Кыргызстандын
«жашыл мурасы» чөлгө айланууда
Кыргызстандын
«жашыл мурасы»
чөлгө айланууда
Мамлекеттик органдардын отчетторуна таянсак, Кыргызстанда жыл сайын жаңы бак-дарактар массалык түрдө отургузулат, токойлордун аянты болсо кеңейгенден кеңейип жатат. Бирок кагаздагы кооз сөз менен сандардын артында көктөбөй калган миңдеген көчөттөр, текке сарпталган миллиондогон долларлар турат.

Мамлекеттик органдардын отчетторуна таянсак, Кыргызстанда жыл сайын жаңы бак-дарактар массалык түрдө отургузулат, токойлордун аянты болсо кеңейгенден кеңейип жатат. Бирок кагаздагы кооз сөз менен сандардын артында көктөбөй калган миңдеген көчөттөр, текке сарпталган миллиондогон долларлар турат.

2022-жылы Садыр Жапаров «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясын баштап берди. Негизги максаты – экологиялык коопсуздукту камсыздоо, айлана-чөйрөнү коргоо, токой аянттарын сактоо жана көбөйтүү.

План боюнча «Жашыл Мурастын» алкагында жылына 5-6 млн көчөт отургузулушу керек. Ар айдын бешине чейин бардык мамлекеттик мекемелер эгилген көчөттөр боюнча Токой чарба департаментине отчет берип турушу зарыл. Жаратылыш министрлиги болсо долбоордун жүрүшү тууралуу президенттин администрациясына кабарлап турууга милдеттүү.

«Биз ар бир дарак тийиштүү камкордукка алынышына көз салып турабыз. Бир да дарак кароосуз калбайт», - деген администрациянын өкүлү Азамат Темиркулов.

Ошол эле жылдын 12-мартында Ала-Арча улуттук паркында демилгеге расмий старт берип жатып Жапаров эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө жана дипломаттарга кайрылып, токойлор келечек үчүн маанилүү экенин белгилеген:
«Климаттын өзгөрүшү, аба ырайынын шарттарынын начарлашы, мөңгүлөрдүн эриши – биздин эле эмес, бүт дүйнөнүн көйгөйү. Ошондуктан дүйнөдөгү ар бир адам ким экенине, кайсы өлкөдө жашаганына карабай, ушул көйгөй менен күрөшүүгө өз салымын кошушу керек».
«Жашыл Мурас» кампаниясы тууралуу чечимди президент Глазгодо (Улуу Британия) өткөн дүйнө лидерлеринин саммитинен кийин кабыл алды. Ошол жыйында Кыргызстан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясында 2022-жылды Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы деп жарыялоону сунуштаган.

«Жашыл Мурас» улуттук кампаниясынын расмий маалыматтары

Жаратылыш министрлигинин биоресурстарды башкаруу бөлүмүнүн башчысы
Кумар Мамбеталиевдин айтымында, улуттук кампаниянын алкагында көчөт отургузуу боюнча статистика жаман эмес.

2022-жылы 5,4 млн көчөт, 2023-жылы 7,6 млн көчөт отургузулду.
«Жашыл Мурастын» алкагында 2024-жылы 8 млн көчөт тигүү пландалган. 2024-жылдын июль айынын аягына карата 5,6 млн көчөт отургузулганы белгилүү болду.

Бирок мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүнүн интервьюларындагы, Жаратылыш министрлиги менен Токой кызматынын расмий сайттарындагы жана кат жүзүндөгү расмий жоопторундагы маалыматтар дал келбейт.
Так эместиктерге карабай, сандар өтө чоң. Бирок CABAR.asia редакциясы абал мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү айткандай “укмуш” эмес экенин аныктай алды. Журналисттер Чүй жана Талас облустарындагы «Жашыл Мурас» алкагында көчөт тигилген бир канча тилкеге барып келишти.
Ошондой эле редакция Ысык-Көл облусунун токойчулары менен ал жакта бак тигүү жагдайы тууралуу маектешти.

Каркыра – көз карандысыз Кыргызстандагы бак тигилген эң чоң аянт

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Каркыра өзөнүндө 300 гектар жерге 2024-жылдын май айынын аягында 323 миңден ашык көчөт тигилди. Буга «Кумтөр Голд» алтын казуу ишканасы 4 525 715 сом же $51,4 миң доллардай каржылык жардам берген. ӨКМ башчысынын орун басары Азамат Мамбетовдун айтымында, бул Кыргызстанда соңку 30 жылда бак тигүү боюнча жасалган эң ири жумуш. Көчөт отургузууга Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы 13 токой чарба тартылды.

Түп районун тургуну, мурдагы токойчу жана активист Нуржан Муканов редакцияга берген маегинде Каркырадагы токой жок болуп кетиши мүмкүн экенин билдирди. Анын айтымында, бак-дарактар мартта эмес, июнь-июлда мал жайчу жерге отургузулган.
Нуржан Муканов Каркырада көчөттөрдү отургузуу боюнча айтып берип жатат
Башка токойчу Жумгалбек Токтоналиев болсо Каркыра өзөнүнө Нарын менен Чүйдүн питомниктеринен алынган жаш көчөттөр тигилгенин, алар «отургузууга даяр боло электе эле алып келингенин, өзөндөгү салкын абада көктөбөй калышы мүмкүн экенин» айтат.
«Отургузуу үчүн Ысык-Көлдө көчөт калбай калганын каерден көрдүңөр эле? Бул уят эмеспи. Өзөндөгү 300 гектар аянттагы жаш көчөттөр көктөп кетер-кетпесин 2025-жылдын марты көрсөтөт», – дейт ал.
Ошол эле маалда Токой кызматынын расмий маалыматында, бул тилкеде көчөттөрдүн көктөшү 81%ды түзөт.

Бирок азыр долбоордун башына кайталы.
Чүй облусу
Отуз жылдык стажы бар токойчу Жумгалбек Токтоналиев 2022-жылы 24.kg маалыматтык агенттигинде жыйын куруп, «Жашыл Мурастын» алкагында отургузулган көчөттөр көктөбөй жатканын айткан.
«Тилекке каршы, Кыргызстанда бак тигүү шоуга айланды. Аны менен токой чарбаларынын адистери эмес, пиарчылар алектенип жатат. Мурда жүздөгөн гектарларга бак тигилип, алар көктөчү. Азыр 20 көчөттү отургузуп, бүт дүйнөгө жар салышат. Ал тургай отургузганын сактай алышпайт. 13 гектар көчөт: 10 гектар жаңгак көчөтү жана 3 гектар өрүк көчөтү өнбөй калды», — деген ал.
Өнбөй калган көчөттөр Чүй облусунун Ак-Бешим токой чарбасынын аймагына отургузулган эле. Ушул маалымат жыйынынан кийин жооптуу кишилер өнбөй калган көчөттөрдүн ордуна жаңысын тигип чыкканын айыл өкмөттөн CABAR.asia редакциясына билдиришти.

Жумгалбек Токтоналиев CABAR.asia`га берген маегинде көчөттөрдү эң негизги нерсе – суу менен камсыздабай коюшканын айтты. Буга кошо отургузуу учурунда аралык сакталган эмес.
«Садыр Жапаров Кыргызстан үчүн абдан маанилүү долбоор тууралуу жар салды, бирок аткаминерлер адатынча бюджетти өздөштүрдү, ак колкапчан сүрөткө түштү, ошону менен баары бүттү», - деп кошумчалады ал.
Активисттин айтымында, маалымат жыйындан кийин жооптуулар дароо жетип барып, өнбөй калган көчөттөрдүн ордуна жаңысын тикти. Пресс-конференция эч кандай жыйынтык бербеди.

Токой кызматы CABAR.asia редакциясына берген жообунда аталган 13 гектар тилкедеги көчөттөрдүн 42%ы көктөгөнүн ырастап, бирок 2024-жылы кошумча көчөттөр отургузулганын билдирди.

CABAR.asia командасы 2024-жылдын 21-июнунда Чүй облусунун Чапаево айылынан бир чакырым аралыкта жайгашкан тилкеге барды. Суусу жок, таштак жерге отургузулуп, гектарлап куурап калган көчөттөрдү аныктады. Көчөттөр болжол менен 3-5 метр аралыкта куурап калган. Тилке суугарылбаганы көрүнүп турат.
Талас облусу
Талас облусунда «Жашыл Мурастын» алкагында 2023-жылы эле 74,9 гектар жерге 2605974 сомдук ($31 миң) 24 512 көчөт отургузулганы долбоордун расмий сайтында айтылат. Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн маалыматында, 2024-жылы 32 миңден ашык дарак тигилди. Жергиликтүү активисттер менен сүйлөшүп жатып, көчөттөрдүн жарымы көктөбөй жатканын билдик. Мунун себеби бир топ, бирок эң башкысы – бул отургузуу ишине да, кийинки камкордукка да шалакы мамиле дешет алар.

Калыйбек Разакулбек уулунун токой жана токой чарбасы системасына аралашып жүргөнүнө 15 жылдан ашты. Атасы, чоң атасы да ушул иш менен алектенип, 40 жылдап токойчу болушкан. Уруктан толук кандуу көчөт чыгаруунун түмөн түйүшүгүн ал жакшы билет. Эгер отургузгандан кийин көчөттөр каралбаса, токойчулардын бүт аракети мааниге ээ болбой калат.
«Жергиликтүү чиновниктер токойчулар өстүргөн көчөттөрдү туура эмес жерге отургузуп, кийин карабай коюшат. Көчөттөр өлөт. Парникте уругу себилгенден тарта 5-6 жыл кетет. Андан кийин “мектеп бөлүмү” деген жакка өтөт да, ал жакта көчөттөргө дагы 5-6 жыл кетет. Токойчунун жумушу көзгө көрүнбөйт, бирок тынымсыз ишти талап кылат. Анан ошентип сарпталган жылдар, аракеттер бир нече айда тыптыйпыл кылынат», - деп кейийт Калыйбек.
Анын айтымында, «Жашыл Мурас» Кыргызстан үчүн абдан маанилүү демилге. Бирок маселенин баары анын кандайча ишке ашырылып жатканында. Дарактардын басымдуусу куурап калууда. Ал түшүндүргөндөй, көчөттөрдүн өнбөй жатканынын негизги себеби – тилкенин туура эмес тандалышында жана суугарылбай калганында.

Редакцияга берген видеоматериалдарында ал куурап калган жүздөгөн көчөттөр жаткан чоң талааны көрсөткөн. Бир мисал – Шумкар-Уя айыл аймагы. Разакулбек уулунун айтымында, ал жакка ак кайыңдын 5 миң көчөтү (болжол менен 1 млн сом ($12 миң) отургузулган. Бул болжол менен 2,5-3 гектар. Ал белгилегендей, тилке саздак, көчөттөрдү болсо эрежелерди сактабай (тамырга аба кирбеш үчүн топурак майдаланган болушу керек) тигишкен, жыйынтыгында баары куурады.
«Талас районундагы Арал айыл өкмөтүндө стадионду бойлой каналдан бир метр аралыкта дарактар отургузулду эле. Баары өлүп калды. Чоң-Кошой жергесинде өткөн жылы 400 Тянь-Шань карагайын тигишти. Быйыл ошол эле жакка аймакты кеңейтпестен туруп дагы 200 көчөт эгишти. Бул былтыркы көчөттөрдүн жарымы өлүп калды дегенди түшүндүрөт. Жергиликтүү бийлик ишембилик уюштуруп, 500дөп киши чакырат, камерага тартышып, ой келди эгишет. Мен ал жакка көрөйүнчү деп атайы бардым, көчөттөрдүн басымдуусу көктөбөй калган (баарын видеого тарткам)», - дейт экоактивист Калыйбек Разакулбек уулу.
Анын айтымында, ал барган тилкелерде сугат суунун жанындагы көчөттөр да куураган. Адатта улуттук кампаниянын алкагында көчөттөрдү айыл өкмөтүнө караштуу жерлерге отургузушат. Токой чарбаларында канча көчөт бар, канчоосу отургузууга даяр экени эсептелет. Быйыл бир тилкеге көчөт тигишсе, кийинки жылы ошол эле жерге куурап калгандырынын ордуна башкасын эгишет.
CABAR.asia командасы 2024-жылдын 16-июнунда Талас облусундагы төмөндөгү жерлерге барып, көчөттөрдүн абалын байкап келди:


1
Талас району, Арал айыл өкмөтү, жергиликтүү мектеп менен стадиондун аймактары
Расмий маалымат боюнча, Арал токой чарбасында 2023-жылы 2 гектар жерге 640 миң сомдук ($7,5 миң) 800 көчөт тигилген
2
Шумкар-Уя айыл аймагы
2-2,5 гектарга 5 миң ак кайың эгилген
3
Чоң-Кошой айыл өкмөтү, Талды-Булак
400 Тянь-Шань карагайы
4
Бишкек-Ош жолунун 197-чакырымында Өтмөк ашуусундагы тилке
Тянь-Шань карагайы
Талас районунун Арал айыл өкмөтүндөгү стадиондун аймагындагы көчөттөр куурап калыптыр. Шумкар-Уя айыл аймагындагы ак кайыңдарда да, Чоң-Кошойдогу көчөттөрдө деле ошол акыбал.
CABAR.asia редакциясынын суроо-талабына Токой кызматы эки тилке боюнча жооп берип, ошол эки жерде жалпы 4 гектарга отургузулган ак кайыңдын 85%ы, Тянь-Шань карагайынын 80%ы көктөп кеткенин белгиледи.

Адам фактору – көчөттөрдүн куурап жок болушунун негизги себеби, - дешет активисттер менен мурдагы токойчулар. «Жашыл Мурастын» Талас облусундагы тилкеси 197-чакырымдагы Өтмөктөн – облуска кире бериштен башталат. Суудан бир метр аралыкта турган көчөттөр малдан корголгон. Көчөттөрдүн баары куурап калган.
Ошол эле жерде бул тилкеден 200 метр аралыкта активисттер 20 көчөт тиккен эле, анын баары көктөптүр. Активисттердин айтымында, алар жергиликтүү малчылардан кээде көчөттөрдү суугара жүрүүнү суранышкан, алар ырахаттануу менен жаш көчөттөргө камкордук көрүшөт.
Ысык-Көл облусу
CABAR.asia редакциясы «Жашыл Мурас» кампаниясынын алкагында куураган көчөттөр бардык түндүк облустарда кездешерин аныктады. 2023-жылы Ысык-Көлдүн Түп районунда 63 гектар көчөт куураган. Так сандарды ысыккөлдүк активист Нуржан Муканов редакцияга берди.
«69 694 түп кызыл карагай эгилсе, анын 11 915и көктөгөн, куурап калганы – 57 779 түп», - деп айтылат Жаратылыш министрлигинин 2023-жылдын октябрындагы бүтүмүндө. Алар кампаниянын алкагында отургузулган көчөттөр боюнча текшерүү жүргүзүшкөн.
Расмий маалымат боюнча Түп районунда 2023-жылы 575 000 сомдук ($6,8 миң.) 101 659 көчөт тигилген.
Нуржан Муканов Ысык-Көл облусунун токой чарбаларында көчөт отургузуу боюнча айтып берип жатат
Бирок Токой кызматы башка маалымат берүүдөн баш тартты. Алардын расмий жообуна карасак, 63 гектардын 23 гектарындагы көчөттөр аба ырайынан улам куураган. 2024-жылы 16,84 гектарга жаңы дарактар отургузулду.

Мукановдун айтымында, Садыр Жапаровдун кичи мекенинде башында 100 гектарга көчөт отургузуу пландалган, алгач аянт 90, кийин 63 гектарга чейин азайды. Ошенткен күндө да көчөттөр куурап калды. Активист долбоор менен алектенген жергиликтүү өкүлдөрдүн эшигин далай каккылаган. Кийин олуттуу чарага өтүп, Кыргызстандын башкы токойчусуна, экология министрине кат жазган.
«Өткөн жылы “Жашыл Мурастын” алкагында Түп районунда эгилген көчөттөрдүн 100%ы куурап калды. Отургузуу үчүн Кудургу, Талды-Суу, Сары-Дөбө, Каркыра токой чарбаларынан (Түптө 4 токой чарбасы бар) 63 гектар жер тандалган. Даярдалган аянтка көчөттү отургузушкан да жок. Отургузуучу материалды бекитишип, баары куурап калды. Жаратылыш министрлигинин комиссиясы текшергени келди, мен аларды чакырган элем. Кыргызстандын башкы токойчусу Козубаев Надырбек Өмүрзакович, мен аны чакырган элем, отургузуу туура эмес жүрүп жатканын айткан. Ал келген жок. Экология министрине чалууга, кат, арыз жазууга туура келди. Ошондой кийин баары аныкталды. Эч ким жазаланган жок. Отургузуучу материалга кеткен акча кайда?» - деп ачууланат Нуржан Муканов.
Муканов – 30 жылдык стажы бар токойчу. Көчөттөр куурай баштаганын көрөр замат коңгуроо кага баштаган. Анын арызынын негизинде Жаратылыш министрлигинин комиссиясы Түптөгү тилкени текшерүүгө келген.
«Атам токойчу, 30 жыл иштеген. 1990-жылы атам берген документтерден кийин Түп токой чарбасы түзүлгөн. Ал ушул токой чарбасын түптөгөн, райондо токойчулук болгон эмес», - дейт Муканов.

«Жашыл Мурас»

«Жашыл Мурас» расмий порталынын маалыматтары аткаминерлер интервьюларында айткан сандарга дал келбейт. Жаратылыш министрлиги жарыялаган сандарды эсептеп чыктык: 2022-2024-жылдарда кампаниянын алкагында 13,5 миң гектарга 18 млн 536 мин көчөт отургузулган. Ушунун баарына кеткен каржы тууралуу буга чейин эч жерде айтылган эмес. Кампаниянын расмий сайтындагы маалыматтарга карасак, жалпы 22,5 млрд сом ($265 млн) сарпталган.

Маалыматты облустар боюнча салыштырсак, абал төмөнкүчө:
- жалпы сумманын 36,5%ы Нарын облусуна кеткен;
- көчөт тигилген аянттардын үчтөн бири же 36,4%ы Жалал-Абад облусуна туура келет;
- отургузулган көчөттөрдүн 31,6%ы Ысык-Көл облусуна туура келет.
Суроо жаралат: эмне үчүн Ысык-Көл облусунда эң көп сандагы көчөт тигилген, бирок ошол эле маалда Жалал-Абадда отургузуу аянты чоң, ал эми акчанын көп бөлүгү Нарын облусуна кетти?

Ошондой эле «Жашыл Мурас» порталындагы, чиновниктер айткан маалыматтардагы сандардын ар башка болуп жатканы боюнча да суроолор пайда болот.

«Жашыл Мурасты» каржылык жактан ким колдоп жатат?

«Кумтөр Голд», «Альянс Алтын» өңдүү бардык ири ишканалар, Ага Хан Фонду сыяктуу эл аралык уюмдар президенттин демилгесине кошулууда. Каркырадагы ири жумушту «Кумтөр» уюштурду: 2024-жылы 300 гектарга 330 минден ашык көчөт тикти. Ага чейин 2022-жылы ишкана Ысык-Көл жана Чүй облустарынын аймагында 2 миң түп дарак отургузган. Ошол эле 2022-жылы «Альянс Алтын» Суусамыр-Талас-Тараз жолундагы 50 гектар тилкени көрктөндүрүүгө 400 миң сом (болжолдуу $4754,55) ажыратты. 2023-жылы ишкана Талас облусунда 2,5 миң көчөттү отургузду. 2024-жылы болсо Шумкар-Уя деген жерде 5 гектарга 5 миң ак кайың тигилди (буга чейин таластык активист айтып жаткан куурап калган дарактар).

Ага Хан Фонду жана MSDSP KG коомдук фонду 2023-жылдын жайында Ош, Жалал-Абад, Чүй жана Нарын облустарында 60 миң даракты отургузуу жана коргоо боюнча долбоорун баштады. Жалпысынан 13 миңден ашык көчөт 23 гектардан ашык жерге тигилди.

Айыл чарба министрлигинин алдындагы токой кызматынын токой экосистемаларын өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Турдакун Сыдыковдун айтымында, мамлекет «Жашыл Мурас» кампаниясынын алкагында токой чарбалары сунуштаган көчөттөрдү сатып алуу тартибин аныктаган. 50%ы жергиликтүү бийлик тарабынан төлөнөт. Калганын Жартылыш ресурстары министрлигинин Жартылышты коргоо фонду каржылайт.

Өлкөнү жашылдандыруу боюнча улуттук кампания үчүн бюджеттин тартыштыгы өкмөттү жарандардан жардам суроого түрттү. 2024-жылдын май айынын башында Каржы министрлиги улуттук кампанияны колдоо үчүн атайын эсеп ачты.
«Жашыл Мурас” улуттук кампаниясын ишке ашыруу үчүн түшүп жаткан донордук, гранттык каражаттарды башкарууну камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин атайын эсеби ачылды», - деп кабарланган министрликтин кайрылуусунда.

Токойлордун бүгүнкү абалы, токой кызматынын бюджети жана

минкабдын пландары

Токой кызматынын башчысынын орун басары Бакытбек Ырсалиевдин айтымында, 2022-жылга карата маалымат төмөндөгүдөй: жыл сайын 12 тонна токой уругу даярдалат, мамлекеттик питомниктердин жалпы аянты 345 гектарды түзөт, анын ичинен 110 гектары өндүрүмдүү. Мындан сырткары жыл сайын республикадагы токой чарбалары токойлорду калыбына келтирүү жумуштары үчүн 40тан ашык түрдөгү 15 млн түптөн ашык отургузуу материалын даярдайт. Мамлекеттик токой фондунун 1100 гектардан ашык жеринде жыл сайын бак-дарак тигүү иштери жасалат. Ошондой эле токой чарбалары менен улуттук жаратылыш парктары жыл сайын 400 гектар токой бак-дарактарын токой каптаган аянтка өткөрүү иштерин жасайт.

Токой кызматынын маалыматында, Кыргыз Республикасынын токой каптаган аянты 2018-жылдын 1-январына карата 1 млн 207 миң гектарды, 2022-жылдын 1-сентрябрына карата 1 млн 254 миң гектарды түздү.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында, абал башкачараак.
Каржы маселесинде деле баары так эмес. 2024-жылдын башында Каржы министрлиги Токой кызматы 2023-жылы Кыргызстандын токойлорун коргоо жана жаңыртууга 76,3 млн сом ($868,4 млн), 2022-жылы 97 млн сом ($1 млн 153 миң) сарптаган.

Бирок Токой кызматы болсо CABAR.asia жиберген суроо-талапка берген жообунда башка сандарды келтирет.
Улуттук илимдер академиясынын П.А. Ган атындагы Токой институтунун башчысы Муслим Ражапбаевдин айтымында, токой аянттарынын өсүшү боюнча сандардын эки башка болушуна токой деген түшүнүктүн өзүнө эки башка мамиле жасалганында болушу мүмкүн. Өкмөттүн 2010-жылдагы токтому боюнча токойлордун аянты 1 млн 156 миң га же өлкө аянтынын 5,6%ын түзгөн болсо, азыр дагы бир инвентаризация жүргүзүлүп, алдын ала маалымат боюнча токой каптаган аянт 7-8%ды түзөт. Ражапбаев белгилегендей, мындай өсүш калктуу конуштардагы бак-дарактар да эсепке алынгандыгына байланыштуу, мурда алар токой категориясына кирчү эмес.
«Бизде токой кызматы көзөмөлдөгөн токой фонду бар. 2022-жылдан тарта токойлордун өзгөчө коргоодогу аймактарда орун алган бөлүктөрү (коруктар, улуттук парктар) Жаратылыш ресурстары министрлиги тарабынан башкарылат. Мындан сырткары заманбап технологияларды колдонууда жергиликтүү бийликтин жерлеринде жана башка аймактарда табигый токойлор аныкталды. Бирок документтерде алар токой деп катталган эмес эле», - деп түшүндүрөт Ражапбаев.
Ал кошумчалагандай, токой фондунун бак-дарак тигүү, токой тармагын өнүктүрүү боюнча 2040-жылга чейинки жана беш жылдык пландары бар. Ошолорго ылайык, жыл сайын токой чарбаларына анык бир көлөмдөгү гектар жер берилет, алар ошол жерге көчөт тигиши керек. Токой фонду жылына республика боюнча 1-2 миң гектар жерди жашылдандырат.
«Сөзсүз түрдө токойчулардын көзөмөлүндө отургузуш керек. Мурда 1-20 см бийиктиктеги кичинекей себилме түрүндө отургузушчу. Азыр жан-жаныбарларга туруштук бериш үчүн 1 метр же андан бийик болгон стандарттык көчөт материалын отургузуп жатышат. Тоолордо суугаруунун кереги жок. Техника боюнча көчөт эгилчү чуңкурду суу топтолгудай кылышат. Көчөттөргө кам көрүүгө келсек, эгерде көчөт токой фондунун аймагына тигилсе, анда аны токойчулар карайт. Эгерде айыл өкмөтүнүн аймагына эгилсе, анда жоопкерчилик айыл өкмөтүндө же дарак тигилген аймакты караган мекемеде», - деди Ражапбаев.
Дарактарды отургузуп жатканда отургузуу маалын да эске алыш керек. Мисалы,
ийне жалбырактуу дарактарды жазда жана күздө эккен максатка ылайык. Себеби ушул маалда дарак уктап, тамыры бузулбайт. Жылдын жылуу мезгилинде көктөп кетиши төмөнүрөөк болот. Токой тармагынын кызматкерлери муну жакшы билишет.

Ал белгилегендей, көчөт токой деген категорияга толук кандуу өтүш үчүн 20 жыл керек.
«Даракты отургузуп эле койбой, ага кам көрүп, суугарыш керек. Бул менин өтүнүчүм. Бул сиздердин болочок муундун бакубаттыгына кошкон салымыңыздар болот», - деди президент Садыр Жапаров «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясынын катышуучуларына жолдогон кайрылуусунда.

Бирок расмий сайттагы маалыматка карасак (16.10.2024. карата), долбоор башталгандан берки 2 жылда сарпталган 26 млрд сомдон ($310 млн), көктөбөй калган жүз миңдеген көчөттөрдөн башка жыйынтык деле жок. Редакция баарлашкан бардык токойчулар долбоор Кыргызстандын токойлорунун жана экологиясынын келечеги үчүн маанилүү экенин бир ооздон айтышты, бирок анын ишке ашырылышы өтө начар экенин моюндашат.

© 2024