2015-жылы Британиянын NHS Digital агенттиги мектеп курагындагы кыздар менен балдардын физикалык активдүүлүгү боюнча
изилдѳѳ жүргүзгѳн. Натыйжада кыздардын 8 жаштан кийин спортко мурункуга караганда азыраак убакыт бѳлүп, ал эми 13-15 жашка келгенде кыздардын 8% гана күнүнѳ жок дегенде бир саат физикалык активдүүлүк менен алектене турганы белгилүү болгон.
Рейна Артурованын айтуусу боюнча, кыздардын спортко кызыгуусу азыраак же алардын кыйла алсыз болгондугу үчүн эмес, гендердик стереотиптерден улам алдыга умтулуп чыгууга мүмкүнчүлүгү аз экендигинен улам мындай болот. Мисалы, ата-энелер кыздарга «күч пайдалануучу» спортко баруусуна уруксат бербей, «кыздар үчүн» деген ой менен гимнастикага беришет.
«Эн биринчи матчтан баштап эле укмуштуудай жагымсыз сѳздѳрдү угууга туура келди: мени талпак деп да аташты, бул жер мен үчүн эмес экенин айтышты. «Хоккей – эркектердин спорту, сен болсо ашканаӊа бар!» сыяктуу сѳздѳрдү уктум. Ал учурда тогуз жашта элем. Хоккейге барууну кыялданчумун, бирок клубдан мага дароо эле «эркек балдар менен кыздар муз үстүнѳ бир учурда чыга алышпайт деп айтышты», - деп эскерет Шарлот Жирар-Фабр, мурунку хоккейчи жана эл аралык класстагы судья (
Euronews'тан алынган цитата).
Кыргыз спортчусу Малика Боотаева 20-кылымга чейин аялдарга спорт менен алектенүүгѳ таптакыр тыюу салынып келгенин айтат. Спорт аял кишинин репродуктивдик жѳндѳмдүүлүгүнѳ таасирин тийгизет деп эсептешкен. Мындан тышкары, эркектердин спорту бир гана эркектерге, аялдардыкы – аялдарга гана таандык деген стереотип бар. Эркектерге арналган спорт түрлѳрү аялдарды эркек сымал кылып, аялдардын спорту эркектерди назик кылып салат деген түшүнүк бар.
CABAR.asia тарабынан жѳнѳтүлгѳн сурамга Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин берген жообунда республикалык жарыштарга аялдарга караганда эркектердин кѳбүрѳѳк катышканы айтылат. Ушундай эле абал спорт секцияларындагы машыгууларда да байкалат.
«Бул кыздардын кѳпчүлүгү мектепти бүткѳн соӊ турмушка чыгып кетип, спортко убактылары жетпей калгандыгы менен байланыштуу. Дагы бир себеп катары, спорттун кѳпчүлүк түрлѳрү жалгыз гана эркектерге арналганын, ошондой эле спорттук объектилердин басымдуу бѳлүгү жеке менчик формада болгондуктан, спорт менен машыгууга баарында эле мүмкүндүк боло бербегенин белгилѳѳгѳ болот»,
─ деп билдирет ведомство.
Рейна Артурованын айтуусу боюнча, кыздардын натыйжага жетүүсүнѳ алардын спорт жаатында ѳнүгүү мүмкүнчүлүктѳрү жана үй-бүлѳсүнүн колдоосу да таасир этет. Баары ата-энеси кызынын спорт менен алектенүүсүн колдогонуна же баары бир инвестицияны уулуна жумшоону туура кѳргѳнүнѳ жараша болот.