cabar.asia
Россиядагы Борбор Азиялык мигранттар: айыппулдар, паралар жана укуксуздук
Россия коомундагы мигранттардын кѳйгѳйү дайыма курч бойдон калууда. Федералдык миграция кызматынын маалыматына ылайык, Россияда 10 миллиондон ашуун мигрант мыйзамдуу жашап жатса, үч миллионго жакыны – мыйзамсыз жүрѳт. Алардын кѳпчүлүк бѳлүгүн Борбор Азиянын жарандары түзѳт. Убактылуу жашоого уруксаты же жашап туруу укугу 1 миллионго жакын кишиде бар.

Юрист Антон Зенченконун айтуусу боюнча, россиялык полиция кызматкерлери үчүн Борбор Азиялык мигранттар – оӊой олжо. Аларды эч кандай себепсиз эле документтерин текшерүү жана башка максатта токтото беришет.

Россиянын саясатчыларынын басымдуу бѳлүгү Борбор Азия ѳлкѳлѳрү менен катаал визалык режим киргизүүнү сунуштап келишет. Анткени, расмий статистика боюнча, Москвадагы жети адам ѳлтүрүү учурунун бири жана зордуктоолордун дээрлик жарымы мигранттардын катышуусу менен болот. Ошону менен бирге эле, Россия мигрантсыз оокат кыла албайт, алар жок ѳлкѳнүн экономикасы тѳмѳндѳп кетет.
Россиядагы мигранттар кѳбүнчѳ коррупциялык мүнѳздѳгү системалуу жана негизсиз куугунтуктоого дуушар болушат, дейт Санкт-Петербург шаарында окуган тажикстандык студент жана активист Охунжон Рахимов. Ал Ѳзбекстандан келген мигранттарга жардам берем деп, ѳзү камалып калган.

«Бир күнү топтошуп турган кишилердин жанынан ѳтүп бара жаткам, тогуз мигрант жана полиция кызматкерлери туруптур. Ѳзбекстандык мигранттар орус тилинде сүйлѳй албагандыктан, аларга жардам берейин деген ойдо токтоп калдым.

Полиция кызматкерлеринин ѳзбектерден акча сындырып алуусуна жол бербегеним жана мигранттарыбызды коргоого аракет кылганым үчүн мени зордоп, мыйзамсыз кармап кетип, эки суткага камап коюшту. Санкт-Петербургдагы Тажикстандын башкы консулун чакыруусу, адвокат берүүлѳрү, университетке чалуу боюнча талабыма кѳӊүл буруп да коюшкан жок.

Мени камерада мыйзамсыз кармашты, кийимдерди чечип салышкандыктан жана сыз жерде жаткандыктан суук тийди. Эӊ жаманы – мага карата административдик укук бузуу боюнча иш козгоп салышты. Эми ѳз намысым менен укугумду соттон коргоюн деп жатам».

Кыргызстандык Гуля бир нече жыл Москвада иштеп, азыр мекенине кайтып келген. Полиция кызматкерине пара берген туура, антпесе, кѳбүрѳѳк кѳйгѳй жаралат, дейт ал.

«Мен бир нече жыл Москванын борборундагы бир хостелде иштедим. Менде жашап туруу укугу жана иштѳѳгѳ патент жок болчу. Бирок Россияда бул катардагы эле кѳрүнүш. Бир күнү хостелге кокусунан текшерүү келип калды, жумуш берүүчүбүз полиция кызматкерлерине пара берип, кийин ал сумманы ай сайын айлык маянамдан кармап калып жатты. Россияда эмгектенгендердин баары теӊ маселени ушундай жол менен «чечүүгѳ» боло турганын жакшы билишет.

Бирок, документтеринин баары жайында болгондор деле бар, алар да пара беришет. Укук коргоо органдарынын ѳкүлдѳрү кайдан болсо да бир себеп таап чыгышат. «Яндекс такси» кызматында иштеген жолдошума айыппул жазышыптыр. Автоунааны ичимдик ичкен абалда башкаруу деген жалган айыптоо менен күбѳлүгүн алып алууга аракет кылышыптыр. Жолдошум чѳнтѳгүндѳ болгон акчасы менен уюлдук телефонун карматып кутулуптур. Ал таптакыр спирттик ичимдик ичпейт, тилекке каршы ѳз жерибиз болбогондуктан, эч нерсени далилдей алган жокпуз.

Азыр биз Россиядан мекенибизге кайтып келдик. Кемсинтүүлѳрдѳн жана ар кимге пара бере бергенден тажадык».
Мирбек Назаров Москвада курьер болуп иштейт. Жаш жигит мигранттардан акча алуу – бул бүтүндѳй бир кылмыш схемасы экенин белгилейт.

«Мен чет ѳлкѳлүк жумушчу макамын алганга 12 жолу аракет кылдым. Эч майнап чыккан жок. Жѳн эле тияк-биякка жибере беришти, бербегенинин себебин эч ким түшүндүргѳн жок.

Россияда расмий чет ѳлкѳлүк жумушчу макамын алуу – ѳтѳ кымбат жана кѳп учурда гастарбайтерлердин күчү жетпей турган процесс. Муну баары эле билишет, бир жерге барып даттануунун деле пайдасы жок – жѳн эле убактыӊ менен нервиӊди коротосуӊ.

Мен билимдүү адаммын, ѳзүмдү коргой алам. Ошентсе да бул жерде бизди «Сен системага каршы барбайсыӊ да, система сени сындырып коёт» деп коркутуп кѳнүшкѳн.

Кыргызстандык Махабат А. аттуу жаранды түнкү саат үчтѳ кармап алып, полиция бѳлүмүнѳ алып барышкан да, бир саат бою документтерин текшеришкен. Натыйжада каттоо кагазы жасалма экенин айтып, полиция кызматкерине 6000 рубль (81 АКШ доллары) бербесе, депортация менен коркутуп опузалашкан.

«Менин каттоо кагазым жасалма эмес, асыл нускасы болчу, бирок эч ким текшерейин деген да жок. Депортацияга кагаздарды жолжоболоштура башташты. Сулуулук салонунда кирпик ѳстүрүп, акча табам, тапкан акчамды үйгѳ жиберем. Коркконуман досума чалып, аталган сумманы алып келип берүүсүн ѳтүндүм. Акырында полиция кызматкерлери 3000 рублга (40,6 АКШ доллары) макул болуп, таӊга маал үйүмѳ коё беришти.

Ошондон кийин кечкисин же түнкүсүн кѳчѳгѳ чыккандан корком, погончондорду кѳргѳндѳ денемди кадимкидей калтырак басат. Метродо да дал ушундай. Беткаптарды текшеришет, түз эле мигранттарга барышат да, кыйкырып, дароо айыппул жаза башташат. Кээде жек кѳрүү кѳрүнүшүнѳ кабылбайын деп, бетимди толугу менен жаап алгым келет».
Кыргызстандык Максат Россияда 5 жылдан бери эмгектенет. Анын айтымында, акча бербесеӊ, полиция кызматкерлери ар кандай айыптоолорду моюнуӊа илип коюшат. Документтерди мѳѳнѳтү ѳтүп кетсе, коюму да жогору болот.

«Полиция кызматкерлери метродон славян улутуна кирбеген башка улуттардын ѳкүлдѳрүн кармап, ѳзүнчѳ бѳлмѳгѳ алып барышат да, бир нече саат бою эзип, суракка алышат. Орус тилин билбеген мигранттарга ѳтѳ эле кыйын. Полиция кызматкерлери менен талашып-тартышпай эле койгон оӊ. Баары бир жеӊилесиӊ. Практика кѳрсѳткѳндѳй, алар менен талашсаӊ, участокко барып каласыӊ.

Мигранттар пара берип, тынч жашаш үчүн атайы акча чогултуп турганы эч ким үчүн сыр эмес. Менин документтеримдин баары жайында экенине карабастан, пара берип турам».
Бехруз Аслонов Москвага бир нече жыл мурун келген. Анын бир эле учурда досу жана кесиптеши болгон жакын кишисин Тажикстанга кетиришкен. Кетирүүнүн себеби – каттоонун мѳѳнѳтүнүн ѳтүп кеткени.

«Биз дайыма бардыгын ѳз убагында тѳлѳгѳнгѳ аракет кылабыз, кандай жерде жашап жатканыбызды билебиз да. Бирок айлык акы дайыма эле убагында колго тие бербейт. Досторубузду эч кандай себепсиз эле атайы жайларда эки ай бою кармаган учурлар болгон. Ошол учурда миграциялык картасынын мѳѳнѳтү ѳтүп кетет. Ал эми Россиянын аймагында бизге 90 күн жүрүүгѳ уруксат берилет. Тааныш юристтерибиз мыйзамдын ѳкүлдѳрү менен талашып-тартышпоого кеӊеш беришет».
Москвада 2020-жылдын жай айында болуп ѳткѳн окуя чоӊ резонанс жараткан. Борбор Азиянын бир ѳлкѳсүнүн жараны жергиликтүү базардын коопсуздук кызматы менен чатакташа кеткен. Ал жерге полициянын нѳѳмѳтүн чакырып, тынчтыкты бузду деген шылтоо менен аны алып кетишкен.

Бирок, кызмат унаасына отургузаар замат, кармалган жарандын жердештери топтошуп келип, мигранттар катуу кыйкырыктар менен полиция кызматкерлерине чабуул жасашкан. Полиция тарабынан олуттуу сокку болбогондуктан, укук бузууга айыпталып жаткан жаранды унаадан чыгарып кетишкен.

Жаӊжалдан кийин Россиянын полициясы РФ ЖК 116 –беренеси («Уруп-сабоолор») жана 213-беренеси («Бейбаштык») боюнча эки кылмыш ишин козгогон. Эгерде чыр-чатактын катышуучуларынын күнѳѳсү сотто далилденсе, беренелердин бири боюнча жаза эки жылга чейин, экинчиси боюнча – жети жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндѳ белгиленет.
Полиция кызматкерлери Москванын метросунда мигранттардын документтерин текшерүүдѳ
Юрист Пархан Илкиндин айтуусу боюнча, полиция кызматкерлери тарабынан документтерди кѳрсѳтүүнү талап кылуу – бул мыйзам бузууга жатпайт. Ошентсе да, Россиянын ИИМи мигранттар арасында кылмыштуулук жогору экендиги жѳнүндѳ мигрантофобиялык мифтерди дайыма жарыялап турат, ал эми айрым учурларда асыл нуска документтерди жараксыз деп да табышат.

«Укуктары бузулган мигранттар прокуратурага арыз менен кайрыла алышат. 17.01.1992-жылдагы «Россия Федерациясынын прокуратурасы жѳнүндѳ» ФМдын 10-беренеси боюнча, ар бир кайрылуу боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп, алардын жыйынтыктары кѳрсѳтүлгѳн жооп кайтарылышы керек. Эгерде аракеттеги мыйзамдын бузулганы аныкталса, прокурор прокурордук реакция кылуу чараларын кѳрүүгѳ тийиш. Бирок мындай арыздар ѳтѳ эле кѳп түшкѳндүктѳн, аларга эч ким деле кѳӊүл бурбайт», - дейт юрист.
«Дайыма полиция кызматкерлеринин атын, фамилиясын сурап, кызматтык күбѳлүгүн кѳрсѳтүүсүн талап кылуу зарыл. Эгер мигрант ѳзүнүн күнѳѳсү жок экенин билсе, анда коркпостон бийлик ѳкүлдѳрүнүн мыйзамсыз аракеттерин телефонго тартып алса болот. Бул кийин соттук териштирүү учурунда далил болуп бериши мүмкүн».

Александр Чайко, укук коргоочу
Мигранттар кѳп учурда турак-жай, билим берүү, саламаттыкты сактоо, эмгек жана социалдык камсыздоого болгон укук жаатында дискриминациянын курмандыгы болуп калышат. Маселен, Борбор Азия ѳлкѳлѳрүнүн биринин жараны Москвадан турак-жайды оӊой-олтоӊ ижарага ала албайт, себеби кѳпчүлүгү батирлерди «славяндарга» ижарага берүүнү артык кѳрүшѳт.

Ошону менен бирге эле, полиция кызматкерлеринин ѳздѳрү массалык мыйзамсыз миграцияны уюштурган учурлар да кѳп кездешет. 2019-жылы Москванын полиция кызматкерлери жалпы суммасы 50 миллион рубль (678,5 миӊ АКШ доллары) түзгѳн пара алып, «резина» үйгѳ 50 миӊден ашуун гастарбайтерди каттого тургузушкан.
Тѳрт жыл мурун «Tong Jahoni» коммерциялык эмес уюму Москвада мигранттарга юридикалык жардам кѳрсѳтүү боюнча жаӊы долбоорду баштаткан. «Tong Jahoni» жетекчиси Валентина Чупиктин айтуусу боюнча, чет ѳлкѳлүк мигранттар бардык учурда телефон аркылуу уюм менен байланышып, консультация ала алышат.

Тѳмѳнкү телефондор аркылуу жардам алууга болот:

+7 926 834 7602, +7 903 148 9636 – орус жана англис тилдеринде,
+7 903 169 9161, +7 903 169 2920 – орус жана тажик тилдеринде,
+7 903 799 0291 – орус жана ѳзбек тилдеринде.

Аталган коммерциялык эмес уюмдун укук коргоочулары мигранттарга Россиянын полициясы менен сүйлѳшкѳндү үйрѳтүшѳт жана үзгүлтүксүз тренингдерди ѳткѳрүп турушат.
Москвада мигранттар полиция кызматкерлери менен сүйлѳшүүдѳ
«Биз болочок мигранттарды Россияга чыгаардан мурда алардын орус тилин, мыйзам ченемдерин жана Россияда ѳзүн алып жүрүү эрежелерин билүүсүн текшерүү мүмкүн болгон адаптациялык борборлорду түзүүнү сунуштап жатабыз. Бул эмгек мигранттарына биздин жерде ѳздѳрүн комфорттуу сезүүгѳ жана ыӊгайсыз абалдарга туш болбоого жардам берет», - дейт Россиянын мигранттар федерациясынын президенти Вадим Коженов.

Миграциялык мыйзамды мыктылоо максатында 2018-жылдын октябрь айында Россиянын президенти 2025-жылга чейинки Мамлекеттик миграция саясатынын концепциясын бекиткен. Эми Россиянын ИИМи бардык мигранттарды ѳлкѳнүн аймагында кѳп убакыт жүрүүсү үчүн он жылдык мѳѳнѳт менен бирдиктүү электрондук документ алууга милдеттендирет. Анда ээси тууралуу графикалык жана тексттик маалымат камтылат.
Публикация Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн колдоосу менен Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Борбор Азияда жаӊы медиаларды жана санарип журналистиканы ѳнүктүрүү» долбоорунун насаатчылык программасынын алкагында даярдалды. Публикациянын мазмуну IWPR же Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн расмий кѳз карашын чагылдырбайт.
© 2021 CABAR.asia