Бул дигноз ѳлүмгѳ алып келбейт:
ВИЧ тууралуу эмнелерди билиш керек жана Кыргызстанда инфекция жугузган жарандардын жашоосу кандай
Адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу (ВИЧ-АИВ) менен ал жол ачкан кабыл алынган иммундук жетишсиздик синдромун (СПИД-КИЖС) XX кылымдын чумасы деп аташат. Кылым ѳзгѳргѳнү менен илдеттин жайылышына байланышкан кѳйгѳй дагы эле курч бойдон калууда. Бирок бүгүнкү күндѳ ѳлүмгѳ алып келүүчү ѳкүм болуп эсептелбейт.
«ВИЧ инфекциясына чалдыкканымды укканда шаштым кетип калды»
Белгилүү бир убакытка чейин Гүлзаттын (аты ѳзгѳртүлдү) жашоосунда баары кадимкидей эле ѳтүп жаткан. Балким кѳп кишиникине салыштырмалуу жакшы эле.

Ал мектепти аяктаган соӊ, ѳзү пландагандай эле, институтка – экономика факультетине тапшырган. Жогорку билимге ээ болуп, аӊ сезимдүү түрдѳ жана жүрѳгү тандаган сүйүктүү адамына турмушка чыкты. Жигити Сагын менен бир нече жыл сүйлѳшүп жүрүп, анан баш кошушкан.

Тойдон кийин жаштар ѳзүнчѳ, ак ѳргѳсүндѳ ынтымактуу жана сүйүү кучагында жашай баштаган.

Жаш үй-бүлѳнүн бактысын жарым кылган – балалуу боло албай жаткандары эле. Мунун себеби билиш үчүн врачтарга барып, ВИЧ/СПИД кошуп, бардык анализдерди тапшырышкан.
«Лабораториядан чалып, анализдин жыйынтыктарын алыш үчүн ѳзүбүз келүүбүздү ѳтүнүштү. Ал жерден эмне уга турганымды билбей эле баргам жана мындай кабарды угууга таптакыр даяр эмес болчумун».

- деп эстейт жаш келин.
Врачтар жубайларга келиндики – ВИЧ-статусу оӊ, жолдошунуку – терс чыкканын сыпайы жана кылдат түшүндүрүшкѳн.
«Бул кабарды укканда ѳзүмдү жоготуп коё жаздадым. Алгач шаштым кетип калды: эч нерсе түшүнбѳй жаттым, сүйлѳгѳн жокмун, эч нерсе кылгым да келген жок. Менде ВИЧ инфекциясы бар деген чындыкты кабыл ала алган жокмун».

- дейт ал.
Гүлзаттын бул илдет тууралуу эч нерсени билбегени абалды андан да оорлотуп жиберген, себеби мурун-кийин туугандары же тааныштарынын арасында мындай нерсе тууралуу уккан эмес.

«Мээмди ар кандай стереотиптер, дүрбѳлѳӊ жана жашоонун ушуну менен бүтүп калганы тууралуу ойлор чулгап алды. Ѳзүмѳ келип, акырындап изилдей баштадым, анан эле ВИЧ – ѳлүмгѳ алып келүүчү диагноз эмес экенин билдим. Бүгүнкү күндѳ бул диагноз менен кадимкидей эле жана кѳпкѳ чейин жашаса болот», - деп баяндайт Гүлзат.

Жаш келин абалды туура кабыл алып, андан ары жашоосун улантууга аракет кылса, жолдошу Сагын такыр макул боло алган жок. Алгач, анализдер туура эмес деп, кайра тест тапшырышкан. Экинчи жолу да ырасталганда, үмүтү үзүлгѳн.

«Анализде эч кандай ката жок экени белгилүү болгондон кийин, жолдошум акырындап ѳзгѳрѳ баштады. Кѳзүмѳ чѳп салдыӊ деп айыптап, менден сууй баштады. Ал тургай менден ВИЧ жугузуп алам деп кооптонуп, бир столго да отурбай калды», - деп эскерет жаш келин.

Жубайлардын ортосундагы мамиле Гүлзаттын ВИЧ-статусу оӊ экенин билгенден жарым жыл ѳткѳн соӊ толугу менен бузулган. Сагын ажыраша турганын билдирип, туугандарына жубайынын илдети тууралуу айтып берген.

«Чыныгы тозок мына ошондо башталды. Кайын-журтум мага чалып, Сагын сопсоо турган кезде, сенде бул оору кайдан пайда болду, аягыӊ суюк шермендесиӊ деп мени күнѳѳлѳп, кордук кѳрсѳтѳ башташты. Чай куюп берип, балдарын кѳргѳндѳ бетинен ѳѳп жүрүп, аларга да жугузганымды шектенип, айыпташты», - дейт ал.
Кѳптѳгѳн жаӊжалдар менен териштирүүлѳрдѳн кийин расмий түрдѳ ажырашышкан. Жаш келин бир жыл бою депрессияда жүргѳн. Кийин ВИЧ менен жашаган адамдардын (АЖА) WhatsApp-тобуна кошулган соӊ, оор абалдан чыгып кеткен.
«Бул топтун катышуучулары, башка WhatsApp-топторундагыдай эле күнүмдүк нерселер тууралуу сүйлѳшүшѳт. Оору жѳнүндѳ кеп кылышпайт, анткени антиретровирустук препараттарды дайыма колдонуп турсаӊ, кадимкидей эле жашай бересиӊ. Муну менен мен алдыда жашоом оӊолуп кетерин аӊдап түшүнѳ алдым», - деп жылмайды Гүлзат.

Азыр жаш келиндин жашоо шарты жакшы: иштеген иши, келечекке карата пландары бар. Ал Кыргызстандан кетип, башкалар ВИЧ менен жашаган адамдардан чочулап, бѳлүп-жарбаган ѳлкѳгѳ барып жашагысы келет.

«Менин статусумду жакындарым менен эки курбу кызым билишет. Биздин ѳлкѳдѳ бул тууралуу башкаларга айта албайсыӊ, дароо эле айыптоолор менен жийиркенүү мамилесине кабыласыӊ. Илдеттен улам кодулап тынчтык бербѳѳ эмне экенин жон терим менен сезе алдым», - мына ушундайча жыйынтыктады Гүлзат.
Жугуу жолдору кандайча ѳзгѳрдү
Республикалык «СПИД» борборунун маалыматына ылайык, 2021-жылдын 1-августуна карата ѳлкѳ боюнча ВИЧ инфекциясы жуккан 10 807 адам катталган. Алардын ичинен 10 205 киши – Кыргызстандын жарандары болсо, калганы – чет ѳлкѳлүктѳр.

Улуттук статистика комитети азырынча азыраак цифраларды кѳрсѳтүүдѳ, себеби ведомство толук бир жылдын жыйынтыктарын чыгарууга тийиш. Муну менен бирге, Улуттук статистика комитетинин маалыматтары 16 жылдык мезгил аралыгында эркектер менен аялдардын арасында ВИЧ жугуу учурлары кѳбѳйүп жатканын кѳрсѳтүүдѳ.
Республикалык «СПИД» борборунун директорунун орун басары Айбек Бекболотов ВИЧ менен ооругандардын болжол менен 85%ы - 18 жаштан 49 жашка чейинки адамдар экенин белгилейт.

«Эгерде социалдык портретти карап чыга турган болсок, анда азыр илдетти жугузуп алгандардын 75%ы – орто же жогорку билимдүү, баӊгизат колдонууда тобокелге салуучу жүрүм-туруму байкалбаган адамдар», - дейт Бекболотов.

Муну менен катар эле, анын айтымында, бүгүнкү күндѳ КР аймагында ВИЧ жугузуунун негизги жолу – жыныстык жол.

«Биздин ѳлкѳдѳ ВИЧ 30 жылдан бери бар жана алгачкы 5 жылда кѳбүнчѳ баӊгизат колдонгондордун арасында жугуп келгени белгилүү. 10 жыл мурун 100 кишинин ичинен 98 киши инъекциялык жол менен жугузса, 2 адамга жыныстык жол менен жуккан. Азыр болсо картина таптакыр башкача, ошол эле 100 кишинин ичинен 80 киши жыныстык жол менен, калгандары - кан аркылуу жугузууда», - деп түшүндүрдү «СПИД» борборунун директорунун орун басары.

Борбордун берген маалыматы боюнча, 1996-2009-жылдары ВИЧ жузугузуунун башкы жолу болуп, парентералдык (инъекциялык) жол эсептелген. Бул мезгилде кан аркылуу 1 828 адам жугузуп алган. Жыныстык жол менен жуккан учурлар азыраак болгон - 608 адам. Ошондой эле 55 вертикалдуу жугуу (энеден балага) учуру катталса, дагы 26 учурда кайдан жукканы белгисиз бойдон калган.
Бекболотов ВИЧ инфекциясын кадимки эле жашоо образын жүргүзгѳн, бирок жыныстык катнаш учурунда сактанбаган адамдар кѳп жугузуп алып жаткандыгын белгилейт.

«Бул алгач инфекция калктын ѳзѳктүү гана топторунун арасында болуп, кийин жалпы топторго жайылып кеткени менен байланыштуу. Тагыраагы, булар - ВИЧ инфекциясына чалдыккандардын, баӊгизаттарды колдонгондордун жыныстык ѳнѳктѳштѳрү, аялдары», - дейт Бекболотов.

Ѳзѳктүү топторго:

• инъекциялык баӊгизаттарды колдонгондор;
• секс-жумушчулар;
• гомосексуалдык ориентациядагы эркектер жана бисексуалдар;
• абактагылар кире турганын белгилей кетмекчибиз.

Баӊгизаттарды пайдаланган адамдардын арасында илдеттин жугушунун азайышы Кыргызстанда профилдик мекемелердин донорлор менен бирге ѳзѳктүү топтордун арасында инфекциянын алдын алуу жана жугушуна жол бербѳѳ боюнча олуттуу иш-аракеттерди жүргүзгѳндүгү менен түшүндүрүлѳт.
«Биз шприцтерди, презервативдерди тараттык. Бул программалар азыр деле иштеп жатат, жана биз ѳзѳктүү топтордун арасында жүргүзгѳн иштерибиздин натыйжа берип жатканын кѳрүүдѳбүз. 2010-жылы шприц нандан кымбатыраак болчу, азыр болсо жеткиликтүү баада сатылат», - деп билдирди «СПИД» борборунун директорунун орун басары.

Айбек Бекболотов белгилегендей, бүгүнкү күндѳ донорлор ВИЧ/СПИД жайылуусунун алдын алуу багытында ар кандай иш-аракеттерди жүргүзүп келишет. Мындан тышкары, бул максатта мамлекет да финансы бѳлүп бере баштады. Азыр КР аймагында 2017-2021-жылдарга карата КРда ВИЧ-инфекциясын жеӊип чугуу боюнча ѳкмѳттүн мамлекеттик программасы иштеп жатат.
ВИЧ инфекциясы менен ооругандарды дарылоо үчүн мамлекет канча каражат сарптайт?
Бүгүнкү күндѳ ВИЧ –ѳлүмгѳ алып келүүчү илдет болуп саналбайт. Бул – инфекцияга чалдыккан адамдын кадимкидей эл катары жашоосу үчүн тоскоолдук жаратпаган ѳнѳкѳт ооруга айланды. Бирок бир маанилүү шарт бар – оорулуу атайын дары-дармек препараттарын үзгүлтүксүз колдонууга тийиш.

Кыргызстанда ВИЧ менен жашаган адамдардын дары-дармекке болгон муктаждыктарын жабууга мамлекет жардам берет. Орточо эсеп менен алганда, бир бейтапка бир жылда 250 АКШ доллары сарпталат. Бул сумманын ичине бир адамга 120 АКШ долларын түзгѳн жылдык дарылануусу, ошондой эле бардык анализдерди тѳлѳп берүү кирет. Анткени оорулууда дайыма кѳзѳмѳлдѳнүп турууга тийиш болгон бир катар кѳрсѳткүчтѳр болот.

«Бул каражаттар ВИЧ инфекциясына карата колдонула турган препараттарды сатып алууга жумшалат. Алар илдеттин активдүүлүгүн басаӊдатып, кесепеттеринин пайда болуусуна жол бербейт» - деп түшүндүрдү Айбек Бекболотов.

Анын айтуусу боюнча, эгер башка ѳнѳкѳт ооруларда ар түрдүү кѳптѳгѳн дары-дармектерди ичүүгѳ туура келсе, ВИЧ инфекциясында бир гана таблетка колдонулат. Андан дагы, дарылануу эрежелерин үзгүлтүксүз жана толугу менен сактаган учурда оорунун активдүүлүгү абдан эле басаӊдап, ВИЧ менен жашаган адамдар ѳнѳктѳштѳрү менен сактанбай эле жыныстык катнашка бара алышат, ал тургай дени сак балдарды тѳрѳй алышат.
Мыйзамдардын жеткиликтүү деӊгээлде иштелип чыкпаганы тоскоолдук жаратат
«Позитивный диалог» коомдук фондунун адвокациялоо боюнча адиси Арсен Амбарян ВИЧ/СПИД оорусунун азыркы масштабдары 90-жылдардын башында профилактикалык иштердин жакшы жүргүзүлбѳгѳндүгү менен түшүндүрүлѳрүн айтат.
«Кыргызстанда инфекция биринчи жолу аныкталган учурдан бери бүтүндѳй бир муун жетилди. Мурун эл жеткиликтүү жана туура маалыматка ээ болбой, ВИЧ – маргиналдардын тагдыры деп эсептеп келсе, мифтер менен стереотиптердин ичинде чоӊойгон азыркы 20-30 жаштагы адамдарда илдет жѳнүндѳ түшүнүк бар, бирок толук маалымат жок. Ал эми регулярдуу, системалуу агартуу жана маалымат берүү ВИЧ эпидемиясына каршы күрѳшүүдѳ кыйла натыйжалуу жана экономикалык жактан кымбатка турбаган ыкмалар болуп саналат», - деп эсептейт Амбарян.

Ал ВИЧ менен байланыштуу КР мыйзамдарында кемчиликтер бар экенин белгилейт.

«Жакында эле мен «Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жѳнүндѳ» алкактык майзамды да, аны колдонуу практикасын да анализдеп чыктым. Тилекке каршы, мыйзам эскиргенин, анын классикалык патерналисттик модель катары бейтаптын укуктары менен кызыкчылыктарын эске албастан иштелип чыкканын, ал эми мыйзамды колдонуу практикасы бейтаптарга карата кодулоочу мүнѳздѳ экенин корутундулоого аргасызмын», - дейт адвокат.

Анын үстүнѳ, КРда 2017-2021-жылдарга карата ВИЧ-инфекцияны жеӊип чыгуу боюнча ѳкмѳттүн мамлекеттик программасында ВИЧ оорулууларын стигматизациялоо жана кодулоо кѳйгѳйү бар экени моюнга алынган, бирок стигматизациялоо жана кодулоону азайтуу багытында эч кандай чара кѳрүлгѳн жери жок.
«Быйылкы жылы эле Конституциялык палатанын чечими менен «Адам ооруп калганда асырап алуучу, камкорчу (көзөмөлчү) жана багып алуучу ата-эне боло албай турган оорулардын тизмегин бекитүү» тууралуу ѳкмѳттүн 2015-жылдын 7-октябрындагы №733 токтому менен киргизилген чектѳѳ Конституцияга туура келбейт деп табылды. Башкача айтканда, дикриминациялык чектѳѳ программа иштеген 6 жыл бою бар болуп келген, жана бийликтегилер ченемди токтомдон ѳз алдынча алып салса болмок. Бирок маселени чечүүгѳ юристтер менен Конституциялык палатанын кийлигишүүсүн күтүп отура беришкен», - деп жыйынтыктады сѳзүн Амбарян.

Ал ВИЧ менен ооруган адамдарды кодулоонун кечээги эле мисалы катары, былтыр берилген мунапысты келтирет.

«2020-жылдын 8-майындагы мунапыс актысы боюнча, ар кандай инфекциялык оорулар, анын ичинде ВИЧ/СПИД менен ооругандарга карата толук сакайып чыкканга чейин мунапыс колдонулган эмес. Мындай мамиленин кодулоочу мүнѳзгѳ ээ экени айдан ачык эле байкалып турат. Анткени ВИЧ – ѳнѳкѳт оору, башка инфекциялык оорулардан айырмаланып, андан сакайып кетүү мѳѳнѳтү жок. СПИД болсо, ВИЧ инфекциясынын соӊку, терминалдык стадиясы болуп эсептелет жана акыр-аягы ѳлүмгѳ алып келет», - деп түшүндүрдү адвокат.

Анын айтымында, 2021-жылдын январь айына карата абакта 183 ВИЧ инфекциялуу адам отурган, аларга 2020-жылы мунапыс берилген эмес. Анын үстүнѳ, камактагылар эркиндиктеги бейтаптарга салыштырмалуу терапия кызматынан да пайдалана алышпаса керек.

«Мыйзамда сексуалдык макулдуктун курагы – 16 жаш деп белгиленген. «Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жѳнүндѳ» мыйзам боюнча, 16 жашка толгон ар бир жаран сексуалдык жана репродуктивдик саламаттык жаатында маалыматтан жана кызматтардан пайдалануу мүмкүндүгүнѳ ээ. Ал эми 18 жашка толо электер ата-энесинин коштоосу жок СПИД борборуна ѳз алдынча кайрыла алышпайт», - дейт Амбарян.
Ал ВИЧ инфекциясын ѳз алдынча текшерүү үчүн тест-системаларынын эркин сатылбаганы, ошондой эле мыйзамда белгиленген курактык чектѳѳлѳр 18 жашка чейинки ѳспүрүмдѳрдү текшерүүдѳ олуттуу тоскоолдуктарды жаратып жаткандыгын белгилейт.
Мифтердин территориясы.
ВИЧ/СПИД элге ондогон жылдардан бери тааныш болуп келе жатса да, кѳпчүлүк бул илдет, жугуу жолдору жана симптомдору тууралуу толук маалыматка ээ эмес. Ошондуктан, ВИЧ жѳнүндѳ ойдон чыгарылган ар кандай мифтерге ишенишет.

Биз кеӊири жайылган мифтерди чогултуп чыктык жана аларга түшүндүрмѳ беребиз:
Миф 1: ВИЧ инфекциялуу адамга жакындаганда ВИЧ жугузуп алуу мүмкүн
Мындай жалган ишеним кѳп жылдан бери ВИЧ инфекциясына чалдыккан адамдарды кодулоого себеп болуп келе жатат. Ар кандай агартуу кампаниялары жүргүзүлүп турганына карабастан, адамдар ВИЧ шилекей же дене контакты аркылуу жугат деп ойлошот.

Бирок ВИЧ инфекциясын кармап-кучактоо, шилекей, тер же заара аркылуу жугузуп алуу мүмкүн эмес.

Башкача айтканда, ВИЧ-оӊ адам менен бир жерде чогуу жүргѳндѳн, аны ѳбүүдѳн, кучактоодон, кол алышып учурашуудан, ашканадан приборлорду, фитнес-клубда шаймандарды чогуу колдонуудан чочулабай эле коюш керек, ошондой эле ал кармаган предметтерди коркпостон кармай берсе болот.

ВИЧ ооруган адамдан анын кан, сперма, кындан бѳлүнүп чыккан физиологиялык суюктуктар жана эненин сүтү сыяктуу дене суюктуктары аркылуу гана жугат.
Миф 2: ВИЧ инфекциясын салттуу эмес медицинанын жардамы менен айыктырса болот
Жок. Элдик медицина, секстен кийин душка түшүү же дагы башка күмѳндүү ырым-жырымдар сыяктуу эле, ВИЧ инфекциясына каршы натыйжалуу эмес жана анын алдын ала албайт.
Миф 3: ВИЧ чиркейлер менен желимчилер аркылуу жугат
Бул вирус кан аркылуу ѳтѳт, бирок окумуштуулар бир катар изилдѳѳлѳрдүн натыйжасында адам аны курт-кумурскалар чаккандан жугузбай турганын далилдеп чыгышты. Мунун тѳмѳнкүдѳй эки себеби бар:

• курт-кумурска кишини чакканда, мурун чаккан адамдын канын чачыратпайт;
• ВИЧ инфекциясы чиркейлер менен желимчилердин организминде ѳтѳ тез ѳлѳт.
Миф 4: Презерватив ВИЧ жугузуудан 100% сактайт
Чындыгында андай эмес. Презерватив секс учурунда айрылып же чечилип кетиши ыктымал.

Дал ушул себептен улам, ВИЧ/СПИДге каршы күрѳшүү боюнча ийгиликтүү кампанияларда жѳн гана презерватив колдонуу сунушталбастан, алгач ВИЧ инфекциясына текшерүүдѳн ѳтүүгѳ, жана вирус аныкталган учурда дароо дарыланууга киришүүгѳ чакырышат.
Миф 5: ВИЧ-оӊ энелерден бардык учурларда балдарына вирус жугат
Дайыма эле жукпайт. Иммундук жетишсиздик вирусу тийиштүү деӊгээлге чейин басаӊдаган эне дени сак балдарды тѳрѳй алат.
Миф 6: ВИЧ-статусу оӊ адамдын кѳрүнүшү башкалардан айырмаланып турат
Кээ бир кишилерде ВИЧ инфекциясынын белгилери жуккандан кийин кѳп жылдар бою байкалбай жүрѳ бериши мүмкүн. Ошондуктан адамдын сырткы келбетинен анын оорулуу же оорулуу эмес экендигин аныктоо мүмкүн эмес.
Миф 7: ВИЧ распространяют, оставляя иглы с зараженной кровью в барах, ночных клубах, кинотеатрах.
ВИЧ тышкы чѳйрѳгѳ туруксуз болгондугунан улам, анын мындай жол менен жугушу мүмкүн эмес. Кандай болгон күндѳ да ВИЧ инфекциясы бул жолдор менен жуккан учурлар каттала элек.
Миф 8: ВИЧ инфекциялуу бала дени сак бала менен чогуу ойноп жатып, маселен, аны тиштеп алып, вирусту жугузуп коюшу ыктымал. Ушул себептүү оорулуу балдар дени сак балдардан обочолонуп, атайы мектептерге же бала бакчаларга барышы керек.
Балдар бири-бирин дайыма эле тиштей бербейт. Мындан тышкары, ВИЧ жугузуш үчүн абдан эле кѳп ѳлчѳмдѳ шилекей талап кылынат. Ушундан улам эпидемиянын тарыхында мындай учур катталбаса керек. Бүтүндѳй дүйнѳ жүзүндѳ ВИЧ инфекциялуу балдар кадимки мектептер менен бала бакчаларга барышат жана аларды дени сак балдардан обочолоонун зарылдыгы жок.
Миф 9: СПИД жана ВИЧ – синонимдер
Чындыгында, бир эле нерсе эмес. Адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу — организмге инфекция жугузган патоген, ал эми кабыл алынган иммундук жетишсиздик синдрому — бул инфекциянын акыркы стадиялардагы клиникалык кесепеттери. ВИЧ ташуучусу болуп туруп, СПИД менен оорубай калуу мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын аймагында статусту кайдан билсе болот?
Кыргызстанда ВИЧ инфекциясын текшерген бир нече мамлекеттик борбор иштейт. Тест процедурасы ыктыярдуу, жана адамдын каалоосу боюнча – анонимдүү негизде жүргүзүлѳт.
Бишкек
Республикалык «СПИД» борбору. Бишкек, Логвиненко кѳч., 8. Телефондору: 0312301082, 0312300753.

Шаардык СПИДге каршы күрѳшүү жана алдын алуу борбору. Бишкек, Токтогул кѳч., 62. Телефондору: 0312680830, 0312486617.
Чуй областы
Чүй областтык СПИДге каршы күрѳшүү жана алдын алуу борбору. Токмок ш., Комсомольская кѳч., 129а. Телефондору: 0313830612, 0313830617.

Чүй областы, Кара-Балта ш., Кожомбердиев кѳч., 67.

Чүй областы, Кант ш., Иманкулов кѳч., 6.
Ош
Ош областтык СПИДге каршы күрѳшүү жана алдын алуу борбору. Ош, Моминов кѳч., 10. Телефон: 0322276630.
Ош областы
Ош областы, Кара-Кулжа а., Чеги Пазылов кѳч.,54.

Ош областы, Гүлчѳ а., Бѳкѳнбаев кѳч.,75.

Ош областы, Ноокат ш., Ленин кѳч., 32.

Ош областы, Кара-Суу ш., Киров кѳч., 1.
Джалал-Абад областы
Жалал- Абад областтык СПИДге каршы күрѳшүү жана алдын алуу борбору. Жалал-Абад, Курортная кѳч., 37. Телефон: 0372223159.

Жалал-Абад областы, Казарман а., Жээналиев кѳч. 44.

Жалал-Абад областы, Токтогул а., Кудаш Момункулов кѳч., 27.

Жалал-Абад областы, Ноокен району, Массы а., Сорокин кѳч., 1.

Жалал-Абад областы, Таш-Кѳмүр, Достук кѳч.

Жалал-Абад областы, Кербен а., Үмѳталиев кѳч., 120.
Нарын областы
Нарын областтык СПИДге каршы күрѳшүү жана алдын алуу борбору. Нарын, Раззаков кѳч., 1. Телефондору: 0352251942, 0352253054.

Нарын областы, Ат-Башы а., Б. Шамеев кѳч., үй 1.

Нарын областы, Кочкор а., С.Орозбак кѳч., 157, 165

Нарын областы, Чаек а., Эркинбек Матыев кѳч., үй 148
Ысык-Кѳл областы
Ысык-Кѳл областтык СПИДге каршы күрѳшүү жана алдын алуу борбору. Каракол, Аманбаев кѳч., 118а. Телефондору: 0392251718, 0392251664.

Ысык-Кѳл областы, Балыкчы, Т. Океев кѳч., 94.

Ысык-Кѳл областы, Чолпон-Ата, Совет кѳч.,1Б.

Ысык-Кѳл областы, Ак-Суу району, Теплоключенка а., Шапак Баатыр кѳч., 97.
Баткен областы
Баткен областтык СПИДге каршы күрѳшүү жана алдын алуу борбору. Баткен, Раззаков кѳч., 13. Телефон: 0362251407.

Баткен областы, Лейлек району, Исфана, Строительная кѳч., 3.

Баткен областы, Кадамжай Больничная кѳч., 7.
Таласс областы
Талас областтык СПИДге каршы күрѳшүү жана алдын алуу борбору. Талас, Ленин кѳч., 257. Телефон: 0342255236.

Талас областы, Кызыл-Адыр а., Райымкул Сатылбадиев кѳч., №1
Булардан тышкары, экспресс-тест бир катар бейѳкмѳт уюмдар тарабынан дагы жүргүзүлѳт. Алардын даректерин бул жерден тапса болот.
Мамлекеттик тест борборлорунда кош бойлуулар, пенсионерлер, 16 жашка чейинки балдар жана ѲК окуяларынын катышуучулары (Афганистан, Чернобыль, Баткен окуялары) акысыз ВИЧ текшерүүсүнѳн ѳтѳ алышат.

Ошондой эле, акысыз тесттен врачтын кѳрсѳтмѳсүнүн негизинде эпидемиологиялык же диспансердик бѳлүм аркылуу да ѳтүүгѳ болот:

• клиникалык белгилер боюнча (ВИЧ-ассоциацияланган оорулар);
• эпидемиологиялык белгилер боюнча (ВИЧ жугузуп алуу коркунучунун жогорулугу);
• 3 айдан ашык чет ѳлкѳдѳ жүргѳн мигранттар;
• кош бойлуу аялдардын жыныстык ѳнѳктѳштѳрү;
• ВИЧ менен жашаган адамдар менен байланышта болгондор (АЖА).

Республикалык «СПИД» борборунун сайтында чагылдырылгандай эле, ВИЧ текшерүү (сертификат бербестен) акысыз негизде жүргүзүлѳт.

ВИЧ инфекциясына карата ыктыярдуу текшерүүдѳн ѳтүүнүн баасы — 173 сом (2 АКШ долларынан бир аз кѳбүрѳѳк), кан аркылуу экспресс-тест — 381 сом (4,5 АКШ долларына жакын). Тест тапшыруу үчүн ѳздүгүн тастыктоочу документ талап кылынат.


© 2021 CABAR.asia