cabar.asia
Темир тор артында тооруган өлүм. Кыргызстанда түрмөдөгү диабетке чалдыккандар кантип жашайт?
Фото: diabet.org.ua
Кыргызстандын абактарындагы саламаттыкты сактоо – бул системдүү көйгөйлөрдүн бүтүндөй комплекси. Анын ичинде адистердин жетишсиздиги, ооругандарды которуудагы кыйынчылыктар, жазасын өтөп жаткандарга дары-дармектердин жеткиликсиздиги бар.
Инсулин(сиз) жашоо
«Менин коргоомдогу адам түрмөдө өлүм алдында жатат». Юрист Индира Саутова сөзүн ушинтип баштады.

Анын кардары - 44 жаштагы Музафаржон Абдулхамидов Кыргызстанда туулуп-өскөн. Бир нече жыл мурда ал Россияга эмгек миграциясына кетип, жарандыгын алмаштырган. Ал жакта иши жүрүшпөй, мекенине кайтты. Мыйзамды бузуп, соттолду.

Азыр ал Юстиция министрлигинин алдындагы Жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) мекемелеринин биринде жазасын өтөп жатат. Бирок экинчи типтеги кант диабети менен Музафоржан мөөнөтүнүн аягына чейин жете алат деп айтыш кыйын.
Бир нече жолу аны 47-мекемеге жаткырышкан. Узак убакыт бою - дээрлик бир жыл инсулинсиз жашап, өз убагында дарыланбаган үчүн оорусу күчөп баратат. Азыр анын жумушчу кан басымы 170ке 100, бутттарын дээрлик сезбейт.
Индира Саутова, юрист
Саутованын кардары инсулинди 2021-жылдын күз айларынан ала баштаган. Окуясы ММКлар аркылуу белгилүү болгондон кийин гана Музафоржанга дары жеткиликтүү болуп калды.

«Дары-дармектердин сапаты жана жеткиликтүүлүгү боюнча маселе биздин пенитенциардык системада көптөн бери калыптанып калып, чечилбей келет. Тактап айтканда, бул жагдай жабык мекемелерде жаткан инсулинге көз каранды адамдарга тиешелүү», - дейт укук коргоочу.

«Экинчи типтеги диабет» диагнозу менен соттолгондор Кыргызстандын инсулинге муктаж башка жарандарындай эле каттоодо турат жана мыйзам боюнча инсулинди акысыз алышы керек.

Дагы окугула:: Кыргызстандагы акысыз меджардам: жарандар эмнеге таяна алышат? Түшүндүрмө

«Бирок, эгер менин практикамды эске алып карасак, абактагылар дарыны алышпайт. Соттолгондордун туугандары каттоодо турган жери боюнча инсулинди сатып алып, аны абакта отурган тууганына алып келип беришет. Кызыл-Кыя же дагы башка жактардан алып келишет. Бирок бул маселени Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Жаза аткаруу кызматынын ортосундагы макулдашууга ылайык, мекемелер аралык деңгээлде оңой эле чечишсе болмок. Ал эми инсулинди жеткирүү түйшүгү соттолгондун жакындарына жүктөлмөк. Ушул учурда түшүнүксүз дагы бир жагдай пайда болот, туугандары жок же алардан баш тарткандар кантип аман калып жатат? » - деп суроо салат Саутова.

Юрист Саламаттыкты сактоо министрлигине кат жөнөтүп, Кыргызстандын абактарында отургандар инсулинди дээрлик албай турганын тастыктаган жооп алган.
Өкмөттүн 2015-жылдын 15-ноябрындагы №790 токтому менен бекитилген Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык, Мамлекеттик жаза аткаруу мекемелеринде жазасын өтөп жаткан кыргыз жарандыгы бар, кант диабети менен ооругандарга дарыгердин көрсөтмөсү менен медициналык жардам көрсөтүү жана дары-дармектерди берүү да акысыз болушу керек. Аталган дарыны соттолуучунун туугандары оорулуунун диспансердик байкоо жеринен же Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын медициналык мекемесинин Саламаттыктыкты сактоо министрлигине кат түрүндө жөнөтүлгөн кайрылуусунан кийин, ошондой эле адистерге кайрылуу зарыл болгондо же кант диабети менен ооруган бейтапты медициналык мекемелерге жаткыруу үчүн көрсөтмөнүн негизинде алса болот.
- деп айтылат министрликтин катында
Кызыгы, Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы CABAR.asia`га башкача маалымат берди: ЖАК мекемелери суроо-талап боюнча инсулин алышат. Инсулинге көз каранды киши түрмөгө түшкөндө, жетекчилик Саламаттыкты сактоо министрлигине кат жазат да, мекеме керектүү дарыны алат.
Мында көйгөй жок. ЖАКтын керектөөлөрүнө биз көңүл бурабыз.
Саламаттыкты сактоо министрлиги
Министрлик айткандай, инсулин абактарга маалы менен жеткирилип турган күндө да, камалгандардын арасындагы муктаждардын баары эле аны ала албайт. Себеби өмүр үчүн өтө маанилүү бул дарыны берүү боюнча мамлекеттик кепилдик Кыргызстандын жарандарына гана тиешелүү.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин укук коргоочуга жазган ошол эле катында мындай деп айтылат: «Кант диабети боюнча медициналык кызматтарды көрсөтүү жаатында нормативдик-укуктук актылар жана өкмөттөр аралык макулдашуулар жок болгон үчүн ЖАК мекемелеринде отурган чет элдик жарандарга медициналык кызматтарды көрсөтүү азыр бир катар кыйынчылыктарды жаратууда».

«Түшүнгөнүмө караганда, КР жараны болбогон бардык эле адамдар инсулин алууда көйгөйлөргө бет келет. Акысыз мамлекеттик кепилдиктер аларга тийиштүү болбойт, а дарыны дарыканадан сатып алуу дээрлик мүмкүн эмес. Демек, маселе соттолгон чет элдиктерге гана тийиштүү эмес», - деп түшүндүрдү Индира Саутова.

Кыргызстанда инсулинди эркин сатууга тыюу салынган эмес. Бирок дары өзгөчө шарттарда сакталышы керек болгон үчүн, ошондой эле көпчүлүк бейтаптар аны акысыз алган үчүн фармацевтикалык компаниялар инсулинди сатып алышпайт.

Музафаржон Абдулхамидовдун окуясы медиага чыккандан кийин ага инсулин бере башташкан.
Бирок бул жалгыз эле учур да. Окуяга коомчулуктун көңүлү түшкөн үчүн маселе чечилди. Калган соттолгондор үчүн эч нерсе өзгөрбөдү.
Индира Саутова, юрист
Бул кыйноо!
Адвокат Арсен Амбаряндын айтымында, Кыргызстанда соттолгондорго өмүр үчүн өтө керектүү дарылардын жетпей жатышына каржынын тартыштыгы таасир этет, таңкыстык айрыкча коронавирус пандемиясы башталгандан бери курч сезилип жатат.
Мыйзамга (КРнын Кылмыш-жаза аткаруу кодексинин 20-беренеси) ылайык, соттолгондор алардын ден соолугунун корголушун камсыздаган бардык шарттарга, биринчи медициналык-санитардык жана атайын медициналык жардамды акысыз алууга, анын ичинде амбулатордук-поликлиникалык же стационардык шартта жардам алууга укуктуу.
Арсен Амбарян, адвокат
Саламаттыкты сактоо мекемелеринин уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабай, саламаттыкты сактоо жаатындагы мыйзамдарда аныкталган мамлекеттик кепилдиктердин көлөмүндө соттолгондорго медициналык жардам көрсөтүлүшү керек. ЖАК мекемелеринин администрациялары соттолгондорду медициналык жана санитардык-эпидемиологиялык тейлөө үчүн шарттарды түзүшү зарыл.

«Медициналык-санитардык жардам мекемелердин медициналык-санитардык бөлүктөрү тарабынан медициналык жардам көрсөтүү боюнча өкмөт бекиткен эрежелерге ылайык көрсөтүлөт. Ошол эле учурда эгерде соттолгон адам өкмөт бекиткен тизмедеги оор дартка кабылса, анда мекеменин администрациясынын сунушу аркылуу соттун чечими менен жаза аткаруудан бошотулат», - дейт адвокат.
Ооруларды аныктоо, оорулардын таржымалын толтуруу, процедуралардын сакталышы, аларды аткаруу мөөнөтү иш жүзүндө кандай болуп жатканын улуттук укук коргоочу институттар текшере алышат. Биринчи кезекте бул - Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбору, - деп түшүндүрдү Амбарян.

Ата мекендик укук коргоо уюмдарынын изилдөөлөрү көрсөткөндөй, республикадагы абактарда кармалган адамдарды медициналык камсыздоо жаатында бир топ көйгөйлөр чечилбей келет.

Алардын катарында төмөндөгүлөр белгиленет:

  • кызматкерлердин жетишсиздиги жана атайын профилдеги адистердин жоктугу;
  • медициналык кызматкерлердин профессионалдык деформация болушу жана чарчап-чаалыкканы;
  • ЖАК менен адистештирилген медициналык жардамды көрсөтө ала турган профилдик жарандык медициналык мекемелердин ортосунда келишимдин жоктугу;
  • («Кыргыз Республикасынын жарандарынын саламаттыгын коргоо жөнүндө» мыйзамынын 33-беренеси);
  • соттолгондордун арасындагы бейтапты жарандык ооруканага которуу жана аны кайтарууну камсыз кылуудагы кыйынчылыктар;
  • оорулардын өз убагында аныкталбашы (кургак учук,онкология, жүрөк-кан тамыр оорулары);
  • дары-дармек менен жетишсиз камсыздоо;
  • начар инфраструктура жана жабдуулар.
Арсен Амбарян белгилегендей, соттолгондорго дары-дармектин жеткиликтүүлүгүн чектөө - бул катаал мамиле, ага Конституцияда тыюу салынган. Башка жарандарга медициналык жардам кандай көрсөтүлсө, эркинен ажыратуу жайларында да ошол эле принципте көмөк көрсөтүлүшү талап.

«Эркинен ажыратуу жайында отурган адамга түрмө системасынан сырткары адамга көрсөтүлгөн көлөмдөгү (жана сапаттагы) медициналык жардам жеткиликтүү болушу керек. Абактарда "же дарыла, же кое бер" деген принцип иштеши зарыл деп эсептейм. Начар медициналык жардам жазалоонун бир бөлүгү болбошу керек»- дейт адвокат.
«Начар медициналык жардам жазалоонун бир бөлүгү болбошу керек»
Ал кошумчалагандай, эркинен ажыратуу жайларында оору азабынан өлүм болбошу керек деген нерсе мыйзамда көрсөтүлгөн. Башкача айтканда, эгерде дарыгер соттолгон адамда кандайдыр бир олуттуу ооруну аныктаса, анда ага кампада кайсы дары болсо, ошону жазбай, Саламаттыкты сактоо министрлигинин клиникалык сунуштамаларынын негизиндеги дарылоону аныкташы зарыл. Тийиштүү кызматтар керектүү дары-дармек менен камсыздап турушу шарт.

Кыргызстанда оор дартка кабылган соттолгон жарандарды коргоочу мыйзамдар болгону менен, түрмөлөрдө ар кандай оорулардан - кургак учуктан, рактан, СПИДден жана адистешпеген дене ооруларынан каза болгондор бар.

2020-жылы өлкөнүн жабык абак жайларында 51 адам каза тапты. 2019-жылы абактарда 58 адам өлдү, 2018-жылы – 65, 2017-жылы – 66, 2016-жылы – 64.
Эксперттик пикир
Далилдүү медицина боюнча адис Бермет Барыктабасова абактагы адамдарга дарылардын жана медициналык дарылоонун толук жеткиликтүү болбой жатышын учурдун негизги маселеси деп эсептейт. Анын айтымында, республика көз карандысыздыкка ээ болгон жылдарда эркинен ажыратуу жайларындагы медициналык мекемелер саламаттыкты сактоо системасынан бир кыйла алыстап кетти.

«Бүгүн жарандык саламаттыкты сактоо, дарылоо боюнча көптөгөн протоколдор жана улуттук реформалар эркинен ажыратуу жайларындагы медициналык мекемелерге жетпей жатат. Мындай болбошу керек», - дейт ал.

Эксперт түшүндүргөндөй, учурда ар кайсы мекемелердеги медиктер ЖАКтагы, Коргоо министрлигиндеги жана башка жактагы өз жетекчилигине баш ийет. Мунун айынан жабык мекемелер менен жарандык медицинадагы дарылоо стандарттары айырмалана баштады.
Жабык жайларда эскирген жана натыйжасыз дарыларды сатып алышат, оорулууларды каттоого алууда жана текшерүүдө көйгөйлөр бар. Кант диабетине чалдыккан соттолуучуларга келсек, адам жабык мекемеге түшкөндө толук медкароодон өткөрүлүшү керек, медциналык картасында келген адамдын ден соолугу кандай экени жазылышы шарт. Андан кийин туруктуу жалпы кароолор жасалат, даттануу болсо, кошумча текшерилет. Бирок көпчүлүк мекемелерде кантка кандын анализи алынбай турганын мен так билем.
Бермет Барыктабасова, далилдүү медицина боюнча адис
Бул өтө кооптуу, - деп сөзүн улады эксперт. Эгерде кант диабети бар соттолуучуга диагноз убагында коюлбаса, керектүү дары жана дарылоо жеткиликсиз болсо, кесепети оор болушу турган кеп.

«Эң эле оор кесепеттер: көзү көрбөй калат; нефропатия - бөйрөк иштебей калат; нейропатия - мында перифериялык нервдер жабыркайт; таман ириңдеп, чирийт, андам улам бутту кесишет; адам майып болот, өмүрү кыскарат», - дейт адис.

Мындан сырткары ал квалификацияны жогорулатуу курстарындагы окуунун тартыштыгынан жабык жайлардагы медиктердин квалификациясы тийиштүү деңгээлде эместигин белгилейт.

«Жабык жайларда каза болгондорду союп көргөндөн кийинки бүтүмдөр мага белгилүү. Анда диагноздордун дал келбестиги өтө жогору. Бул медицинадагы кооптуу көрсөткүч. Демек, туура эмес диагноздор, туура эмес дарылар, оорлошуулар жана өлүм болот», - дейт Барыктабасова.

Ошол эле маалда Кыргызстан кол койгон эл аралык конвенцияларда айтылгандай, темир тор артындагы адам ошол жактан эле меджардам алуу менен чектелбейт. Ал каалаган дарыгерине - атайын адиске, адистештирилген ооруканага кайрыла алат, эгер мамлекеттик кепилдик чыгымды жаппай жатса, өзү жеке тартипте кызматтарга акы төлөсө болот.
Дары-дармектерге, процедураларга, операцияларга да медициналык кызматтардын жана дарылардын кепилденген пакети жайылтылат. Мамлекеттик төлөм программаларына аз эмес акча коротулат, себеби абактагылардын көпчүлүгү калктын аярлуу катмарына кирет. Аларга саламаттыкты сактоо кызматтары тең жана толук жеткиликтүү болушу керек, калган-каткан деген принцип менен эмес, керек учурда аларга тийиштүү көлөмдө жана сапатта меджардам көрсөтүлүшү шарт.
Бермет Барыктабасова, далилдүү медицина боюнча адис
Эркиндикке жолдомо? Кайдан...
Айыккыс, оор дартка кабылган соттолуучулар КР мыйзамдары боюнча абактан бошотулушу керек. Андай бейтапка (же өлүм алында турганга) эркиндикке "жолдомо"берүүнүн атайын жол-жобосу да бар.

«Темир тор артындагы оор дартка чалдыккан адамды медициналык күбөлөндүрүүнүн жана аларды бошотууга көрсөтүүнүн тартиби так аныкталган, мекемелердеги медициналык кызматкерлердин аракеттеринин так алгоритмдери, ыраттуулугу жана мөөнөттөрү бар. Ар бир мекемеде дарыгерлер комиссиясы түзүлүшү керек», - дейт Арсен Амбарян.
Эгерде дарылоо курсу натыйжасыз болуп же соттолуучунун абалы начарласа, дарыгер бир күндүн ичинде керектүү медициналык документтерди адистештирилген дарыгерлер комиссиясынын кароосуна берет.
Абакта кармап турууга тоскоолдук жараткан оорулардын тизмесинде көрсөтүлгөн дарт аныкталса, комиссия эки күндүн ичинде ЖАКтын атайын медициналык комиссиясынын кароосуна материалдарды жиберет.
Бул жакта беш күн ичинде соттолуучуну медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү зарыл. Дарт аныкталса, комиссия өз бүтүмүн мекемеге жиберет.
Жаза аткаруу мекемелеринин башчылары аталган комиссиянын бүтүмүн алгандан кийинки үч күн ичинде ошол бүтүмдү, соттолуучунун жеке делосун жана анын оору таржымалын сотко жиберет.
«Ошентип, бейтаптын абалы начарлаганы же дарылоо натыйжасыз болуп жатканы аныкталган күндөн сотко бошотуу сунушун жиберүүгө чейин 15 суткадан ашык эмес убакыт өтөт. Бирок практикада бул жобо иштебейт», - деп белгилейт адвокат.

Юрист Индира Саутова жогорудагы процедура иштебей турганын ырастайт. Анын коргоосунда кант диабетинен жабыркаган соттолуучу бар. Анын дарты кармоого тоскоолдук жараткан оорулардын тизмесине кирген үчүн адвокат тийиштүү алгоритмдер пайдаланылсын деп бир нече айдан бери күрөшүп келет. Бирок процедура иш жүзүндө шыр кетпейт.
Аны сотко алып келиш керек,оорулууну мындан ары түрмөдө кармап турууга болор-болбосу чечилмек. Бирок ЖАК коргоомдогу адам комплекстүү текшерүүдөн өтүп жатат деген шылтоо менен баш тартып жатат. Бул ишке канча убакыт кетери белгисиз.
Индира Саутова, юрист
Саутованын айтымында, оор абалдагы кишини абактан чыгарып кетүү мурда деле оңой эмес болчу. Бирок мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши козголгондон кийин андай процедураны ишке ашырууга такыр эле мүмкүн болбой калды. Батукаев 2013-жылы "кандын рагы" деген диагноз менен эркиндикке чыгарылган эле.

«Мыйзам боюнча ЖАК оор дартка кабылган соттолуучуну комиссияга, кийин сотко бериши керек. Сот аны бошотуу же калтыруу чечимин кабыл алат. Бирок Батукаевдин чуусунан кийин мекеме өтө этияттанып, процедураны чанда гана пайдаланып калды. Жыйынтыгында адамдар эле запкы тартууда. Буга кошо коррупция жаралып жатат. Абактагылардын айтымында, [медициналык күбөлөндүрүүгө] сунуш берүү да азыр коррупцияга байланып калган», - дейт Саутова.
Өлүм катталган учур
2020-жылдын январында Бахадыр Джураев 45 жашында каза болду. Маалым катка ылайык, анын өлүмүнө жүрөктүн ишемикалык өнөкөт ооруусу жана кант диабети себеп болгон.

Джураев массалык башаламандыкка катыштыгы бар делип, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 25 жылга кесилген эле.

Кармоо учурунда жана тергөө маалында Бахадыр Джураевди катуу сабашкан, ага медициналык жардам убагында көрсөтүлгөн эмес. Алган жаракаттары анын ден соолугуна кесепетин тийгизди. Маркум кыйноого, катаал жана адамдын кадырын кемсинтүүчү мамилеге дуушар болгон.

Укук коргоочулар анын укуктарын калыбына келтирүүгө, кыйноонун курмандыгы болду деп таанылышына аракет кылып, ишин кайра каратуу үчүн күрөшүштү. 2012-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине арыз жиберилген, 2019-жылы жактоочулар гумандаштыруу, декриминалдаштыруу жана депеналдаштырууга багытталган жаңы кылмыш мыйзамдарын пайдаланып, жаза мөөнөтүн 18 жылга чейин кыскартууга жетишишкен.

Джураев эки жолу операцияга кирди, бут манжалары чирип, экинчи типтеги кант диабети, гипертония пайда болду. Өмүрүнүн акыркы жылында араң кыймылдап, тынымсыз оорудан азапка батты.

Ал БУУнун Комитетинин чечимин, өз ишинин кайра каралышын күтүп жүрүп о дүйнөгө кете берди.
Бул макала Норвегия ТИМ колдоосунда «Amplify, Verify, Engage: Information for Democratisation and Good Governance in Eurasia» аттуу IWPR долбоорунун жана Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн колдоосунда Бейпилдикти жана бейкуттукту чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Борбор Азияда жаӊы медиаларды жана санарип журналистиканы ѳнүктүрүү» долбоорунун насаатчылык программасынын алкагында даярдалды. Басылманын мазмуну IWPR, Норвегия ТИМ же Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн расмий кѳз карашын чагылдырбайт.
© 2022 cabar.asia
Автор
Александра Василькова
Редактор
Наталья Ли