cabar.asia
Борбор Азиядагы экоактивизмдин башатында аялдар турат
Борборазиялык аялдар климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу маселелер менен алектенет, каспий тюлендерин, абанын сапатын изилдешет, Арал деңизинин соолушунун кесепеттери менен күрөшөт. Ошол эле маалда коомдун каршылыгына жана гендердик дискриминацияга бет келишет. Чөлкөмдөгү экоактивизмдин жүзү аялдар болгону менен, саясий деңгээлде чечим кабыл алуучулардын катарында аялдар жокко эсе.
КАЗАКСТАН
КЫРГЫЗСТАН
ТАЖИКСТАН
ӨЗБЕКСТАН

Каспий тюлендеринин изилдөөчүсү
КАЗАКСТАН
Казакстандык Асель Баймуканова атасын тартып бала кезден жаныбарларга жакын, атасы – кесипкөй зоолог-ихтиолог. Бирок кыз алгач филологго окуду. 2012-жылы бакалавриатты бүтүргөн соң, атасы илимий-популярдуу тасманы тартууга жардам сураган. Ошентип, Асель видеокамераны колго алып, алгач жолу экспедицияга кошулуп калды. Каспий тюлендеринин жашоосу ушунчалык өзүнө тартып, кыз өзү да изилдөөчүгө айланды. Азыр Асель "Гидробиология жана экология институту" командасында иштейт жана докторантурада ("Ихтиология" адистиги боюнча) билим алат.
Каспий тюлендерин көрсөткүч деп аташат, анын абалына карап Каспий деңизинин экологиялык абалын аныктаса болот. Тогуз жыл мурун эле окумуштуулардын бул жандык жөнүндө билгени аз эле. Бүгүн болсо тюлендердин негизги жайлашкан жерлери гана эмес, ал жакка барчу жолдор да белгилүү. Бирок жолдор экспедициянын катышуучулары үчүн өтө катаал. Каспий тюлендеринин 98%ы жаз жана күз мезгилдеринде Казакстандын аймагында күн кечирерин окумуштуулар так билишет. Асель жаныбарлардын жүрүм-турумун изилдейт. Команда менен чогуу ал экологиянын микро жана макропластик менен булганышын да изилдейт.

"Биз жээктен гана эмес, деңизден да, балыктардын ашказанынан да желим таптык.[…] Каспий тюленинин жашоо узактыгы 50 жылдан 30 жылга чейин кыскарганын аныктай алдык", - дейт Асель Баймуканова.

Окумуштуулар чыгарган илимий-популярдуу тасмалар, изилдөө долбоорлору коомдун көңүлүн каспий тюлендерине бурууга жардам берди. Бирок баары бир колдоо жетишсиз. Мамлекет илимий долбоорлорду каржылаганы менен, жабдуулар, адистер таңкыс; илим тармагындагы айлык-акынын деңгээли жаш окумуштууларды тартууга мүмкүндүк бербейт.

"Жазында командабыз кезектеги сапарга чыгат. Студенттердин бири биринчи жолу биз менен аттанат, мен азыртан эле ал үчүн кыжаалатмын, себеби шарт өтө татаал. Өзүмдүн алгачкы тажрыйбамды эстесем, бизге жеңилирээк болгондой. Кыздарды гана эмес, балдарды да аяп кетем. 8-9 саат сууда жүрүү, жүктү ташуу, тайыз сууну кечип жүрүү оңой эмес. Башкысы, алардын көңүлү калбаса болду", - деп тынчсызданат Асель.

Талаадагы изилдөө иштери – окумуштуулардын жумушунун маанилүү бөлүгү, ансыз толук кандуу илимий изилдөөнү жасай албайсың. Аселдин айтымында, айрым казакстандык уюмдарда аялдарды гендердик белгиси боюнча дискриминациялашат.
Эмгегиңди жазып, докторантурада, магистратурада же бакалавриатта окусаң, кайсы бир маселени жазып, изилдеген адам материалды да чогулатат – бул жалгыз критерий (экспедицияга катышыш үчүн - Ред.). А сен аял же аял эмес экенсиң деген критерий биздин уюмда жок. Башка уюмдарда көйгөй бар экенин уккам, кыздар талаага да чыга алышпайт. Үй-бүлөлөрү "Эркектер менен иштейсиң. Кантип барасың?" деп жиберишпейт, анан аларды экспедицияга да алышпайт.
"Биология жана гидрогеология институтунда" гендердик дискриминациянын жоктугун ал абдан маанилүү деп эсептейт, себеби ал жеке өзү коомдогу стереотиптердин басымын далай ирет сезген.

"22 жашымдан бери талаада иштейм жана кесиптештеримдин колдоосун дайыма сезем. Бизде баары бири-бирин баалайт жана сыйлайт. Албетте, коомдо "эмнеге балаң жок" деп сурагандар же илимге эмне мынча көп убакыт бөлүп жүргөнүмө кызыккандар болбой койбойт. Кандайдыр бир таңыркоо же түшүнбөстүк бар. Эгер ушуга окшош жагдайга иш чөйрөмдө кабылсам, мага өтө кыйын болмок", - дейт Асель.

Каспий тюлени Кызыл китепке киргизилген, бирок бул анын сакталышына кепилдик бере албайт. Аселдин пикиринде, аталган жаныбардын ачыла элек жактары өтө көп, демек, жумуш да аз эмес.
«Жердин чемпиону»
КЫРГЫЗСТАН
Мария Колесникова - БУУнун Айлана-чөйрөнү коргоо программасынын "Жердин чемпиону" наамын алган Борбор Азиядагы жалгыз адам. 2021-жылы аракеттери экологиялык жеңиштерге жана коомду жакшы жакка өзгөртүүгө салым кошкон кишилер белдүү сыйлыктын лауреаты аталышкан. «MoveGreen» экологиялык уюмунун башчысы "Ишкердин көз карашы" номинациясында лауреат болду.

Тээ 2016-жылы эле коомчулук менен байланыш боюнча адис Мария Колесникова Кыргызстандагы «MoveGreen» жаштардын экологиялык уюмунун ыктыярчысы эле.

"Мен Чолпон-Атада туулуп-өстүм. Ар жайды Ысык-Көлдө өткөрчүмүн. Апам - эсепчи, атам билими боюнча эсепчи жана юрист. Жаз сайын атам көчөттөрдү алып келип, аларды чогуу отургузганыбыз эсимде. Анан биз дарактарга эже-сиңдилерим менен кам көрчү элек. Үй-бүлөм мени баштаган ар иште колдоп келет. Инсан болуп калыптанышымда алардын ролу чоң", - дейт ал.

«MoveGreen» экоуюму борбор калааны каптаган кара түтүндү 2016-жылы активдүү изилдей баштады, ал кезде экология көйгөйлөрү күн тартибине илине да элек болчу. Мариянын айтымында, жылытуу сезонундагы Бишкектин бийиктиктен тартылган сүрөтүнөн баары башталды. Калаа коюу кара түтүндөн улам көрүнбөй калган болчу. Мындай сүрөттөр биринин артынан бири чыгып жатты.

"Ал убакта абаны байкоого алуучу бир да датчик жок эле. Биз бул эмне деп тактай баштаганыбызда, айрымдар туман десе, башкалар ыш аралаш туман дешти. Эмнеден дем алып жатканыбызды аныктайлы деп чечтик", - деп эскерет ал.
1,2 млн адам жашаган Кыргызстандын борбору ар кышта дүйнөнүн эң кир шаарына айланат. Бишкектин тургундары кара түтүн жамынат. Ыштын булагы – сапатсыз көмүр, унаалардан чыккан зыяндуу заттар, көп кабаттуу үйлөрдү курууда шамалдын багыты жана температуранын эске алынбай жатышы. Баса, калаадагы аба табы жака-белине караганда 5°C жогору.

«MoveGreen» уюмунун абанын курамын өлчөөчү алгачкы датчиктери 2017-жылы пайда болду. Ошол кезде алар абадагы майда катуу бөлүкчөлөрдүн (PM2,5 – көмүрдү, отундун дагы башка түрлөрүн жакканда жана чаңдан пайда болот) деңгээлин байкоого алды. Кийинчерээк «AQ.kg» тиркемеси пайда болду, анда жарандык мониторингдин датчиктеринин гана эмес, Кыргызгидрометтин да маалыматтары камтылат. Тиркеменин жардамында адамдар эмне менен дем алып атканын, абанын зыянын кантип азайтса болорун түшүнө алышат.

Тиркеме ишке кирип, Бишкектеги абанын абалы тууралуу изилдөөлөр жайылган соң, журналисттер менен эксперттер темага кызыга баштады. Маалыматтык кампания уюм үчүн эксперттерге, мамлекеттик түзүмдөргө үнүн жеткирүүгө мүмкүндүк берди.

"Башка активизм сыяктуу эле, экоактивизм да узакка созулчу жараян. Бул – экологдор, эксперттер, изилдөөчүлөр, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын ар кандай адистери менен тынымсыз өнөктөшүк. Кыйын эле болот. Бирок мамлекеттик органдар бизди белгилеп, бизге канаатташ болгону кубандырат", - деп белгилейт Марина.

Анын айтымында, тармакта кыз-келиндер дайыма эле басымдуулук кылган, бирок саясий деңгээлде чечим кабыл алуучулардын катарында аялдар жокко эсе.
Өзгөрүүлөргө, курчаган чөйрөгө сезимтал болгонубуздан го дейм. Ошондон улам да бул иштерди эркектерге караганда мыктыраак, сапаттуураак жасай алабыз. Казакстандагы кесиптештерим жөнүндө да ушул эле сөздү айта алам, аларда да аялдар басымдуулук кылат жана өз ишин сонун аткарууда. Бирок мыйзам кабыл алгандарды, бюджет маселелерин чечкендерди, ири эл аралык иш чараларда өлкөнүн атынан чыккандарды карасаңыздар, алардын баары эркектер. Так ушул жакта өзгөрүүлөрдү каалайм.
Аялдардын укуктары менен курчаган чөйрөнү коргоонун ортосундагы байланыш БУУнун аялдардын абалы боюнча конференциясында тээ 1995-жылы эле талкууланган. Аял депутаттардын саны көп өлкөлөрдө экологиялык багыттагы демилгелер көбүрөөк кабыл алынат. Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдөй эле Кыргызстанда да чечим кабыл алуучу жетекчилик кызматтар эркектердин колунда. 2021-жылы парламентте ( 15,8% дан 21,11%га чейин) жана жергиликтүү кеңештерде ( 11%дан 38%га чейин) аялдардын жалпы үлүшү жогорулаган менен, Кыгызстандагы аялдар лидерлигинин жолунда институционалдык да, бейформал да тоскоолдуктар сакталып калууда.

Жаштыгына карабай абанын булганышы менен күрөштө олуттуу жетишкендиктерди багынткан Мария эйжизм же жаш курак боюнча дискриминациялоого каршы күрөшүүгө аракеттенип келет.

"Жолугушууга барсаң, "сизге кыздар келиптир" деп кабар беришет, ушул менен күрөшөбүз. Биздин уюмдун жетишкендиктери чоң, ири изилдөөлөрдү жүргүзгөн, биздин тажрыйбалуу эксперттерибиз бар, бирок ушуга карабай биз дагы эле "кыздарбыз", - деп күлөт Мария.

"Жер чемпионунун" айтымында, Кыргызстанда экология тууралуу мыйзамдардын негизинде чоң маселелер жок, бирок аларды аткаруу боюнча суроолор көп, ресурстар жетишсиз.

"Кайсы бир жерде экспертиза, туура мониторинг жетишсиз. Ал жакта колдонулган методикалар биздики эмес. Айталы, Бишкектин абасынын булганышы боюнча маселени чечүүнү мэрияга тапшырышты. Бирок мэрияда андай экспертиза жок да. Жаратылыш министрлигинде климаттын өзгөрүшү боюнча өзүнчө бөлүм ачышты, ал жакта эки адам иштейт. Алар жетишпейт", - деп кошумчалады Мария.

Марияны алга жетелеген нерсе – дүйнөнү жакшыраак кылсам деген каалоосу. Бирок жарандак активизм – бул кайсы бир көйгөйдү айтып чыгып, "абал чатак" деп коюш эмес. Айтылган көйгөйдү кантип чечсе болорун, бул үчүн эмне керектигин көрсөтүү да зарыл.

"Экоактивист катары мотивацияңды жоготуп алуу эч кеп эмес: көп иштейсиң, бирок аракетиңдин жыйынтыгын көрө албайсың, анан андан ары улантууга каалооң өчөт. Бирок "минткен болбойт, кимдир бирөө акыры келечек үчүн жоопкерчилик алыш керек го" деген ой келет. Анан да катарыбызга келип, кол кабыш кылам деген жаштар, айрыкча кыздар шыктандырат. Келечек ишенимдүү колдордо экенине ынанасың, кубанасың!"
BBCнин 2023-жылдагы «100 аял» тизмесине кирген экоактивист
ТАЖИКСТАН
Наталья Идрисова билими боюнча экономист-эл аралык адис, бирок башынан эле экология чөйрөсүнө ага жакын болду. 2014-жылы "Кичинекей Жер" деген жаштардын экологиялык уюмуна кошулуп калды. Андан ары ар кандай долбоорлор, ири уюмдар менен өнөктөштүктөр ишке ашты. Учурда Наталья климаттын өзгөрүшү, энергетикалык эффективдүүлүк жана жаштардын эко-кыймылдары боюнча кеңешчи.

"Мен үчүн эң оору – катардагы адамдардан тарта профилдик министрликтердин бакыйган чиновниктерине чейинки калктын массалык ишенбөөчүлүгү. Бул жакшы жакка өзгөртүү жолундагы байкалаарлык тоскоолдук. А өзгөртүүлөрдү биздин өлкөдө саналуу адамдар, кайсы бир кайдыгер эмес кишилер жана уюмдар алга сүрөйт. Алардын баары кабыл албоо, сын же жалпы көйгөйлөрдү назарга албоо өңдүү тоскоолдуктарга бет келет", - дейт ал.

Натальянын айтымында, экологиялык чакырыктар кайсы бир адамдын башына түшкөн балээ эмес, ал баарына бирдей терс таасирин тийгизет. Бирок "экологиялык сабаттуулуктун төмөндүгүнөн жана адам ишмердүүлүгүнүн негиздерин талдап-түшүнүүгө каалоонун жоктугунан көптөгөн экологиялык кыйроолордун жана башка терс кесепеттердин себеп-натыйжасын түшүнүүдө чоң боштук жаралат".

Мындай жагдай сапатсыз товарларды чыгарган, айлана-чөйрөнү кооптуу чыгындылары менен булгаган, абанын сапатын начарлаткан, сапатсыз үйлөрдү курган, кендерди туура эмес казган жана токойлорду кыйган ак ниет эмес компаниялардын пайдасына гана иштейт.

"Мунун баары биздин элди анча ойлондурбайт. Себеби көпчүлүк үчүн экология – бул "ишембилик", таштандыны бир жерден экинчи жерге салыштыруу деген нерселерге байланышып калган. Биздин жазгандарыбызга, айткандарыбызга кулак салып, ойлонуштун ордуна, моюнга алышпайт же мазакташат", - деп белгилейт Наталья.
Экоактивизм ал үчүн тек иш гана эмес. Наталья өзү маанилүү деп эсептеген, элге жеткириш керек деген маселелер менен алектенет.

Экстремалдуу ысык аба ырайы, токойду каптаган өрттөр, суу ташкындары, дагы башка табият кырсыктары менен эсте калган 2023-жылы BBCнин "100 аял" долбоорунун тизмесине климаттын өзгөрүшү менен алектенген, бул өзгөрүүлөрдүн кесепеттерине жердештеринин ыңгайлашуусуна жардам берүү чараларынын үстүндө иштеген каармандар илинди. Так ушул наамга Наталья Идрисова да кошулду.

Күнүмдүк жашоодо Наталья таштандыны болушунча азайтып, аларды иргегенге аракет кылат. Башкаларды да ушундай адатка үгүттөөдөн чарчабайт. Анын айтымында, ар бир адам экологияга аз болсо да салымын кошо алат же ушул тармакта карьера кура алат.

"Эгер сиз жаныбарларды сүйсөңүз, зоолог боло аласыз, өсүмдүктөрдү сүйсөңүз, ботаник, токойчу болуп же жашылдандыруу, өсүмдүктөрдүн кайсы бир түрүн калыбына келтирүүгө арналган атайын долбоорлордо иштей аласыз. Кеңседе отуруп, чыгармачылык менен алектенген жагабы, экологиялык контент жасаңыз, изилдөө менен алектениңиз, сурамжылоолорду жүргүзүңүз. Экспедицияларды сүйөсүзбү, мында деле ишмердүүлүктүн багыттары толтура. Ар бир жакшы адиске дайыма суроо-талап болот", - дейт Наталья.

Ал кошумчалагандай, адамзаттын өнүгүшү менен экологиялык көйгөйлөр да көбөйө берет, аны менен катар жаңы технологиялык инновациялар, ыкмалар жана чакырыктар да пайда болот. Ошондуктан бул тармакта ишсиз калам деп коркпой эле койсо болот. Ошентсе да, Наталья экологияны карьералык келечек үчүн тандаган эмес.
Бул баарыбыз үчүн. Экологиялык көйгөйлөр жашообузга, анын сапатына, ден соолугубузга түздөн-түз таасирин тийгизет. Суунун булганышынан да, начар абадан да баарыбыз бирдей жапа чегебиз. Тоонун боорундагы токойду кыйып салышты, жаан жаап, жер көчтү, адамдар анын алдында калды. Климаттын өзгөрүшүнөн улам рекорддук температуралык көрсөткүчтөр катталууда, жер шарынын ар кайсы жеринде ар жайда чыдагыс ысыктан, табият кырсыктарынан каза болуп жатышат. Мындай мисалдар толтура. Планетабызда баары бири-бири менен байланышта, ошондуктан биз курчаган чөйрөгө болушунча рационалдуу жана үнөмдүү мамиле кылышыбыз керек.
«Курчаган чөйрө үчүн дарыгер»
ӨЗБЕКСТАН
Борбор Азиядагы өлкөлөрдө климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттеринен баарынан мурда аялдар жабыркашат. Мындай өзгөрүүлөрдү жон-териси менен сезген айрым кыз-келиндер климаттык бүлгүндүн экологиялык кесепеттери менен күрөшүүгө бүтүндөй өмүрүн арнап келет. Орал Атаниязова - каракалпакстандык дарыгер, окумуштуу жана мамлекеттик ишмер. Ал соолуп калган Арал деңизинин жанындагы Приаралье аймагы качандыр бир калыбына келерине ишенет.

Орал – Өзбекстандагы экологиялык кыймылдын алгачкы аял лидерлеринен. Бүт өмүрүн Арал деңизиндеги апааттын кесепеттери менен күрөшүүгө арнады. Көп жылдар бою Орал Атаниязова Аралдын соолушунан эң көп жабыркаган Өзбекстандын аймагы – Каракалпакстандагы аялдар менен балдардын ден соолугун жана бакубаттыгын жакшыртуу үстүндө иштеген. Бул апаатты Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык ассоциация 20-кылымдагы эң ири антропогендик экологиялык каатчылык деп баалайт.

60 жылда Арал деңизинин аянты 90%га кыскарды, жаан-чачындын саны бир нечеге азайды, тугай токойлору кыйрады, жаныбарлардын 130, балыктардын 30 түрү жок болду. Апаат ошондой эле Приаралье аймагында онкологиялык, көз, дем алуу органдарынын ооруларынын жана башка дарттардын көбөйүшүн шарттады. Арал деңизиндеги каатчылыктан аялдар менен балдар көбүрөөк жабыркады.

Мындан сырткары жашоочулар балык жана кеме куруу өндүрүшү токтогон үчүн массалык жумушсуздукка бет келишти.

Апаат аймагында жашаган Орал Атаниязова өз ишмердүүлүгүн акушер-дарыгер катары айылдык ооруканадан баштаган. Арал деңизинин соолушунун кесепеттерин көрүп, ал аялдар арасында изилдөө жүргүзүп, апаат аймактагы кыз-келиндердин репродуктивдик саламаттыгына кандай таасир эткенин аныктады.

Каракалпакстандагы репродуктивдик курактагы 5 миң аялды изилдеп, сурамжылап чыккан соң, алардын дээрлик баары кош бойлуу кезинде же төрөттө оорлошууларга кабылганын аныктады. Бул оорлошуулар тигил же бул деңгээлде Арал деңизиндеги экологиялык апааттын кесепеттерине байланыштуу эле.

Ошол маалда Атаниязова Каракалпакстан репродуктивдик саламаттык жана курчаган чөйрө борборун түздү, аны Perzent деп атады, каракалпак тилинен которгондо "урук-тукум" дегенди түшүндүрөт.

"Бул коркунучтуу маселе менен күрөшүш үчүн бүткүл коомду тартып, дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурдуруп жана эң башкысы аялдардын маалымдуулугун жогорулатуу аркылуу аларды активдештирүү керек экени айдан ачык эле", - дейт Орал.

Perzent адамдарды саламаттыкты сактоо, гигиена жана туруктуу айыл чарба тармактарында жаңы шарттарга ыңгайлашууга үйрөтөт. Атаниязованын ишмердүүлүгүнүн басымдуу бөлүгү аялдар менен балдардын укуктарына, аялдар өзүнүн, үй-бүлөсүнүн саламаттыгын жана тамак-аш менен суунун сапатын кантип жакшырта аларына арналды.

Perzent борбору агартуучулук жана илимий иштерди гана алып барбай, элет элин өз жашоосун жакшыртууга тартат. 20 гектар жерде алар органикалык ферманы, аялдар клиникасын жана Perzent журналын чыгаруучу басмакананы уюштурушту. Журнал Каракалпакстандын жашоочуларына акысыз таратылат.
Айлана-чөйрө жана саламаттыкты сактоо жаатындагы көйгөйлөр тууралуу коомдун маалымдуулугун көтөрүү боюнча активдүү ишмердүүлүгү үчүн Орал Атаниязова 2000-жылы Goldman беделдүү экологиялык сыйлыгына татыды. Бул сыйлыкты жыл сайын дүйнөнүн ар бир континентиндеги эколог-каармандар алат. Калыстар ар бир континенттен бирден жеңүүчүнү тандашат.

"Голдман сыйлыгы менин бүтүндөй өмүрүмө жана тагдырыма таасирин тийгизди. Бул мага эл аралык беделди жана экологиялык ишмердүүлүк үчүн жоопкерчиликте болууга, коомду өнүктүрүүгө жана жеке өнүгүүмө мүмкүнчүлүк берди. Мен Өзбекстандын өкмөтү, эл аралык уюмдар жана жергиликтүү жамаат тарабынан чоң жардамды алдым. Өзбекстандын парламентинен орун алууда негизги факторлордун бири болуп калды. Ушул жетишкендиктердин баары мага өз коомума пайдалуураак болууга, өлкөмдөгү экологиялык абалды жакшыртуу үчүн эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөштү", - дейт ал.

2020-жылдан тарта Орал Атаниязова Каракалпакстан медициналык институтун жетектейт жана Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын мүчөсү. 2023-жылдын октябрынан тарта "Айлана-чөйрө үчүн дарыгерлер" International Society Doctors for the Environment) эл аралык уюмунун президенти болуп калды.
Мен экологиялык каатчылыктан жабыркаган аймактардын кайра жаралышына жана социалдык-экономикалык жактан калыбына келишине ишенем. Аялдар менен балдардын саламаттыгы – бул биздин коомубуздун келечегинин негизи. Ар бир аял жана ар бир баладан мен татынакай, саламат жана бактылуу келечектин потенциалын көрөм.Кыйынчылыктарды жеңип, экологиялык каатчылыктан жапа чеккен аймактардын бакубаттыгын жаратышыбыз керек. Ар бир аял менен баланын саламаттыгына жана бакутабаттыгына умтулуубуз бизге дем-күч берип, өзгөрүүлөрдүн кыймылдаткычы болуп берсин.
Авторлор:
Анар Бекбасова (Казакстан)

Айгерим Тургунбаева (Кыргызстан)

Виктория Петрова (Тажикстан)

Лола Исламова (Өзбекстан)


Редакторлор
Наталья Ли,

Лола Олимова,

Марат Мамадшоев,

Татьяна Трубачева


Верстка:
Наталья Ли

© 2024