Кыргызстанда орус пропагандасынын масштабы эбегейсиз – Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институту (IWPR) Европа коопсуздугун изилдөө борборунун (CESS) EUCAM программасы менен кызматташтыкта ишке ашырылган изилдөөнүн авторлору ушундай бүтүмгө келишти.

Документ 2022-жылдын 24-февралынан 1-декабрына чейинки аралыктагы Кыргызстандагы орус пропагандасын анализдеген. Анда белгиленгендей, орус ЖМКлары жана алардын күнүмдүк билдирүүлөрү бардык жергиликтүү же чет элдик медиаларды басып өтөт. Кыргызстандыктардын басымдуусу же медиасабаттуулугунун төмөндүгүнөн, же сезимтал баалуулуктарынан жана Советтер союзуна болгон эңсөөдөн улам аларга ишеним артат.
«[Орус] пропагандасы бардык салттуу ЖМКларды камтыйт, ошондой эле социалдык тармактардын платформалары аркылуу онлайн мейкиндикке кирет. Салттуу "Первый канал" менен "Московский комсомолецтен" тарта YouTube аркылуу үзгүлтүксүз берүүлөргө жана "ВКонтакте" менен Telegram`дагы билдирүүлөргө чейин».
Изилдөөнүн авторлору белгилегендей, Кыргызстандагы коомдук пикир салмактуу деңгээлде орус маалыматтарынын негизинде калыптанган. Мунун башкы себептеринин бири — кыргыз аудиториясы үчүн россиялык ЖМКлардын жеткиликтүүлүгү.

«Негизги пропагандалык берүүлөр менен жаңылыктарды камтыган Первый канал, Мир, НТВ жана Вести (РТР ВГТРК, Россия 1 жана „Россия 24тө“ онлайн да жеткиликтүү) акысыз жеткиликтүү, себеби Кыргызстандын өкмөтү алардын трансляциясын салык төлөөчүлөрдүн каражатынан субсидиялайт. Sputnik маалымат агенттигинин, Мир телерадиокомпаниясынын жана АиФ, МК жана КП гезиттеринин Кыргызстанда өкүлчүлүктөрү бар», — деп айтылат изилдөөдө.
Орус делегациясынын иш сапары жана КТРКнын директору менен сүйлөшүүлөрдөн кийин 2017-жылы айрым россиялык телеканалдар улуттук каналдын социалдык пакетине кошулган жана мамлекеттик бюджеттин каражатынан субсидияланат. Ошентип, Россиянын мамлекеттик телеканалдарды де-факто Кыргызстандын мамлекеттик телеканалдары болуп калган.

Кыргызстандагы россиялык ЖМКлар стили, репертуары, тематикалык багытталышынын басымдуулугу жана пропагандалык ыкмалары менен айырмаланат.


Изилдөөгө ылайык, орус пропагандасы негизги төрт багыт боюнча түзүлгөн. Алар Украинадагы согушка, Батыштын позициясына, Россиянын максаттарына жана Россия менен Кыргызстандын ортосундагы карым-катнашка көз карашты сунушташат.
Ошол эле маалда Владимир Зеленскийдин образы «куудул», «маскарапоз», «актер», «баңги», «долу», «дайыма нааразы, кежир бала» деген негизде түзүлгөн. А Путин болсо «талап кылуучу» жана «эскертүүчү», позициясы бекем лидер катары сүрөттөлөт.
Изилдөөгө таянсак, кыргыз аудиториясы маалыматтын булактарын талдап отурбай, жаңылыктарды пассивдүү кабыл алат. А телеберүү маалыматтын актуалдуу булагы бойдон калып, аны менен бирге фактыларды текшерүүнүн инструменти да болуп саналат.
Ошол эле маалда Нарын менен Оштогу бардык жаш курактагылар, Бишкектеги +35 курактагылар Россия телеберүүлөрүн, тагыраагы, Биринчи канал менен РТРди көрө турушканын белгилешти. Үч шаарда тең 18-34 жаш курагындагылар альтернативдүү булак катары BBC, DW менен Euronews`ту атаган.
Ош менен Бишкекте телевизор такыр көрбөйм, смартфондон бүт маалыматты алам деген катышуучулар болду.
Мындан сырткары Бишкек менен Нарындан катышкандар россиялык «Мир» радиосу аркылуу да маалымат алышары белгилүү болду.

Маалыматты керектөө тилине келсек, Бишкектеги респонденттер (бардык жаш курактагылар) көп учурда жаңылыкты орус тилинде окушат/көрүшөт, Нарын менен Оштогу фокус-группага катышкандар маалыматты кыргыз тилинде же кыргыз жана орус тилинде алышат.
Фокус-группанын катышуучулары пропаганда эмне экени боюнча базалык түшүнүктөрү бар экенин көрсөттү. Алар пропаганда — бул коомдук пикирди калыптандыруу же манипуляциялоонун инструменти деп түшүндүрүштү.
Катышуучулар Кыргызстанда орус пропагандасы бар экенин белгилешти, бирок Бишкектен катышкан бир адам гана бул боюнча сын-пикирин билдирди.

«Россия Украинадагы өз согушун мыйзамдаштырып, акташ үчүн пропагандага таянууда. Бул бардык фокус-группадагы эреже эмес, адаттан тыш пикир болду», — деп айтылат изилдөөдө.

Кызыгы, айрым катышуучулар пропаганданы мамлекет үчүн керектүү, оң кубулуш катары эсептешет. Ал патриоттуулукту, улуттук баалуулуктарды, улуттук идеологияны, дени сак жашоо образын жайылтып, балдарды туура тарбиялаш үчүн колдонулат дешет. Ошол эле учурда айрым катышуучулар пропаганданы ЛГБТ менен байланыштырып, Батышты өз тасмалары, мультфильмдери жана жалпы эле көңүл ачуу арылуу Кыргызстанда «туура эмес, жат баалуулуктарды» жайылтууда деп айыпташат.
Ошол эле учурда айрым катышуучулар пропаганданы ЛГБТ менен байланыштырып, Батышты өз тасмалары, мультфильмдери жана жалпы эле көңүл ачуу арылуу Кыргызстанда «туура эмес, жат баалуулуктарды» жайылтууда деп айыпташат.

«Орус пропагандасы менен Кыргызстандагы салттуу баалуулуктар катарлаш жүргөнү айкын. „Моралдык жактан чириген Батыш“ тууралуу орус жаңылыктары көптөгөн адамдардын көз караштарына окшош. Ошондуктан орус ЖМКлары болгонун болгондой айткан булак катары, ал эми Батыштын маалыматтары пропаганда катары каралат», — деген бүтүмгө келишкен изилдөөнүн авторлору.
Ошол эле учурда айрым катышуучулар пропаганданы ЛГБТ менен байланыштырып, Батышты өз тасмалары, мультфильмдери жана жалпы эле көңүл ачуу арылуу Кыргызстанда «туура эмес, жат баалуулуктарды» жайылтууда деп айыпташат.
Авторлор белгилешкендей, орус ЖМКлары Кыргызстандагы аудиторияга белгилүү болгону жана сентименталдык баалуулуктары үчүн аларга көбүрөөк ишенишет. Орус медиасынын утушу ушунда.
Мындан сырткары, фокус-группадагы катышуучулар спутник же онлайн-телеберүүгө туташууга мүмкүнчүлүктүн жоктугу россиялык телеканалдарды жеткиликтүү жалгыз опция кыларын белгилешти. А Бишкектен катышкандар россиялык ЖМКларды бир бүтүн катары карабаш керектигин белгилешти.

«Мамлекеттик ЖМКларга ишенсе болот, ошол эле маалда Россияда чет элдик агент макамына ээ көз карандысыз ЖМКлар бар жана аларга чет жактан каржыланганы үчүн ишеним жок. Мындай кабыл алуу Россиянын мамлекеттик цензорлору анык бир ЖМКларды чет элдик агент катары көрсөтүп жатканын ырастайт, ошентип, ал платформалар аудиториянын көзүндө ишенимди жоготот», — деп айтылат документте.

Ошентсе да, үч аймактан тең бир нече киши Россиянын мамлекеттик ЖМКларына ишеним артпай турганын билдирди. Алардын пикиринде, орус жаңылыктары мамлекеттик пропагандага, жалганга, коркутууга, агрессияга, башка өлкөлөрдүн ички саясатына кийлигишүүгө толгон.
Россиянын Украинага каршы согушун талкуулап жатканда катышуучулар ЖМКда маалыматтар ушунчалык көп экенин, бир булакты экинчисине караганда ишенимдүү деп табуу кыйын экенин белгилешти. Алардын айтымында, Россия менен Украинанын ортосунда маалыматтык согуш жүрүп жатат.

«Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар „атайын аскердик операция“ дегенге караганда „чыр-чатак“ жана „согуш“ деген сөздөрдү көбүрөөк колдонуп жатышты. Алардын басымдуусу маалыматтын ушунчалык көптүгүнөн жана алардын ишенимдүүлүгүнө так ынануу жок болгон үчүн согуш тууралуу жаңылыктарга көз салуудан качышарын белгилешти. Фокус-группалар бул тема боюнча үй-бүлөлөрдүн ичинде ажырым бар экенин көрсөттү. Мисалы, жубайлар согуштун эки тарабында болуп калышкан», — деп айтылат изилдөөдө.
Согуш тууралуу маалыматтар кыргызстандыктарга негизинен россиялык ЖМКлардан келет. Айрым катышуучулар украиналык медиаларга көз саларын белгилеген менен, так бир булакты айта алышкан жок. Батыш ЖМКларына алар скептикалык көз карашта.

Нарын менен Оштогу фокус-группалардын катышуучулары Кыргызстан Россиядан экономикалык жана саясий жактан көз каранды болгон үчүн Украина менен согушта КР Россияны колдоого аргасыз экенин бир нече жолу айтып өтүштү. Оштогу катышуучулардын бири Казакстан менен Өзбекстандан айырмаланып, Россиядагы кыргыз мигранттары Кыргызстандын өкмөтүнө басым жасоо рычагы экенин, согушту ачык сындаш үчүн республика саясий эркке жана ресурстарга ээ эмес деп эсептейт.

«Жалпысынан адамдарда Россиянын Украинага каршы согушу боюнча кандайдыр бир бекем пикир жок болуп чыкты. Көп учурда алар же Россияны кубаттап, же маалыматтын көптүгүнөн абдарып турушканы көрүндү», — дешет отчеттун авторлору.
Америкалык жана европалык ЖМКлар көп учурда батыштын баалуулуктарын, күн тартибин жана пропагандасын жайылтуу каналы катары кабыл алынат. Бишкектеги катышуучулар BBC, DW жана Euronews сыяктуу европалык ЖМКларды орус тилинде окуп/көрүшө турганын белгилешти. Ошол эле маалда башка аймактагы катышуучулар бир да америкалык же европалык ЖМКны атай алышкан жок.

Нарын менен Оштогу катышуучулар Европа өлкөлөрүнүн колониалдык өтмүшүн, ошондой эле исламофобиясын белгилешти. Аны менен бирге 18−35 жаш курагындагы адамдар америкалык ЖМКларды көңүл ачуу менен байланыштырышат.
Ошентип, батыш ЖМКлары Кыргызстандагы ишеним жаатында бир катар көйгөйлөргө бет келет. Катышуучулар батыш ЖМКлары бай ресурстарга ээ экенин моюндаганы менен, жалпысынан алар батыш ЖМКларын чыр-чатактуу, катаал жана исламобиялуу деп эсептешет.

«Россиялык пропагандалык нарративдер адамдардын Батыш ЖМКларын кабыл алуусунда үндөштүктү табат. Өзү кесипкөй пропагандачы болгон Батыштагы айрым журналисттер ишенимдүү информатор катары кабылданат. Адамдар ошодой эле батыш ЖМКларындагы Россия менен Путинди сындаган нарративдерди кубаттабайт».
Кыргыз ЖМКларын кабыл алууга келсек, катышуучулар алардын сапатын жана ишенимдүүлүгүн түрдүүчө баалашат. Бишкекте 18−34 жаш курактагылар «кыргыз ЖМКлары» деген сөз айкашынан күлүп жатышты, бул ишенимдин төмөндүгүнөн кабар берет.


Катышуучулар чагылдыруунун чакан масштабын, камтуунун чектелгендигин белгилешти, бул элдик ишенимдин деңгээлин төмөндөтөт. Алар ошондой эле жарыяланып жаткан материалдардын сапатынын төмөндүгүн белгилешти: алардын пикиринде, жергиликтүү ЖМКлар көп учурда чет элдик булактардын материалдарын которуп, кайра чыгарат же социалдык тармактардын катардагы колдонуучуларынын постторун жарыялай берет, кыргыз же орус тилинде эксклюзивдүү аналитикалык материалдарды чанда гана чыгарат. Атамекендик ЖМКлардын негизги көйгөйү катары кыргыз тилинде маалыматтык жана көңүл ачуучу контенттин жетишсиздиги аталды.
Оштук катышуучу кыргыз ЖМКлары менен телеканалдары россиялык телеберүүлөрдү көчүрүп аларын, андай кылган күндө да өнүгүү жана масштаб жагынан артта калышканын, себеби мамлекеттик колдоо жоктугун белгиледи.
«Катышуучулар атамекендик ЖМКларда терс маалыматтар, сенсациялар жана дезинформация күч экенине тынчсыздануусун билдиришти. Алар кыргыз ЖМКларын ишенимден чыккан; таасирдүү адамдардын колундагы саясий инструмент (алар жаңылыктардагы сюжеттерди сатып алышат) катары сүрөттөштү», — деп айтылат отчетто.
Изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, Кыргызстандагы орус пропагандасы адамдарга өтө чоң таасирин тийгизет, ал РФке өлкөдөгү таасирин сактап калууга жардам берет.

«Россия жалпыга маалымдоо каражаттарынын кеңири спектрин колдонуу аркылуу Кыргызстан менен узак мөөнөттүү байланышын колдонуп, өзүнүн күчтүү жактарында ойной алат. Россия берген нарратив Украина — айламбаш, Россия — ыйык, Батыш — жаман, а Кыргызстан — көз каранды деп сүрөттөйт. Кыргызстандыктар россиялык ЖМКларга туруштук бере албайт, себеби алар ушул медиалар менен чоңойгон, а альтернатива дээрлик жок болчу», — деп эсептешет документтин авторлору.

Мындан сырткары Россия төмөндөгү жагдайлар аркылуу таасирин тийгизет:
Коопсуздук чөйрөсү
Канттагы аскердик база жана ЖККУ;
Экономикалык байланыштар жана басым кылуу рычагдары
ЕАЭБ жана эмгек миграциясы;
Социалдык чөйрө
Россотрудничество — Көз карандысыз мамлекеттердин иштери боюнча федералдык агенттик; Русский дом ж.б.;
Билим берүү
Орус-славян университети, алмашуу боюнча түрдүү программалар.
Россиялык ЖМКлар коомдук пикирди калыптандыруу жагын өзүнө алган.

Документтин авторлору белгилегендей, альтернативаны калыптандырып же орус пропагандасына атаандаштык болуш үчүн комплекстүү чаралар жана инвестиция керек.

«Кыргыз жана батыш саясатчылары үчүн саясий сунуштарды иштеп чыгууда аракеттердин бир багыты — бул орус ЖМКлары менен атаандаштык болушу мүмкүн; башка бир чара — орус пропагандасына каршы аракеттенүү. Биринчисин Кыргызстанда ишке ашыруу кыйын, себеби россиялык ЖМКлар көп адамдардын турмушунун тереңине кирген. Бир нече муун жаңылыктардын негизги булагы катары орус ЖМКларында чоңойду. Альтернативаларды сунуштоо маанилүү, бирок ал кыргыз медиаландшафтында Россияны экинчи планга сүрүп чыга алат десек жаңылышкан болобуз», — деп айтылат документте.
Отчетту түзгөндөрдүн пикиринде, орус пропагандасына каршы аракеттенүү майнаптуураак багыт болуп саналат. Анын ичинде кабардар болууну жогорулатуу боюнча долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашырган донорлордун, бейөкмөт уюмдардын жана журналисттердин түз аракеттери аркылуу.
Кыска сурамжылоо формасын толтуруп, изилдөөбүзгө баа берүүңүздү суранабыз. Биздин басылмабызга бааңызды жана ой-пикириңизди билүү бизге маанилүү.
Кыска сурамжылоо формасын толтуруп, изилдөөбүзгө баа берүүңүздү суранабыз. Биздин басылмабызга бааңызды жана ой-пикириңизди билүү бизге маанилүү.