ТАЖИКСТАН
Бүдөмүк пландар
Тажикстандын бийлиги электромобилге өтүүнү кубаттайт. Бирок керектен чыккан машиналарды, баарынан мурда аккумулятордук батареяларды утилизациялоо кандайча уюштурулары азырынча түшүнүксүз.
Ражахмад Рафиев 5 айдан берди электромобиль айдайт. Ал Дүйшөмбүдө такси компанияларынын биринде айдоочу болуп иштейт.

Кытай өндүрүшүндөгү унаасын ал 230 миң сомониге (12 миң АКШ долларынан ашыгыраак) алган.
«Электромобиль пайдалануу жагынан анча кымбат эмес, айлана-чөйрөгө зыян келтирбейт», - дейт Ражахмад Рафиев.
Тажикстандагы автоунаалардын көпчүлүгү отундун салыштырмалуу кымбат импорттук түрлөрү – суюлтулган табигый газ жана бензин менен жүрөт. Азыр Дүйшөмбүдө 1 литр суюлтулган газдын баасы 6,5 сомони (0,60 АКШ доллары), а бензиндин литри 10 сомони (0,92 АКШ доллары) турат.

Жеңил автоунаа орточо 100 чакырымга 10-11 литр суюлтулган газ же бензинди коротот. Ражахмад Рафиевдин айтымында, электромобиль 50 сомониге (5 доллардай) 300 чакырымды басып өтөт. Кышкысын унаа жылыткычты колдонууга карап бул аралык 200-220 чакырымды түзөт.

Электромобиль аккумулятордо калган энергиянын санына карап 40 мүнөт же 1 саатта кубат алат.
«Азыр борбор калаада кубаттагыч станциялар көп, бул жаатта көйгөй жок», - дейт Рафиев.
Ал автоунаа аккумуляторлорун кайра иштетүү жана утилизациялоо тууралуу азырынча ойлоно элек.
«Тажикстандагы көпчүлүк электромобилдер Кытайда жасалган. Батареялардын кызмат өтөө мөөнөтү 5-6 жылдын айланасын түзөт деп ойлойм. Жапония же башка өлкөлөрдөн алынып келингендиринин кепилдиги 25 жылга чейин», - деп белгиледи ал.

Ал электромобилдердин аккумуляторлорун эксплуатациялоо жана утилизациялоо маселелеринде мамлекеттик транспорт секторунун башчылары коопсуз чараларды кабыл алат деп үмүттөнөт.

Тетиктер менен усталарга келе турган болсок, Рафиевдин айтымында, электромобилдерди оңдоочу устканалар пайда болду. Бирок электромобилдердин көпчүлүгү азырынча жаңы жана тейлөөнү талап кылбайт. Мындан улам ал да башка кесиптештериндей эле ремонт жагына көп башын оорута элек.

Электромобилдердин саны бир жылда эки эсеге өстү

Тажикстандын Транспорт министрлигинин маалыматында, 2023-жылы эле өлкөгө 1,5 миң электромобиль импорттолгон. 2022-жылы бул көрсөткүч эки эсе аз эле – 767.

Келечекте Тажикстан жалпы унаалардын санындагы электромобилдердин үлүшүн 20-30 пайызга чейин көтөрүүнү пландап жатат. Мындай чаралар «Электротранспортту 2023-2028-жылдарда өнүктүрүү программасынын» алкагында ишке ашырылышы керек.
Транспорт министрлигинин маалыматында, «бул программа электромобилдерди тейлөө технологияларын өнүктүрүүгө багытталган. Жаңы жумуш орундары түзүлүп, Тажикстандын импорттук отундан көз карандылыгы азаят. Мындан сырткары, электромобилге өтүү менен негизинен автоунаалар себепчи болгон парник газынын абага ташталышы төмөндөйт».
Тажикстандын Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын ассоциациясынын директору Диловар Мамуровдун айтымында, сөз болуп жаткан программа электромобилдерди импорттоону салыктардан жана бажы алымдарынан бошотуу чараларын камтыйт.
«Бул абдан жакшы. Автоунааларга болгон баанын төмөндөшүн шарттайт», — дейт Диловар Мамуров.
Тажикстанда 2022-жылы Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык, электромобилдерди импорттоо жакынкы 10 жылга салыктан, бажы алымдарынан жана акциздерден бошотулган.

Өткөн жылы Тажикстан жылына 1500 электромобилди чыгаруучу заводдун курулушу боюнча Кытай менен макулдашууга кол койгон.


Ошондой эле Тажикстанда электробустарды чыгаруучу «Акиа Авесто Автоматив Индустри» компаниясы бар.

Эксперттер эмне дешет?

Тажикстандын Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын ассоциациясынын директору Диловар Мамуровдун пикиринде, электромобилдер экологиялык жактан таза жана зыянсыз транспорттук каражат болуп саналат.
«Аккумуляторлордун кызмат өтөө мөөнөтү 10 жылдан ашык. 10 жылда абага ташталган зыяндуу заттар канчага азая турганын эсептеп көрүңүз», — деди Диловар Мамуров CABAR.asia`га берген маегинде.
Эксперттин белгилешинче, электромобилдерде абага ташталчу зыяндуу заттарды азайта турган катализаторлор бар. Бензин жана дизелде жүргөн жеңил автоунаалардын басымдуусунда (90 пайызында) мындай тетик жок.
Мамуров кошумчалагандай, электромобилдер үчүн аккумуляторлордун көптөгөн түрлөрү бар.
«Алардын иштөө принциби окшош эле, тагыраагы, баары литий-иондон, айырмасы кызмат өтөө мөөнөтүндө гана», — деп түшүндүрдү ал.
Эксперттин пикиринде, Кытайдан чыккан электромобилдерди коркунучтуу дегенге негиз жок.
«Дүйнөдөгү автоунаа аккумуляторлорунун 90%ын Кытай өндүрөт. Анын ичинде Tesla америкалык автоунаа маркасы үчүн аккумуляторду BYD кытай ишканасы даярдап берет», —дейт эксперт.
Диловар Мамуров белгилегендей, электромобилдердин көп түрү Кытайда өндүрүлөт, алардын сапаты баасына карап өтө айырмаланат.

Ошол эле маалда эксперт электромобилдердин жарактан чыккан аккумуляторлорун кайра иштетүү (утилизация) кандай ишке ашышы керек деген суроого жооп берүүдө кыйналды. Анын айтымында, бул үчүн аккумуляторлор кантип жасалганын билүү керек, бирок өндүүчүлөр мындай жагдайларды ачыкташпайт.
«Аккумуляторлорду даярдоо процесси – абдан узак технология, өндүрүүчү муну ачыктабайт», - деп билдирди Диловар Мамуров.
Жаратылышты коргоо комитетинин кызматкерлеринин бири CABAR.asia`га купуялык шартта билдиргендей, Тажикстанда электромобилдердин жарактан чыккан аккумуляторлорун утилизациялоо боюнча эч кандай мамлекеттик программа жок.

«Бирок биз бул маселени ушул тапта изилдеп жатабыз», - деди чиновник.

Атын ачыктагысы келбеген көз карандысыз эксперттин айтымында, аккумуляторду кайра иштетип, андан жаңы продуктуну алуу абдан кыйын.

«Аккумуляторлор пайда алып келиш үчүн аларды экинчи жолу кантип колдонсо болорун изилдеп чыгыш керек», - деди эксперт.
Ошол эле маалда ал аккумуляторлордун бардык деталдары, анын ичинде, металлдарды, пластик менен кабелдерин кайрадан колдонсо болорун белгиледи.
«Электромобилдердин аккумулятордук батареяларында колдонулган кобальт менен никель электровелосипеддерди, фонарь мамыларын өндүрүүдө, лифттердин коопсуздук системаларында жана электр энергияны сактоо системаларында колдонушат», - деди эксперт.

Авторлор:

Анастасия Бенгард (Кыргызстан)
Элина Бекназарова (Өзбекстан)
CABAR.asia

Редакторлор:

Наталья Ли
Татьяна Трубачева
Лола Олимова
Гулафшон Сокиева
Марат Мамадшоев

Иллюстрациялар:

Насиба Каримова


Верстка:

Манижа Бабакулова


© 2024