ӨЗБЕКСТАН
Утилизация маселеси назарга алына элек
Өзбекстанда электрокарларга болгон суроо-талап өсүүдө, бирок экология үчүн зыяндуу аккумуляторлорду утилизациялоо маселеси азырынча карала элек.
Статистика агенттигинин маалыматында, 2018-жылы өлкөгө 18 электромобиль экспорттолгон болсо, 2022-жылдын июлуна карата алардын саны 4,5 эсеге көбөйдү. Ал жылы республикага жалпы суммасы 34 млн долларлык 1 125 электромобиль кирген.

2023-жылы Өзбекстан 25,7 миң электрокарды импорттоду. Өзбекстандыктар көбүнесе Кытай, Бириккен Араб Эмираттары жана Германия өндүргөн электромобилдерди сатып алат.
Электромобилдердин салыштырмалуу коопсуз, экологиялык жактан таза экенин эске алуу менен, өлкөнүн өкмөтү транспорттун бул түрүн ташып кирүүгө жеңилдиктерди киргизди. 2019-жылдын 1-январынан электромобилдерди импорттоо бажы алымынан, акциз салыгынан жана автотранспорттук төгүмдөрдөн бошотулду.

Бирок автоунаа баасынын 20% өлчөмүнө барабар нарк салыгын, ошондой эле бажылык тариздөө үчүн минималдык төгүмдөрдү калтырышты.
Өзбекстанда расмий дилерлер – энергиянын жаңы булактары менен жүргөн автоунааларды өндүрүүчүлөр пайда болду. 2023-жылдын январында UzAuto компаниясы жана BYD кытай ишканасы электромобилдерди өндүрүү жана сатуу боюнча BYDUzbekistanFactory бирдиктүү ишканасын расмий катташты.
Ташкенттин тургуну, 30 жаштагы Абдубакир Юнусов 2020-жылы электромобилге өткөн. Ал кезде электрокарлар Өзбекстанда эми жайыла баштаган эле.

Электромобилдин артыкчылыгы – күйүүчү майга акча кетириштин кереги жок, унааны үйдө деле кубаттап алса болот. Бирок кемчилиги да бар экенин Юнусов айтат.
«Электрокар менен узак аралыкка баруунун ыңгайсыздыгы – кубаттоого 1-2 саат коротуш керек. А бензин менен жүргөндөр бул убакытты үнөмдөп алса болот», - деп эсептейт ал.
Ошол эле маалда Юнусов электрокар сатып аларда иштен чыкчу аккумуляторду утилизациялоо жагын ойлонбогонун моюндайт. Бирок ал аккумуляторду экологиялык утилизациялоого акча төлөөгө даяр.
«Азыр үй-бүлөбүздө эки электромобиль бар. Чынын айтсам, аккумуляторду утилизациялоо тууралуу таптакыр ойлонбопмун. Машина кызматын өтөп бүткөн соң аны тетикке сатууну пландагам. Мага аккумуляторду утилизацяилоонун коопсуз жолун сунушташса, бул үчүн акча төлөөгө даярмын», - дейт Юнусов.
Өзбекстандын Экология министрлиги электромобилдердин аккумуляторлорун жана батареяларын утилизациялоо маселеси тууралуу 2021-жылы ойлоно баштады. Ошол кезде министрликтин сайтына электрондук калдыктарды кайра иштетүү жана утилизациялоо боюнча ишкерлерден жана жарандардын суроо-сунуштар кабыл алынары боюнча жарыя чыккан.
Быйылкы жылдын февралында министрлик жакынкы келечекте республика бет келиши мүмкүн болгон экологиялык көйгөйлөр тууралуу айтып чыкты.

Маалыматка ылайык, өлкөдө жылына 140 тонна электрондук калдыктар чогулат. Алардын 30-35 миң тоннасы – ар кандай аккумуляторлор.
Бүгүнкү күндө өлкөдө 40 миңден ашык электромобилдер бар. Мындай унаалардын аккумуляторлору орто эсепте 10-20 жыл кызмат кылат. Электромобилдердин импорту жыл санап өскөнүн эске алганда, 2035-жылы 10 миң тонна электрондук калдык топтолору күтүлүүдө.
Азыр республикада автоунаалар үчүн аккумуляторлорду кайра иштетүү жана чогултуу иши менен «Узикиламчиранглиметалл» жана «Жизак аккумулятор заводу» акционердик коомдору алектенет. Алардын жалпы кубаттуулугу – жылына 15 миң тонна. Башкача айтканда, алар жыл сайын жарактан чыккан батареялардын жарымын гана утилизациялай алат.

Электрондук калдыктардын калган бөлүгү адамдар жана ишкерлер тарабынан утилизацияланат. Алар көп учурда санитардык жана экологиялык нормаларды бузушат.

Мисалы, түстүү металлдары чыгарылып алынат. Пластик, металл, дагы башка бөлүкчөлөр тиричилик чыгындылары менен чогуу таштанды талаасына ыргытылат. Бул топурак менен суунун оор металлдар жана токсиндер менен булганышын шарттайт.

Экология министрлигинин эсебинде, ташталган бир батарейка 20 чарчы метр жерди оор металлдар менен булгашы мүмкүн. Мындан сырткары калдыктардын ачык жатышы кайра иштетүүчү кластерлердин ишине тоскоолдук жаратат.

Ферузбек Сайфуллаев
Көз карандысыз экологдор бул маселе боюнча тынчсызданып, электромобилдер “жашыл” келечекке карай жолдогу баарына дабаа болчу чечим эмес экенин белгилешет.

Мындай унаалар экология үчүн жаңы коркунучка айланышы мүмкүн экенин айтат эко-блогер Ферузбек Сайфуллаев.
Ал CABAR.asia`га айтып бергендей, өлкөдө ал тургай бир жолу колдонулуучу батарейкаларды утилизациялоо жана кайра иштетүү жагы тийиштүү деңгээлде эмес. Чогултуу жана кайра иштетүү системасы жок. Жарандар батарейкаларды тиричилик чыгындасы менен кошуп ыргытат, кийин баары чогулуп бир таалага төгүлөт. Анын үстүнө республикада калк ыргыткан электрондук чыгындылар, алардын түрлөрү боюнча ачык статистика жок. Электрондук калдыктарды жана аккумуляторлорду кайра иштетүү боюнча изилдөөлөр жүргүзүлбөйт.
«Бир жолу колдонулуучу батарейкаларды чыгарыш үчүн аларды колдонууга караганда көп электр энергиясы кетет. Калк батарейкаларды колдонууну болушунча азайтып, кубаттай турган каражаттарга өтүшү керек», - дейт Сайфуллаев.

Ал кошумчалагандай, кайра иштетүү менен алектенген кластерлерге чыгындылар толук жетпейт. «Пират» деп аталгандар таштандыны кайра иштетүүчү комплекстерден продукцияны мыйзамсыз чыгарып кетет. Ошол үчүн кайра иштетүүчү ишканалар өзүн актабай, жабылып калууда.
Өзбекстандын өкмөтү түзүлгөн кырдаалга тынчсызданып, экологияга зыяндуу калдыктарды утилизациялоо тармагын көззөмөлдөө үчүн аракет көрүп жатат. 2023-жылдын майында президенттин токтому чыкты. Анда энергиянын химиялык булактарын өндүрүүчүлөрдүн жоопкерчилигин кенейтүүнү, бул булактарды жүгүртүү жана утилизациялоо системасын түзүүнү караган документтин долбоорун иштеп чыгуу тапшырылды.

Бул токтомдун алкагында Экология министрлиги бир нече документти иштеп чыкты. «Калдыктар жөнүндө» мыйзамынын долбоору, президенттин «Калдыктарды пайдалануу тармагында экономикалык механизмдерди мындан ары жакшыртуу чаралары жөнүндө» буйругунун долбоору жана президенттин «Жаратылышты коргоону камсыздоонун экономикалык процедураларын жакшыртуу чаралары жөнүндө» токтомунун долбоору.

Азыр министрлик БУУнун Окуу жана илимий-изилдөө институту, Туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүү борбору (Казакстан) менен биргеликте республикадагы электрондук калдыктарды башкаруу боюнча нормативдик-укуктук базаны изилдөөнү пландап жатат.
2025-жылдын февралына карата Экология министрлиги электрондук батарейкаларды милдеттүү түрдө кайра иштетүү жана утилизациялоону, аларды кооптуу жана коопсуз деп иргөөнү камтыган документтин долбоорун иштеп чыгууну көздөөдө. Батареяларды чогултуу жана кайра иштетүү менен алектеген ишканалар үчүн инвестициялык чөйрөнү түзмөкчү. Ошондой эле, салыктык жеңилдиктерди жана субсидияларды, жабдууну ташып кирүүдө бажы алымдарынан бошотууну камтыган мамлекеттик колдоо системасын киргизмекчи.
Мындан сырткары министрлик батареяларды чогултуу пункттарын ачууну, калдыктарды коопсуз ташууга мүмкүндүк берген атайын контейнерлерди сатып алууну сунуштоодо.
«Азыр республикада заманбап полигондорду куруу эми гана өнүгө баштады. Жок дегенде бир таштанды талаасы заманбап болуп, кызмат кыла баштаганын айта алам. Курулуш долбоорлору башталган, бирок толук кандуу ишке ашырала элек», - деди Сайфуллаев.
Маселе чечилгенге чейин экоактивист батарейкалар бөлүп чыгарчу сымап, коргошун, кадмий сыяктуу зыяндуу заттардын таасирин азайтууну, аларды караңгы жерде кургак идиште сактоону сунуштайт.
Ал эми электрокарды сатып алууга, аны андан ары утилизациялоо маселесине аң-сезимдүү мамиле кылуу керектигин эколог белгилейт.

Авторлор:

Анастасия Бенгард (Кыргызстан)
Элина Бекназарова (Өзбекстан)
CABAR.asia

Редакторлор:

Наталья Ли
Татьяна Трубачева
Лола Олимова
Гулафшон Сокиева
Марат Мамадшоев

Иллюстрациялар:

Насиба Каримова


Верстка:

Манижа Бабакулова


© 2024