КАЗАКСТАН
Белгисиз келечек
Кызматын өтөп бүткөн электробатареяларды Казакстан эмне кылмакчы?
Алматынын тургуну Денис Дудников 2023-жылы Zeekr 001 кытай электромобилин сатып алган. Тандоосу кытай унаасына түшкөн казакстандыктар көбөйүүдө.
«2022-жылы эң көп сатылган бренддердин ондугунда үч орунду кытай унаалары ээлеген болсо, 2023-жылы абал чукул өзгөрдү – эми он бренддин алтоо кытайлардыкы», - деп жазат kursiv.media.
Рыноктун катышуучулары белгилегендей, казакстандык керектөөчүлөрдүн “кытайларга” болгон кызыгуусу баа менен сапаттын оптималдуу катышынан улам өсүүдө.
Муну Денис Дудников да ырастайт: «Унаамды жаңыртышым керек эле, тандоого кириштим. Zeekr 001`дин баасы абдан кызыктуу экен: ушундай эле функционалга ээ машиналардын баасы эселеп кымбат».
Элдин электрокарга ыктаганынын дагы бир себеби: ичтен күймө кыймылдаткычка ээ автоунааларга караганда буларды айдап жүрүү бир топ арзан, себеби салттуу машиненин майын, свечасын, фильтрин, дагы башка нерселерин алмаштырып туруш керек. Ошентип, акчаны “соро” берет.
«Электр энергиясына гана чыгым болосуң. Бензинге караганда бир топ үнөмдүү», - деп “электричкалардын” артыкчылыктарын санайт Денис Дудников.

Ал электрокарын бир нече жылдан кийин сатууну көздөп жатат. Андыктан батареясын утилизациялоо тууралуу ойлоно элек, батареяны кайра иштетүүгө тыйын төлөөгө да даяр эмес.
«Туура колдонсо батареялар 20 жылга жетет. Ошол үчүн бул суроо унаанын акыркы кожоюнуна жолдонушу керек, – дейт ал. – Мамлекет электрокарларды ташып кирүүгө жеңилдиктерди берген, демек, аларда (мамлекеттин өкүлдөрүндө) батареяларды утилизациялоого мүмкүнчүлүк бар».

Казакстан чынында эле электромобилдерди алып кирүүгө шыкак берип жатат.

«Электричкалар» секирик жасады

Казакстанда катталган электромобилдердин саны боюнча соңку беш жыл эки мезгилге бөлүнөт. Алгач «электричкалардын» саны акырындап азайып жатты: 2019-жылы алардын саны 613 эле, 2020-жылы - 550, 2021-жылы - 491. Анан чукул өсүш башталды: 2022-жылы статистика 65,4%га көп электрокарларды каттады – 812 даана. 2023-жылы акылга сыйгыс сандар орун алды – электромобилдердин саны 9,2 эсеге – 914төн 8366га өстү.
Керектөөчүлүк суроо-талаптын мындай секиригин эксперттер Казакстан мүчөлүктө турган ЕАЭБдин чечимине байланыштырышат. Чечимге ылайык, электромобилдерди эч кандай алымсыз ташып кирүү боюнча жеңилдик мөөнөтүн 2025-жылдын аягына чейин узартылды.
«Алымды жокко чыгаруу машинанын бажы баасынан 15% үнөмдөп калууга мүмкүнчүлүк берет (алгач жеңилдик 2020-жылы киргизилген болчу - ред.). Автоэксперт, Казакстандын автомобиль рыногун мониторингге алуу жана анализдө агенттигинин директору Артур Мискаряндын айтымында, өткөн [2023] жылы Казакстан үчүн квота 15 миң электрокарды түзгөн, бир жылда анын жарымы гана өздөштүрүлдү», - деп жазат energyprom.kz.
Freedom Finance Global компаниясынын аналитиктери 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Казакстандын авторыногун изилдеген. Алардын божомолунда өлкөгө ташылган электрокарлардын негизги маркасы – Zeekr 001 спорттук модели. Анын Geely кытай компаниясы чыгарат.
«Импортту эсептөөдөгү маанилүү жагдай – 2023-жылдын августуна чейин Zeekr Казакстанда расмий таанытылган эмес эле, андыктан ага чейин ташылып келинген унаалар статистикага кошулбай калышы мүмкүн», - деп тактоо киргизишти изилдөөчүлөр.

Сүрөт: Илья Ким

Электрокарларды пайдаланууга түрткөн дагы бир себеп деп мамлекеттин тийиштүү инфраструктуруны түзүүгө болгон күч-аракетин айтса болот. 2017-жылы Астана менен Алматыда электр кубатоочу станциялардын (ЭКС) тармагын түзүү боюнча пилоттук долбоор башталды. Бул мамлекеттик долбоордун оператору маалымдагандай, бүгүнкү күндө Астанада 51 ЭКС түзүлгөн , Алматы – 52. Мындан сырткары жеке тараптар жана компаниялар да ЭКС курууда. Казакстанда өзгөчө ыкчам кубаттоочу станциялар да бар. Мисалы, борбор калаада алты Tesla Supercharger орнотулган.

Былтыр өкмөт 2029-жылга чейин республиканын бардык ири шаарларында электромобилдер үчүн тийиштүү инфраструктураны түзүү боюнча жол картасын бекитти. Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлиги билдиргендей, Жол картасы тийиштүү инфраструктураны долбоорлоого жана түзүүгө, электромобилдерди кубаттоо үчүн жергиликтүү жабдууларды иштеп чыгууга карата нормативдик жана техникалык талаптарды камтыйт. Адамдар электрокарларды жана ага жалгашкан инфраструктураны жигердүү колдонуш үчүн чиновниктер түрдүү механизмдерди киргизүүнү көздөйт.

«Өлгөндөн» кийин

Казакстан калкты электрокарга өтүүгө шыктандырып жатканына бир топ жыл болду. Бирок республикада электромобилдердин аккумуляторлорун утилизация жана кайра иштетүү боюнча план барбы?

Электромобилдер жана кубаттуучу инфраструктура боюнча эксперт Михаил Квентистин айтымында, электромобилдердин литий-ион батареяларын утилизациялоо маселеси Казакстанда маал-маалы менен көтөрүлүп турат. «Бирин-серин десем да болот. Жогору жактагы бир кишиде суроо жаралса, баары активдешип, коомдук талкуу дүр этет да, анан кайра эле өчөт».
Анын айтымында, жалпы эле литий-ион батареяларын, анын ичинде электромобилдердин батареяларын эмне кылыш керек деген маселени Энергетика министрлиги алгач жолу 2017-жылы көтөрдү. Мисалы, батарея кырсыктын кесепетинде бузулуп калса, аны кантип утилизациялаш керек?

«Теориялык жактан электромобилдин батареясын утилизациялоо процесси уюлдук телефондун же ноутбуктун батареясынын утилизациялоодон айырмаланбайт деле. Болгону электромобилде элементтер көп – миңдеген ноутбуктар бир жерге, бир корпуска чогултулгандай», - деп салыштырат Михаил Квентис.
Ал белгилегендей, Казакстанда литий-ион батареясын колдонуу боюнча эрежелер азырга чейин жок. Анда батареяны кантип чогултуу, сактоо керек, кандай тобокелдиктер бар, утилизация үчүн кандай процесстер колдонулат деген жагдайлар камтылышы керек эле.
«Биз (эксперттер жана экоактивисттер - ред.) бул маселени электромобилдер боюнча бардык угууларда беш жылдан бери көтөрүп келе жатабыз. Көйгөйгө айтылуу РОПту (кеңейтилген милдеттемелердин оператору, ал утилизация үчүн акчаны өз эсебине чогултуп, аны ар кайсы экологиялык иш чараларга кайрадан бөлүштүрөт - ред.), бирок майнап болбоду», - дейт Михаил Квентис.
Ал Казакстандын өкмөтүнө литий-ион батареяларын (электромобилдердин гана эмес, деги эле бардык литий-ион батареяларын) чогултуу, сактоо жана утилизациялоо боюнча түшүнүктүү, шык берүүчү эрежени чыгарууну сунуштайт.
«Литиий-ион батареяларын кайра иштетүү үчүн экспортко жиберүүнү уюштурууга жардам бериш керек. Же литий-ион батареяларын Казакстанга импорттоп, андан ушул жерде сырье даярдап, сырьену экспортко чыгарууга көмөктөшүш керек», - дейт Квентис.
Көрсө, өкмөттүн бул жаатта планы бар экен. Учурда РОП операторунун акчасын батареяларды кайра иштетүү жана утилизациялоого багыттоо варианты каралып жатат. Бул тууралуу Tengrinews.kz сайтына экология жана жаратылыш ресурстары министринин орун басары Мансур Ошурбаев айтып берди. Анын айтымында, завод курулат.
«Министрлик электромобилдердин литий-ион аккумуляторлорун утилизациялоо боюнча эл аралык тажрыйбаны анализдөө, ошондой эле Казакстанда литий-ион батареяларын утилизациялоо боюнча заводду курууга инвесторду тартууну камсыздоо пландалды», - деди ал.

РОП оператору (азыр анын милдеттерин «Жасыл даму» мамлекеттик АК аткарууда) электробатареяларды утилизациялоо пландары боюнча CABAR.asia ресурсуна так түшүндүрмө бере албады.
Казакстандагы «За рулем» журналынын башкы редактору Алексей Алексеев маселеге таптакыр башка ракурстан кароону сунуштады.
«Электромобилдер бардык автомобилдердин 10% үлүшүн ээлейт, - деп болжойт Алексеев. Заманбап бензин унаасы анчалык эле зыяндуу эмес. Биз унаалар менен күрөшпөшүбүз керек, электромобилдерге өтүү үчүн жан алакетке түшүштүн да кажети жок. Биз өлкөбүздүн автопаркы жаңы болуш үчүн эмне кылыш керектигин ойлонушубуз зарыл».

Авторлор:

Анастасия Бенгард (Кыргызстан)
Элина Бекназарова (Өзбекстан)
CABAR.asia

Редакторлор:

Наталья Ли
Татьяна Трубачева
Лола Олимова
Гулафшон Сокиева
Марат Мамадшоев

Иллюстрациялар:

Насиба Каримова


Верстка:

Манижа Бабакулова


© 2024