз. Бизди жеткирип, кайра алып келе турган киши да жок болчу. Ооруканага чейин Экспо менен жеттик, кайра келатканда жарым саат такси күттүм. Келген жок. Сауранга чейин жѳѳ басууга аргасыз болдум. 30 жаштардагы эркек киши токтоп, жеткирип коюуну сунуш кылды. 15 мүнѳттүк жол. Жеткирген соӊ, ѳптүрүп коюумду суранды, суранычын четке кактым. Мага бурулуп, жалына баштады. Ошол учурда эшиктер бекип калбаса экен деп тиледим. Качып чыгып, үйлѳрдүн арасына жашынып калдым.
Паркта курбуларымды күтүп отурдум, келишкен жок. Кѳпкѳ чейин күттүм, автобустар да токтоп калды...
Паркта курбуларымды күтүп отурдум, келишкен жок. Кѳпкѳ чейин күттүм, автобустар да токтоп калды. Ал убакта телефонум да жок болчу. Таксиге отурдум. Мерседес 190 экен. Тагыраагы, 190 экенин азыр билип калдым. Пиджак кийген, москоол казак киши экен. Унчукпай, акырын кетип бара жаттык, бир убакта ийиниме колун коюп, кыздыгыӊ үчүн 100 доллар берем деди. Дал ошол учурда Рыскулов менен Адырбеков кѳчѳлѳрүнүн кесилишиндеги жолчыракта кызыл күйүп калды (үйүмѳ эки аялдама жетпей). Бирок, такси башка жолго салган. Артыман келбесин деп, каршы багыттагы жолго чыгып чуркап жѳнѳдүм. Андан ары туман. Үйгѳ жеттим…
Ал учурда мен орто мектептин жогорку классында окучумун. Астанага коноктоп келгем...
Ал учурда мен орто мектептин жогорку классында окучумун. Астанага коноктоп келгем. Аталаш сиӊдим менен Ишим тарапты кѳздѳй такси тостук. Адашпасам, айдоочу 40-45 жаштардагы киши болчу. Унаага отургандан бир аз ѳтпѳй эле суроолорду жаадыра баштады. Кыска эле жооп берип коюп жаттым. Жетип калганда атымды сурады. Жылмайып карап, номеримди сурап, бирге сейилдѳѳнү сунуш кылды. Жүрѳгүм түшүп калды. Сиӊдимди колдон алып, "Жок, ушул жерден токтоӊуз, биз түшүп калабыз" дедим. Унаадан жанталашып түшүп кеттик, жүрѳгүбүз оозубузга тыгылган бойдон чуркап жѳнѳдүк. Ошондо мен ѳз жоопкерчилигим жѳнүндѳ ойлондум: жанымда секелек сиӊдим бар, мен аны ээрчитип алгам, демек, ага бир нерсе болсо, мен ѳзүм жооп бермекмин. Азыр таптакыр жолдон машина токтотпойм деп айта албайм, кээде шашып жатканда аргасыздан тосууга туура келет. Бирок ошол окуядан кийин айдоочу менен сүйлѳшкѳндү токтотуп, анын артындагы орунга отурганга аракет кылып калгам. Бул менин башыман ѳткѳн окуя. Бактыга жараша жаман нерсеге кабылган жокпуз.
Бул окуя меники эмес, айылдаш бир кыздын окуясы. Ал менин мугалимимдин кайын сиӊдиси болчу жана кафеде официант болуп иштечү...
Бул окуя меники эмес, айылдаш бир кыздын окуясы. Ал менин мугалимимдин кайын сиӊдиси болчу жана кафеде официант болуп иштечү. Күн сайын иштен түнкү саат 2-3тѳ келет. Ошондой түндѳрдүн биринде таксисттин зордуктоосуна кабылыптыр. Эртеси күнү таӊ атпай эле бул жѳнүндѳ бүтүндѳй айылга жайылат. Кыздын ата-энеси анын шаарга окууга кеткенин айтып жатышты. Биз болсо уялганынан айылдан кетип калганын болжоп койдук. Бул эчак болгон окуя. Андан кийин, ырас, айылыбызда буга окшогон жаман окуялар тууралуу уккан жокпуз. Бирок ата-энебиз дайыма ошол кызды мисал кылып, бизге акыл-насаат айтышат. Кеч киргенде кѳчѳгѳ чыгып сейлидемей жок, тарбиябыз ушундай. Күнѳѳсүз жаш кыз кабылган бул окуя айылда жашаган кыздардын баарына сабак болду.
36 жаштагы улуту башка эркек киши. Мени менен таанышууну кѳздѳп, унаадан чыгарбаганга аракет кылды...
36 жаштагы улуту башка эркек киши. Мени менен таанышууну кѳздѳп, унаадан чыгарбаганга аракет кылды. Шаарды кыдырып келүүнү сунуштап, жеке жашоомо кызыгып жатты. Сүйүү жашка карабай турганын, бойдок экенин, машинасы менен үйү бар экенин, эч нерсе тоскоол болбой турганын айтып жатты.
Окуя болжол менен саат 18:00-20:00 ортосунда болгон. Кыш. Кѳчѳ караӊгы, суук. Курбум менен автобус күтүп туруп, такси тосуп кетүүнү чечтик...
Окуя болжол менен саат 18:00-20:00 ортосунда болгон. Кыш. Кѳчѳ караӊгы, суук. Курбум менен автобус күтүп туруп, такси тосуп кетүүнү чечтик. Курбум экѳѳбүз сүйлѳшүп, жакшы бара жатканбыз. Бир аздан кийин ал үйүнѳ жетип, түшүп калды. Айдоочунун унаасында жалгыз калдым. Бир мүнѳттѳн кийин агама чалып, үйгѳ келе жатканымды айтып, тосуп алуусун ѳтүндүм. Алматыда тыгын кѳп болот. Ошондой тыгында кѳп туруп калдык. Ошол учурда атымды, жашымды, каякта окуганымды сурай баштады. Чынын айтсам, коркконуман калп айта баштадым. Бир дагы суроосуна туура жана ачык жооп берген жокмун. Күзгүдѳн мени карап жатты. Ар бир токтогон сайын башын буруп, кѳздѳрүмѳ тигиле карай берди. Ал тургай колун сунгандай болду. Дал ошол учурда агам чалып калып, мен аны менен сүйлѳшѳ кеттим. Ошентип, жеткенче агам менен сүйлѳшүп бардым. Ал эми үнү, бырыш колдору жана кѳрүнүшүнѳн 30-40 жаштардагы улуу эле киши экенин түшүндүм.
1-курска киргенимде карыган чал тийишип жүрдү. Шок абалына түшүп...
1-курска киргенимде карыган чал тийишип жүрдү. Шок абалына түшүп, эмне, кандай экенин түшүнгѳн деле жокмун. Себеби биринчи жолу мындайга туш болгом. Алматыда карыган кишилердин да ою арам болот, кѳбү бузулган. Биринчи курстун студент кыздарына сак болгула дейт элем.
Бул окуяга 3 жума мурун кабылгам. Мектепке кечигип жатып, Индрайверден такси чакырдым...
Бул окуяга 3 жума мурун кабылгам. Мектепке кечигип жатып, Индрайверден такси чакырдым. Орто жаштардагы киши келди. «Кайда баратасыӊ?», «Эмнеге?», «Канча жаштасыӊ?», «Улуу кѳрүнѳт экенсиӊ, мектепке эмнеге барасыӊ?», «Жигитиӊ барбы?» сыяктуу жеке мүнѳздѳгү суроолорду бере баштады. Жиним келип, тескери жооп берип жаттым. Бир жолу чалып алайынчы деп телефонумду сураганда берген жокмун. Анан жылмайып «Номериӊди жазып алайын дегем» деди. Кыжырым келип «Акыл-эсиӊиз ордундабы? Андан кѳрѳ тезирээк жеткирбейсизби!» деп айттым. Ал да ѳзүнчѳ жинденип, «тарбиясыз, азыркы жаштар…», анан дагы башка акылга сыйбаган сѳздѳрдү сүйлѳп жатты. Аябай ачууланып айдап баратты. Машинасына отурганыма ѳкүндүм. Биринчи жолу мындай абалга туш болдум. Эми таксиге отургандан коркуп калдым. Булардын эмне кылганы?! Мындай эркектер кыздар менен таанышкысы келген үчүн эле биз коркуп жашашыбыз керекпи? Ошол учурда мен кайраттуу болуп жаткам. Түшкѳндѳн кийин ызаланып, ыйлагым келди. Ѳзүмдү жаман сезип кеттим. Кадимки эле кѳрүнүш сыяктуу.
Окууга кечигип жатып такси кармап кетүүгѳ аргасыз болдум. Кара түстѳгү машина келип токтоду...
Окууга кечигип жатып такси кармап кетүүгѳ аргасыз болдум. Кара түстѳгү машина келип токтоду. Даректи айтып, арткы орунга отурдум. Алгач улам сайын күзгүдѳн мени карай берди. Анан «Сабакка кечигип жатасызбы?» деп сурады. «Ооба» деп жооп бердим. Дароо эле «Кел, мен СЕНИ университетке жеткирип коёюн» деп сунуштады. Макул болгон жокмун. Андан кийин атымды, жашымды, кайсы курста окуганымды сурай баштады. Калп айтып, жооп берип жаттым. Жеткенде акчаны кармата салып, дароо түшүп кеттим. Болжол менен 25-28 жаштардагы москоол киши экен. Жол бою түштүктѳ кыздарды ала качып жаткандарын эстеп, коркуп отурдум. Эӊ башкысы жаман эч нерсе болгон жок.