Электромобилдер жана утилизация:
Борбор Азия “баш ооруну” болочокко калтырууда

Электромобилдер 2023-жылы Борбор Азиядагы унаа базарын ээледи. Транспорттун бул түрү экологиялык абалды жакшыртат деген негизде бийликтегилер электрокарларды ташып кирүүгө шыкак берип жатат. Бирок экологиялык жактан алып караганда электромобилдер чын эле таза транспортпу?

Шарттуу «жашыл»

«Электромобилдер канчалык көп болсо, алар үчүн ошончолук көп өлчөмдө электр энергиясы иштелип чыгыш керек. А электр энергиясын көмүр колдонгон ТЕЦтер өндүрөт. Ушул жерден биз экологияга зыян көрүнүшкө бет келебиз», - дейт Казакстандагы «За рулем» журналынын редактору Алексей Алексеев.

Чындыгында эле Ember энергетикалык агенттигинин маалыматында, 2022-2023-жылдары Казакстанда электр энергиясынын 87%ы казылып алынуучу отундан алынган, Өзбекстанда көрсөткүч андан да жогору – 97%. Түркмөнстанда да электр иштеп чыгууда углеводород басымдуулук кылат – дээрлик 100%. Тажикстан (90%) менен Кыргызстандын (86%) энергетикасы гидроэлектростанциялардан көз каранды, муну деле шарттуу түрдө гана экологиялык таза дей алабыз. Алардын башкы коркунучу – дарыя биосферасын түп-тамырынан өзгөрткөн суу сактагычтар.
Заманбап электрокарларды аракетке келтирген аккумуляторлор суюк электрлиттен турган литий-иондук батарея болуп саналат. Ичинде анод менен катод бар. Батареялар өз ара катоддон, тагыраагы ал жасалган материалдан айырмаланат. Ал никель, марганец, кобальт же темир-фосфат болушу мүмкүн.
«Бул элементтер топурактан жуулуп, бөлүнүп алынганда абдан көп энергия колдонулат. Электромобилдин аккумуляторун эң көп чыгарган Кытайда энергияны алыш үчүн “жашыл” технологияны эмес, көмүрдү колдонушат. Экологиялык жактан тазалыгын баалаш үчүн унааны өндүрүүгө канча энергия кеткенине, ал энергия кайдан, кантип иштелип чыкканына караш керек», - деп түшүндүрөт инженер, инновациялык натрий-ион аккумуляторлорун иштеп чыгуу боюнча TaiSan стартапынын негиздөөчүсү Санжар Тайжан.
Батареялар үчүн жогорку сапаттагы металл керек. Кытай аны Африка, Австралия, Канададан ташып кирет. А ташуу жумушу көмүртек изин калтырары белгилүү. Металлдарды иштеп чыгуу жана батареяларды даярдоо үчүн химиялык процесстерди колдонушат. Кытайдан батареялар Американын, Европанын базарларына жөнөтүлөт, кайрадан көмүртек изи калат.

Балээнин баары качан башталат?

Электромобилдер жана кубаттоочу инфраструктура жаатындагы эксперт Михаил Квентис белгилегендей, батарея 5-7 жыл кызмат кылат. Казакстанда электрокарлардын саны 2022-2023-жылдарда өстү, демек, утилизация маселесине өлкө 2030-жылдан бет келет. Кошуна мамлекеттер үчүн деле божомол ушундай – электромобилдер көп кирген мезгилден 5-7 жыл өткөндө, утилизация көйгөйү башталат десе болот.

Санжар Тайжандын айтымында, батареяны пайдалануунун орточо мөөнөтү ал кантип колдонулгандыгынан көз каранды.
«Кубаты канчалык тез өчкөн, канчалык тез ылдамдыкта жүргөн (тездеген сайын батареяга ошончолук күч келет), электрокар кандай температурада, кандай климатта колдонулган – ушунун баары кызмат кылуу мөөнөтүнө таасир этет. Бирок жалпысынан алганда колдонуунун орточо мөөнөтү – сегиз жыл», – дейт Тайжан.
«Ал тургай эң алгач чыккан Теслаларга 10 жылдан ашса да, аккумуляторлорду массалык алмаштырууга муктаж эмес. Анын үстүнө батареяларды дароо утилизацияга тапшырбай, эскилиги жеткен элементтерин гана алмаштыруу менен өмүрүн узартса болот», – деп мисал келтирди Михаил Квентис.

Сүрөт: Илья Ким

Квентистин божомолунда, Казакстан жарактан чыккан аккумуляторлор ар бурчта тоодой болуп үйүлүп жаткыдай көйгөйгө жетпейт, бирок алар экологиялык абалдын начарлашына салымын кошот.

Казакстандагы абал чөлкөмдөгү башка өлкөлөрдө да кайталанары талашсыз, себеби Борбор Азияда электрокарлардын базары окшош эле өнүгүп келе жатат.

Санжар Тайжан деле жакынкы келечекте электр батареяларына байланыштуу чоң коркунучту көргөн жок, себеби Борбор Азия өлкөлөрү негизинен ичтен күймө кыймылдаткычы бар автоунааларды колдонушат.
«Ал тургай Европа менен Америкада деле 5 жылда чоң бир көйгөй жаралат деген нерсе жок», - деп болжойт Санжар Тайжан.
Белгисиз
келечек
Кайра иштетүү жөнүндө
кийин ойлонобуз
Бүдөмүк
пландар
Утилизация маселеси назарга
алына элек

Батареяны кайра чогултуу

Михаил Квентис төмөндөгү аныктамага көңүлүбүздү бурду: «Батареяларды утилизациялоо батареяларды чогултуу, сактоо, (мүмкүн болгон жерде) экинчи жолу иштетүү жана аларды кайра иштетүүгө жеткирүү дегенди түшүндүрөт. Тагыраагы, батареяларды экинчи сырье катары катары колдонуу – бул кайра иштетүү».

Санжар Тайжандын айтымында, кайра иштетүү процессинде батареялар бөлүкчөлөргө ажыратылат. Иргелген бөлүкчөлөр майдалагычка салынат да, порошок алынат. Майдаланган ар бир металл өзүнчө таңгакталат – литий өзүнчө, кобальт өзүнчө ж.б. Кийин ушул эле порошок батареяларды иштеп чыгууга кайрадан колдонулат.
«Бөлүкчөлөрдүн 98%га чейинкиси кайрадан өндүрүшкө кайтат. Бизди коркутуп жүрүшкөндөй батареяны утилизациялса болбойт деген нерсе жок. Баары алда качан ойлонуп табылган», – дейт Алексей Алексеев.
Санжар Тайжандын айтымында, бул тармакка инвестициялар агыла баштады, андыктан технологиялар улам жакшыра берет. «Эң жакшы утилизация Кытайда болот, себеби электрокарлардын негизги базары ошол жакта».

Тайжан батареяларды кайра иштетүүдөгү кыйынчылык деп процесстин чыгымдуулугун эсептейт.
«Батареяларды өндүрүү кымбат турат – батарея заводу 1 гигаватт-саатына 30 млн долларга түшөт, а алардан экинчи сырьену даярдоо андан да кымбат. Бирок заводдордун баасы тууралуу так маалыматтарды эч ким билбейт, мен ачык булактардан көргөнүмдү айтып жатам», - дейт Санжар Тайжан.
Аны Михаил Квентис кубаттайт: «Кайра иштетүү заводу кымбат турат. Литий-ион батареяларын кайра иштетүү – бул “бөлүп, чукулап” алуу эмес, бул химия жана металлургия».

Борбор Азиядагы ар бир өлкөгө өзүнчө завод куруу максаттуу болбойт, бир себеби – кайра иштетүүнү экономикалык жактан пайдалуу кылгыдай көлөм эч биринде жок.
«Автоунаалардын батареяларына компьютерлердин, электроинструменттердин, уюлдук телефондордун батареяларын кошсо да көлөм аздык кылат», - дейт эксперт Казакстандагы абалга таянып.
Литий-ион батареяларын кайра иштетүү ишканалары ансыз деле сырьенун тартыштыгына бет келип жатат. Квентистин айтымында, 2023-жылы электромобилдерден алынган (кызматын өтөп бүткөн) батареялардын жалпы көлөмүнүн 3%ы гана кайра иштетүүгө жиберилген.
«Жылына 65 миң тонна батареяны кайра иштетүүгө кубаты жеткен HuayouCobalt кытай заводу 2019-жылы 10 миң тонна гана сырье чогулта алган, - деп мисал келтирет Михаил Квентис. - Bloomberg агенттиги маалымдагандай, АКШда электромобилдердин батареяларын кайра иштетүү индустриясы “фальстартка” кептелип отурат - кайра иштетүү боюнча ишканалар даяр, а сырье жок».
Андыктан эксперт азырынча литий-ион батареяларын чогултууну, иргөөнү жана сактоону, кайра иштетүү үчүн аларды башка өлкөгө жеткирүү жагын туура уюштурууну сунуштайт.
«2019-жылы дүйнө жүзүндө 97 миң тонна литий-ион батареясы (салыштыруу үчүн: Евростаттын эсебинде, 2019-жылы Европада эле 1,5 млн тонна коргошун батареясы кайра иштетүү үчүн чогултулган) кайра иштетүүгө жиберилген. Анын ичинде 67 миң тонна Кытайга, 18 миң тонна Түштүк Кореяга жетти. 2021-жылы Кытай 188 миң тонна көлөм жөнүндө кабарлаган», - деп сандар менен бөлүштү Михаил Квентис.
Европада кайра иштетүүчү бир нече ишкана бар. Алардын эң белгилүүлөрү – Швециядагы NorthVolt, Англиядагы EcoBat, Испаниядагы Endesa, SungEel корей ишканасынын Венгриядагы бөлүмү. «2025-жылга барып Европанын кайра иштетүүчү ишканаларынын жалпы кубаттуулугу жылына 400 миң тоннадан ашышы мүмкүн», - дейт Квентис.

Кайра иштетүүнүн үлүшү боюнча Кытай биринчи орунда, мындай батареялардын 70%ы экинчи сырьену жасоого жиберилет. «Буларда мамлекет батареяларды иштеп чыгуучулар кайра иштетүү менен да алек болушун тыкыр көзөмөлдөйт, - деп түшүндүрөт Квентис. - Европа менен АКШда болсо бул үлүш 5%дан ашпайт».

Пайдаланылган литий-ион батареялары – коркунучтуу калдык, өзгөчө бир жерге көп көлөмдө жыйналган болсо.
«Батареяларды утилизацияга жиберүү, айрыкча башка өлкөлөргө жеткирүү оңой иш эмес, маселе өкмөттөр аралык деңгээлде чечилиши керек, – дейт Квентис. Ал Казакстанда литий-ион батареяларын кайра иштетүүчү заводду курууну сунуштайт: – Ошол эле Кытайдан, Борбор Азиядагы кошуна өлкөлөрдөн пайдаланылган батареялардын тынымсыз агымын камсыз кылып турса, бул иш пайдалуу болушу мүмкүн».
Михаил Квентис мындай заводду Өзбекстан курса керек деп болжойт: «Аларда мындай процесстер тезирээк жүрөт. Аларда электромобилдердин саны да Казакстанга караганда көп».

Санжар Тайжан көңүлдү башка жагдайга бурууну сунуштайт: «Азыр биз батареяларды утилизациялоону ойлонбой, аларды өндүрүүнү башташыбыз керек».

Кимдин чөнтөгү жукарышы керек?

«Мамлекет. Бир гана мамлекет!» - деп так кесе жооп берди Михаил Квентис электр батареяларын утилизациялоонун чыгымын ким төлөш керек деген сурообузга.

Ал түшүндүргөндөй, утилизацияны уюштуруу жана процессти көзөмөлдөө үчүн жоопкерчилик айлана-чөйрөнү коргоо маселесине кирет. Мындай маселелер эч качан жана эч жерде жеке тараптар деңгээлинде чечилбейт.
«Мамлекет ансыз да автоунаа алармандарынан, автотранспорт ээлеринен, автобизнестен салык, төгүмдөрдү чогултат. Ушул акчадан коопсуз, экологиялык таза чөйрөнү куруу бюджети түзүлүшү керек», - деп дагы бир аргументин келтирди ал.
Алексей Алексеев, тескерисинче, жоопкерчилик электрокардын кожоюнунда болушу керек деп эсептейт.
«Бизде кайра иштетүү үчүн батареяларды чачып берген же Кытайга жиберген компаниялар пайда болот. Унаа ээси тапшырган батареясы үчүн компенсация алышы керек. Анткен менен батареяларды жиберүү да чыгым… Бирок батареяларды кабыл алган компания киреше табат да, жол акыны ошондон чыгарат. Азырынча бул жагы иштелип чыга элек, түшүнүсүз», - дейт Алексеев.
Утилизация иши кирешелүү бизнеске айланышынан Михаил Квентис шек санабайт. Бирок ал негизги шартты белгилейт: «Эгерде жеке ишкерге жагымдуу шарттар түзүлгөн болсо. Тыюу салып, жазалабай, колдоо көрсөтүп, шык-дем берип турушса. Дотация менен чектелбей, жагымдуу шарт түзүп, тоскоолдуктары жоюушса. Баягыда өндүрүрүүчүлөргө автоунааларды утилизациялоо боюнча кеңейтилген милдеттерди жүктөгөндөй болбош керек (чуулуу ишкана, аны Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы менен байланыштырышкан - ред.)».

Казакстанда өндүрүшчүлөрдүн кеңейтилген милдеттери боюнча оператордун функциялары жеке компаниядан «Жасыл даму» мамлекеттик ишканасына өткөн. Ал утилизациялык топтомдон түшкөн акчаны чогултат жана кайра иштетүүчүлөрдүн ортосунда бөлүштүрөт.
CABAR.asia ресурсунун суроо-талабына «Жасыл даму» акционердик коому жооп бергендей, анык бир товарларды (анын ичинде литий-ион батареяларын) өндүргөн же Казакстанга ташып кирген физикалык жана юридикалык тараптар өндүрүшчүнүн кеңейтилген милдеттемесин мойнуна алат.
«”Ким булгаса, ошо төлөйт” принцибине ылайык, калдыкты түзүүчү, калдыктын азыркы жана мурдагы ээси ал калдык калдыкты калыбына келтирүү же жок кылуу операцияларын башкарган тараптын колуна өткөнгө чейин калдыктарды башкаруу боюнча экологиялык талаптардын камсыздалышына жооптуу болот. Ошондой эле калдыктардын ээси калдыктарды коопсуз башкарууну өз алдынча камсыздап же калдыкты тийиштүү ишкердик субъектилерине өткөрүү менен аны коопсуз башкарууну камсыздашы керек», - деп айтылат расмий жоопто.
Башкача айтканда, мамлекет аккумулятор батареяларын утилизациялоо үчүн акыны электрокардын ээси төлөшү керек деп эсептейт.

Авторлор:

Анастасия Бенгард (Кыргызстан)
Элина Бекназарова (Өзбекстан)
CABAR.asia

Редакторлор:

Наталья Ли
Татьяна Трубачева
Лола Олимова
Гулафшон Сокиева
Марат Мамадшоев

Иллюстрациялар:

Насиба Каримова


Верстка:

Манижа Бабакулова


© 2024