2021-жылдын февраль айында Кыргызстандын ѳкмѳтүнүн башчысы болуп Улукбек Марипов дайындалды. Бул кызмат ордуна талапкер кезинде ал, эгер кызматка шайланса, мамлекеттик башкарууну реформалап, мамлекеттик кызматкерлердин санын азайта турганын айткан. Ѳз чечиминин далили катары, ал ѳкмѳттүн аппаратынын штаты ыгы жок кѳбѳйтүлгѳнүн, чиновниктер кѳп учурда бири-биринин функциясын кайталаганын жана жетиштүү деӊгээлде натыйжалуу иштебей жатканын келтирген.
Натыйжада ѳкмѳттүн структурасы ѳзгѳрүп, айрым агенттиктер, кызматтар жана ведомстволор профилдик министрликтердин карамагына ѳттү.
Ошентип, Кыргызстанда реформа жүргүзүлгѳн соӊ, саламатттыкты сактоо министрлиги менен социалдык ѳнүгүү жана эмгек министрлиги биригип, бир эле Саламаттыкты сактоо жана социалдык ѳнүгүү министрлиги пайда болду. Ушул эле ведомствого Социалдык фонд, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) жана Миграция боюнча мамлекеттик кызмат (тышкы миграция боюнча функцияларынан тышкары – бул бѳлүгү ТИМ карамагына ѳткѳрүлгѳн) кирет.
CABAR.asia порталына берген түшүндүрмѳсүндѳ Саламаттыкты сактоо жана социалдык ѳнүгүү министрлигинин ДМЧА социалдык кызматтарды ѳнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Чолпон Мамбеталиева эки ведомствонун биригүүсү БЦШ оорусуна чалдыккан балдардын кийинки жашоосуна олуттуу таасирин, болгондо да терс жагынан тийгизиши мүмкүн экенин белгиледи.
Анын айтуусу боюнча, акыркы бир нече жылдан бери мурунку Социалдык ѳнүгүү министрлиги БЦШ оорусу менен балдар жана алардын ата-энелери же болбосо ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү чоӊ кишилер үчүн кызматтардын жашаган жеринен кѳрсѳтүлүшүн камсыздоого бир топ аракет жумшаган. Бала кѳнгѳн жеринен, жашоо образынан алыстабай, квалификациялуу социалдык кызматтар бериле турган борборлорго жакын жашаса эӊ сонун болмок.
«Мындан тышкары, биз жардам кѳрсѳтүү программаларын даярдоонун үстүнѳн иштеп жатканбыз. Программаларда «ѳзгѳчѳ» балдарды ыӊгайлуу кѳп функциялуу майып арабалар (сейилдѳѳ учурунда бала ыӊгайлуу отура ала турган), вертикализаторлор (бала кечке эле жата бербей, кээде болсо да вертикалдуу абалда болуп туруусу үчүн), ыӊгайлуу ортопедиялык бут кийимдер, ал тургай жалаякшымдар менен камсыздоо каралган», – дейт Мамбеталиева.
Анын айтымында, бул маселелерди акырындап ишке ашырып, этап менен бардык чыгымдарды бюджетке киргизүү пландалып жаткан. Бирок эки ведомствонун биригиши процессти токтотуп турат, анткени баарын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен макулдаштыруу талап кылынат.
«Медицина эч качан мындай маселелер менен алектенген эмес, булар социалдык коргоонун милдетине кирчү. Бирок, министрликтердин кошулуусун эске алып, ушул форматта иш алып барууга аракет кылабыз. Эки кочкордун башы бир казанга кайнабайт демекчи, кандай натыйжага жетебиз - бул чоӊ маселе», – деп кошумчалады ал.
Мындан тышкары, Мамбеталиева мурунураак башкармалык мамлекеттин катышуусу менен тогуз реабилитациялык борборду ачуу боюнча эсептер менен долбоорлорду даярдап чыкканын билдирди. Аларды Кыргызстандын ар бир регионуна ачуу пландалып жаткан. Тилекке каршы, учурда бул иш токтоп турат. Ѳкмѳттѳн мындай долбоорлорду ишке ашыруу үчүн каражат жок экенин айтышкан.