Апам менен Ташкенттен Навоиге кайтып келе жатканбыз. Апам алдыӊкы орунда отурган. Мен жана дагы эки адам артында болчубуз...
Апам менен Ташкенттен Навоиге кайтып келе жатканбыз. Апам алдыӊкы орунда отурган. Мен жана дагы эки адам (ага-карындаш) артында болчубуз. Жай жана күн абдан ысык болгондуктан, кыска шорты кийип жүргѳм. Уйку-соонун арасында бутумду бирѳѳ сылап жатканын сездим. Кѳзүмдү ача калып карасам, жанымда отурган 20-23 жаштардагы бала колу тийген боюнча уктамыш түр кѳрсѳтүп койду. Колун жылдырып, кайра уктайын дедим. Дагы эле бутумду сылап жатканын сездим. Корко баштадым. 6 жашымдагы окуя эсиме түштү. Кыйкырып жиберсем, машинанын ичиндегилерди сабап койсочу? Улам эле уктамыш болуп коёт, мен болсо колун алып ыргытам. Уйкум да келбей калды. Мындай бетпаксыздыкты күткѳн эмесмин: артымды салып отуруп алган учурда да бутумду кармалап жатты. Эӊ коркунучтуусу – мунун баарын ѳзүндѳй эле 20 жаштардагы карындашы байкап келе жатты. Эмне үчүн ал муну токтоткон жок? Эмнеге үн каткан жок? Карындашы мунун баарын байкап келе жатканын кантип түшүндүм деп ойлойсуӊар? Биз май куюучу станцияга токтогондо, экѳѳбүздүн ортобузда карындашы отургандай кылып ордумду алмаштырып алдым. Эми тийишпейт деп ойлодум. Кайдан? Жыргап, эми уктап бара жатканда, кайрадан тигинин колун сезип кеттим. Кѳзүмдү ачып, колун карындашынан ѳтүп мага созуп жатканын кѳрдүм. Ал эми карындашы баарын кѳрүп, үн катпай отура берди. Бул жолкусунда «эй!» деп эле айта алдым, кайра уктамыш болуп койду. Ошентип Навоиге чейин жеттик.