КЫРГЫЗСТАН
Кайра иштетүү жөнүндө кийин ойлонобуз
Кыргызстанда жыл сайын электромобилдер көбөйүп жатат. Демек, жакынкы келечекте иштен чыккан аккумуляторлорду жок кылуу маселеси турганы анык. Бул көйгөй мамлекеттин күн тартибинде турабы жана ал кандай чараларды сунуштайт?

Кемичилигинен артыкчылыгы көп

Бизнес-кеңешчи Азамат Аттокуровдун үй-бүлөсүндө электромобиль 2023-жылы пайда болду. Бул аралыкта ал электромобилдин артыкчылыктарын баалоого үлгүрдү: күйүүчү май керектелбейт, экологиялык жактан таза, үйдөн эле кубаттаса болот.
«Биздин бюджетибиз 18 миң АКШ доллары эле, бул акчага 2010-жылы чыгарылган, бензинди көп ичкен Lexus RX унаасын сатып ала алмакпыз. Кыргызстан мунай зат маселесинде Россиядан көз каранды болгондуктан, бензиндин баасы дайыма көтөрүлө бергендиктен, тандообуз 2019-жылы чыгарылган Weltmeister кытай электромобилине түштү», - деди ал CABAR.asia`га.
Анын айтымында, эгер мурда бензин үчүн аптасына 2 миң сом (22,6 АКШ доллары) коротсо, азыр электромобилди бир кубаттаганы төрт күнгө жетип, ага болгону 100 сом (1,13 АКШ доллары) кетет. Дагы башка артыкчылыктары – машина жаңы, тетиктери жеткиликтүү.
Аттокуровдор борбор калаадан 15 чакырым аралыктагы жер үйдө турушат.

«Курулуш учурунда гаражда дароо электроразеткаларды даярдап койдум. Кубаттого 12 саат кетет. Бишкекте тез кубаттоо (80 киловат) станциялары бар, анда болгону 40 мүнөт керектелет. Албетте, сиз батирде жашасаңыз, анда кубаттоо жагы бир аз оор болушу мүмкүн. Анткени станцияларда дайыма кезек болот. Электромобилдер жеке үйү барларга жана кыска аралыкка айдоого ылайыктуу», - деп белигелейт Азамат Аттокуров.

Жеке архивден алынган сүрөт

Электр кубаттоо станцияларында (ЭКС) кезекке турбаш үчүн ал туристтик сезон маалында Ысык-Көлгө же Ошко электромобиль менен барбайт. Бирок мындай учурлар үчүн чечимди тапкан – бир тууганы менен машиналарын убактылуу алмаштырып турушат.

Стимул берүүчү жеңилдиктер

«Унаа» мамлекеттик мекемесининин маалыматына караганда, 2024-жылдын 15-апрелине карата Кыргызстанда 3 миңден ашык электромобиль катталган. Бирок Экономика жана коммерция министрлигинин (ЭКМ) маалыматы боюнча 2023-жылы эле өлкөгө 10 миң электромобиль кирген, басымдуусу Кытайдан. Ортодогу айырмачылык боюнча адистердин түшүндүрмөсү – көпчүлүгү реэкспортко кетти.

Экономика министрлигинин стратегиялык пландоо бөлүмүнүн маалыматында, беш жыл ичинде (2019-2023) эле Кыргызстанга 12 миңдей электромобиль ташылып келинди. Улуттук статистика комитетинин эсебине таянсак, Кытайдан сырткары Литва, АКШ, Корея, Жапония, Грузия, Эстония жана Германиядан унаалар импорттолгон.
Абаны булгаган булактардын бири ичтен күймө кыймылдаткычтуу автокаражаттар болгон үчүн чиновниктер өлкөдө электротранспортту көбөйтүп, алар үчүн тийиштүү инфраструктураны түзүү тууралуу көп эле айтып жүрүшөт.

Мамлекет министрликтер үчүн электромобилдерди сатып ала баштады; Бишкектеги коомдук транспорт тармагын жаңылоо үчүн 120 электробус алынды; борбор калаада муниципалдык электротаксини түзүү боюнча долбоор ишке кирди; Чүй облусунун Сокулук районунда электромобилдерди чогултууга багытталган заводдун курулушу башталды. Электромобилдерге атайын жашыл мамлекеттик каттоо номер белгисин колдонуу үчүн жеңилдик тууралуу мыйзам кабыл алынды.

Экономика министрлигинин стратегиялык пландоо бөлүмүнөн CABAR.asia`га билдиришкендей, электромобилдерди колдонууга шык бериш үчүн нормативдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилди. Тагыраагы, чыккан жылы 5 жылга чейинки электромобилдер, аларга керектүү каражаттар кошумча нарк салыгынан бошотулган, электромобилдер мүлк салыгынан бошотулган. 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү баа саясатында электромобилдердин батареяларын кубаттоого атайын тариф аныкталган.
Евразиялык экономикалык комиссиясынын чечими менен 2022-2025-жылдарга КР аймагына электротранспортту алымсыз ташып кирүүгө жылына 10 миң даана тарифтик квота бөлүнгөн.

Темирбек Шабданалиев
Жүк ташуучулардын жана логистика ассоциациясынын төрагасы, КМТУнун алдындагы Эл аралык жогорку мектебинин профессору Темирбек Шабданалиев электромобилдерге коомдук транспорт үчүн ажыратылган (сары) тилкеде жүрүүгө уруксат берүү, унаа токтоочу жайларда арзандатууну киргизүү аркылуу да элди шыктандырса болорун айтат.
Экономика министрлигинен билдиришкендей, 2023-жылдан тарта кубаттоочу инфраструктура тармагын түзүү боюнча жигердүү иштер жасалууда. Сыноо аймагы катары Бишкек шаары тандалып, долбоордун алкагында тоскоолдуктар жок кылынды, айрым административдик процедуралар жана тийиштүү документтерди берүү мөөнөтү кыскартылды. 187 жумуш күнүнүн ордуна 35 күндүн ичинде документтер берилип жатты. Жыйынтыгында 70тен ашык тез кубаттоочу станциялар орнотулду. Азыр долбоор бүт өлкөнү кучагына алууда.

Сүрөт: Cabar.asia

Электромобилдердин популярдуулугун эске алуу менен, Бишкек – Каракол (7 жерде) жана Бишкек – Ош (1 жерде) унаа жолдорунда станциялар курулду. Экинчи этабында өлкөнүн башка шаарларында станцияларды орнотуу караштырылып жатат. Эки жыл аралыгында аймактарда, айрыкча туристтер арасында популярдуу багыттарда 100дөн кем эмес ЭКС (электр кубаттоочу станциясын) орнотуу мерчемделген.

Экологияны ойлодуңарбы?

Электр транспортуна өтүү контекстинде батареяны утилизациялоо маселеси ара-чолодо көтөрүлөт. Азырынча так бир чаралар сунуштала элек.
«Телефондордун батарейкалары кайда кетет деген суроо эмне үчүн эч кимди тынчсыздандырбайт? Ушунча убакыттан бери алар өтө көп санда иштелип чыккан. Алар электромобилдердин батарейкалары сыяктуу эле утилизацияланып жатат. Норвегия бул жаатта алдыңкы орунда турат. Азыр керектен чыккан батарейкалардын саны өтө эле аз», - дейт Азамат Аттокуров.
Анын айтымында, электромобилдердин тарыхы ашып кетсе 20 жылга барып такалат. Демек, алгач батареяны көп көлөмдө чогултуп, ушундан кийин гана аларды утилизациялоо үнөмдүү болот. Ал тактап өткөндөй, батареялар дароо эле иштен чыкпайт, кассеталары алмаштырып, акырындык менен керектен чыгат. Блок 24 кассетадан туруп, бирөөсү жараксыз болсо, ошону гана алмаштыруу жетиштүү.
«300 миң чакырым жүргөндөн кийин аккумулятор 3 пайыз гана кубатын жоготот. Болжол менен 10 жылдан кийин мен болгону бир кассетаны алмаштырам, а менде 24 кассета болот», - дейт Аттокуров.
Ал батарейканы кайра иштетүүгө акча төлөөгө жана кассеталарды бекер берүүгө даяр. Бул кайра иштетүүчүлөргө үнөмдүү болот.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин таштандылар боюнча бөлүмүнүн адиси Элвира Токтоболотованын айтымында, электромобилдердин батареяларын жок кылуу маселеси азыр дүйнөлүк масштабда актуалдуу.

«Ал тургай өнүккөн өлкөлөр дагы батареяларды утилизациялоо механизмин иштеп чыга элек. Учурда биз Жапония, Германия, Россиянын тажрыйбасын изилдеп жатабыз. Ошондой эле кайра иштетүү механизмин иштеп чыгуу үчүн ченемдик документтерди даярдап жатабыз. Аккумулятордук батареяларды 100 пайызга кайра иштете алабызбы же жокпу азырынча айта албайбыз», - деди ал. Утилизациялоо үчүн акы алына турган товарлардын тизмесин бекитүү боюнча токтомдун долбоору президенттик администрацияга жөнөтүлгөнүн да белгиледи.

Эльвира Токтоболотова эскертип өткөндөй, 2023-жылы «Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө» мыйзамы жаңы редакцияда кабыл алынган. Азыркы учурда товарларды декларациялоо, утилизациялоо жыйымы жана кайра иштетүүчү компаниялардын отчет берүү эрежелерине тиешелүү мыйзам алдындагы актылар иштелип чыгууда.


Темирбек Шабданалиев жакындан бери электромобилде жүрөт. Анын айтымында, азырынча машинаны оңдоо, тейлөө, алмаштыруу боюнча маселе жок, бирок инфраструктура жагын өнүктүрүү керек.
«Электромобилди жеткирген кытайлар тейлөө борборлорун түзүүгө али кирише элек. Тетиктерди жеткирүү да уюштурулган эмес. Башкача айтканда, биз жолдун башында турабыз», - деди ал. Ал аккумуляторду кайра иштештүү жеңил иш эмес экенин, технология бар, бирок ал абдан кымбат боло турганын кошумчалайт.
«Биз, кыргызстандыктар, кайра иштетүү жөнүндө өзүбүз ойлонушубуз керек окшойт. Менин оюмча муну Транспорт министрлиги же Экономика министрлиги башташы керек болчу. Же жок дегенде министрлер кабинети мындай инфраструктураны түзүүгө команда бериши керек болчу. Азырынча кубаттоо станцияларынан башка эч нерсе курула элек жана жасала элек», - деп кошумчалады Темирбек Шабданалиев.

Суроолор азырынча жоопсуз

«Көз карандысыз экологиялык экспертиза» коомдук бирикмесиинин директору Олег Печенюктун айтымында, Кыргызстанда аккумуляторлорду утилизациялоо менен алектенген бир да компания жок. Керектөөчүлөр ал тургай кадимки эле батарейкаларды кайра иштетүү үчүн тапшыра алышпайт.

Мындан улам эксперт электромобилдердин керектен чыккан аккумуляторлору таштанды талаасына ташталат деп кооптонот. Аны тынчсыздандырган дагы бир жагдай – Кыргызстандагы чукул континенталдык климатты эске алганда аккумуляторлор өндүрүүчүлөр кепилдик берген мөөнөттөн алда канча эрте иштен чыгышы мүмкүн.
«Бизде жаңы жана буга чейин колдонулган электромобилдердин чоң көлөмү бар. Кандай болгон күндө да маселени чечиш керек. Биринчиден, кубаттоо режими тез же узак болушу керекпи деген суроо турат. Мындай станциялар бүт өлкө боюнча керектиги түшүнүктүү, бирок кубаттоо элдин баары электр иштеткен убакка дал келбей тургандай иштөө режими керек. Болбосо керектөөчүлөрдүн санынын өсүшү менен энергосистема "жарылып кетет"», - дейт Олег Печенюк. Ал Энергетика министрлиги кубаттоочу станциялар үчүн өзүнчө тарифти иштеп чыкканын кошумчалады.
Экинчиден, электромобилдин бөлүктөрүн утилизациялоого акы алуу маселесин чечиш керек. Эски унаалардан жаңыларына караганда көбүрөөк акча алынышы кажет.
Мөөнөтүн өтөп бүткөн аккумуляторлор кооптуу калдыкка кирет, алар адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө зыяндуу химиялык кошундулардан турат.

Кыргызстанда аларды кайрадан иштеп чыга албагандан кийин башка өлкөлөргө, айталы, ошол эле Кытайга алып чыгуу жолу калат. Электрондук калдыкты чогултуп, башка өлкөгө ташып чыгуу өзүн актап, максатына жетиш үчүн тийиштүү көлөм чогулушу кажет. А бул үчүн аккумуляторлорду кабыл алуучу жайлар уюштурулушу керек.
Кыргызстанда айлана-чөйрөнү булгоо үчүн акыны аныктоо методикасына ылайык, калдыктарды убактылуу сактап-кармоого акча төлөш керек.
«Кампанын ээчи үчүн бул пайдалуу эмес. Аккумуляторлорду кабыл алуу жана сактоо пункттары үчүн акы алынбай турган механизмдер керек. Башкача айтканда, кандай товар болбосун, аны сатып алуу/импорттоо тууралуу жалгыз чечим аздык кыларын түшүнүбүз кажет. Ал кандай иштейт, качан иштен чыгат деген жагын да ойлонуу зарыл. Азырынча мамлекетте мындай чечимдер, аларды ишке ашыруу механизмдери жок», - дейт Олег Печенюк.
КМШдагы жана Грузиядагы электрондук калдыктарды аймактык байкоонун маалыматына караганда, 2019-жылы Кыргызстанда 10 миң тонна же ар бир адамга 1,5 килодон электрондук калдык чогулган. Ошол эле маалда электрондук калдыктарды расмий чогултуу жана кайра иштетүү деңгээли өтө төмөн – 0,1 пайыздын тегерегинде.

Электроника калдыктары убакыттын өтүшү менен чирип кетпейт жана уулуу заттарды камтыйт. Алар утилизация процессинин жана андан аркы колдонуунун татаалдыгы боюнча алдыңкы катарда.

Олег Печенюктун айтымында, бүгүнкү күнгө карата актуалдуу статистика жок.

«Кайра иштетүү тармагы негизинен көмүскөдө, андыктан КРда жалпысынан канча электрондук калдык чогулат деген статистика да, аларды көзөмөлдөө системасы да жок. Кайра иштетүү боюнча бизнести көмүскөдөн чыгарып, чынчыл ишкерлерге шык-дем бериш керек», - дейт ал.
Олег Печенюк белгилегендей, калдыктарды утилизациялоо көйгөйү соңку жылдарда абдан курч мүнөзгө ээ болду. Анын маалыматында республика боюнча 405 полигондун эч бири улуттук мыйзамдарга туура келбейт.

Авторлор:

Анастасия Бенгард (Кыргызстан)
Элина Бекназарова (Өзбекстан)
CABAR.asia

Редакторлор:

Наталья Ли
Татьяна Трубачева
Лола Олимова
Гулафшон Сокиева
Марат Мамадшоев

Иллюстрациялар:

Насиба Каримова


Верстка:

Манижа Бабакулова


© 2024